
Таажы сага жарашсын,
таажывирус адашсын!
Тез жардам алып кеткенден:
тынч күн жок, жаным, эч менде...
Карааның жокто, каралдым,
карантин үйдө. Камалдым!
Ордумда туйлайм, кайсалап.
Ооруңду каргайм, кайталап.
Тынчым жок – уксам жөтөлүң.
Тыбырап турат экемин...
Кучактап түнү жаздыгың,
Кудайлап жатам, Назгүлүм.
Жаншерик, Үмүт, Тилегим,
Жалгыз сен – зоодой тирегим!
Сен жок мен – жалгыз канатмын,
сен жокто – турмуш жадаткыр...
Сен жоктой мага – кордук жок,
сен жоктой – эч бир оордук жок.
Тез жардам жетип келгенде,
нес болуп турдук термелген...
Ээрчишип дайым, жанып күн:
эркелеп көнүп алыпмын.
«Мамам» деп сени жүргөнүм –
түйшүгүм сага үйгөмүн...
«Мама» деп калбай артыңан,
баргандан азыр тартынам.
Тез айык, тез кайт. Жайдарым,
мен жинди болуп калбайын!
Айжаркын, акак, берметим,
сен үйдө жокто – мен жетим!
Чыдабай улам, чочулайм...
чылымым соруп отурам.
Бир болгон үчүн жаныбыз –
Ишеним, Сүйүү – дарыбыз!
Казалдай кош сап жабышкан,
канатпыз жаным, табышкан...