АҢГЕМЕ
Каракол жайлоосун өрдөп, андан ары Суусамыр ашып кеткен даңгыраган кара жолдун аяк-башы түгөнбөй, узун тасмадай чубала берет. Ачуусу келсе айгыр агызган Караколдун албуут суусун ошол жол бир гана көпүрө аркылуу аттап өтөт. Ал көпүрө Каракол капчыгайынын күн чыгыш тарабына салынган. Мурунку жылдарда жаз чыгары менен көпүрөнүн кулагына бирин-экин майда чатырлар пайда боло калчу. Кийин тааныша келгенде алар тээ-тиги ичкериден келген ар түрдүү кесиптеги адамдар болуп чыкты.
Бирөө суу ченесе, бирөө тоо аралап, кум шилейт, таш талкалап, зоолордун түбүн чукулайт. Бирөө көпөлөк, чычкан кармаса, экинчиси кашкулак менен суур аңдыйт. Аларды жергиликтүү калк кесибине жараша аташат. «Чычканчы төрө», «Көпөлөкчү төрө», «Суучу төрө», «Ташчы төрө».
Бир күнү Кудайберген ошол чатырлардын жанынан өтүп баратып, орус кыяктын (гармон) зыңылдаган үнүн укту да, ат тизгинин тартып, бир азга кулак түрө калды. Аңгыча келтек куйрук, барак жүн, эки уурту эки жагына салаңдаган үксөйгөн сары машке тигил топ чатырдын бирөөнөн жүгүрүп чыгып, Кудайбергенди көздөй барсылдап үрүп жөнөбөспү. Артынан өзүнө окшош томураңдаган эки сары күчүгү биринен-бири өтүп жарыша чуркап келатышат. Сары машке жаман иттерче атчан кишиге анчалык айыгышып асылган жок. Кудайберген бастыра бергенде кайра артына бурулду. Эки күчүк бирин-бири жыгыша албаган майда балдардан бетер, узун чыккан шиберди уйпалашып, ошол жерде ооналактап ойноп калышты.
Кудайбергендин айылы көпүрөдөн анчалык алыс эмес болучу, ашып кетсе тай чабымдай, «Бурчуктун оозундагы» секи конушунда. Эртеси күнү Кудайберген ошол чатырдагы бейтааныш адамдарды бүт конокко чакырды. Кабарчы болуп бараткан балага «кыягын ала келишсин» деп эскертип койду. Коноктор аттуу-жөөлүү болуп, бат эле жетип келишти. Козу союлган. Казанда табактай куйругу үстүндө көмкөрүлүп, баглан козунун семиз эти боркулдап кайнап жатат.
Коноктордун алдындагы кооз сыр чөйчөктөр бөксөргөн сайын бал татыган жазгы ууз кымыз үстү-үстүнө куюлуп, улам толукталып турду. Булар менен кантип тил табышып сүйлөшөр экемин деп кечетен бери бушайман болуп олтурган Кудайберген, алардын аз болсо да ногойчо (татарча) сүйлөшкөнүнө кубанып калды. Анан ал конокторуна суроо таштады:
— Кыякты кимиңер тартасыңар?
— Мен, — деди төргө жакын олтурган, отуздун аркы-беркисиндеги, коңкойгон мурун, сулууча жигит.
— Билсең тартчы? — Кудайберген аны тиктеп калды. Жигит керегенин түбүнө жөлөп койгон кыягын кабынан сууруп чыкты да, сызма боосун оң каруусуна илип алып, созолонто баштады.
Ал күүсүнүн аягына чыгып, токтолуп калганда, баятан бери эки көзүнүн карегин анын манжаларына кадап олтурган Кудайберген кыякты шып колуна алды. Ары-бери кармалап, аржак-бержагына көз жүгүртүп турду да, анан тиги ак саргыл жигиттин азыркы эле тартып бүткөн күүсүн таптак, дал өзүндөй келтирип тартты. Отургандар бири-бирин тиктеше түштү.
Өмүрүндө орус кыякты көрбөгөн адамдын зээндүүлүгүнө алар таң калышты окшойт. Үй ичи бир аз тынч ала түшүп, казанда кайнаган жаш шорпонун боркулдаган гана дабышы угулуп турду. Чыгдандан жогорку жабыкта катары менен тизилген комуздардан, анын ылдый жагындагы курсагы чедирейген жыңалач баладай эки кулагын эки жакка делдейткен кыл-кыяктан бейтааныш коноктордун көздөрү өтүп турганын баятан бери байкап олтурган Кудайберген алардын моокуму канганча түркүн-түркүн күүлөргө салып кыягын да тартып, комузун да чертип берди. Ошол күндөн баштап ортодо достук байланыш чырмалышып, өз ара карым-катыш, жакшы мамилелер боло баштады.
— Мындан ары тааныш болуп жүрөлү, — деди жанагы кыяк тарткан жигит, — менин аты-жөнүм, — Воробьев Иван Михайлович.
Кудайберген ичи жылып, ыраазы болгондой башын ийкеди. А тиги жигит да карыя жөнүндө билгиси келди окшойт, Кудайбергенди суроолуу көз менен ийиле карады.
— Менин атамдын аты Үркүнчү, өзүмдүн атым Кудайберген.
— Эң жакшы, — Воробьев башын ылаалаган жылкыдай өйдө-ылдый ийкегилеп койду. Анан экөө орундарынан обдулушуп, кол алыша кетишти: «Дос», «дос».
Алар көчөөргө жакындаганда экинчи жолу да коноктоп, Воробьевге бир жакшы комузун тартуулады Кудайберген. Воробьев ага кыягын эстеликке калтырды. Анан Кудайбергендин тиги сары машкенин күчүктөрүнө көзү түшүп турганын байкашты окшойт, эки күчүктүн бирөөнү берип кетишти.
Бир жерге токтобой ары-бери тополоңдоп жүгүрүп жүргөнүн байкаган Кудайберген күчүктүн атын Тополоң коюп алды. Тополоң жытчыл болду. Эмнени аткар десе, баарына аракеттенип, элпек болуп көрүндү.
Кудайберген ителги, куш салып, чоочун айылдардын жанынан өтүп баратканда, айылдын иттери мурунтан бери өчү бардай жабалакташып, көптөп талап кетээрде Тополоң эркелеткен жаш баласынан бетер шак секирип, Кудайбергендин артына учкаша калат да, алдыңкы эки колун анын эки ийнине арта салып, тиги каңкылдап үргөн иттерди шылдыңдагандай алды-кийнин, ары жак-бери жагына каранып коюп кете берет. Жабалактаган акылсыз жаман иттер оозунан алдыргандай ыза болушат да, кайра үйлөрүн көздөй куңкулдап үрүшүп, бирин-бири ээрчишкен бойдон желип-жортуп кете беришет. Анан айылдан алыс узаганда Тополоң топ деп жерге секирип түшүп, мурунку калыбында шапылдап жөнөйт.
Кудайбергендин баласы Күмөн эртели-кеч кудуктан ат сугарганда же чаканын кулагынан тиштетип, же аттын чылбырын Тополоңго берип коёт. Кокус Кудайбергендин үй-бүлөсүнөн кудукка барчуларынын ыгы жок болуп калса, атты Тополоңдон жетелетип жиберишет. Качан гана кудукка келгендердин бирөө сугарып бермейин ошол жерде кезек күтүп, аттын чылбырын тиштеген бойдон кыңшылап тура берет. Буга ат да, Тополоң да көнгөн. Ал түгүл Кудайберген бир жакка аттанаарда «Ээр токумду алып чык» деп үй жагына кол шилтеп койсо, мамыдагы байлануу турган аттын жанына ичмектерин, тердигин, желдигин, ээрин, басмайыл-көрпөсүнө чейин улам бирин тиштеп сүйрөгөн бойдон ташый берчү. Кудайберген атка минип бастырганда арткы эки буту менен чокчоюп тике олтура калып андан көзүн албай карап турат. «Жүр» деп белги берип койсо, ээрчип жөнөйт. «Үйдө кал» деп колун артына жаңсаса үйдө калат.
Тополоңдун тушунда кой-козу уурдаган айылдын шүмшүк уурулары оокат кыла албай калышты. Койгон жеринен да, сойгон жеринен да жазбай сууруп чыгат. Ителги, куш салып жүрүп, макиси же курун Тополоңго көргөзбөй далай жолу кокту-колотко калтырып келчү Кудайберген. Үйгө келгенде колун жаңдап, талаада унут калганын түшүндүргөндө, Тополоң аны кайра издеп таап келип берчү. Баарынан да эл быкбырдай кайнаган аш-тойлордогусу кызык.
Кудайберген атынан түшүп, чылбырын ыргытып койсо, шак илип алып, ошончо элди аралап, адашпастан артынан калбай атты жетелеп жүрө берчү. Кокус «ушундай кармап тур» деп бир жерди көрсөтүп койсо, качан гана Кудайберген өзү келмейинче, каккан казыктай бир ордунан козголбой тура берчү.
* * *
Кийинки жылдардын биринде Воробьевдердин кошуну баягы көпүрөнүн кулагындагы журтуна келип, чатырларын тигишти. Андан он чакты күн мурунураак Кудайбергендики көчүп келип, «Бучуктун оозундагы» секи конушуна конгон. Бир күнү Кудайберген Воробьевдерди конокко чакырды. Жай мезгили. Күн улуу шашке. Эл үйдөн обочороок, жайкалган көк шибери бар, түзөңүрөк келген дөбөчөнүн үстүндө улам түгөнгөн сайын үйдөн кызыл чанач менен кымыз ташышып ичип олтурушкан.
Сөз арасында Воробьев Кудайбергенден баягы өзү берип кеткен машкенин күчүгү жөнүндө сурап калды. Кудайберген анын акылдуу, эмнеге болсо жөндөмдүү, адамча эле сүйлөбөгөнү болбосо, андан башканын баарын түшүнгөн эстүү машке болгонун айтып олтурду. Ошол учурда Тополоң үйдүн далдасындагы көлөкөдө уктап жаткан. Баятан бери бул жерге ар кайсы айылдан бириндеп келген элдин саны бир топ болуп калды.
Кудайберген ошол топ элге бир кызык иш баштачудай болуп, алардын баш кийимдерин чогултуп алды да, чок ортого чөмөлөдөй үйдүрүп койду. Уй мүйүз тартып катарлаш олтургандардын баары чачтарын алдырган баштанып, кулактарын делдейткен бойдон жыңалбаш соксоюп калышты. Анан Кудайберген үй жакты карап үн чыгарды: «Тополоң, Тополоң». Тополоң жүгүргөн бойдон келип, Кудайбергендин жанына куйругун шыйпактатып тура калды. Кудайберген «ээси-ээсине таратып бер» дегенчелик кылып, ортодо үйүлүп жаткан баш кийимдерди көргөздү. Тополоң Кудайбергендин оң колтугунда олтурган кишини жыттады да, анын калпагын тиги үймөктүн арасынан сууруп чыгып, алдына алып келип таштап койду.
Анан андан аркысын жыттап аныкын анан андан кийинкисин, ошентип олтуруп бириникин да жаңылыштырбай баарыныкын текши таратып бүттү. Анан Кудайбергендин жанына келип, тиктеп тура калды. Кудайберген үйдү көрсөтүп кол шилтеп койду. Тополоң үй жакка басып кетти.
Кудайберген ошол жерде олтургандарга Тополоңдун мындан башка жоруктарын төкпөй-чачпай айтып берди. Воробьев Кудайбергендин Тополоңду ушундай акылдуу кылып үйрөткөн чеберчилигине суктанып олтурду.