
Агезде мен Күн менен кошо туруп, Күн менен кошо жатчумун…
Күндүн мурду көрүнөр замат, өзүмдү аманат катары табыштап жатып:
– Оо, Улуу Күн! Бүгүнкү күнүм кандай өтөт, өзүңө гана маалым. А мен болсо, ишке жөнөдүм. Кечке чейин мени эсен-соо сактап, Түнгө тапшыр. А Түн экөөбүз эзелтен сырдашпыз. Мени кечиргей экенсиң. Оокат деп жүрүп, сени менен сырдашканга эч убакыт табылбайт. Аман болсок, далай ирет сырдашарбыз!? – деп өзүмдү түндө жаткан деңиз жээгине калтырып коюп, жумушка ашыгам…
* * *
Анан керелден-кечке иш деп атып убакыттын кандай учканын аңдабай калчумун. Качан гана Күн уясына батып баратканын көрө калып:
– Өзүмдү деңиз жээгине эле калтырып келбедим беле? Ата Журтунан алыс жүргөн неме, эмне кылып атты болду экен? – деп санааркап, ар күнү түнөчү жээктен өзүмдү издеп жөнөчүмүн.
* * *
– Башкалар өзүлөрүн издешет болду бекен? – деп өзүмө өзүм суроо салчумун. Менимче, бул жаман өнөр эмес болуу керек?! Өзүңдү издегениң өмүрдүн натыйжасын издегенге тете эмеспи…
* * *
Мен ошондо өзүмдү иңир киргенде эле издеп, катуу жаңылыпмын. Издегенге убакытты аябай аз бөлчүмүн. Көрсө, адам өмүр бою ар бир баскан кадамынан өзүнүн калган издерин изилдешке, ар күнү өзүн жоготуп ийбей издеп табышка милдеттүү экенин жылдар өтүп, кеч түшүнүп жатканыма өкүнөм…
* * *
Жашоодо адамдар экиге бөлүнөт. Изденгендер, анан изденгенден эрингендер. Айрымдары изденип олтургандан эринишип, изденип жүргөндөрдү аңтарганды жакшы көрүшөт. Эң оор күнөөлөрдүн бири деп эсептейм. Кудум уурулук сыяктуу. Кимдир бирөөнүн жандүйнөсүнө кол салып, оюн уурдагандан Кудай өзү сактасын!
* * *
Турмуш мага эчен курдай:
– Изденсең, жүрүп олтуруп өзүңдү табасың! – деген.
Ошондон бери карай өзүмдү кеч күүгүмдө гана эмес, күндүзү да, түнү да издеп олтуруп, изденип жаңы тапкандагым.
Кай бирде таап алып төбөм көккө жете кубансам, кай бирде турган эле жерден өзүмдү жоготуп ийе жаздап, күйбөгөн жерим күл болгон учурлар көп болду…