Адистер шайлоо технологиялары өнүккөн сайын анын жыйынтыктарын бурмалоочу усулдар да өркүндөп, санариптешкен форматка өткөнүн эскертишүүдө. БШК мүчөлөрү биометриканы колдонуу шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган көз боёмочулуктун бир катар түрлөрүнө бөгөт койгону менен, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүшкүл бойдон калып жатканын белгилешүүдө.
Кыргызстан эгемендикке ээ болуп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган мезгилден баштап Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти альтернативдүү негизде шайлоо системасы киргизилген. Башында шайлоолор курч атаандаштыкта өтүп, ошол кезде мурдагы партиялык функционерлер менен жаңы демократтардын ортосунда идеялык күрөш жүргөн. Бирок кийинки шайлоолордо талапкерлер шайлоочуларды уруучулук жана жердешчилик белгилери боюнча бөлүп алып, өз ара жаатташтырып, ооздорун майлап, алардын колдоосун алышкан. Ошентип, добуштарды сатып алуу аркылуу анын жыйынтыгын бурмалаган ыкма кеңири жайыла баштаган. Ушундай жол менен добуш алгандардын алды кийин бийликтин бийик сересине көтөрүлгөн.
Шайлоолордогу саясый атаандаштык күчөгөн сайын добуштардын жең ичинен бычылган наркы көтөрүлүп, 2000-жылдын башталышында 100-200 сом турган бир добуш 10 жылдан кийин миң сомго, азыркы убакта 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин чыкканы айтылууда.
“Азаттыктын” «Майланган мандат, майдаланган электорат” аттуу материалынан.
* * *
Калайык калкыбызда какшык менен
“жепутат” атка конгон бир топ “берен.”
Шайлоого аттанышты, ал анткени –
капчыкта акча кенен, акча белен.
Адам-зат акчалууга кул экенин,
Акчасыз аракетиӊ кур экенин,
Шайлоодо электорат-элден мурда,
Эӊ обол чечүүчү күч - пул экенин...
Эӊ сонун билгени үчүн, “масхалатка” –
Жамынып жаштар деген “жаш канатка”
Карт бөрү “жепутаттар” ат салышып,
Жөнөштү “Шайлоо” аттуу маскарадка.
Аныгы айдан ачык – бул жарышта
Киши эмес, чындыгында, пул-жарышта.
Калайык мындай жалган шайлоолорго
Ишенбейт, көнүп калган кур калышка.
Айланбай ашка жетпес ачка жанга,
Байланбай кара курсак ашказанга -
Кыргыз эл бар болсо экен түбөлүктө,
Кор болбой маскарапоз маскачанга.
КАПИТАЛИЗМ-РЫНОК
Ал базарда бааланат баары-баары:
Адамдар, кен-байлыктар, капиталдар.
Аларды басып жешет, сатып жешет –
Алкымы чоӊ төбөлдөр – капитандар.
Анаконда, питондой соро берип,
Соргок болуп бүтүшкөн ажыдаардай.
Кечире көр, оо кудай, күнөөмдү деп –
Алар бүгүн айланган ажыларга.
Депутат, дермократ, чиновниктер,
Анан да ички-тышкы мигранттар –
База болуп бу күндө мына ушулар –
Базарда эӊ негизги фигуранттар.
Жоголсун анархистер, монархистер!
Аларга баары бир го бары-жогу.
Кошкула, социалист-коммунисттер –
Жашасын капитализм рыногу!
НУВОРИШ-ШЫЛУУНДАР
Эбин таап кыйынсышкан -
“эргулдар” кыйын чыккан –
ээлешсе жердин баарын,
элеӊдейт тыйын чычкан.
Базарды бакылдатып,
бааларды шакылдатып,
бапырап байышты алар –
ар кимдин атын сатып.
КАЙДАСЫӉАР?
Пулу бардын кулу бар бул жашоого
Башын ийген пайгамбар, Кызырыӊ да.
Зарыӊ айтып шон үчүн, оо шордуулар –
Байкуш болуп кур бекер ызырынба.
Андан көрө көз салгын сутенёрдой –
Жерге-сууга тийгизбей партиясын.
Плебисцит, плебей силер үчүн –
Сунгандарга суу кечпес хартиясын.
Сасып бүттү саясат, бийликтериӊ.
Алар азыр – абийирсиз шуркуялар.
Ар-намысты оо баштан туу тутушкан
Кайдасыӊар, Курманжан, Уркуялар?..
ДҮЖҮР ЧАЛДАР
“Кабакка” кирип алып: “куйгун!” - дешет.
Карганы тааный албай “туйгун” дешет.
Ардактуу мейман болуп аш-тойлордо
Ар убак казы-карта чүйгүн жешет.
Силерди келекелеп кай бирөөлөр:
“Оо кайран дүжүр чалдар”, - деп калышат.
Анткени атка минер, олигархтар
шайлоодо силерди эстеп кепке алышат.