
7-БӨЛҮК
Жараткан өзүнө тиешелүү онунчу үлүштү кайрып алат
Менин сиздерге бир сунушум бар, келиңиздер, элестетип көрөлү. Сиздерге American Express кредит картымды сиздин атыңызга жаздырып берейин. Сиз ал картты каалаган жериңизде, каалаган керектөөңүз үчүн, мүмкүн болгон жердин баарынан колдонуңуз. Эч кандай чектөө жок, баардыгын алыңыз. Жаңы кийим, мейли, авто-унаа, деги койчу баардыгын. Сиз керек болсо үй да сатып алсаңыз болот, эгерде ал карт менен төлөөгө болсо. Бирок бир гана шарт менен…
Ар ай сайын келип туруучу салык төлөө кагаздарына өз чөнтөгүңүздөн он пайызын төлөп туруу милдети сиздин мойнуңузда. Бул көппү? Ушундай мүмкүнчүлүктү жөн коё бересиздерби? Ал сиздердин эле колуңуздарда турат. Ал жараткандын берген кредит карты.
Он пайыз үлүш бул — жашоонун башталышынын руханий мыйзамы.
Ибадаткана, чиркөө, мечиттерде бир ооздон айтылып келген жаратуучунун колдоосуна берген, ыраазычылык зекетин берүү шарты. Башкача айтканда, жаратканга тиешелүү он пайыз үлүш.
Бул көңүлүңүздөн берилген жардам, садага зекеттен айырмаланган, милдеттүү түрдө кайтарылуучу он пайыз үлүш. Бул он пайыздын негизги аныктамасы адамдын руханий жандүнөсүнүн жаратканга болгон ыраазычылыгы. Башкача айтканда, көпчүлүктүн түшүнгүсү да, ой толгоо жүрүзгүсү да келбеген милдети. Бул түшүнүктү башка тарабынан айтканда, жараткандын сизге берген жүз пайыз жакшылыгынын токсон пайызы өзүңүздө калып, он пайызынын ага кайра кайтарылуусу.
Дагы бир суроо келип чыгат: “Келген баардык ырыскынын он үлүшүбү? Же жетишпеген турмушта да берүү шартпы?” — деген. Албетте, ырыскынын он пайызы. Баардык салыктардан тышкаркы.
Албетте, мен дагы сиздер сыяктуу, өмүрүмдүн биринчи отуз жылы эч кандай он пайыз үлүштү кайтарып бербей катып жүрүп, канча деген каражатты катып сактап калдым десеңиздер… тамаша кылам… Ошондой болсо кана? Жыйынтыксыз болуп жатпайбы…
Мен айына 10 000 доллар иштеп тапчумун, андан соң 15 000, андан кийин 20 000. Ал эми азыр болсо, бир кезде мен үчүн айлык акы болгон сумманы он пайыз үлүшүнө кайтаруудамын. Демек, мага келүүчү ырыскы мен ыраазычылыгымды берген сайын акырындык менен өсүүдө.
Келиңиздер, эми он пайыздык үлүш берип туруу бул — эң чоң жетишкендик жана ийгилик экендигин дагы башкача далилдеп берейин. Ал мындайча: салык төлөбөй койгондугум үчүн менин ишканамды жаап салды. Мен 55 000 доллар карыз болуп, автоо-унаaм да, ишим да жок көчөдө калдым. Досторумдан күнүмдүк жашоо турмушума карыз алып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жашап калдым. Бул жокчулуктун аягы бүдөмүк көрүнбөй калган учур. Төрт долларга бир аптага жетерлик кесме жана быштак алам. Менин азыктануучу тамак-ашым болгону ошол. Аны да соодалашып атып алам. Ушул көрүнүштө бир канча апта күн көрдүм. Буга чейин айтып өткөн Пондердин китебин кимдир бирөө качандыр бир убакта сунуштаган эле. Мына так ошол китеп акыркы жыйырма долларым калганда, алдыман чыгып калды. Сатып алайын десем акыркы акчам, коротсом, андан аркы жашоом түмөн. Тең салмакка салып, китеп колума тийсе, калган акчага сегиз гана күн жашайм, албай койсом жыйырма үч күндүк тамак-ашым даяр. Акыры китепти алууга бел байладым. Ичимден акыры ачкадан өлүүчү күн болсо тезирээги артык деп, тобокелдикке бардым. Эми колума китепти алып ачып окуп чыксам, анда чөнтөгүңдөгү акчанын он үлүш пайызын бер деген кеңешти окуп, нес боло түштүм. Ооба, ошентип акыркы калган сегиз долларым да короп кетти (Ошондогу акыркы акчамдын көз көрүнөө ар тарапка чачылып жатканын, ичимден сызып гана карап туруп бергенимчи!)
Кийинки күнү кайдан-жайдан 75 доллардык чек кагазы электр энергиясы менен камсыздоочу мекемеден келди. Анда жандаган ыраазычылык кагазында менин ар дайым мөөнөтү менен төлөп келген акымдын ашык төлөмү деген кагазы бар экен. Бирок таң калганым, мен эч убакта мөөнөтү менен төлөгөн эмес элем. Ар дайым мөөнөтүнөн өткөрүп, керек болсо өчүрүп, эскертүүлөр келгенде төлөп келдим эле. Андан соң күтүлбөгөн иш сунуштары түштү. Бул кереметтер мен ааламдын милдеттүү мыйзамдарын кабыл алган күндөн тартып башталды.
Туюмум боюнча бул менин жаратканга кайрып берген аз акчамдын кайра кайрылып, жүз эселениши эле. Бул окуяны башкача дагы кандай түшүндүрүп чечмелей алат элем?… Башкача чечмелей албайт элем.
8.БӨЛҮК
Кечиримдүүлүк мыйзамы
Эгерде мен адамдарды кечире албасам, ырыскымды кабыл ала албайт экенмин. Көзүмдү оорукананын палатасынан ачтым. Дарыгер мен жаткан керебетке ийилип, абалымды байкады. Ал мага денеме кирген тапанчанын огун чыгарып алуу чоң кыйынчылык жаратканын, ага карабастан ийгиликтүү алып чыкканын айтып атты. Таң калып, ачуума тийгени — “Сиз наркоз күчүндө экенинде, учурдан пайдаланып сокур ичегиңизди да алып койдук” дегени болду. “Сиз кантип сокур ичегимди алдыңыз, эгерде ок башка капталыма кирип жатса?!” — деп ачууландым. “Эч кам санабаңыз, биз ар дайым оорулардын абалына карап иш-аракеттерин жасайбыз. Кокустан келип калуучу сокур ичеги оорусунан биротоло арылдыңыз” дебеспи.
Эмне деген шумдук?! Жараткандан кыйын билип, текеберчилик менен өз билгенин жасаган адамдар таң калдырат мени. Тобоо, менин макулдугумсуз он эки мүчөмдөн бир кесим бөлгүгүн кесип, алып салганы кандай?.. Мен үчүн чечим чыгарып койгондорун кантип түшүнсө болот?.
Ооруканада кыжырым кайнап, бир канча күн жаттым. Догдурлардын шалаакылыгынын кесепетинен жараатымдын жиби ажырап кетип, ооруканага кайрадан жаттым. Аз убакыт өтпөй, жаратым бүтүп-бүтпөй ылаңдап, кайрадан ооруканага кайрылдым. Тирүү жан чыдагыс оору отургузбай да, турсам сыздап, жанымды көзүмө көрсөттү.
Айлар өтсө да абалым өтө начарлады. Түндөсү беш-алты ирет кара терден ойгонуп, жашоо үчүн дарманым калбай калса да, акыркы күчүн топтогон жаным ооруу менен алпурша берди.
Ооруканага кайра кайра каттап, бар аракетибизди жумшадык. Бул бир өзгөчө ылаң болуп жүрбөсүн деп инфекция бөлүмүнө барып көрдүм. Ал эмес толук баштан аяк текшерүүдөн өтсөм да майнап чыкпады. Күтүлбөгөн жерден мага күмөн ой келди. Дароо дарыгерге кайрылып, мени рентген менен текшерүүсүн өтүндүм. Ички туюмум тапанча огу алынбаганын сезип жатты. Анткени дене боюм кандайдыр бир жат, чоочун нерсени жээрип жатканын байкадым.
“Акчаңызды дайыны жок коротпоңуз, андай болушу мүмкүн эмес. Жексон дарыгерлери канчалык жинди бобосун, бул деңгээлге чейин түшүшпөйт”, — деп жооткотуп койду.
Акыры гастролог бөлүмүнө баш бактым. Ал капталымдагы тырыктын дайнын угаар замат рентген аркылуу текшерди. Жыйырма мүнөттөн соң медайым рентген жыйынтыгын колуна алып кирди. “Сиздин денеңизден тапанча огу табылды? Ал ок арка жагыңыздан киргендиктен — алдындагы жарааттан табылуусу мүмкүн эмес болгон!”
Менин нес болгонумду элестетиңиз. Канчалаган айлар оорудум. Канчалаган акчаларым дарыланууга чачылды. Качан акыркы жолу тынч уктаганым деги бир эсимде жок. Дарыгерлер денемде эч кандай ок калбагандыгын айтып, мени кантип алдап, ушул ишке диттери барды?
Ушунчалык ыза болгонумдан: эмне ойлоп, эмне кыларымды билбей туттугуп турдум. Кол алдымда бул иш колдоруна тийсе оңдурбачудай болгон, ондон ашык жактоочуларым бар эле. Алар бул кылымыштын жазасын берип да, моралдык жактан жабыркагандыгым үчүн миллиондоп кайрып алып беришет эле. Бирок отуруп ойго чөмүлүп, баягы “Өркүндөөнүн динамикалык мыйзамы” аттуу ар дайым кеңешин аябаган китебимди ачтым. Жөн гана колума тийген барагын окуп кирдим.
Көзүмө илинген баракта соттошуу жөнүндө баяндалган экен. Адамдар ар дайым кандай жагдай болбосун кечиримдүү болушу керек. Ыза, кек, жаман көрүү сезимдери жандүйнөнү негативдүү энергия менен толтуруп, ийгилик, ырыскы, ден соолук, жакшылыктар жолун бууп салат. Мына ушул саптарды окудум. Ачууга алдырып жатканым менен аң-сезимимде бул ойго кошулуп жаттым. Жарым саат ойлонуп, мага жасаган дарыгерлердин мамилесинен жакшылыктарын издеп жаттым. Алар окту денемде калтырып, соо турган сокур ичегимди кесип салса да, менин кансыраган абалымдан сактап калды. Мен дүкөндү тоноп жаткан каракчылардын колунан окко учурадым. Ооруканага жеткиче биртоп кансырап, эс учум, ал эмес жүрөгүм сокпой калган абалымдан аман алып калышты. Алар колдорунан келген аракеттерин жасашты. Ичимден аларды кечирип жаттым. Ал эмес өз динимдин сыйынуу китебин окуп, ойлорумду тазаладым, жараткан алдында сыйындым. Ошол түнү тынч уктадым. Эртеси окту денемден алып чыгышты. Акырындык менен баягы оорулардын изи да калган жок. Мени жеген өч алуу, кектенүү, кыжырлануу сезиминен толугу менен арылганымдан соң, куландан соо айыгып кеттим.
Бул акылга сыйбас, түшүндүрө алгыc мыйзам, боштук мыйзамына байланышып, ичтеги баардык негативдүү сезимдерден арылуубузду сунуштайт. Баарынан да: ар бир адамдын өзүнө болгон таарынычы көп. Көпчүлүк адамдар качандыр бир убакта, бир жерден кетирген катачылыгын, жаңылыш ишин кечире албай келишет. Башкалардан мурун өзүн кечирүүнү үйрөнүүсү керек.
Ал эмес менин кетирген күнөөм үчүн жаратуучубуз мени кечирип, ырыскысын ар дайым төгүүнү унутпаса, башкаларды, өзүмдү кечирбей койгондой киммин? Жүргүзгөн тажрыйбалык иштеримде көпчүлүк учурда өзүн өзүн кечире албай жүргөндөргө жолугам. Ооба, качандыр бир убакта жасаган жаңылыш иши үчүн, көбүн эсе өзүн өзү жектегендер кездешет. Адам чөйрөсүн, ал эмес жандүйнөсүн ар дайым боштукта, тазалыкта кармоо керек. Мына ошондо ийгилик да, өркүндөө да аяк алдыңа керилип, ак жолго багыттайт. Бул мыйзамдын акырында сиздерге берүүчү үч кеңешим бар.
1) Учурда кимдер менен жаман мамиледе болсоңуз, аларды кечириңиз.
2) Буга чейин кимде кимди таарынтып, көңүлүн калтырган болсоңуз, баардыгынан өз алдыңызча, чын дилиңизден кечирим сураңыз.
3) Өзүңүзгө болгон таарыныч, өкүнүчтөн тазаланып, өзүңүздү кечириңиз.
Баардык үч кеңешимди чын дилиңизден аткарган болсоңуз, алдыңызда болуп көрбөгөндөй ийгиликтер сиздерге кучагын жайып тосууда.
Орусчадан оодарган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы