Шайлоо жөнүндө анекдоттор

  • 15.09.2020
  • 4288

“Оку, оку жана оку” деген чакырык мектептерде эмес, а шайлоо участокторунда илинип туруш керек, анткени бир да шайлоо элди эч нерсеге үйрөтө алган эмес.

*     *     *

— Кандидаттар шайлоочуларга калп айтпаган учурлар болобу?

— Ооба. Алар менен жолугушпаган учурларда.

*     *     *

ЦИК деген аббревиатурада Р тамгасы жетишпейт.

*     *     *

Шайлоо алдында көрүстөндүн кире беришинде илинген жазуу: Жалкоолонуп жата бербе! Шайлоого катыш!

*     *     *

— Ата, жомоктун баары илгери илгери... деп башталабы?

— Жок уулум. Эң жакшы жомоктор “Эгер мага добуш берсеңер...” деген сөздөн башталат.

*     *     *

Карга бактын бутагында сыр тиштеп олтурат. Түлкү келип ага суроо берет:

– Карга, сен шайлоого барасыңбы?

– Жок!

Оозундагы сыр жерге түшүп, түлкү аны сугунуп жолуна түштү. Карга ойлонуп отурду:

 – Эгерде, ооба десем эмне болот эле?

*     *     *

Мектеп деректири мугалимдерге түшүндүрүп жатты: “Бардык партияларды билиштин кереги жок. Эң негизги партия – өкмөт менен президенттин партиясы... Эгерде аларга добуш бергиңер келсе, тушундагы квадраттын ичине кошуу белгисин койгула, а эгерде алардын саясатынан тажап бүтсөңөр, аларды көргүңөр келбесе ошол эле квадратка алуу белгисин койгула.

*     *     *

Эгерде шайлоодо добушка кайсы депутатты түрмөгө олтургузуш керек деген суроо коюлса, шайлоочулардын катышуусу 100% жакын болмок.

*     *     *

Шайлоодон утулуп калган кандидат таарынып, жаңы салдырган балдар аянтчасын өз дачасына көчүртүп кетти.

*     *     *

Кезектеги алдамчылар тобу камакка алынды, алар элге таза шайлоо болгон жок деп ишендиргилери келишкен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз