Кичине жанрдын чоң мүмкүнчүлүктөрү
Кыргыз профессионал жазма адабияты совет доорундагы жетимиш жыл аралыгында толук калыптанып, көп ийгиликтерге жетишип, башка улут адабияттар айдыңында өз ордун таба алды.
Ал өзүнө гана тиешелүү салты бар, узун тарыхы, ийгилик бийиктиги менен оозго алынган адабият болуп калган, мазмуну байып, формасы да татаалданган. Адабияттын дээрлик бардык тектеринде күрдөөлдүү өнүгүш байкалат, б. а. лирикалык чакан ырлардан ири көлөмдөгү романдарга чейин жаралды.
Алтымышынчы жылдардан тартып совет адабиятында (демек, кыргыз адабиятында да) чукул өзгөрүүлөр боло баштады. Буга КПССтин XX съезди себеп болду. Анын чечимдери менен коом турмушундагы айрым терс көрүнүштөрдүн бети ачылып, демократизациянын жел аргысы жүрө баштады. Бул жышаан адабият айдыңында да сезилди: 30-жылдарда куру жалаа менен айыпталган таланттуу инсандардын жоон тобу акталып, чыгармалары элине кайтарылды.
Тарыхый мындай окуялардан кыргыз коомчулугу, кыргыз адабияты да сырта калган жок. Адабият майданында мурда болуп көрбөгөндөй жандандуулар жүрдү. Мисалга алсак, Ч. Айтматовдун келиши менен согуш мезгилиндеги тыл турмушун сүрөттөгөн драматизмдүү аңгемелер, жаш адамдын личносттук калыптанышы, патриархалдык эски жөрөлгөлөрдү бузуп, өзүнүн бакты-таалайы үчүн ачык күрөшкө чыккан жаңы аял мүнөзү, жамандык менен жакшылыктын түбөлүк келишпес карама-каршылыгы, адам менен жаратылыштын ажырагыс биримдиги, өмүр менен өлүмдүн келишпес таймашы жөнүндөгү реалисттик жана романтикалык башталыштарды (салтты) бириктирген, улуттук уламыш, жомок, мифтерди билгичтик менен пайдаланган көркөм чыгармалар жаралды.
Ошол учур ары татаал, ары опурталдуу мезгил болду. «Азыркы муундагы жазуучулардын үлүшүнө татаал мезгилдин адамдары жөнүндө жазуу милдети турат. Бул мезгилде адамдын керт башына сыйынуучулук сыяктуу турмуштагы терс көрүнүштүн бети ачылып, элге чындык, акыйкат, адал мамиле кайтарылып берилди. Мындай жооптуу милдетти ар бир чыгармачыл адам абийирдүүлүк менен сезип, өз чыгармаларында бурмалабай чагылдырышы керек эле»[1], - деп жазат Ч. Айтматов.
Арийне, мындай жөрөлгө-салтты, чыгармачылык түйшүктү анын артынан адабиятка аралашкан акын-жазуучулардын жоон тобу улантты. Бул муундагы чыгармачыл инсандарга М. Байжиев, М. Гапаров, К. Жусупов, А. Стамов, К. Акматов, М. Мураталиев жана башкалар кирет. Булардын көпчүлүгү адабиятка буркан-шаркан түшүп, бир топ такшалып калган учурда, кандайдыр бир жаңы табылгалары менен, жаңы форма, ыкмалары менен киришти. Алар изденүүнүн жаңы жолуна түшүштү.
Ч.Айтматовдун чыгармалары күчтүү психологизм, курч драматизм жана философиялык тереңдиги менен таасирдүү. Ал көбүнчө согуш учурунда оорукта калган татаал тагдырга дуушарланган инсандардын жашоо-тиричилигин сүрөттөдү. Айтсак, «Бетме-бет», «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар» өңдүү повесттеринде согуш учурундагы айыл турмушу, тылдагы оор абал, түйшүктүү күндөр камтылган.
Алтымышынчы жылдардан бери жаралган повесттер жөнүндө узун сабак сөз болуп келип, кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча фундаменталдуу эмгекте мындай бир пикир айтылат: «Ошентип, 60-70-жылдар кыргыз повесть жанрынын «ташкындаган сели» жүрүп жаткан учуру. Бул анчейин сандык гана эмес, өзүнүн негизги багытында кескин сапаттык өнүгүш болду»[2]. Мында К.Каимовдун, Ш.Бейшеналиевдин, А.Стамовдун, М.Гапаровдун, Ж.Мавляновдун, М.Мураталиевдин бир нече повесттерине удаа М.Байжиевдин «Чыйыр» повести да саналып өткөн. Демек, бул чыгарма да ошол «сапаттык өсүштөгү» бир үлгү катары кабыл алынышы керек.
«Повесть жанрына терең философиялык касиет жана «романдык мазмун» киргизилип, күчтүү психологизм менен лиризмдин тогошкон жеринен жаралган Ч.Айтматовдун чыгармалары нукура искусствонун эталону экени талашсыз. Ч.Айтматовдун повесть жанрындагы ушундай көркөмдүк реформациясы, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, эмгекчил жазуучунун «сокосу» түп аңтарасынан «көңтөргөн» үзүрлүү жемишин алтымышынчы жылдардан баштап бергени белгилүү. Бул жерде Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кыргыз прозасындагы көркөм процесске тийгизген түздөн-түз таасири жөнүндө гана эмес, баарыдан мурда адабий салттын уланышы, жаңыртылышы, ички кубулуштары, тагыраак айтканда, мурдагы эстетикалык тажрыйбага таянып, ар бир автор «өзүнүкүн» издөө, табуу жөнүндө баратат.
Баарынан жакшысы, мындай изденүүнүн пафосу азыркы адамдын образын ачууга багытталгандыгында. Ушул мааниде алып караганда алтымышынчы, жетимишинчи жылдардагы кыргыз прозасында, айрыкча., повесть жанрында жүрүп жаткан изденүүлөрдүн өзүнчө бир тенденциясын байкоого болот. Тактап айтканда, кыргыз повесттеринин авторлору өздөрүнүн негизги чыгармачылык оюн эң башкы нерсеге: каармандын жан-дүйнөсүн, ички психологиялык кубулуштарын ачууга багыттайт. Ушундан улам К.Каимовдун «Кыш ыргактары», «Жигит баратат», А.Стамовдун «Жаңы тууган», «Чүй баяны», «Нөшөрдөн кийин», М.Байжиевдин «Чыйыр», М.Гапаровдун «Кыштакча», М.Мураталиевдин «Жаңы конуш», К.Акматовдун «Эки сап өмүр» ж. б. повесттеринин азыркы замандын адамынын образын түзүүдө (албетте, ар бири жекече касиетин сактап) көркөмдүк синтезге жана терең психологизмге карай чечкиндүү башталган жана чоң реалисттик адабияттын ушул касиеттерин өздөштүрүүдө бир кыйла ийгиликтүү кадам жасаган чыгармалар катарында мүнөздөөгө толук негиз берет»[3].
Биз изилдөөгө алып жаткан М.Байжиевдин көркөм прозадагы чыгармачылыгы да дал ушундай мүнөздүү касиеттерге эгедер. Анын прозадагы изденүүлөрү, албетте, жакшы, жемиштүү табылгаларды алып келди десек болот.
Мар Байжиев адабиятка 60-жылдарда келип, ушул мезгилге чейин кыргыз жана орус тилдеринде аңгеме, повесть жана пьесалардан турган ондон ашык жыйнак чыгарууга жетишти. Ошол доордо орус жана эки тилде чыгарма жараткан жазуучулардын өкүлдөрү В. Быков, Ч. Айтматов, Г. Гулиа, П. Хузангай, Ю. Рытхэу, О. Сулейменов, А. Алимжанов, М. Байжиевдер жаш курактары ар башка, тандаган темалары да ар түркүн багытта болду. Бири элет жерин сүрөттөсө, экинчиси элдин өткөн турмушун, дагы бири согуш окуяларын тандап алды. Ушул үч темада тең алар жалпы чыгармачылык пафосу, окуяга автордук мамилеси жагынан бири-бирине жакын турганын байкоо да кыйын эмес. Алардын катарында М. Байжиев да бар.
Жыйрма жыл аралыгында жазылган М. Байжиевдин адабий-көркөм төлдөрү автордун прозадагы изденүүлөрүн, өнүгүү эволюциясын таасын көрсөтүп турат. Ал чакан көлөмдөгү аңгемелерден масштабдуу повесттерге, көрүнүштү сырттан сүрөттөөдөн ички психологизмге чейинки, күнүмдүк тиричиликти баяндаган окуялардан байыркы жомокко чейинки түйшүктүү да, жемиштүү да жолду басып өттү.
М. Байжиевдин прозадагы такай карманган тематикасы шаар жана учур темасы, сүрөттөө объектиси моралдык-этикалык проблема болуп эсептелет. Алардын ичинен М. Байжиевдин көп кайрылганы үй-бүлө жана андагы оош-кыйыштар, аял менен эркектин мамилеси, жалгыз бойчулуктун түркүн көйгөйлөрү, эски жана жаңы салттардын таймашы сыяктуу маселелер. Ал сүрөттөгөн окуялар сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан драмалуу. Автор турмуштан запкы көргөн каармандарды аяп, аларга боорукер мамиле кылат, бирок, аларды такыр басынтып, чөктүрүп жибербейт. Алар да ошондой жан тартууну, аёо сезимин, өзгөчө көңүл коюуну каалап турушат. Ошондуктан, анын прозасында улгайган адамдар менен балдардын, же тек гана бирөөнүн коргоп калуусуна муктаж болгон адамдардын көп катышканы бекеринен эмес. Андай каарманды жетилген курагына чейин кең-кесир сүрөттөп берет (мис. Айша апа менен Абылкасым).
М. Байжиевдин прозасын башкалардан өзгөчөлөп, айырмалап турган дагы бир каеиет бар – ал юмор. Юморду анча талап кылбаган салабаттуу чыгармасында да жазуучу бул касиетин такыр жоготпой билинер-билинбес күлкү коштотуп, өз чыгармасын таасирдүү кылууга жетише алат. Мындай касиет, тилекке каршы, көп жазуучуларда дайым эле кездеше бербейт. Анын чыгармаларындагы окуя бир караганда калыпка салып койгондой көрүнгөнү менен көп узабай эле окурман анын башка нукка өтүп кеткенин аңдабай да калат.
1976-жылы М.Байжиевдин «Менин алтын балыгым» деген жыйнагы жарык көрдү, анын баш сөзүн жазып жатып Ч.Айтматов мындай бир ойду айткан экен: «Мар Байжиев — жаңы адабий кыймылдын («новой литературной генерации») өкүлдөрүнүн бири». Бул жазуучуга берилген чоң баа, терең ишеним эле.
Жазуучунун алгачкы тырмак алды эмгек төлдөрүнө кайрылып көрөлү. Алар көп учурларда примитивдүүлүккө бастырган, өзүнчө көркөм нарк боло албаган чакан чыгармалар эле. А балким, алар так ошонусу менен айрым кызыгууну туудургандыр. Чыныгы художник эч качан бир калыптагы түз сызыктуу жолдо жүрбөйт. Алгач элдир-селдир теңселе басып, анан улам мезгил өткөн сайын тажрыйба жыйнаган, улам жаңы сапаттарга көтөрүлүп, улам жаңы тереңдиктерге чөмүп отурган чыгармачыл жол – мына өнүгүүнүн түйшүктүү жолу ушул. Жазуучунун алгачкы жараткандары анын өсүү жолунун кийинки учурларын баамдай турган, ошого баа берүүдө таянар чекит катары салыштыра турган кандайдыр бир өлчөм сыяктуу сезилет.
М.Байжиевдин чыгармачылык жолу түйшүктүү да, жемиштүү да болду. Ал 1956-жылдан тарта студент кезинде эле басма сөз беттеринде сынчы жана котормочу катары көрүнө баштады. Университетти аяктап, 1961-жылы кыргыз тилинде биринчи аңгемелер жыйнагын жарыялайт[4]. Мындан үч жыл өтүп, 1964-жылы аңгемелер менен повесттердин жаңы топтому жарык көрөт[5]. Бул чыгармалар анын өзгөчө касиеттерин мүнөздөдү. Ал адабиятка өз темасы, жазуу манерасы, турмушту аңдап сезүүдө, талдап-баалоодо өзгөчө көркөм табити бар жазуучу катары кирди. Биринчи жыйнактын чыгармачылык ийгиликтери жөнүндө А.Аксаков: «Бул китептин каармандары ар түрдүү тагдырдагы адамдар эле. Биз алардын өңү-түсүн көрүп, кайгы-кубанычына ортоктош болдук, ойлорун туюп, пикирлерин уктук. Тааныштарыбыздын катарлары көбөйө баштады. Ошол жаңы каармандар аркылуу биз авторду тааный баштадык. Анын турмушка, адамдарга болгон өзүнүн мамилеси бар экенин билдик»[6], - деп жазды.
М. Байжиевдин прозасы драматизмге жыш, ошого жараша терең психологиялуу. Бирок, анын бул касиеттери дароо эле байкала бербейт. Анын чыгармалары күндөлүк турмуштун окуяларына арналган. Ошол себептен М. Байжиевдин прозасын «тиричилик прозасы» деп атоого да болот. Себеби, автор «чоң турмушту» сүрөттөөгө анча кызыкпайт, ал күндөлүк жашоодогу «майда бараттарды» берилүү менен жазат. Тиричилик анын аңгеме, повесттеринин такай сүрөттөлүүчү материалы, мындайча айтканда, ал анын сүйгөн «карманы» сыяктуу. Жазуучунун «Возвращение» жыйнагын «Сулуу» деген аңгеме ачат. Болор-болбос нерселер үчүн эрди-катындын ортосундагы ыйкы-тайкылыктар, аялдын обу жок текеберлиги, эркектин кайдыгерлиги, ортодо кароосуз калган балдар – булар бир караганда турмуштун тек гана натуралисттик картинасы, бир үзүм көчүрмөсү катары туюнтулушу ыктымал. Бирок, Байжиев сүрөттөгөн тиричилик жөпжөнөкөй көрүнүп, адамга болгон кайдыгер гана мамиледей туюлганы менен, анын артына көп маани, б. а. чыгармада качан болбосун «тарс» жарыла турган чоң трагедия жатат.
Аңгемеде турмуштун майда деталдарын таасын чагылдырган нукура поэзия да, махабат кайрыктары да бар. Мунун баары жөнөкөй тиричилик менен камыр-жумур аралашып кеткен. Мына айталы, күндөлүк тиричиликте ал мындайча көрүнөт: «Сен мени жакшы көрбөйсүң, аябайсың, - деди аял, - эркек эми эле эшиктен аттаганда. Анын (эркектин) колунда акыр-чикир салынган чака бар эле»[7]. Аны чуркап барып төгүп келе койгон соң эркек аялынын үй тиричилигине байланышкан жемесин уга баштады... Жадады. Төркү комнатага кирип кетти ...Аял өтө эле ачуулуу, жемекор неме. Негизи аялдык мүнөз да! Эркек балдары үчүн бардыгына кайыл. Жашоо өз ыргагына өтө берди. Балким баягы толгон жемелер эртеси да кайталанар, ким билет!»
«Жаңылуу» менен «Сулуу» аңгемелеринин негизги пафосу окшош. Аларда бул көр тирликте эрди-катын ырылдашып, чырылдашып тынч, бейпил өмүр сүрсө не болот деген ой берилет. Бирок, турмуш дегениң бир кылка, же мелтиреп тунуп турган суудай эмес экен да! Кечээ эле бири-биринин артынан чуркап жүрүп баш кошкон немелер бүгүн болор-болбос бир нерселер үчүн зээндерин кейитип турганын көргөндө «кап, каран калган мүнөз ай, мүнөз» дейсиң. Кээде аялдын ашыкча чапчаңдыгы, тилдүүлүгү буга себепкер. «Жаңылуу» аңгемесиндеги автордун ой жүгүртүүлөрүндө адам мүнөзүнүн татаалдыгы мындайча түшүндүрүлөт: «Өгүнү эле экөө чатакташып калышкан. Ал чатак эмнеден чыкканы азыр экөөнүн тең эсинде жок. Анын бардыгын көңүлгө түйүп, чогулта берсең, тулуптай шишип кетпейсиңби. Бирок, акыркы жылдары мындай чатактар көбөйүп кетти... Кээде жөнөкөй эле сөз уруш-талаш, балдардын ыйы менен бүтөт. Ачууң тараганда баамдап көрсөң болор-болбос нерсе. «Баланы сен ал, мен ал, электрдин акчасын сен төлө, мен төлө, кызматтан кечигип келдиң, айлыктын 5 сому кайда? Ии-ий, койчу, ойлосоң жиниң ого бетер келет.
«Тү, кудай урган! Болор-болбос нерсе үчүн өлүгүңдү да, тиригиңди да көргүсү келди, ээ! Ошол 5 сом үч баланын атасынан артык болуп кетиптирби! Тили жаман тили! Андай болбосо өзүмөн өзүм эле жаакка чаап жинди болуптурмунбу?!», - деп ойлойт күйөөсү.
«Ушул да турмушпу, 5 сомду сурайсың деп да урушабы?! Мен сурап коюптурмун, аялымын да. Ошончону көтөрүп койсо не болот? Бир кезде өбүүгө зар болуп жүргөн бетимден 5 сом артык болуп кетиптирби?! Оту күйүшпөй калыптыр деген ушул эмеспи», - деп ойлойт аялы. Кээде бул ойлорун экөө бири-бирине билдирет. Анда өчүп калган чатак-от кайра тутанып алоолонот. Жумагүлдүн тили да бир топ бар. Жадаганда Асылбек плащын алып, үйдөн чыгып кетет. Жумагүл чегинип бараткан жоонун артынан пулемет аткансып, коридордон эңкейип алып күйөөсү төртүнчү этаждан биринчиге түшкөнчө:
- Балдардан айлан, келбе! - деп дабыратат. Мунун бардыгы чын эле ок болсо, бечара Асылбек эбак калбыр болуп, жел соккондо денесинен шамал ышкырып турат беле...»[8].
Куйкум аралашкан автордук анализ-талдоодо көп маани жатат. Ал аялды да, эркекти да айыптайт, алардын мүнөз өзгөчөлүктөрүн далилдей келип, жалпысынан адам дүйнөсүнүн татаалдыгын маалымдайт.
60-жылдардын баш ченинде жазылган «Сулуу», «Жаңылуу», «9-Май күнү» сыяктуу чакан аңгемелерди мазмун-маңызы боюнча аңгеме-ой жүгүртүү» («рассказ-размышление») деп аташка болот. Алар адамдарды жашоо-турмуш, анын мааниси тууралуу ойлонуп көрүүгө багыт берет.
Аңгеменин бул түрү жашоо-тиричилик темасын козгойт да, анан жөнөкөйлүктөн тереңдикти көздөй багыт алат. Чыгармадагы сүрөттөлгөн кичинекей деталь көп нерсени түшүндүрүп берет. Жашоо деген эмне, сүйүү деген эмне? Адам алардын кадырына канткенде жете алат?
Бул аңгемелердин каармандары өз турмушунда кандайдыр бир бурулушка, же кыйчалышка туш келип турган чагында биз менен кездешет. Ал бир нерсени тандашы керек, бир жыйынтыкка келиши керек. Мында табияты боюнча бири-бирине төп келбеген эки позициянын күрөшү жүрөт, алар барып-келип адам тагдырына таасирин тийгизет.
«Сулуу», «Жаңылуу» аңгемелеринин каармандары абдан кылдат, ары интеллигент адамдар, бирок, бул касиетти тиричиликтин болор-болбос майда маселелери басып салган. Алар качандыр бир мезгилдерде сүйө билишкенин, ойлоно билишкенин унутуп да коюшкан. Бирок, ал сапаттар акырындык менен экинчи планга сүрүлүп ташталып, алардын аң-сезиминде болгону көңүл калуучулук менен дүйнөгө болгон нааразычылык гана калган. Бул ойлордун баарын автор ички монологу аркылуу ачат. «Жаңылуу» аңгемесиндеги Жумагүл өзүнүн кетирген каталыктары үчүн терең кайгырып, «О-о, жок дегенде дагы бир жылдык өмүрүм болсо, өткөн каталардын бирин да кылбас элем го. О, жаңылуу!», - деп муңканат. Анан «ак кан» деген диагноз жалганга чыгып, оорулуу аял үйүнө кайтып, турмуш баштагы нугунда улана берет.
Аңгеменин финалы төмөндөгүдөй автордук сүрөттөө-баяны менен аяктайт: «Арадан мезгил өттү. Күндөрдүн биринде коңшулар коридордо аял менен эркектин чатакташып жатканын угушту.
- Баладан айлан. Келбе. Деле көзүмө көрүнбө! Сендей эрдин барынан жогу! - деп кыйкырды аял төртүнчө этаждан. Тиги болсо ок өтпөс калпак кийип алгансып, тоотпой алдына түшүп, башын көтөрдү да:
- Эй, долу! Бас жагыңды, - деди.
Аялдын жаагы жап болуп, үйгө кирди, бирок, диванга боюн таштап, ыйлоонун ордуна негедир терезеге барды.
Асылбек болсо боз плащынын жакасын көтөрүп алып, жаан жууп кеткен аллея менен кете берди. Бактардан бирин-серин сары жалбырактар аксак калкып, анын жаңыдан кубара баштаган чачтарын сылагансып жерге түшүп, ным алфальтка чапталып, аяк астында кала берди.
Шаарга күз ууру мышыктай жумшак басып, билинбей келет турбайбы»[9].
Ошентип, Асылбектин да өмүрүнүн күзү келип, ал бактан акырын күбүлүп түшүп, ным асфальтка тапталган жалбырак сымал аянычтуу өтүп жаты. Бул адам тагдырындагы драмалуулуктун бир көрүнүшү. Жазуучу өзү айткандай[10], «драмасы жок жан да, аны ачпаган художник да болбойт». М. Байжиевдин бир өзгөчөлүгү: анын прозасы да драматургиясы сыяктуу эле драмалуу жана психологиялуу. Бул тууралуу В. Мельник «Осенние дожди» («Күзгү жаандар») жыйнагы тууралуу автор менен болгон маегинде абдан таамай айтыптыр: «Автор не просто внимателен к бытовым проявлениям жизни, - он «предан» быту, любуется им, ценя достоверность, точную, емкую выразительную деталь. Я бы сказал даже, что быт в его рассказах и повестях — равноправный дейстующий герой, и герой значительный...быт у Байджиева только с виду тих и спокоен, равнодушен к человеку. На самом-то деле он таит в себе бурю. В нем скрыта трагедия, готовая разразиться в любую минуту. Нужно обладать незаурядными душевными качествами, чтобы пройти «минное поле» «байджиевского быта». Иногда прозаик (порою излишне нарочито, как в рассказе «Ошибка» или «Сулуу») сам раскрывает свой внутренний замысел, акцентируя в прозаичных, непримитивных вещах - скрытую в них энергию нравственного порядка»[11]. В. Мельниктин бул сөзү «тиричилик прозасын» анча жактырбагандарга каршы айтылып, жазуучу М. Байжиевдин чеберчилиги ошол кадыресе күндөлүк тиричилик темасы аркылуу нравалык татаал проблемаларды ачып бергендигинде экенин көрсөтүп жатат.
Ал биз жогоруда сөз кылган «Сулуу» жана «Жаңылуу» аңгемелеринде каармандын жан-дүйнөсүнө ашыкча автордук кийлигишүү бар экенин белгилеп келип, жазуучунун маанилүү турмуштук деталдарды таба билүү өнөрү анын артыкча күчтүү сапаты деп билет. Алсак, «9-Май күнү» аттуу чакан аңгемесинде аялдын жакасынан үзүлгөн бир топчу деталы аркылуу анын жүрөгүнүн тереңинде катылган кайгысын сууруп чыгат. Жакжайып ачык калган жакасын колу менен кармап, төөнөгүч издеп дүкөнгө кирсе, элдин бары 9-Майда жакындарын куттуктоо үчүн белек-бечкек сатып алып жатыптыр. Аял да кезекке туруп, эки галстук алып, кайра чыкты. «Аял үйгө кирери менен сатып алган нерселерди ачып көрдү: галстуктун бири кызыл-тазыл – жаш адамга ылайык, экинчиси күрөң – улгайган адамга экен. Аял белектерди көпкө чейин карап отурду да, анан аларды көкүрөгүнө басып ыйлады... Бир кезде күндүн күркүрөгөн үнү угулду. Ал Жеңиш күнүнүн урматына атылган салют болчу. Ракеталардын нуру эки адамдын портреттерине тийди: бирөө — буденныйчылардын киймин кийген адамдын сүрөтү, экинчиси – учкучтун формасын кийген жапжаш лейтенанттын сүрөтү. Бирөө – күйөөсү, бирөө – уулу. Күйөөсү граждандык согушта курман болгон. Уулу Ата Мекендик согушта курман болгон. Аял каалганын жанына басып келди. Жаздыкта көздөн аккан жаш калды»[12].
Адабиятчы К. Асаналиев өзүнүн «Алдыңкы чектин айдыңында» аттуу макаласында[13] «Прозачы-Байжиев драматург-Байжиевдин дегеле эч жеринен кем эмес экендигин » далилдеш үчүн анын «Мезгил барактары» жыйнагына кирген аңгеме-повесттерге кыскача маңыздуу талдоо берип өтөт. Ал «тиричилик деңгээлиндеги көрүнүштөрдү сүрөттөөдө М. Байжиевдин бийик адабий маданияты» көрүнөрүн белгилеп келип, мындай дейт: «Жазуучу караңгылыкты, сабатсыздыкты жек көрөт, аны адамдагы эң бир салакалуу зыяндуу кемчилдиктери катарында карайт, караңгылыктын, сабатсыздыктын кесепетин көрсөтүү үчүн автор кадыресе турмуштук көрүнүштөрдү иронияга, парадокско, фантасмогорияга чейин айландыруудан тартынбайт». Чынында эле жазуучунун «Бир тоголок самын» деген аңгемесиндеги Турусбектин атасы караңгылыктын айынан өпкөсүнө суук тийген кызды (Зайраны) кайра сууга салабы (киринтеби?!). Муну Турусбектин аракеч атасы сабатсыздыгынан бир тоголок самындын айласы үчүн жасайт. Анын аялы жеткен заар неме экен. Күйөөсүн самын алып кел деп базарга жиберсе, акчасын ичип алып, төлөмөргө калган соң үйдөн кууп чыгат. Акыры «дарыгерлик» кылам деп (акысына бир тоголок самын алган) татынакай Зайраны өлтүрүп алат. Окуяны баяндап берип жаткан Турусбек аңгеменин акырында өзүнүн өкүнүчтүү оюн мындайча туюнтат: «Албетте, атам кылды кылгылыкты! Ал энемден корккондугунан жанакындай жок дарымдоону таап, караңгы кемпирдин самынын алдап алып отурбайбы. А Зайра болсо эмне? Энесинин тилинен чыкпайт да! Сууга түшүрбөсө, кабылдап кетпес эле. Эх, караңгылык, сабатсыздык!»[14].
«Ууручулук» деген аңгемедеги Таштан куулук-шумдугу жок кудай момун бир байкуш. Аялы - согончогу канабаган туубас. Ал тукумсуз бул дүйнөдөн өтөмбү деп армандуу жүргөнүн сезип, аялы төркүнүнө кетип калган. Согуш аяктагандан соң үч жыл чамасы өткөн. Эл тоюна элек. Бир күнү айылга келген ууру цыган аялды кармап, районго алпарса, ага эч ким көңүл бурбайт. Ошондон кийин ал эл-журт менен кеңешип туруп, эптеп бала төрөп берсе болду да деп баягыга нике кыйдырып, үйлөнүп алат. Жаз өтүп, күз аяктап, кышка таянган кезде боюнда бар Маргарита (молдо койгон кийинки аты Марипат) ата салтын, эркиндигин сагынып, качып кетет.
Байжиевдин көпчүлүк каармандары өзүнүн ыйман-ысмы менен жашашат. Айымкан, Таштан ошондой адамдар – булар турмуш ыңгайынан чыкпаган пенделер. Цыган аял буларга караганда башка дүйнөнүн адамы, анын сыры эч кимге белгисиз бойдон калды. Чынында ага «эркиндик» баарынан жогору турат. Бул калк ошентип жер кезип жашайт эмеспи. Ал эми цыгандардын эски салтын Таштан да, анын айылдаштары да түшүнбөй, бардыгы туюк сыр боюнча калды.
Автордун берейин деген ою көк башынын үйүндө жаңы турмуштун, жаңы өмүрдүн башталышын көрсөтүү эле. Ал жаңы өмүрдү цыган аял бериш керек эле. Цыган болсо ичиндеги баланын келечеги жөнүндө ойлонуп койгон жок. Анын көксөгөнү: айылдан алыс кетүү, эркиндик, боштондук! Катаал, бирок, реалдуу турмуштун карама-каршылыктуу парадоксу дал мына ушунда. Таштан болсо тентиген аялдын курсагындагы кеткен наристени 30 жыл бою күтүп, ырым кылып тулупка жыл сайын бир күмүш теңгеден таштап коюп жүрөт. «Быйыл ЗОга чыгат турбайбы... Уулум келгенде бул теңгелерди унутпай өзүнө бере көр», - дейт жашы сексенден ашкан абышка кемпирине.
Караңгылык, билимсиздик, көп нерсени аңдабаган түркөйлүк анын «Каракурт», «Арбакурду», «Желмогуз» сыяктуу чакан аңгемелеринде чагылдырылган. Ал эми «Менин токочум» аттуу ошолордун эле катарында берилген аңгемесинде каардуу согуш учуру бир кичинекей турмуштук деталь аркылуу даана элестетилген. Атасы согушта жүргөн өспүрүм апасынын сунушу боюнча карточкаларга (нормага салынган) алынган нанды сатып, башына тумак алмак болот. Бирок, ал максат орундалбай калат. Бала нанын алдатып, анча-мынча тапканына кооздоп жасалган короз момпосуйдан жеп коюп, акчасы жетпей калат. Турмуш ушул тура! Ал өзүнүн ошондой ачуу-таттуусу менен кызык эмеспи!
Абийир менен ыйман маселеси жазуучунун алгачкы аңгемелеринен тартып дээрлик бардык чыгармаларында такай чагылдырылып келген сыяктуу темалардын бири. Оңунан чыккан мыкты аңгемелеринин бири катары жазуучунун «Улыбка»[15] аттуу аңгемесин карап көрөлү. Бул чыгарма жазуучунун окуянын ички маңызын аңтарып көрсөтө билген баамчыл экенин дагы бир жолу далилдеп берди. Аңгеме өлүм алдында жаткан кемпирдин өз өмүрү тууралуу ой-толгоолорун сүрөттөйт. Кемпир узак, кыйын, бирок, акыйкат, таза өмүр сүрдү. Аңгеменин мазмунун өмүр, өлүм жөнүндөгү эки муун ортосундагы келишпес мамиле түзөт. Чыгыш адабиятынын тажрыйбасында мурунтан орун алып келе жаткан бир адам аркылуу экинчи мүнөздү ачып берүү ыкмасы ушул чыгармада ыктуу колдонулган.
Жашы сексенге таянган кемпир (бир жагы карылык, бир жагы турмушта тарткан «азап-тозогунун» кесепетидир) өлүм алдында жатат. Эс-акылы бар, бирок, ордунан көп жыла албайт, көпчүлүк убакта төшөктө. Өлүм алдындагы кемпирди жана өз денесинен чыккан кичинекей кызды карабай, шаарга качып кеткен аял аңгеменин негизги каармандарынын бири. Ошол үйгө кез-кез тоодо малда жүргөн бечара наристенин атасы келип (кемпирдин күйөө баласы), анын маңдайынан сылап кетет. Ушул ага дем, ушул ага кайрат. Шаардагы мамасы (кемпирдин кызы) ага посылка жибериптир, бирок, ал таянесинен коркуп ачпай жүрүп, бир күнү чыдамы жетпей аны аңтарууга батынат. Посылкада белек-бечкек, анан узак жазылган кат бар экен. Кемпирдин кызы шаарда конфет чыгарган фабрикада иштеп жүрүптүр. Өзү ыр жазымыш болгон акын сөрөй дегеле көп «акыл-насаат» айтыптыр. Анын көбү (өлүм алдындагы кемпир) менен өзү жөнүндө. Байкап карасак ага апасынын жашап өткөн өмүрү жарашпаган өңдүү: «...Да и бабушку я не смогла оставить одну. А отец для нее теперь чужой человек... Сейчас ты еще маленькая, а когда станешь большой, поймешь, что жизнь человека – это не весь отрезок времени между рожденьем и смертью! Это может быть всего один час, минута, когда ты вдруг почувстувуешь себя птицей, захочешь бросить все и улететь, очертя голову, на край света. Бабушка твоя – моя родная мать – никогда не смогла понять этого и не поймет. Она всю жизнь работала в поте лица. Жизнь для нее была борьбой за кусок хлеба. Она никогда не могла забыть о своих заботах, не могла от души посмеяться со своими друзьями, с мужем, не могла забыть о том, что после этого придется тащить на спине мешок с кизяком, топить печь, кормить детей, ругаться с выпившим мужем. Всю жизнь она экономила каждую горсть зерна, каждый рубль и всю жизнь бедствовала...»
Кимисиники туура? Апасыныкыбы же кызыныкыбы? Буга ар бир окурман өзүнчө жооп табууга милдеттүү. Кызы жашоо-турмушка нараазы болуп, эркин жашагысы келип, кызын таштап, эмчектеги уулу Таалайбекти ээрчитип, шаарга кире качыптыр. Фабрикада иштейт, баласы бакчада. Азырынча квартирада турушат. Оюнда көп нерсе бар, бирок, аны аткаруу жагы...?!
Кемпир өмүр бою жетишпеген турмушта жашаган. Өлүмтүккө сактаган кепиндик материалдан башка эч дүнүйөсү жок. Бирок, ал өз өмүрүнө нараазы эмес. Болгону аракты анча-мынча жакшы көргөн эри «кел, бир рюмка (чай чыны) ичип кой дегенде», «кой» деп макул болбой койгон «күнөөсү» бар. Ошол «айыбын» өлөр алдында тартып, тамагы кургап баратканда бир чыны пивону жутуп жиберип, магдырап, бул дүйнө менен жылмайып коштошкон.
Караңызчы! Экөө эки башка тип, экөө эки башка мүнөз! Кайнаса каны кошулбайт. Мындай мүнөз өзгөчөлүгүн көрсөтүү автордун алгылыктуу аракети.
Аңгемедеги кемпирдин образы аркылуу канчалаган кыйынчылыкты көтөргөн бүтүндөй бир муундун тагдыры сүрөттөлүп жатат. Бирок, кемпир өз өмүрүнө (мейли, ал канчалык оор болсун) нараазы эмес. «Жалаң эле бал жей берсең, ал да куздурат». Кемпирдин өмүр жолу бүт адамзатка тиешеси бар турмуштук-социалдык чоң сабак.
Абдыкадыр САДЫКОВ, адабиятчы жана сынчы.
[1] Айтматов Ч. Необходимые уточнения. //Литературная газета, 1970, 29-июль.
[2] Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. -Ф.: Илим, 1990, 1-т., 597-бет
[3] Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. -Ф.: Илим, 1990, 1-т., 612-бет
[4] Байжиев М. Каракурт. -Фрунзе,1961.
[5] Байжиев М. Возращение. —Фрунзе, 1964.
[6] Ошол эле китепте.
[7] Байжиев М. Возращение. -Фрунзе, 1964.
[8] Байжиев М. Аңгемелер жана повесттер. - Б.: 2006, 69-бет
[9] Байжиев М. Аңгемелер жана повесттер. — Б.: 2006, 76-бет
[10] Сыдыкова 3. Смысл творчества - поиск. /'/Экран, 1988, №7.
[11] Мельник В. Тропой человека (диалог по поводу одной книги). // Лит. Киргизстан,1986.
[12] Жогоруда аталган аңгемелер жыйнагы.
[13] К. Асаналиев «Алдыңкы чектин айдыңында» //Советтик Кыргызстан, 1987, 31-декабрь