Махрам тарбиясы

  • 18.06.2020
  • 4143

Балдарга махрам тарбиясы катуу насаат же коркутуу менен берилбеши керек. Балдардын өз денелерине зыян алып келер коркунучтардан кутулуулары үчүн берилген сезимдерди “тубаса жүрүш-туруш рефлекси” дейбиз. Жүрүш-туруштагы бул рефлексти илгерки убакта “уялуу сезими” катары колдонушкан. Бирок тарбия маселесине келгенде бизди ойлонто турган нерсе – азыркы убактагы апаларыбыз өз балдары үчүн жашоодо эң маанилүү болгон “тубаса жүрүш-туруш рефлексин” кантип пайда кылуу керектигин билишпейт.

Тубаса жүрүш-туруш рефлекси өнүккөн бала, өзүнө келер коркунучту байкабаса да, күтүлбөгөн жерден тубаса рефлекстин жардамы менен өзүн коргойт. Бала өзүнө жасалган туура эмес мамиленин негизги маанисин акылы менен билбесе да, ал мамиледен улам тынчы кетип, ошол замат ал кооптуу жерден табиятында бар сезимдин жардамы менен алыстайт.

Табигый жүрүш-туруш рефлекси өнүккөн бала өзүнө келер коркунучту байкабаса да, жерден тубаса рефлекстин күтүлбөгөн жардамы менен өзүн коргойт.

Тубаса жүрүш-туруш рефлекси канча жашта жана кантип үйрөтүлүшү керек?

Табийгый жүрүш-туруш рефлекси балдарда алардын 4-7 жаш курагында такшалышы керек. Бул багытта мындай эрежелерге токтолсок:

“Денем мага таандык сезим”. Наристе чагынан баштап өспүрүмдөр чөйрөсүнө аралашкан наристенин келечекте өз денесин айырмалай билүүсү зарыл жана айланасындагы өспүрүмдөрдөн башка, жеке адам экендигин сезиши керек. Өз денесинин өзүнө таандык экенин сезбеген жана өз денесине башкалар тарабынан кол салуу туура экен деп ойлогон балдар күч колдонууга дуушар болуп жатышат.

Ата-энелер балдары 4 жашка келгенде балдарынын өз денесине таандык нерселер боюнча түшүнүгүн өстүрүү керек. Бул баланын аң-сезиминде ата-энелери балдарынын күнүмдүк жашоодогу кыймыл-аракеттерине жардам берүүдө алгач балдары менен акылдашып макулдугун алуулары шарт. Мисалы, тердеген баланын ички кийими уруксатсыз чечилбеши керек, сийип койгон баланын шымын жини келүү менен алмаштырбай, уруксат алып кылдат алмаштыруу керек. Бала убакыт өткөн сайын, өзүнөн уруксатсыз денесине жасалган кийгилишүүнүн туура эмес экенин сезет жана тынчы кетет.

“Уруксатсыз кармоого болбойт” түшүнүгү: Бул аң-сезимдин пайда болушунда ата-эне баласынын денесине орой мамиле кылбашы керек. Ата-энелер баласын өбөөрдө: “Сени өпсөм болобу?”- деп уруксат сурап өбүшү керек. Баланы жакшы көрүп турса да, анын алсыз денеси ар ким тарабынан уруксатсыз колдонулушу балдардын өз денелерин коргоо рефлексин жок кыла тургандыгын унутпоо зарыл.

Балдар төрт жашынан баштап денелеринин белгилүү бөлүктөрүнө кол тийишинен ыңгайсыз боло башташат. Айрыкча денедеги гендик бөлүктөргө тийүүдөн ыңгайсыз болот. Жубай, дос жана туугандар тарабынан баланын жыныстык мүчөлөрүнө тийип, өөп, жакшы көрбөө зарыл.

“Физикалык зомбулукка чыдоо”: Кичинекей балдар өздөрүнүн алсыздыгын чоңдордун күчүн сезгенде гана түшүнөт. Ата-энелер, туугандар балдарына болгон сүйүүлөрүн көргөзүп жатканда, орунсуз күч колдонуудан алыс болуулары зарыл. Ата-энелер балдарына күч колдонууда каршылык көрсөтүүнү үйрөтүш керек. Ушундан улам бала каалабаган учурунда жагымсыз таасир бербеши, күч колдонуу менен таарынтпай, баланын чыдамы ишке жараганын сезгидей кылып үйрөтүүсү ылайыктуу.

“Денени көргөзбөө” түшүнүгү: Балдар баса башташканда жылаңач таштабоо керек. Бала эске тута турган эң кичинекей жашынан баштап эле өзүн жылаңач болбой, кийим кийип тургандай элестетүүсү зарыл. Айрыкча, төрт жашынан баштап балдар үйдө же үйдүн сыртында жылаңач болбой, кийимдерин өзү чечкенге ата-эне уруксат бериши керек. Өзүн башканын жанында жылаңач көргөнгө көнбөгөн бала, көйнөгүн башкалар чечкенде олуттуу ыңгайсыздыкка кабылат.

“Жуунганда жылаңач болбоо” түшүнүгү: Бала негизги жүрүш-туруш рефлекси пайда болгон 4 жашынан баштап ата-эне менен жуунганда жылаңач болбошу керек. Айрыкча бала жуунуп жатканда ички кийим да болгону жакшы. Жыныс мүчөсүн көрсөтпөө керектигин билиши зарыл.

“Дааратканада жалгыздык” түшүнүгү: Кээ бир ата-энелер түрдүү кырдаалдарда балдары менен бирге дааратканага кирип же анын эшигин ачык ташташат. Мындай тескери жүрүш-туруш баланын табигый уялуу жүрүш-туруш рефлексинин пайда болушуна тоскоол болот. Кандай себептер болбосун, төрт жашка келген бала даарат ушатуусун “жеке” аткарып, дааратканада жалгыз болушу керектигин билиши керек. Бала жыныс мүчөлөрүнүн ачык көрүнүшүнөн ыңгайсыз болбогондой, өзү дааратканада жалгыз калуусу туура. Башка адамдардын да дааратканада жалгыз калуусу керек деп сезиши жана буга каршылык көрсөтпөөсү керек.

“Чечинип, кийинүүдө жалгыздык” түшүнүгү: Бала төрт жашынан баштап жылаңач болгон абалын башкалар көрбөөсүн түшүнүүсү керек. Ошондуктан, балдардын кийимдери ар кимдин көзүнчө ачык алмаштырылбай, балдар кийимдерин өз бөлмөлөрүндө же эч ким жок жерде алмаштыруусу туура.

“Уруксатсыз кирүүгө болбойт” түшүнүгү: Апа үчүн бала канчалык чоңойсо да, баары бир кенедей бала болуп саналат. Ошондуктан, апалар баласынын бөлмөсүнө кирерде уруксат алууну ойлонуп да койбойт. Бирок бала төрт жашка келгенде “уруксатсыз кирүүгө болбойт” деген ойдо болуп, аны колдоно башташы зарыл. Ата-эне баласынын бөлмөсүнө кирерде уруксат алып, эгер анын жылаңач денесин көрсө кечирим сурап, эшикти жабышы керек. Бул мамиле баланы урматтоо болуп саналат жана бала ыңгайсыз абалга кабылганда каршылык көрсөтүү үчүн маанилүү.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” китебинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз