Максим Горький: Кичине кыз

  • 14.05.2024
  • 3733

АҢГЕМЕ

Бир күнү мен кечке жуук жумуштан чарчагандан кийин, түнөрүңкү тарткан эски чоң үйдүн дубалынын түбүндөгү жерде жаттым; батып бараткан күндүн кызгылт нуру анын боорундагы терең жаракалар менен чокмороктошкон ылайларды апачык көрсөтүп турат.

Үй ичинде курсагы ач, үстү-башы балит, денесине эски самтырак ар дайым чала жабылган, караңгы сезиминде эч нерсе жок, денесинин сырты сыңары кир жана наадан кишилер, погребдеги келемишке окшоп, күндүр-түндүр тынымсыз түйшүккө түшөт.

Андагы дайыма күйүп турган турмуштун бир калыпта күрүлдөшү өрттүн кара-сур түтүнү сыяктуу терезелерден коюу жана жай созулуп чыгат. Мен ошол көптөн бери өзүмө тааныш тынчы жок муңдуу күрү-күүнү угуп, кичине да болсо дагы эч бир жаңы дабышты күтпөй үргүлөп жатам. Бирок мага жакын эле жердеги үймөк-үймөк бош бочкалар, сынык жашиктердин арасында бирөөнүн акырын чыккан назик үнү угула калды:

Укта, секет! Укта, балам!..
Алдей, алдей, алдей-ай,
Уктай койгун, садагам...

Бул үйдө баласын ушунчалык сүйүп алдейлеген эненин үнүн мындан мурда уккан эмес элем. Акырын ордуман туруп, бочкалардан ары карасам: жашиктин биринде кичинекей кыз отурат. Ак-саргыл тармал чачтуу башын ылдый эңкейтип, боюн болор-болбос чайпалта ойлуу кыңылдайт:

Укта, жаным, уктагын,
Уктап эми тынч алгын...

Кызыл чүпүрөккө оролгон жыгач кашыктын сабын кир баскан кичинекей колуна кыса кармап, бакыракай чоң көзү менен аны кайгылуу карайт.

Көзү татынакай, тунук, муңайым, бирок баладай шайыр эмес,— капалуу. Мен ошол көзүн байкап, бети менен колундагы кирди эми такыр көрбөй да калдым.

Кыздан өйдөкү абаны курум менен күлдүн сапырыгы сыяктуу кыйкырык-чуу, сөгүнүү, мас каткырык, катуу ыйлоо каптап, айланасындагы балит жердин бардыгына сынган, бүлүнгөн нерселер толуп, кечки күндүн нуру жашик менен бочканын сыныктарына кызгылт түстү жаап, жакырдыктын оор жана каардуу колу аларды атайы бузган кандайдыр алп дененин калдыгы сыяктуу укмуш жана жаман кейипти берет.

Мен байкоосуз кыймылдай калганда кыз селт этип, мени көрө коюп көзүн шектүү жүлжүйтүп, мышыкка туш келген чычкан сыңары бүт денеси бүрүшө түштү.

Анын шакмар баскан, муңдуу жана ийменчек бетине жылмая карадым; эки эрини бекем кымтылып, ичке кашы дирт-дирт кагат.

Мына эми ал ордунан туруп, оңуп бүткөн мала-кызыл тытык көйнөгүн кагып-күбүп, куурчагын чөнтөгүнө салгандан кийин шаңкылдаган ачык үндө сүйлөп:

- Эмне карайсың? — деп сурады.

Жашы он бирлер чамасында бардыр; ичке, арык кыз мени бүт карап, кашы дагы эле диртилдеп жатты.

- Кана? Эмне керек? — деди ал, бир аз унчукпай турган соң.

- Эч нерсенин кереги жок, өзүңчө ойной бер, мен кетейин...— дедим.

Анан ал кыз мага жакын басып, бетин жийиркене бырыштырып, апачык кесе сүйлөп:

- Он беш тыйын төлө да, мени менен жүр...— деди.

Мен аны дароо түшүнө албай, кандайдыр жаман нерсени сезе селт эткеним гана эсимде бар.

Кыз менин так жаныма келип, ийнин капталыма сүйөп, өңүн көзүмө жолотпой тескери качырып сөзүн эми убайымдуу жана араң чыккан үн менен улантты:

- Кана, жүрөлүбү... Кишини көчөдөн издегим келбейт... Анын үстүнө кийип чыгар киймим да жок — апамдын ойношу көйнөгүмдү кошо ичип койгон... Кана эми, баралы...

Мен үн чыгарбастан аны өзүмдөн алыстата акырын түрттүм; кыз арсар жана шектүү көз менен менин көзүмө кадала карап, эриндери кызык кемшийип, башын өйдө көтөрүп, кайгылуу тунук көзүн кайдадыр жогору жакка бакырайтып, муңкана жай сүйлөп өттү:

- Сен эмне кежирлендиң? Мени кичине, ошондуктан бакырып жиберет деп ойлойсуңбу? Коркпо, мен мурда бакырчумун, азыр...

Кыз өз сөзүн бүтүрбөстөн кош көңүл түрдө жерге түкүрдү.

Мен ошол оор коркунучка кошо жаш кыздын ачык жана кайгылуу көз карашын жүрөгүмдө сактап, андан алыс басып кеттим.

Которгон Касымбек Эшманбетов

Комментарий калтырыңыз