Тарыхтан келе жаткан тагдыры ошо –
ташпиши, баскан жолу – кызыл жошо.
Арадан өтсө дагы канча заман,
азыр да жашоо куну – дале ошо.
* * *
Татаал жол, тайгак кечүүӊ качан бүтөт?
Бейкүнөө урпактарыӊ күйүп-түтөп –
чыдабай чыркырашып-зыркырашып –
бу күндө бир өзүӊдөн жооп күтөт.
* * *
Сен эмне, унуттуӊбу Чыӊгыз ханды –
аны улап даӊк уулаган Темирланды?
Алар жок, а артыӊда, оо ЕВРАЗИЯ –
Ала-Тоо, Алтай, Памир жериӊ калды.
* * *
Аларды коргой албай көчө качкан –
огуздар, кыпчак, татар кошо качкан –
Анатолияда зор дөөлөт орнотушту,
“Осман” делип ааламга атагы ашкан.
* * *
Алыстап Ала-Тоодон, ата журттан –
багынып башка динге баш урушкан.
Унутуп Теӊир-тегин, султан болуп –
алар да акыр түбү жок болушкан.
* * *
Баш калка, коргоо издеп чоӊ орустан –
Аталар арга жоктон кор болушкан.
Ооматы келип турган кезеӊдерде –
Орусия, Османлылар зор болушкан.
* * *
Тарыхтын жыйырманчы кылымында,
кыйрады империялар тарпы чыгып.
Ордуна “кемализм”,“коммунизм”-
орноду Евразияда баркы чыгып.
* * *
Фескалар алмашылды кепкаларга,
Ак калпак албан түрлүү шляпага.
Баш ийдик большевикке - Сталинге,
А түрктөр Кемал-паша – бир атага.
* * *
Азыр биз жадап бүттүк “измдерден” –
фанатик идеячыл болгондордон.
Өзүӊдөн оо Жараткан, тилээрибиз –
адамзат тыш болсо экен террорлордон.
Эгемендиктин баркы жана наркы
“Кайыӊ калбай кыргыз балта чаппаган,
жайыӊ калбай кыргыз сөөгү жатпаган”,
эл-жер үчүн кастар менен кармашып,
канча кыргыз канын төгүп какшаган.
* * *
Байыртада Барсбектей хан өткөн,
эр Манастай эчен баатыр жан өткөн.
Кыргыз мүлдө кырыларда аттанып –
мына ошолор кан майданга жөнөшкөн.
* * *
Кой терисин кийип алып жашынган,
өздөн чыгып жаттан жаман ашынган.
Бир туу тутуп бириге албай кайран эл,
таруу болуп, туш тарапка чачылган.
* * *
Өз алдынча өлкө болуу тилеги –
орундалбай миӊ жыл бою, жүрөгү –
ооруганын кыргызымдын бүгүӊкү -
урпактары унуттубу, билеби?...
* * *
Эгер билсе, анда неге бөлүнөт,
өлкөсүнө өгөй болуп телинет?
эмнегедир эгемендик аларга –
бекер келген белек өӊдүү көрүнөт...
* * *
Бийлик үчүн, байлык үчүн жан үрөп,
Элди алдаган шылууну көп, заӊы көп.
Кастан бетер калкын тоноп, бу күндө -
качып жүргөн байлары көп, ханы көп.
* * *
Бул жоруктар качан эми токтолот,
качан элим ага каршы октолот?
Кыргызстан өссүн десек өркүндөп,
жемкорлукту жоюу керек ноктолоп.
* * *
Шыктандырып ары жоктун барысын,
аӊдаш керек азаттыктын маӊызын.
Жете албасаӊ анын ыйык баркына,
анда кайда кыргыз деген намысыӊ.