Байдын үйүнө кирип жаңы эле баалуу буюмдарды чогулта баштаганда кожоюн үстүнөн чыгат. Ал ууруну кармап таяк менен сабамакчы болгондо анысын колунан жулуп алып:
- Эмне үчүн иш кылып жатканымда үстүмөн чыгып, “Иш илгери!” деп айтпайсың! - деп өзүн уруп кирет.
Кожоюн тамагы айрылгыча кыйкырып-өкүргөндө сырттагы кишилер угуп, кирип келип ууруну кармап, каматышат. Ууруга жаза өкүмү угузуларда сот сурайт:
- Эмне үчүн кылмыш үстүнөн кармалганда уурусу күч ээсин доого жыгат болуп, “иш илгери болсун дейсиң?” – деп үй ээсине кол көтөрөсүң?
- Силерге бул кылганым кылмыш болсо, мен үчүн дайыма жасай жүргөн ишим, кесибим. Ошон үчүн жакшы каалоо айтышын талап кылдым, - дейт ууру оозу мурду кыйшайбай.
Бул айтканы үчүн сот анын жазасын ого бетер оорлотуп, өлүм жазасына буюрат.
Которгон Кубанычбек Аркабаев