Кыргыз акындары алгачкы учурларда өздөрүнүн ички дүйнөсүнө тереңдеп кирбей, кайталанбас жекече сезимдерин таназар албай, ар кандай психологиялык абалдарын поэтикалык сөз менен фиксация кылбай, сырдаштык лирикасын көп жазбай келишкен. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар эле.
Бир чети алар ал темалардан атайлап оолакташкан, анткени а кездеги коомдук жагдай алардан бүтүндөй саясий-агитациялык жана граждандык-публицистикалык ырларды талап кылган, анын үстүнө айыгышкан тап күрөшү жүрүп жатканда өздөрүнүн жекече сезимдерин алдыга чыгаруу аларга аябай ыңгайсыз да сезилген. Экинчи жактан, өздөрүнүн ички дүйнөсүн ойдогудай аңдап-билишке алар анча өсүп да жете элек эле.
Өлкөдөгү тап күрөшү аяктап, калк тынч эмгекке баш коюп, баарынан да өзүн өзү аңдап-тануусу бир кыйла бийик деңгээлге көтөрүлүп калганда гана Аалы Токомбаев башка калемдештери менен катар өзүндөгү кайталанбас индивидиалдуу адамдык сезимдерге көңүл буруп, көркөм сөз менен фиксация кыла баштады. Анын үстүнө 30-жылдардын экинчи жарымында акындын жекече өмүрүнөн акыбети кайтпаган зор махаббат сезими өткөн көрүнөт.
Токомбаевдин сүйүү ырлары нукура индивидуалдык (бирок индивидуалисттик эмес!) мүнөзгө эгедер, ал ырлар ар кыл мезгилде жазылып, адеп караганда бири биринен айырмалуу баштанып турган менен, өз ара өтө тыгыз байланышып, акындын жанынын бирдиктүү «лирикалык биографиясын» түзүп турат. Ал «биографиянын» өнүгүү изине жеке-жеке ырлар боюнча баам жүгүртүп көрсө болот.
«Жооп кат» (1934-ж.) — чыныгы ашыглыктын, катуу өкүнүчтүн, кайра жазылбас таарынычтын ширөөсүнөн бүткөн ыр. Анда акын (лирикалык каарман) чын жүрөгү менен жалындап сүйгөн, бирок кайсы бир себептерден улам сүйүүнүн алдында кечирилгис күнөө кылган жакын адамына мурдагы ынтымакта бирге өткөн бактылуу күндөрдү эскертип, убадага бекем турбагандыгы үчүн аябай жемеге алат, ырайымсыз айыптайт, жек көргөнүн билдирет, эми сүйүү мамилеси биротоло бүткөнүн бар күчү менен кесе айтат:
Айбыңды өзүм билем, бир жан укпайт:
«Намазың окулган соң, кайдагы азан?!»
Мындай кескин бүтүмдү туталандырган биринчи ыза гана айттырса керек, анткени ушунчалык махаббат күйүтүн тээп чыгарган сезим жамгыр суусу сыңары бат бууланып кетчү жеңил сезим болушу мүмкүн эмес эле. Ырастан эле ал мотив андан кийинки «Унут дедиң» деген ырда кайра кайталанат. Анткен менен анын тоналдуулугу саал башкача. Анда капылес ызадан сүйгөн адамын айыптоо акындын бийик даражалуу нравалык азап чегүүсү менен алмашылган. Ал колдон учуп кеткен сүйүүсүн унута албай, шар аккан суудай чабалактап кыйноо тартат. Чабалактаган суу... Бирок канчалык кыйнасаң да, жансыз сууга тамга түшпөйт. Ал эми адамдын жанын жансыз суу дешке болбойт:
Мен суу эмес, сызган тамга
Дайым калат кетилбей.
Белегимди унут десең,
Жүрөк ыйлайт жетимдей.
Неге бердиң белегиңди,
Жүрөгүмө сүйдүрүп,
Таңкы түштөй бир көрүнүп
Кетмек белең күйдүрүп?
Унут дедиң белегимди,
Унутпаймын ар качан.
Унутпа деп айткызармын
Чым жамынып калбасам.
Ошентип, мындагы күйүт акындын сезимдерин уйгу-туйгу кылып, жаркын кекеничке толтуруп, акыр-аягында активдүү өктөм ишенимге алып келет.
Андан соңку «Эскерме» (1936-ж.) деген ырда ошол эле мотив дагы башкача формада айтылат. Анда акын сүйгөн адамын, анын керемет көркүн жана татынакай жосундарын, өзүнүн кандай ынтызарлык менен сүйүп жүргөнүн, экөөнүн арасындагы ынак мамилени ичи элжирей муңайып эсине салат да, жүрөгүнө батпай турган ченемсиз кусалык менен сагынат. Өзү эскерип жаткан ал бактылуу кездер бир кур ага түш сыяктуу сезилип кетет. Бирок ал кездер эч кандай түш эмес эле, акын, бүчүсүн чыгарбастан жакасын булкуп алып, сүйгөн адамын жүрөгүнө кыскан элести даана көрүп турат.
Ал элести айлуу түндө эскерем,
Чотко салып кыялданам, текшерем,
Аккан суудай өмүрүмө таң калып,
Кыйрын таппай үйгө кайра кеч келем.
Ошол эле жылы (1936-ж.) жазылган, көркөмдүк күчү жагынан анчалык деле эмес бирин-экин ырларда («Элестетем», «Эмне үчүн») ал мотив аздыр-көптүр кайталанат да, анан акындын поэзиясынан үч жыл чамалуу сууга чөгүп кеткендей дымы чыкпай калат. 1939-жылы гана ал мотив капыстан «Түбөлүк деп түшүнбө» деген ырда кайрадан жаңы күч менен чыга келет.
«Түбөлүк деп түшүнбө» — кичинекей сюжеттик өзөгү бар ыр. Ал акындын (лирикалык каармандын) качандыр бир ажырашкан жакын кишисине капылеттен жолугушуп калганы менен башталат. Күтүлбөгөн кезигишүү аны селт чочутуп, алдастатып, кубандырып жиберет, сезимдерине бүлүк салып, бир саамга арбап таштагандай магдыратып коёт. Экөө тең өздөрү байкабай, карап турган адамдарды көздөрүнө илбей кучакташып, атүгүл сүйүшө жаздап да барышат. Деги ушундай жолугушууга туш келгенде дайыма боло турган психологиялык абал чебер берилген. Андан ары сюжеттин кыймыл-аракети мындай багытта өнүгөт.
Шашсам керек: «Ким менен мен турамын?—
Сурадым мен эсендикке келбестен;
Өзөгүнө тап жибербей тур аның,
Назик гана жылмайып сыр бербестен.
Далай күндөр кетиптир, — деп тезинен
Учуп жеткис эстеликтен баштадың...
«Айрылышуу келбейт экен кечинен,
Турмуш! — дедим,— күчү келбейт башканын».
Жылаажындай назик үнүң дирилдеп,
Кээде кеттиң терең-терең ойлонуп,
Кээде жумшак: «Унутпаймын бирин» — деп
Айткансыдың аруу түндөн ойгонуп.
Мында психологиялык сүрөт кандай таамай тартылган, маанайдын жана интонациянын байкалар-байкалбас нюанстары кандай таамай кармалган! Бирок күтүлбөгөн жолугушуу көпкө созулбайт. Аларды ал-жайын сурашканга да үлгүртпөй стрелочниктин ышкырыгы чыгат, акындын жакын адамы чочуганынан колундагы китебин түшүрүп ие жаздайт. Аңгыча болбой акыркы коңгуроо урулуп, паровоз ордунан козголуп жөнөй берет. А тааныш аял болсо
Атымды айтып, көздөн нуру чачылды.
Мен тилсизмин — ойго тийди күч-бүлүк.
Терезеден булгалактап жоолугун
Жал-жал карап алсыз жыла баштады.
Кайда барат, сурабапмын соолугун
Мына дагы тагдыр бөлүп таштады.
Ырдын акырында акын сүйгөн адамынан капыс айрылганына өкүнүп, бирок аны кайра көрөм, ага кайра жолугам деген жаркын үмүтүн айтат. Анын үстүнө ушул ыр менен айырмалуу бир мотив башынан аягына аралап өткөн лирикалык цикл да аяктайт.
Аалы Токомбаевдин махаббат лирикасынын эң башкы артыкчылыгы — андан адамдын ички турмушунун нравалык жана эмоциялык байлыгы, адам сезимдеринин диалектикасы көрсөтүлгөн, поэтикалык ой дидактика түрүндө абстракттуу берилбестен, өзүнчө бүкүлү процесс катары, кыймыл аракетте жана өзгөрүүдө, конкреттүү образ же сюжет аркылуу берилгеи. Мунун өзү ошо кездеги поэзиябыздагы алдыга карай кескин жылыш эле.