Художник Саврасовдун катыңкы колу калч-калч этет. Ал бир стакан чайын өңү серт кир тасмалга төкпөй-чачпай иче алчу эмес. Художниктин сербейген ак сакалынан нан менен арактын жыты келип турду.
Самоордун ачуу көк түтүнүндөй март айынын туманы Москваны каптап алган. Күүгүм тартып турат. Суу агуучу түтүктөрдүн ичине тоңуп калган муз эрип атат. Муз тротуарларга күү этип түшүп сынат да, быт-чыты чыгып, көк жалтыр болуп үйүлүп калат. Үйүлгөн көк жалтыр муз өткөн-кеткендердин кир таманында быркыранып жатты.
Улуу диний майрамдардын урматына кагылган коңгуроолордун үнү эски Москванын туюк көчөлөрү менен отун складдарынын үстүнөн — өткөн кылымдын сексенинчи жылдарындагы Москванын үстүнөн муңдуу угулат.
Саврасов эскилиги жетип бопбоз болуп калган небаккы рюмкадан аракты сеп эткизип коюп отурду. Анын шакирти Левитан — жамачылуу чакмак күрмө, кыска боз шымчан илмейген бала столдун маңдайында отуруп, Саврасовду кунт коюп укту.
— Россиянын алиге даңкын көтөрчү сүрөтчүсү жок,— деди Саврасов. — Мен кичине кезимде эле кайырчы чоң энем менен бирге жүрүүдөн арданчу элем, ошол сыңары биз да мекенбизге ардана турган болдук... Кызарган көзүн кымың-кымың эткизип жүрө турган, кой оозунан чөп албаган момун, бечара кемпир эле, кийин өлөр алдында мага Сергей Радонежскийдин иконун берген болчу. Үзүлүп бараткандагы айткан акыркы сөзү: «Айтпаса, күчүгүм, асман менен жердин кооздугунан калайык-калктын көңүлдөрү алып учуп, эт-жүрөгү элжиреп кеткендей кылып дал ушу сыңары сүрөт тартууну үйрөн”. Икондо чөптөр менен гүлдөр тартылган экен, күндө өзүбүз көрүп жүргөн баягы эле эски жолдун жээгиндеги гүлдөр менен бай теректүү кадимки эле көл. Азыр баамдасам, чоң энем ар нерсенин баркына жетип, түшүнө билген акылы бар куу кемпир турбайбы! Ал кезде акварель менен сүрөт тартып Труба базарына алып барып, ал жердеги кызыл кулактарга өткөзүп жүрчүмүн. Ошол кезде эмнени тартып, эмнени койгонумду азыр айтууга бетим чыдабайт. Анда мен мунаралуу сарайлар менен кызгылт куулар сүзгөн көлмөлөрдүн сүрөтүн тартаар элем. Уят, жарабаган иш! Ошо кырчындай жаш күнүмдөн тартып, карыганыма чейин көңүлүм түшүп каалаган нерсени тарта албай өткөн бир пендемин го.
Бала тартынып отурганынан үн катпады. Саврасов чырагын жакты. Колу ишкер көнчү коңшусунун бөлмөсүнөн сары чымчык сайрай баштады.
Саврасов бошогон рюмкасын көңүл кош жылдырып койду.
— Петергоф менен Ораниенбаумдун көрүнүшүн баш көтөрбөй тарта эле берчүмүн, эсебине сан жетпейт. Биз жармач-жардылар, укмуштай кооздукту көргөндө кастарлап калабыз да. Келишкен сарайларды, гүл бакча жайларды курган түзүүчүлөргө жетине албай, бөжөктөп баш ийебиз го. Мына, эми ушундан кийин биз ным тарткан талаабызды, кыйшайган кепе тамдарыбызды, суйдаң токойлорубузду жана жерге тийер-тийбес болгон асманды баамдап, көзгө алып, боорго тартып сүймөк кайда бизге.
Саврасов колун бир шилтеп алды да, рюмкага арак куйду. Ал рюмканы катыңкы манчалары менен көпкө айландырып отурду. Көчөдөн шалдыраган араба өтө бергенде рюмкадагы арак чайпала түштү. Саврасов аны шылк эткизип жутуп ийди.
Бир киши
- Францияда Коро деген бир сүрөт тартып жүргөн ашкан чебер бар,— деди ал бетинен түгү чыгып. Ал бозомук туман менен сургулт асмандан, чөл суусунан сулуулуктун ажайып сырын тапканбы, тапкан. Тапканда да кандай ажайып сыр дейсиң! А эми бизчи... Сокурбузбу ушунча жарыкты көрбөй тургандай. Биз — жапалак үкүбүз, түнкүсүн көрчү жапалакпыз,— деди ал кыжырлана ордунан туруп. — Көрбөс — жанындагыны да көрбөйт деген биз, уят эле иш.
Левитан эми кете турган учур болгонун сезди. Кызымталыраак Саврасов аңгеменин кызыгына түшүп кетип, тамак ичкиси келип турган шакиртине чай берүүнү да эсинен чыгарып жиберди.
Левитан тышка чыкты. Арабаларын жандап басышып, ала шалбыртты кечип арабакечтер сөгүнгөн бойдон кетип баратышат. Далбактап жааган кар бульвардагы дарактын жылаңач бутактарына конуп жатты. Мончодогу буудай трактирден чыккан буу бетке урунат.
Левитан чөнтөгүнөн отуз тыйын тапты. Бул тыйын сүрөт тартуу жана скульптура жасоо училищасындагы бирге окуган жолдошторунун кедейлик шилисинен баскан курбусуна анда-санда берген сыйы эле. Левитан трактирге кирди. Машина коңгуроолору шыңгырап, «Калуганын эски кара жолунда» деген ыр ойнолду. Малай буфеттеги арак-шарап сатуучу туура тактайдын жанынан чуркап барып ырсая түшүп:
- Еврей балага бир кесим колбаса менен кара нан берип койчу,— деди кожонга үнүн бийик чыгарып.
Левитан Ковен уездинин Кибарты жергесиндеги раввинин небереси эле, ал ач-жылаңач, жалчы бала болчу — эми Москва трактириндеги столдо Коронун сүрөттөрүн көз алдына келтирип үңкүйүп отурат. Кебете-кешпиринен кетип, төбөлөрүнөн көк буу чыккан адамдар туш-туштан дуулдашып, кайдагы бир армандуу ырларды муңкана ырдашат, ачуу тамекинин түтүнүн буркуратышып, эскилиги жеткен чакан тарелкадан кайнак саргыч сууну шоркурата тартып ичип отурушат. Суулу кар терезенин кара айнегине былч-былч жабышып калып жатат, а эми тыштан коңгуроонун кайдыгер үнү угулат.
Барар жери жок Левитан көпкө отурду. «Кара шайтан» деп аталып кеткен күзөтчүдөн жашырынып, Мясницкаядагы училищанын суук класстарына барып түнөп жүрчү. Көрүнгөндүн колунда эптеп күн көргөн бир боор жалгыз эжеси — кээ кезде инисин тоюндуруп, эски күрмөсүн жамап-жаскап бере турган. Мурдагы ордуна козголуп атасы Москвага эмне үчүн келгенин, келбей жатып, Левитанды жалгыз эжеси менен көчөдө боздотуп калтырып, ата-энесинин көп узабай Москвада көздөрү жумулганын жүдөө бала түшүнө бербеди. Жалгыздык жанына баткан өзү сыяктууга, өзгөчө еврейге Москвада жансактоо абдан кыйын эле.
— Еврей немеге дагы бир кесим нан берип кой,— деди оюнчук куурчак кейиптенип буту шалкылдаган малай киши,— анын кудайы бул бечараны ичээр ашка да жарытпаган белем.
Левитан башын жерге салып отурду. Анын өңгүрөп ыйлагысы, көз жумуп уктагысы келди. Март айынын суулу кары айнек бетине былч-былч урунуп жатты.
1879-жылы полиция Левитанды орун которуп, Москвадан Салтыковка деген дачалуу жерге көчүрүп жиберди. «Орустун атам замандан берки борборунда» еврейлерге турууга тыюу салынган падышанын буйругу чыккан. Анда Левитан он сегиз жаш куракта эле.
Салтыковкада турган ошол кездеги жайды Левитан кийинчерээк өмүрүмдөгү эң кыйын учур деп эске түшүрчү. Жайдын аптабы эле. Күн сайын асманда булут түрмөктөлүп, күн күркүрөйт, ызылдаган шамалдан терезе түбүндөгү куу чөптөр шуудурайт, бирок мелтиреген асмандан тамчы таамп да койбойт.
Айрыкча күүгүм талаш чен оор сезилет окшобойбу.
Коңшу дачанын балконунда шам күйдү. Каптай учкан жетим көпөлөктөр чырактын айнегине калбалактап урунуп жатты. Крокет аянтчасынан топтун үнү чыгат. Гимназиячылар менен кыздардын шарактап алышып-күрөшүп ойношуп, анан чатакташып аяктаган кезде, жатаар мезгилде бак ичинен муңдуу романсты ырдаган аял үнү угулат.
“Жүрөгүңдөн түнөк тапсын коңур үнүм...»
Бир тапта Полонскийдин, Майков менен Апухтиндин ырлары Пушкиндин карапайым ырларынан көбүрөөк айтыла турган чак болгон, бирок ушул романстын өзүн чыгарган Пушкин экенин Левитан билген эмес.
Ал күндө кечинде тосмонун ары жагынан бейтааныш аялдын үнүн угат, ошентип, «махабат тили, тилсиз тил» өңдөнгөн дагы бир романс эсинде сакталып калат.
Анын муңдуу обонду зыркырата ырдаган аялды көргүсү келет, кыздар менен бирге кылтылдап крокет ойноп, чуу салып, жыгач топту келтире уруп калганда темир жолдун жээгинен барып бир чыгарчу гимназиячыларды көрүүгө дилгир да эле. Ал балкондо отуруп таза стакандан чай ичкиси, кашык менен лимонду эзип, ошол кашыктан балдай чоюлуп, абрикостун ширеси акканына карап көпкө отура бергиси келет. Анын да даң салып ойноого, жадырап-жайнап күлүүгө ынтызарлыгы бар, жашынмак ойноп түн жарымына чейин ырдоого куштар, цензура тыюу салган «Төрт күн» деген аңгемени жазган жазуучу Гаршин жөнүндө гимназиячылардын күбүрүн угууга ынтызар. Ал обонду созолонткон аялдын көзүнө,— албетте, обончу аялдын көзү сүзүлүп, муңга чөмүлүп турат ко,— карап эле отурууга дилгир.
Бирок Левитан жарды, тек анын кайырчыдан айырмасы жок. Чакмак күрмөсү оңуп кеткен. Ал ошону жонунан түшүрбөй жүрүп чоңойду. Левитандын майлуу боёкко батташкан колу жеңинен тоодактын шыйрагындай короюп чыгып турат. Левитан жай бою жылаң аяк жүрдү. Ушул кейпи менен куунак дачалууларга кайдан көрүнсүн!
Левитан өзүнөн-өзү корунуп, эч кимге көрүнбөй жүрдү. Кайыкка отуруп, дача көлмөсүндө кара сууда өскөн камышка кирип этюддарды тартат,— кайыкта ага ким жолтоо болмок эле.
Токойдо же ачык талаада отуруп этюд тартуу кооптуураак эле. Бул жерден ошо кездерде модага айланган жазуучу Альбовдун китебин ак кайыңдын көлөкөсүндө окуп отурган кылтыңдаган кыздардын кызыл-тасыл кол чатырларынын жанынан чыга каласың же балдарын топуратып ээрчитип, кукулуктаган тооктой болгон губернант аял менен урунуша түшөсүң. Айрыкча кедейлигиңди кемсинте кароо жагынан губернант аялдан ашкан эч ким болбостур.
Левитан дачада тургандардан көздөн далдаа жашырынып, түндөсү обон салган аялга кусадарлана, этюддар тартып жүрдү. Ал сүрөт тартуу жана скульптура жасоо училищасында экенинде, Саврасовдун атагы дүң жарган Коронун дал өзүндөй сүрөтчү болосуң деп айтканын, а эми жолдошторунун — ага-инилүү Коровиндер менен Чехов Николайдын анын сүрөттөрүн көрүшкөн сайын орус пейзажынын укмуш көркөмдүгү жөнүндө өз-ара талашып-тартышкандыктарын такыр эсинен чыгарып жиберди. Жеңинен чыканагы менен бут кийиминин жыртыгына корунуп кемсинген Левитандын Кородой болом деген тилеги жакырчылыктын кучагына житип кеткенсийт.
Левитан ошол жай айында ачык абада отуруп сүрөттү көп тартты. Саврасов ошондой кеңеш берген. Бир жолу жаз айынын кайсы бир күнү алакүү болуп алып, Мясницкаядагы мастерскойго келген Саврасов кимдир-бирөөлөргө ачууланып, чаң баскан айнекти сындырам деп колун тилдирип алган.
— Эмнени тартып жатасыңар! — деди ал ыйлактаган үнүн катуу чыгарып, кир бетаарчысы менен колунун канын аарчып жатып. — Тамеки түтүнүнбү? Икир-чикирдиби? Же балчыктыбы?!
Сынган айнек терезесинин нары жагынан көчүп бараткан токумдай ак булут көрүнүп, күн нуру тегерек ысык так болуп кумпаларга түшүп турат. Ошо мезгилде Москванын короолорунда какум-кукум аябай көп чыгып, анын бубагы жер жайнап учуп жатат.
— Күндү сүрөтүңөргө түнөткүлө! — деп Саврасов кыйкырып жатканда, эшиктен кары кароолчу,— «Кара шайтан» деп атыккан неме жактырбай карап турду. — Жаз учурун өткөрүп жиберипсиңер! Кар эрип, суулар ташкындап сай-сайларга агып кетти, эмне үчүн силердин этюдуңардан аны көрбөйм я. Липа дарагы бүчүрүн жарды, жамгыр мөлтүрү суу эмес эле, асмандан ак мөлтүр жаагандай болду. Силердин сүрөтүңөрдө бул ажайып көрүнүштөр каякта? Уят да, жарабаган иш!
Мына ушу ура-бере сөздөн кийин Левитан ачык асмандын алдында иштей турган болду. Адегенде ага боёкко көзү үйрөнө бербей кыйындыкка турду, тамекинин түтүнү каптаган бөлмөлөрдө таасын көрүнгөн этюд, сыртта башкача бүдөмүктөнүп калат экен.
Өзүнүн сүрөттөрүндө Левитан ар бир тал чөптү, ар бир жалбыракты, чөмөлөнү, айлананы кучактаган тунук абаны көз менен көрүп тургандай кылып тартууга күчүн үрөдү. Бүт айлана-тегеректин баары кандайдыр бир көгүлтүр жарыкка малынып мелмилдеп тургансыйт. Левитан ошо мелмилди аба деп атады. Бирок бу биз билчү аба эмес эле. Биз абадан дем алабыз, анын жытын, муздактыгын же жылуулугун сезебиз. Аны Левитан учу-кыйры жок тунук зат деп сезген, ошо тунук мелмил анын сүрөттөрүнө үлпүлдөп, укмуш көрк берип турчу.
Жай айы аяктады. Бейтааныш аялдын да обону улам сейрек угулуп калчу болду. Левитан бир күнү күүгүм талашта өз үйүнүн короосунун эшигинин жанынан жаш келинге кезикти. Анын ичке колу кара тордун ичинен аппак болуп турат. Көйнөгүнүн жеңи кара тор менен тигилген экен. Асманды буладай жумшак булут чулгап алган. Жамгыр себелейт. Эшик алдындагы жемиш бакчадан гүлдүн жыты келет. Темир жол бойлорундагы фонарлар жанган.
Бейтааныш жаш аял короонун эшигинин жанында кичине кол чатырын ачалбай турган экен. Акыры ачылды эле, ошо замат жамгыр жибек кол чатырдын жонун тырс-тырс ургулады. Бейтааныш аял жай гана станцияны карай жөнөдү, кол чатырдын калканчынан улам Левитан бейтааныш аялдын жүзүн көрө албады. А да Левитандын жүзүн көрө албады, тек анын кир жылаң аяк бутуна көзү урунду, чатырым тийип кетпесин деп жогору кармады. Күүгүм талашта Левитан аялдын бозоргон жүзүн гана байкады. Аялдын өңү ага тааныш, сулуу болуп көрүндү.
Левитан өзүнүн чүйчүйгөн бөлмөсүнө келип жатты. Май чырак быкшып жанат, жамгыр дабыратып төгүп, станция тараптан мастардын солуктап ыйлаганы угулат. Мына дал ушу чактан баштап эне, эже-карындаш мээримин, аялзатынын сүйүүсүн дегдеген сезим жүрөгүнөн түнөк таап, Левитандын өмүрүнүн эң акыркы мүнөтүнө чейин кетпес болду.
Ушул күздө Левитан “Сокольникидеги күз күнү» деген сүрөт тартты. Бул ошол кездеги орус турмушу сыяктуу, Левитандын өз башынан кечирип жаткан өмүрү сыяктуу, муңайым, коңур күз көрүнүшүн тарткан биринчи сүрөтүнөн жылуу илеп келип, көргөндөрдүн жүрөгүн эреркетип турду.
Сокольники паркынын жолунда жерге түшкөн жалбыракты шуудуратып басып — обону Левитандын көңүлүндө уюп калган баягы бейтааныш кара кийинген аял келаткан эле. «Жүрөгүңдөн түнөк тапсын коңур үнүм...» Аял күзгү кара бактын ичинде жападан-жалгыз өзү эле болчу, ошол жалгыздыгы аны терең ойго чөмүлтүп, капаланган кейипте көрсөтөт.
“Сокольникидеги күз күнү” картинасы киши кошо тартылган Левитандын жалгыз пейзажы болчу, ошо кишинин сүрөтүн тартып койгон Николай Чехов эле. Мына ушундан кийин Левитандын картиналарынан бир да кишинин караанын таппайсың. Алардын ордун карагай токою менен эгиндер, мунарык, суу ташкыны жана да ошо кездеги үн-сөзсүз чөгүңкү жалгыз адам сыңары Россиянын бир-бирден жепирейип томсоргон тамдары ээледи.
Сүрөт тартуу жана скульптура жасоо училищасындагы окуу жылдары да бүттү. Левитан эң акыркы дипломдук ишин — булуттуу күндү, талааларды, орулуп чөмөлөлөнгөн эгинди тартты.
Саврасов сүрөттү бир жолу чалып өттү да, анын сырткы бетине: “Чоң күмүш медаль” деп бор менен жазып койду.
Училищанын окутуучулары Саврасовдон корко турган. Дайыма кызымтал болуп жүргөн Саврасов өз окуучуларына теңтушундай сүйлөй берчү, ал арактан арбын согуп алган учурунда, бардыгын түккө чыгарып, эл оозуна илинип калган сүрөтчүлөрдүн көбүн талантыңар көрүнбөйт, сүрөттө — тунук аба, мейкиндик, жарык болушу керек,— деп талап коё турган.
Саврасовго болгон ич күптүлүгүн окутуучулар анын сүйүктүү окуучусу Левитанга оодарды. Анын үстүнө таланттуу еврей баласы кээ бир мугалимдердин кыжырына тийчү. Алардын түшүнүгүндө еврейдин орус пейзажына тиешеси жок,— бу нак орус сүрөтчүлөрүнүн гана иши. Тартылган сүрөт медалга татыксыз деген жыйынтыкка келишти. Левитанга а түгүл, сүрөтчү деген наам да берилбей жөн гана таза жазуу боюнча мугалим деген диплом ыйгарылды.
Мына ушундай эч нерсеге турбаган дипломду колуна алып, өз мезгилинин эң кылдат сүрөтчүлөрүнүн бири, Чеховдун келечектеги досу, орус жаратылышынын эң алгачкы жана тартынчаак ырчысы өмүр жолуна сүңгүп кирди.
Жай айында Левитан жашап турган Максимовка кыштагындагы сарайга бир тууган Чеховдор: “Көпөс Исаак Левитандын карыз алыш-бериш кассасы” деген кулактандырууну илип коюшкан.
Күндөлүк көр оокаттын убарачылыгынан кутулсам деген ою ишке ашты. Сүрөтчү Николай Чехов менен Левитан ынак болуп кетти. Чеховдордун үй-бүлөлөрү менен ынтымакта үч жайды бирге өткөрүштү. Чеховдор ошол мезгилдерде жыл сайын жай айларын Жаңы Иерусалимдин жанындагы Бабкино кыштагында өткөрүп жүрүштү.
Чеховдордун үй-бүлөлөрү таланттуу, жүргөн жерлери шаң-тамашага бөлөнгөн шайыр адамдар болор эле. Эртеден кечке шаракташып оюн-күлкүлөрү тыйылчу эмес. Ар бир жөнөкөй нерсеге, айтсак балык уулаганы чыкканы же козу карын тергени барышкандары көңүлдүү окуяга айланчу. Эртең менен чай ичкени отурушканда эле кызык аңгемелер, ойдон чыгарылган куйкум сөздөр, оюн-күлкүлөр коштолуп, эл орунга отурганга чейин токтолчу эмес. Бирөөлөрдүн жоругун же күлкү келтирерлик сөзүн баардыгы дуу көтөрүп, тамашалашуунун түгөнбөс шылтоосуна айландырып алыша турган.
Левитанды көбүрөк шакабага алышчу. Ага дайыма кишинин ичек-боору катырганча күлдүрчү күнөөнү коюп, акыры аны соттомок болушту. Антон Чехов боёнуп прокурор болуп, күнөөнү мойнуна коюп каралап сүйлөчү. Аны угуп отургандар ордунан жыгылганча күлүшчү. Николай Чехов келесоо-күбө болуп өтчү. Ал айткан сөзүнөн танып, карама-каршы айтып чатыштыра берет, өзүнөн-өзү коркуп, Чеховдун “Карасанатайлык» деген аңгемесиндеги шелеспер[1] кармоо үчүн чөктүрмө жасайм деп темир жолдун бурамасын чыгарып алган чор тамандын өзү болуп калат. Александр Чехов — коргоочу — нак актёрдой сөздү кооздоп айтып өтөт.
Арабдардай сулуу өңүнөн, Левитан өзгөчө сөзгө көп алынчу. Чехов өзү жазган каттарында Левитандын сулуулугу жөнүндө далай эске түшүргөн. “Левитандай сулуу болуп келермин өзүңө” — деп Чехов жаза турган. «Ал Левитан сыяктуу маңкайган неме эле». Бирок Левитандын ысмы сулуу эркектин жөнүн гана туюнтуп тим болбостон, ошондой эле орус пейзажынын өзгөчө көркөмдүгүн билдирчү. Чехов «Левитан сындуу» деген сөздү ойлоп таап, аны дал өз орду менен пайдаланып жүрдү.
«Бу жердин жаратылышы сиздер тарап менен салыштырганда Левитан сындуу экен»,— деп каттарынын биринде жазган. А турмак Левитандын өзүнүн тарткан сүрөттөрүнүн айымдары башкаларына караганда Левитан сындуу болуп тартылчу. Адегенде тамаша болуп көрүнгөнү менен, бара-бара бул күлкүлүү сөз нагыз маанилүү сөз экендиги ачык болду. Бул орто Россиянын пейзажынын өзгөчө сүйкүмдүүлүгүн билдирет экен, ушундай сүйкүмдүүлүктү полотного ошо кездеги сүрөтчүлөрдүн ичинен бир гана Левитан түшүрө алыптыр. Бабкинодогу үйдүн жанындагы чабындыда кээ бир убактарда ойдо жок окуялар болчу. Көчмөн араптарча кийинген Левитан картаң эшекке минип күн батаар алдында ушу чабындыга келди. Ал эшегинен түшүп, чөгөлөп отуруп, чыгыш тарапты карап намазын окуй баштады. Ал эми колун жогору көтөрүп, ырайым сурагандай үнүн созолонтуп, Меке жакка карап жыгылып туруп жатты. Бул мусулмандарча намаз окуганы эле.
Кагаз, чүпүрөк менен октолгон эски бардеңкесин алып, бадалдын түбүндө Антон Чехов жашырынып турду. Ал Левитанды мээлеп, мылтыктын илмегин басып калды. Чабындыда түтүн уюлгуп тарай баштады. Өзөндөгү бакалар чочуп кетип чардашты. Левитан ок тийген кишиче ачуу чаңырып барып, жерге кулап түштү. Аны замбилге салышып, колуна эски чокойду кийгизишип, паркты айландыра көтөрүп жүрүштү. Чеховдордун хору күңгүрөнө муңайым добуш чыгарып, кошок кошуп, оюна келгендерия айтып жатышты. Левитан күлкүсүнө чыдабай солкулдап, акыры чыдай албай ордунан ыргып туруп, үйүнө кире качты.
Таң ирең бараңда Левитан Антон Павлович менен Истра суусунан балык уулаганы кетишти. Кайырмак салуу үчүн бадалдар өскөн жардуу жээктеги кувшинка гүлү гүлдөп турган жылуу сууда кызыл канат балыктары үйүрү менен сүзүп жүргөн тынч айлампаларды тандап алышат.
Левитан шыбырап Тютчевди окуду. Чехов көзүн алайта карап, күңкүлдөп урушту,— анткени кайырмакка илинер балыкты анын добушу үркүтүп жиберди.
Левитандын мындан мурда Салтыковкадагы көксөгөн ошо тилеги — горелки ойну, дүпүйгөн кыштак багынын үстүндөгү тамгалуу ай көрүнгөн күүгүм талаш, кечки чайдагы талаш-тартыш, жаш келиндердин жылмаюулары, уялчактыгы, алардын эркелеткен сөздөрү, жанга сүйкүм таарынычтары, кара бак төбөсүндөгү уяң жылдыздардын жымыңдашы, канаттуулардын кыйкуусу, түнкү талаадагы араба калдыры, таланты ташкан курбу-курдаштар менен коюн-колтук алышып бирге жүргөнү, атак-даңктын конгону, жан сергитип жүрөк эргиткендиги да болгон.
Жай айынын укмуш күндөрүндөй өмүргө карабастан Левитан көп иштеди. Анын сарайында баштагы тоокканада, төбөсүнөн таманына чейин этюддар илинген. Бир караган кишиге мында эч кандай жаңылык жок сыяктуу — жантаймадан өтүп барып көрүнбөй калган, бардыгына тааныш баягы эле ийри-буйру жолдор, чакан токойлор, мейкиндик, кыштактын кашаасынын үстүндөгү жарык ай, жыгач кепичтер менен тапталган аңыздагы жолдор, ала булуттар жана жай аккан өзөндөр.
Сүрөттөрдө кадимки тааныш дүйнө көрүнөт, бирок мына ушулардын баарында адамдардын сөзгө жарды тили жетпеген өзүнчө бир көрүнүшү бар. Левитандын сүрөттөрү — небаккы убакта өтүп кеткен, бирок кызыктуу болгон бала чакты эске түшүргөндөгүдөй жүрөктү зырп эттирет.
Левитан пейзаждын муңдуу сүрөтчүсү. Адам кайгы-муңга чөгүп турганда тарткан пейзажы да муңдуу болот. Кылымдар бою орус адабияты менен орус көркөм сүрөтчүлөрү бозомук асманды, жакыр талааны, жепирейген үйлөр жөнүндө айтып келишти. «Россия, байкуш Россия, сенин жепирейген үйлөрүң, сенин зарлаган ырларың,— алгачкы сүйүүмдүн көз жашындай».
Укум-тукумдан бери адам жаратылышка ачкалыктан көзү тунарып тигиле карап келди. Жаратылыш ага өзүнүн кайгылуу тагдыры сыңары, ным болгон бир үзүм кара нандай көрүндү. Ачка адамга тропикалардын көгүлтүр ачык асманы да, түнөрүңкү көрүнө. Мына ошентип убайым жеп, көңүл чөгүү келип чыккан окшобойбу. Ал жаратылышты кубултуп турган көрүнүштөрүнөн, оюн-шооктон, ажарланган турпатынан ажыратып басып таштаган. Россиянын сан-түркүн кооз-жумшак жаратылышы узак жылдар бою муңканган, түнөргөн деп саналчу. Сүрөтчүлөр менен жазуучулар муну аңдабай, ага курулай жалаа жабышкан.
Левитан укуктан ажырап, келечектен кол жууган геттодон[2], Батыш жеринин чакан бир жерин мекендеп, көк жөтөлгө чалдыккан кол өнөрчүлөр, кара синагогдор[3], кысылып-кыпчылып, жарыбагандардан болгон еврей элинен чыккан эле.
Ал өмүр бою укуксуздуктан кутула албады. Левитан ал кездерде бүткүл россиялык даңктуу сүрөтчү болуп калса да, 1892-жылы экинчи жолу Москвадан жер котортуп көчүрүп жиберилди. Жакшы санаалаш достору Москвадан көчүрүп жиберүү тууралуу көрсөтмөнү алдыртып таштаганча Левитанга Владимир губерниясында жашырынып жүрүүгө туура келди.
Өз элинин, түпкү ата-бабаларынын тарыхы кубанычты билбесе, Левитан да кубанычтан кабарсыз болду. Ал Бабкинодо тентектенип ойноп-күлдү, кыздардын атынан жүрдү, боёкторго кызыкты, бирок көңүлүнүн түпкүрүндө: мен кемсинтилип куугунтукка алынган расанын шор маңдай уулумун го деген ой такыр чыкпай койду.
Кээде ушул ой Левитанды бийлеп алчу. Ал ошо кезде кайгы-капалыкка жеңдирип, туталанып кетчү. Өз иши купулуна толбоодон, эркин кыялында ойлоп таап койгон нерсени боёкто бере албай жүрөм деген ойдон алиги дарты күчөй түшөт.
Кайгыга чөмүлүп туталанма оорусу кармаган кезде Левитан адамдардан качып кете турган. Алар ага душмал сыяктуу көрүнчү. Ал сиркеси суу көтөрбөй, тумшугу менен бир тийип, чыдамы жок болуп кетчү. Болбогонго кыжырланып, сүрөтүндөгү боёкту кырып таштап, адамдардан өзүн далдоо кармап, Вести деген итин ээрчитип алып ууга чыкчу, бирок аң уулабайт, тек токойду аралап бет алды жүрө берет. Ушундай кыйын күндөрдө жаратылыш гана анын бир боорундай болот — эненин мээримдүү колундай маңдайынан жел сылап өтүп, көңүлүн жубатат.
Түнкүсүн талаа үн-шыбышы жок мемиреп жатат. Левитан мындай түндөрдө адамдардын акмактыгынан, кызыгууларынан кутулуп жыргап эс алчу.
Левитан күйүт дарты кармаган чакта эки жолу өзүн атып, бирок тирүү калат. Эки жолкусунда тең Чехов ажалга арачы болуп аны куткарып калат.
Левитан оорусунан айыгат. Ал элге кайрадан кошулуп сүрөт тартат, сүйүү оту жанат, адамга ишенет, тек оорусу кайта кармаганга чейин адамдык татаал мамилеге карым-катнаш болот.
Анын зарыгып кападар болгондугун Чехов жин оорусунун башталышы деп санаган. Бирок бу өзүнө да, турмушка да катуу талап койгон улуу адамдын айыкпас дарты чыгаар.
Ага тарткандарынын бардыгы түккө турбагандай көрүнчү. Левитан полотного түшүрүлгөн боёктордон, башка бир андан да ачык, андан да даана боёгун көрөт. Ал фабрикадан чыккан киноварь, кобальт, кадмий боёгу менен эмес башка айкын боёк менен сентябрь айынын абасындай тунук, сары жалбырактары самсаалап түшүп жаткан кездеги токой сыяктуу күрдөөлдүү Россиянын пейзажын тарткысы келди. Бирок кабак ачпаган түнттүгү иш учурунда колун эркин, элпек кыймылдатпай кармап турду. Левитан көпкө, узак убакытка чейин ачык, тунук сүрөттөрдү, салалбай койду. Сүрөттөрү күңүрт жарык, боёгунун өңү жок. Ал боёкторун күлүмсүрөтө албады.
1886-жылы Левитан Москвадан биринчи жолу түштүккө, Крымга кетти.
Ал Москвада кыш бою опера театры үчүн декорация жасалгалады, бул иштин ага пайдасы тийди. Ал боёонун көп жактарына тартынбай кирише баштады. Сүрөт тартканда эркин кетип жатты. Накта чеберге таандык кээ бир белгилери — материалды тайманбай пайдалануу белгилер көрүнө баштады. Мындай өзгөчөлүк өздөрүнүн оюн жана образдарын ачык-айкын көрсөткүсү келген адамдардын бардыгына зарыл. Жазуучу сөздү ылгап, баарын көрүп байкагандарын колдонууда, архитектор — топурак менен мраморду колуна алганда, сүрөтчү — боёк менен сызыктарга келгенде тартынбай колдонбосо болбойт.
Левитандын түштүктөн тапкан эң чоң пайдасы — ачык түстөгү боёктору эле. Крымда өткөргөн убактары ага агарып аткан, бүтпөгөн таңдай көрүндү, түнү бою турган аба таң алдында тоо өрөөндөрүндөгү чалкыган көлдүн суусундай кашкайып жатат, тунуктугу ушунча, жалбырактан аккан шүүдүрүм алда кайдан көзгө чалдыгат, шагылдуу жээкке карай кубалашкан толкун көбүгү агарып тээ ондогон чакырым жерден көрүнөт.
Түштүк жеринин учу-кыйрысыз аба мейкини боёктун ажарынан ашып түшкөндөй сыр берет.
Левитан түштүктө күн гана боёктун кожосу экендигине даана көзү жетти. Нукура ажайып сүрөтчүлүктүн барып турган күчү дал ушу күн нурунда экен, орус жаратылышынын бозомук өңдөнгөнү менен көзгө жакшы көрүнгөн себеби, ал да ошол күн нурунун өзү эле, бирок ал нымдуу аба катмары, булуттун жука пардасы аркылуу сорулуп отуруп жерге жетет.
Күн менен кара түстүн кайнаса каны кошулбайт. Кара түс — ал боёк эмес, боёктун көлөкөсү. Муну сезген Левитан Крымга барып келгенден кийин өз сүрөттөрүнөн күңүрт түстү алып таштоого киришти. Бирок бу дайыма эле колунан келе бербеди. Жарык түз үчүн көпкө созулган күрөшү дал ушундай башталды.
Мына ошо кезде Францияда Ван-Гог деген Арлинин жүзүм сабактарын кызгылт алтын түскө айландырган алоолонгон күн нурун полотного канткенде түшүрөм деп иштеп жатты. Болжолу ошол убактарда Монэ Рейм соборунун дубалдарына чагылышкан күн нурун изилдеп жүргөн. Жарык мунарыкка малынып турган собор жепжеңил калкыган сыңары көрүнгөнүнө аябай таңданды. Собор таштан эмес эле, ар кандай түстөн турган тунук аба массасынан курулган «сыяктуу туюлат. Чындыгына көзү жетиши үчүн ага басып келип колу менен сыйпалап көрүшү керек эле.
Левитан али жүрөксүнүп иштей турган. А француздар тартынбай көшөрө иштеп калышкан болчу. Бир башынын боштондугу, эзелки, маданий салты, акылдуу жолдоштук чөйрөсү аларга чоң дем болду. А Левитан мунун баарынан кур алакан. Ал өзүн эркин сезген адамды элестете да алчу эмес. Бул жөнүндө ал кыялдана гана алмак, бирок ошол кездеги Россиянын турмушундагы кайгы-муң менен келесоолуктарга кыжырланып жүргөндө анын кыялданууга кудурети да жетмек эмес. Анын акылдуу жолдоштук чөйрөсү да жок эле.
Түштүккө барып келгенден бери Левитандын кадимки өнөкөт оорусуна, дагы бир ачык даана жакшы боёктор тууралуу ойлор, адам турмушунун кунарсыз күнүн кубаныч-шаттыкка айландырып жибере турган күн жөнүндө ойлор кошулуп, дайыма эске түшүүчү болду.
Москвада күндүн көзү көрүнбөйт. Левитан Тверь көчөсүндөгү мебелдерге толгон «Англия» мейманканасында турчу. Шаарды түн ичинде муздак калың туман чулгап алан кыштын кыска күнүндө ал суюлуп тарап кетүүгө да үлгүрө албайт. Номерде керосин чырак үлбүрөп жанат. Чырактын саргылт жарыгы күңүрт тарткан күн нуруна кошулуп адамдардын жүзүн, тартыла баштаган сүрөттөрдү темгилдентти.
Кайрадан көпкө узабаса да, жокчулукка дуушар болду. Ал бөлмөсүнүн ээси аялга акчалай эмес, этюддары менен төлөй турган болду...
Үй ээси аял киши эң бир өтүмдүүсүн тандап алуу үчүн мурунга кыстаргыч көз айнегин тагынып “сүрөттөрдү” карай баштаганда Левитан аябай уяла турган. Баарынан да аялдын күңкүлдөгөнү газета сынчыларынын жазгандары менен бир жерден чыкканын кантесиң.
— Мырза Левитан,— дейт тиги аял,— эмне үчүн көк жашаң чабындыга асыл тукум уйду кошо тартып койбойсуз, а эми мобу липа дарагынын түбүнө эки ашыкты отургузбайсыз? Анткенде көзгө жакшы көрүнмөк эле.
Сынчылардын жазгандары да ушундай пикирдин тегерегинде болчу. Алар Левитан Пейзаждарын топ-топ болгон каздардын, жылкылардын, койчулар менен аялдардын караанын келтирип жандандырып койсо деген талабын айтышат.
Айтор, сынчылар каздарды тартпайбы деген дооматын коюшса, Левитан бир кезде эртеби, кечпи анын полотнолорунда Россияны күн нуруна бөлөй турган, дегинкисинде ар бир кайыңды өңүнө чыгара кубултуп жиберер кымбат баалуу металдын жаркырагына окшогон эң сонун күн жарыгы жөнүндө ойлой турган.
Крымдан кийин Левитан өмүрүнүн көбүн Волгада өткөрүп, туруктуу мекендеп калды. Анын биринчи жолу Волгага барышында жолу болбоду. Жамгыр суук тартып, суу киргилденди. Шамал анын бетиндеги үзүк-үзүк толкундарды кубалап жөнөйт. Жадатып ийген жаандан Волга боюндагы кыштактагы Левитан турган жепирейген там үйдүн терезелеринен суу шорголоду, мейкиндикти туман каптап, айлана-тегеректин түсү боз чаңгыл тартты.
Левитан сууктан, Волга боюндагы тайгаланма ылайынан, сыртта, абада отуруп сүрөт тартууга мүмкүн эместигине убайым жеди.
Уйкусуз түндөр башталды. Тосулган бөлмөсүнүн ичинде уктап жаткан үй ээси кемпир коңурукту кош тартты, Левитан анын уктап жатканына суктанды, ушундай уктаганына суктангандыгы жөнүндө Чеховго жазды. Шатырата төккөн жамгыр тамдын төбөсүн дабыратат, Левитан улам жарым саат сайын ширеңкесин күйгүзүп саатын карайт.
Дирилдеп шамал согуп турган капкараңгы ээн түндүн койнунда таң жарыгы адашып калгандай дареги билинбейт. Левитан чочулагандай болду. Ага караңгы түн жумадан жумага созула тургандай сезилди, ал ушу ыңгайсыз кыштакка жер которуп келип, кайыңдын суу бутактарынын жыгач үйдүн бооруна ургулаган дабышын өмүр бою угууга келгендей көрүнөт.
Ал кээ бир түндөрү эшик алдына чыга калганда бутактар колго, бетке тызылдата ургулайт. Левитан кыжыры келип тамекисинен чегет, ачуу тамеки түтүнү тамагып кычыштыргандыктан — ыргытып да жиберет.
Волга суусу тараптан кеме дөңгөлөгүнүн күчөнүп айланган түрсүлү угулат,— саргыч фонарларын жылтылдатып, сүйрөгүч кеме сасык жыттанган баржаларды жогору, Рыбинскиге сүйрөп баратат.
Улуу Волга Левитанга тозоктун отуна алып бара турган эшиктей сезилет. Таң атса да көңүлү ачылбады. Түндүк-Батыштан түрүлүп чыккан кара булуттар жаан аралаш этегин жер бетинен сүйрөп, үркө, удургуй түшүп сызып баратты. Кыйшык терезелерден ышкырып кирген шамалдан жолу үшүп, кызарып кетет. Боёктор салынган ящиктерден таракандар туш-тушка безип жатат.
Левитандын психикалык чыдамдуулугу жок эле. Ал оюндагы иши менен чындыгында көргөн нерсесинин ортосунда бир-бирине ача чыкканын көргөндө не кыларын билбей кетчү. Ал көңүлүндө күн нурун күткөн эле — күндүн көзү көрүнбөй койду; Левитандын жини келип, жаан-чачындуу күндө болчу бозомук көк чаңгыл түстүн ажайып белгилерин алгачкы күндөрү байкабай жүрдү.
Сүрөтчү акыры туталанып кетмей жагын жеңди.
Левитан жаандын кереметин көрүп, өзүнүн «Жамгырдан кийин», «Түбөлүк бейкутта» сыяктуу атактуу «Жамгырлуу сүрөттөрүн» тартты. «Жамгырдан кийин» сүрөтүн төрт саат ичинде тартып бүткөн. Кара булут менен Волга суусунун калай түспөлдөнгөн түсү кошулуп, мээримдүү жумшак жарык төгүп турду. Анын бир эле мүнөт ичинде жок болуп кетиши мүмкүн. Левитан андыктан абдан ашыкты.
Анын сүрөттөрүн жай-баракат байкап кароо абзел. Алар жалтылдап көз жоосун деле алышпайт. Чеховдун аңгемелери сыңары сыпаа так келет, абайлап караган сайын шаардан алыс кыштактардын, тааныш өзөндөр менен айыл жолдорунун мемиреген тынчтыгы көзгө жакшы көрүнүп, көңүлдү сергитет.
«Жамгырдан кийин» сындуу сүрөттө Волга боюндагы чакан шаардын жамгырлуу кечинин кереметтүү көркү келтирилген. Андагы көлчүктөгү суу жылтырайт. Алп булуттар жөө тумандай жылып, Волгадан ары каалгып баратат. Кеме түтүгүнөн чыккан буу суу үстүндө калкып калган, жээктеги баржалар нымдан карарып кеткен.
Жай айынын мына ушундай күүгүм талаш кезинде кургак оозгу үйгө, тактайы жаңы эле жуулган, чырагы күйүк ачык терезесинин сыртында шырпылдап тамчы тамган жана да ээн калган бак-шактын жагымдуу жыты келген жапыз бөлмөгө кирип келсең кандай жакшы. Эскилиги жеткен роялдын үнүн уксаң андан сонун. Анын бошоңдогон кылдары гитарадай угулат. Роялдын жанында жыгач идиштин ичинде фикус турат. Гимназиячы кыз креслодо бутун кайчылаштырып Тургеновду окуп отурат. Кары мышык кулагын кагып ашкана жактан казан-аяк дабышын тыңдап бөлмөлөрдү кыдырып жүрөт.
Көчө тараптан кендир жыты келет. Эртең жармаңке, ошол себеттен Собордун аянтына арабалар туш тараптан келип жатат. Кеме дайра менен ылдыйлап асмандын жарымын каптаган жаандуу кара булутту кубалап барат. Гимназиячы кыз кетип бараткан кемеге караган сайын көзү мунарыктап алаят. Кеме ылдый жактагы театрдуу, китептери бар, шаарга жол тартып баратты.
Шаардын айланасындагы жапырылган буудай талаасы күн да, түн да жаанга чөмүлгөн. “Түбөлүк бейкутта” аттуу сүрөтүндө жаан-чачындуу күн көркү өтө күчтүү берилген, тек өзүнчө поэзия. Бул сүрөт Тверь губерниясындагы Удомли көлүнүн жээгинде отуруп тартылган болчу.
Ыркыраган шамалга майышкан каралжын кайың жана да ошол кайыңдардын арасындагы устундары чирий баштаган чиркөө турган жерден өзөн мейкини, жаан-чачыны көп бүркөөлүү күндөн күңүрт тарткан чабынды, сур булут каптаган асман көрүнөт. Муздак нымды сиңирип алган оор кара булут жерге карай салаңдап турат. Кыйгачтата жааган жаандын пардасы мейкиндикти далдаалайт.
Левитанга чейин сүрөтчүлөрдүн эч кимиси орустун жаан-чачындуу күңүрт күнүндөгү чексиз мейкиндикти дал ушундай муңдуу көрүнүштө бере алган эмес. Анын мына ушундай мемиреген салтанаттуу көрүнүшү өзгөчө бир кудуреттүү сезилет.
Волгага экинчи жолку сапары биринчи барышына караганда жолдуу болду. Левитан бул жолу жалгыз өзү эмес, Кувшинникова деген сүрөтчү аял менен жөнөп кетти. Левитанды жаны калбай жакшы көргөн аял Чеховдун «Учкаяк» аңгемесинде жазылганын көптөрү айтышчу. Левитан өзү да ошондой деп ойлочу. Бул аңгемеси үчүн Левитан Чеховго аябай таарынды. Достук ынтымактыгы бузулду, элдешүүсү да кыйынга турду. Өмүрү өткүчө Левитан бул аңгемеси үчүн Чеховду кечирген жок.
Левитан Кувшинникова менен Рязанга чейин барып, ал жерден кемеге отуруп, Ока менен төмөн Чулково кыштагына чейин келишти. Ал ушу кыштакта калмакчы болду.
Боз тоо кыркасынын ары жагындагы кең талаада күн уясына батып баратты. Балдар батып бараткан күн нуруна боёлгон кызыл көгүчкөндөрдү кубалап жүрүшөт. Көк жашаң жээкте оттор алоолонуп күйөт, саздарда вып[4] күүлдөйт.
Оканын даңкталган нерселеринин бардыгы келип Чулководон кошулчу,— «жайылмалуу, эмен токойлуу, муромдордун кумдуу кең талааларын кесип, жээгиндеги ажайып дүйнөнү сыймыктантып жылтылдаган жай, кубаттуу агып жаткандыгы анын барып турган кооздугу эле».
Жылжып аккан Оканын бул сүйкүмдүүлүгүн Языковдун ыр саптарынан артык эч нерсе келтире сүрөттөй албайт.
Чулково пристанында Левитандын жанына бир көзү соолуп калган бекене чал басып келди. Ал Левитандып чесуча күрмөсүнүн жеңинен бери тартып, куудураган чор манчалары менен материяны укалап көрдү.
- Эмне керек эле сага, абышка? — деп сурады Левитан.
- Ноотубу, — деди чал ыкталып. — Ноотуңду көрөйүн деген элем. Аялдын чачындай шуудурайт ко. Мобуң ким, кудайым кечирсин, аялыңбы? —Чал Кувшинникованы жазгап. Анын көзү окторулуп кетти.
- Аялым,— деди Левитан.
- И — и, ошондой дечи,— чал кыжырлана айтып нары кетти. — Бир шайтандын өзү билээр эмненин кандай экенин, эмнеге жер кесип кудайдын азабын тартып жүрөсүңөр.
Мунун келишинде жакшылыктын жышааны көрүнбөйт. Кийинки күнү эртең менен Левитан менен Кувшинникова экөө дөңсөгө чыгышып, боёк салынган ящиктерин ала башташканда кыштак ичи дүрбөлөңдөп калды. Катындар шүдүңдөп үйдөн-үйгө чуркашты. Чачтарына саман жабышып, белдерин бекем курчанып алган чор таман эркектер кабактарын карыш түйүп дөңсөөгө чогулушту, анан окчунураак отурушуп, сүрөтчүлөргө унчугушпай карай башташты. Балдар мурундарын шыр тартышып, бир-бирин түрткүлөшүп арт жагынан карашып турушту.
Оозунда такыр тиши жок бир катын каптал жагына басып келип Левитанды көпкө карап туруп анан:
- Кудайым, Сусе Христе, сактоочум өзүң сактай көр, эмне кылып атасың, динден чыккыр...— деп чаңырды.
Эркектер бак-бак этишти, Левитан каны ичине тартылып кубарып кетти, бирок өзүн-өзү кармап, тамашага айландырмакчы болуп:
- Караба кемпир,— деди ал,— көзүң чыгып кетет.
- Оо-уу, уятсыз десе,— деди катын кыйкырып, анан чимкирине этеги менен мурдун сүртүп, чор таман эркектерге бет алды. Чулкового каяктан шамал айдап келип, ушу жерден чиркөөгө баш пааналап калган монашка аял тигилерге басып барып таягына сүйөнүп эркектердин алдында калчылдап турат.
- Оңбогондор! — деди ал кыйкырып. — Эмне иштеп жаткандыктарын киши түшүнбөйт. Жараткандын чабынды жеринин көрүнүшүн тартып жатат. Өрт чыгып кетип жүрбөсүн, эркектер бир балээге учурап калып жүрбөйлү.
- Жөнөгүлө! — бир көзү соолуган чал кыйкырды. — Бул жер катын менен отуруп сүрөт тартчу жай эмес! Жөнөгүлө!
Боёкторду жыйнаштырып кетүүгө туура келди.
Ошол күнү Левитан менен Кувшинникова кыштактан кетип тынышты. Экөө пристанга келе жатышканда чогулуп алышкандар баш-аягы жок сөз айтышып чуулдап, алардын арасындагы монашка аял:
- Оңбогон кишилер. Динден четтегендер! Катын жылаңбаш жүрөт деген эмнеси.
Кувшинникова калпак да кийчү эмес, жоолук да сылынчу эмес.
Левитан Ока менен жүрүп отуруп Нижныйга келди да, ал жерден кемеге түшүп Рыбинскиге барды. Ал күнү бою Кувшинникова экөө палубадан чыкпай жээкке көз жиберишет,—этюд тарта турган ыңгайлуу жерди издешти. Бирок андай жер табылбады, кабагы салынган Левитан чарчагандыгын айтты.
Көздүн жоосун алчу көрктүү айылы же тунжураган бурулушу жок жээк акырындап артта кала берди.
Ошентип Левитан Плеске келгенде палубада туруп кызыл карагайдан курулган чакан эски чиркөөнү көрдү. Көгөргөн асмандын кучагында чиркөө каралжын тартып көрүнөт, анын төбөсүндө жанган биринчи жылдыз жаркырап жанып турат.
Мобу көрүнгөн чиркөөдөн, кечи мемиреген тынчтыктан, пристанда сүт сатып жүргөн катындардын шыңкылдаган үнүнөн Левитанга кандайдыр бир жанга жайлуу тынчтык сезиле түштү, ошол замат Плесте калууну чечти.
Ошол күндөн баштап анын өмүрүндө бир жайдарым жаркын учуру башталды.
Чакан шаардын ичи тып-тынч, адамдары көрүнбөйт. Мемиреген тынчтыкты кагылган коңгуроо, уйлардын мөөрөгөнү, а эми түндөсү күзөтчүлөрдүн бакылдаган үндөрү гана бузат. Көчөлөрдөгү дөңсөлөрдө жана чуңкурларда уйгактар гүлдөп, алабаталар өсүп кеткен. Үйлөрдүн терезелеринин алдында кисеядан жасалган пардалардын нары жагында липа гүлдөрү кургатылган.
Күн кургакчыл болуп, жаркырап тийип турду. Орус жайы күзгө жакындаган сайын саргайып бышкан түскө өңдөнүп кетет. Август айларында алма багынын жалбырактары кызгылт тартып, талаалар жалтылдайт, ал эми кечке маал Волга суусунун үстү жагындагы булуттар жошодой кыпкызыл.
Левитандын күйүт дарты өзүнө-өзү жок болуп айыкты. Ал жөнүндө ойлонгондо бети чымырап кетчү. Ар бир өткөн күнү көңүлдү ойготкон күтпөгөн ишке кабылдырат,— бирде көзү кылыр кемпир Левитанды кайырчы экен деп боёк ящигинин үстүнө беш теңге тыштап кетсе, кээде бирин-бири ийинге түрткүлөшүп бизди тарт дешип балдар келишет, анан жабыла каткырып күлүп кайра туш-тушка качып жөнөшөт, болбосо динге ишенген кошуна жаш аял жашырынып келип, өзү көргөн оор күнүн айтып даттана баштайт. Левитан бул аялды Островскийдин “Чагылганындагы” Катерина деп атады. Кувшинникова экөө Катеринаны Плестен көкөйгө тийген үй ичиндегилерден качып кетишине жардамдашмакчы болду. Кантип качып чыгуунун жолу шаар четиндеги кара бактын ичинде кеңешилди. Кувшинникова Катерина менен шыбырашып жатканында, Левитан кара бактын четинде жатып алып, коркунуч туудурар бир нерсе боло калса акырын ышкырып, аялдарга белги берип отурду, акыры Катерина качып кутулду.
Левитан Плеске келгенге чейин орус жаратылышын гана жакшы көрчү, а эми учу-кыйры кенен өлкөдө жашаган элди билчү эмес. Айтмакчы, ал кимдерди билчү эле? Училищанын “Кара шайтан” атыккан орой күзөтчүсүн, ичимдик жайындагы малайларды, мейманкананын мебелдүү бөлмөлөрүндөгү Чулковонун чор таман наадан кишилерин гана билчү. Ал кара санагандыкты, булганычтыкты, бүжүрөп моюн сунгандыкты, өзү еврейди жек көргөндүктөрүн көп жолу көргөн.
Плеске келгенге чейинки өмүрүндө элдин мээримдүүлүгүнө ишене берчү эмес.
Левитан кийин Россиянын жаратылышына гана эмес, анын элине — же жаңы бир оор кырсыктын, же улуу боштондуктун алдында бир нерсени күткөндөй дымып жаткан баарынан кол жууган, таланттуу элине өзүнүн жакын экендигин сезди.
Левитан Волга дайрасына экинчи жолу келгенинде көптөгөн сүрөттөрдү тартты. Чехов анын ушу сүрөттөрү жөнүндө ага: “Сенин тарткан сүрөттөрүңдөн күлө багып жылмая баштаганы көрүнөт»,— деп айткан.
Левитандын “Волгадагы” эмгектери — «Алтын Плесе», «Таза абада», «Кечки шоокум» сыяктуу сүрөттөрүндө алгачкы жолу жарык менен жалтыр нур пайда боло баштады.
Сары жалбырак төшөлгөн токойлуу айдыңы, көгүлтүр көктө катыра ысыгы жок күндүн нуруна жаркыраган, желсиз күндөгү тунук суунун тынчтыгында, жер оодарган канаттуу үнүндөй бир чети толукшуган, бир чети муңайым көрүнгөн мекенибиздин булуң-бурчтары бала чагыбыздан ар кимибиздин эсибизде.
Токтолуп калган курагында ошо көңүлдө уюп калгандар кенедей эле бир себептен — алсак, вагон терезесинен жалт бир көрүнө калып артта калган жаратылыш көрүнүшүнөн,— жүрөгүң алып учуп, өзүбүз да түшүнө бербеген бакыт, кубанычка бөлөнөбүз, ошондой учурда бардыгын — шаарды, күндөлүк көр оокатты, үйрөнүшкөн дос-тааныштарыңды таштап, алыска бир адам барбас жакка, белгисиз көл жээктерине, токой арасындагы жолго баргың келет, мына ушундай жерлерде тоо чокуларынын жаңырыгы сыңары — мейли паравоз дабышыбы, четиндин бутагынан бутагына учуп-конуп жүргөн канаттуунун үндөрүбү — деги эмне болбосун таасын угулат эмеспи.
Өзүң небакка бир кездерде көрүп, көкүрөгүңдөн кетпей калган жерлериңди Левитандын “Волганын» жана «Күз күндөрү» сындуу картиналарынан таап, ошондой сезимге келесиң.
Левитандын өмүрү кызык окуяларга жарды болгон. Ал саякатка көп чыкпаган. Левитан жалаң гана Россиянын орто тилкесин жакшы көргөн. Башка жерлерге саякат жасоону кайран убакытты текке кетирүү деп билчү. Чет элге, бөтөн жерге барган учурун да ошондой деп эсептеген.
Левитан Финляндия, Франция, Швейцарияда жана да Италияда болгон. Финляндиянын гранит таштары, кара көк өзөндөрү, катыра суук асманы менен түнт тарткан деңизи адамды ого бетер зарыктырып жиберет экен. «Мен кайрадан ушунчалык көңүлүм чөгүп зарыгып жүрөм,— деп Левитан Чеховго Финляндиядан кат жазат. — Бул жер жаратылыш дегенден кур алакан».
Ал Швейцарияда Альпыга айраң-таң калды, бирок мындагы тоолордун өзү Левитанга көз уялткан түстөгү боёктор менен аябай шыбалган калың кагаздын макети сыңары көрүндү. Ага Италиянын жаратылышынан киргилт түстөгү булуңдуу болгон, абасы жылт-жулт этип күмүш сыяктанып көрүнгөн Венеция гана көңүлүнө туура келди.
Левитан Парижде Монэнин картиналарын көрдү, бирок анын эч бири эсинде калбаптыр. Анткени менен импрессионисттердин сүрөтүнүн баркын өлөр алдында гана билип, өзү аздыр-көптүр алардан мурда өткөн орус сүрөтчүсү экенин түшүнүп, андан кийин алардын ысмын сүймөнчүлүк менен эсине алды.
Левитан өмүрүнүн кийинки жылдарында көбүнчө Вышний Волочектин жанындагы Удомли көлүнүн жээгинде өткөрдү. Ошо жерде помещик Панафиддердин үй-бүлөсүндө, адам атадан бери боло берчү чалды-куйду ишке кабылып, өзүн-өзү атты, бирок аны өлүмдөн сактап калышты...
Өмүрү өткөн сайын Левитан күздү самай турган болду. Ооба, Левитан бир канча татынакай жаз мезгилинин сүрөттөрүн тартты. Бирок анысынын баары күзгө түспөлдөш жаз айы эле. «Суу киргенде» деген картинасында ташкын суу каптап кеткен кара бак кеч күздөгүдөй тарбайып жылаңач, а турмак алгачкы бүчүр жарарында көгүш сымал түсү да көрүнбөйт. «Эрте жаз» сындуу сүрөтүндө көпшөк кары кетелек жардын орто ченинде көгүш кара өзөн суу акпай туруп калган, жалгыз гана «Март» аттуу картинасында эрип жаткан кардын үстүндөгү жаз айынын тунук асманы, сапсары болуп жаркыраган күн нуру, карагай үйдүн эшигинин алдынан тамган кардын мөлтүр суусу таасын берилген.
Орус акындарынын, жазуучуларынын жана да сүрөтчүлөрүнүн эң назик, жүрөктү козгогон ырлары, китептери, картиналары коңур күзгө арналган. Пушкин, Тютчев жана башка көптөгөн акындар сыяктуу Левитан да күздүн көзгө жылт бир көрүнүп а, бу дегиче өтүп кетер укмуш мезгили - күздү сагыныч менен зарыгып күтө турган.
Күз айы токойлордун, мейкин талаалардын, жаратылыштын кочкул коюу түсүн шыпырып алды, жаан-чачындуу күндөрү менен анын жашыл боёгун жууп кетти. Кара бактын ичи аңылдап калды. Жай айынын жашыл түрү саргыч, кызгылт, бозомук боёгуна өтөт. Жердин түсү гана эмес, абанын өзү да өзгөрүп, баштагыдан тазарып, салкын тартып, а асман жай айындагыга караганда алыстап кеткен сыңары көрүнөт. Адабият менен живопистин залкар чеберлеринин бала кездеги кубулма боёктору, канаттуу сөздөрү токтолгон куракка келгенде так ушундай ажарлана, көркүнө чыгып келмекчи.
Күз айы Левитандып тарткан сүрөттөрүндө эң эле ар кандай берилген. Ал полотного түшүрүлгөн күз күндөрүнүн көптүгүн эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Этюддарын айтпаганда Левитан «Күз жөнүндө» жүзгө жакын картиналарды тартып калтырды.
Бала күндөн тааныш жаан-чачындан карайып кеткен мая-мая чөптөр, ийримде сары жалбыракты тегереткен кичине өзөндөр, жалбырактарын али шамал үзүп кетелек жалгыз-жалгыз кайыңдар, жука музга окшогон көгүлтүр асман, кыркылган токой үстүндөгү үзүк-үзүк жамгырлар ошо сүрөттөрдө тартылган. Бирок бардык ушу пейзаждарда эмне гана көрсөтүлбөсүн баарынан мурда самсаалаган жалбырактын, куурай баштаган чөптүн суук түшөөрдө ызылдаган аарынын жана да жерге болор-болбос жылуусу жеткен кыш алдындагы күндүн көрүнүшү куп берилген.
Жылдан-жылга Левитандын жүрөк оорусу алдыртан күчөй берди, ошо дарт күчөп отуруп алгачкы жолу көтөрүп чапканга чейин аны сүрөтчүнүн өзү да, жакын-санаалаш адамдары да туйган жок.
Левитан дарыланбады. Ал дарыгерге барып көрүнгөндөн чочулады, күнүң бүтүп бараткан экен деген сөздү угамбы деп коркту. Албетте, дарыгерлер жаратылышка көп катышпоого тыюу салар эле, бирок мунун өзү ага өлүм менен барабар болчу.
Левитан жаш чагына караганда азыр ишин көбүрөк дегдеп убайымчыл болуп кетти. Ал токойго көп бара турган болду — каза болор жылдын жай айында ал Звенигороддо жашап турган, ошол жерде анын суканы учуп, көз жашын төгүп жүргөнүнүн үстүнөн чыгышкан. Эч ким — дарыгер да, тынч өмүр да, жакшы көрөр жаратылышы да, жакындап келаткан өлүмгө аралжы боло албастыгын билген.
1899-жылы кыш айларында дарыкерлер Левитанды Ялтага жиберет.
Чехов ошол жылдары Ялтада болчу. Эски достор экөө тең карып-арып бир-биринен жат болуп калышканда кезигишип отурат. Левитан таягына сүйөнүп, энтигип басып, жакында кош айтышаарын кезиккен кишилерине айтып жүрдү. Ажалдан аябай корко турган, анысын эч кимден жашырчу эмес. Жүрөгү тынымсыз ооручу.
Чехов Москваны, түндүктү сагынып кусадар болуп жүрдү. Ошого карабастан Чеховдун өзү айткандай деңиз канча “чоң” болсо да, ал кең дүйнөнү тарытып жибергендей болот. Деңизден жана кышкы тып-тынч Ялтадан башка бу дүйнөдө эчтеке калбагандай сезилет. Тээ эң алыста Харьковдун, Курскинин, Орёлдун ары жагында кар жатат, боз чаңгыл бороон арасынан жакыр кыштактардын шамы жылт-жулт этет, бул беклиндердин кипаристеринен да, деңиз жээгинин жыттуу абасынан да жүрөккө жакын, көзгө сүйкүмдүү көрүнөт. Ушу абадан адам башы көп ооруйт. Бардык токой да, Пехорка, Вертушинка өңдүү ичке суулар, кечки ээн талаада ымырт ай шооласына чөмүлүп, адам такыр эсинен чыгарып таштагандай жалгыз маялар көзгө алда кандай сонун көрүнөт.
Чеховдон оорулуу Левитан бир кичине катуу кагаз сурап алып, жарым саат ичинде ага майлуу боёк менен маялары бар кечке маалкы талаанын көрүнүшүн тартып салды. Чехов бул этюдду жазуу столунун жанындагы очок мештин үстүнө илип койду, иштеп жаткан учурунда кайра-кайра карап коюп отурчу экен.
Кыш айлары Ялтанын күнү ачык, кургак болуп, деңиз тараптан жылуу жел согуп турду. Левитан алгачкы жолу Крымга келген бир күнү эсине түшүп, тоого чыккысы келди. Ал Ай-Петри тоосунун чокусунда туруп аягынын асты жагында булуттуу асманды көргөн ошо учуру эсинен кетпей койгон. Төбөдө чакчыйып күн тийип турат,— ушул жерден караганда ал жерге алда канча жакын көрүнөт экен да, анын саргыч жарыгы тик түшүп, даана кабылданат экен. Булуттуу асман тээ төмөндө терең коолордо дымып, түрмөктөлө карагайларды жашырып, Левитан турган чокуга калкып жакындай берди. Асман төмөнтөн жогору карай көтөрүлүп келатат, коркунуч туудурган, башта угуп-билбеген тоонун жым-жырт тынчтыгы сыңары, бул көрүнүш да Левитанды чочутту. Бул тынчтыкты кээде кулап түшкөн шагыл гана бузат. Тик боордон төмөн карай жылмышкан чополуу сланец куураган тикенекти теңселтет.
Левитандын тоого чыккысы келип, Ай-Петриге бир алып баргыла деп өтүндү эле, бирок анысына эч ким көнгөн жок,— анткени тоонун суюк абасы ага бычактай тиер эле.
Ялтадан жардам болбоду. Левитан Москвага кайра келип, Трехсвятителск туюк көчөсүндөгү үйүнөн эч жакка чыкпады.
Ал 1900-жылы 22-июлда дүйнөдөн кайтты. Бул Москва асманынын эң бийигинен жымыңдап биринчи жылдыз көрүнгөн, күн нуру өчүп дарак жалбырактары саргылт тосоңго чулганган, иңир кирип, көз байлаган маал эле.
Жай айлары ошол жылдары кечигип келген. Июлда сирень жаңы гүлдөй баштап, салмактуу бутактары дүпүйүп, эшиктин алдындагы кичинекей бакчаны бүтүн жаап калган. Левитандын табыты жаткан мастерскаясынын ичинде жалбырактын, сирень менен боёктордун жыты аңкып турду. Боёк жыты, жалбырак жыты орус жаратылышынын убайымын полотного түшүргөн сүрөтчү менен кошо жүрдү. Ошо жаратылыш да, адамдар сыяктуу башка бир кубанычтуу күндөрдү күткөн өңдөнүп кете турган.
Күткөн күндөр Левитан көз жумгандан көп узабай келди, анын шакирттери устаты көрө албай кеткен жаңы өлкөнү,— адамдары башкача болсо, пейзаждары да башкача болот экен да,— алар биздин март күнүбүздү, чалкар мейкиндигибизди, тунук асманыбызды жана да Левитанга бейтааныш кубаныч-салтанат боёгун көрүштү.
Адам өзүн эркин алып, көңүлү кубанычта болсо пейзаж да көзгө сонун көрүнөт эмеспи. Ошол себептенби, Левитан көрбөгөн экен.
Левитан кубанып күлүп жүрөйүн эле деди, бирок ал өзү түгүл картиналарын жылмайтып күлүмсүрөтө да албады.
Ал өтө адил адам болчу, андыктан калың элдин кайгы-муңун көрбөй коё алган жок. Ал эң зор байкуш өлкөнүн булбулу, анын жаратылышынын таңшыган булбулу болуп калды. Ал мобу жаратылышты муңканган элдин көзү менен карады,— анын көркөмдүк кудурети да ушунда, анын купуя табышмактуу сырынын маңызы да ушунда эле.