
* * *
Турмушту ыйлап атып каткырып, каткырып атып ыйлап ийгендей абалда кабыл алыш керек…
* * *
Жашоодо: “Бактылуумун” дегендер да, “бактысызмын” дегендер да өзүлөрүн алдап жашагандар…
* * *
– Кудайды карасаң боло! – деп, коркуткандардын өзүлөрү – Кудайды карабай туруп айтышканын көрүп алып, үрөйүм учту.
* * *
“Бүгүн 31-декабрь. Жаңы Жыл. Бардык балдар жана кыздар көчөгө майрамдашканы кетишкен. Бөлмөдө жалгыз мен эле калгам!” – деген жазууну жатакананын бир бөлмөсүндөгү дубалдан окуп алып ким жазса да, демек, бул адам шапар тепкени кетишкен бардык курбуларынан алдаганча өйдө тураарын, адамдар 365 күндүн кай бирлерин кызыл кылып боеп алышып өзүлөрүн жаш балача алдап жатышканын, тирүүлүктүн ар бир мүнөтү адам баласы үчүн майрам сезилишин сезген акылы сергек неме жазыптыр деп урматтап калдым.
* * *
Үйдө жатканда, көчөдө баратканда, жумушта олтурганда, алтургай, кимдир бирөө менен чер жазыша аңгемелешип жатып көңүлүм куунак олтурган маалда да, жан адамга билгизбей ичтен ыйлаганга жана ырдаганга үйрөнгөм.
* * *
Ким көп ырдап, шатыра-шатман жүрсө, демек, ал адам дайым ыйлап жүрөт деп кабыл алам. Ал эми көп ыйлагандар – кубаныч деген Улуу майрамга жетишке аз калгандар деп түшүнөм.
* * *
Атагы алыска угулган жеке ишкерлердин бири менен маектешип олтурсам:
– Мен эч нерседен корпойм! – деди сөз арасында.
– Коюңузчу!? Кантип эч нерседен коркпойсуз? Сизде коркуу сезими жашабайбы? – деп аң-таң болдум.
– Ооба… Менде коркуу деген сезим жок. Мына ушул жашка келгичекти эч нерседен коркуп көргөн эмесмин. Баарынын таш-талканын чыгара алам, – деп эрдемсиди. Анын спорт тармагында да бир топ аброй топтогон билеги жоон неме экенин билчүмүн. Жеке ишкерлигин сакташтын айла-амалдарын издеп убайым жээрин, бийлик менен байлыкка кулдук уруп жүргөнүнө караганда, демек, бардык нерседен корккон суу жүрөк экен деп түшүндүм.
* * *
Өлүмдөн коркпогон баатырлардын катарына үстүндө үйү жок, үйрүп алаар кийими да жок селсаяктарды да кошууга болот. Анткени, алардын жогото турган эч нерсеси жок.
* * *
Ырга ышкылуу бир адам:
– Мен бул кызды унуталбай аябай жүдөдүм. Сүйүп калдым… – деди, өңү-түсү көпчүлүктү өзүнө имере ала турган бир бийкечтин сүрөтүн мага сунуп.
– Ооба, сүйүп кала тургандай эле бар экен, – дедим. “Анан ал кишинин жашы элүүдөн эңкейип баратканын, “оболу, мен ал кыздын сүйүүсүнө татыктуумунбу?” – деген өңдүү суроолорду өзүңүзгө узатып көрсөңүз кантет?” – деп айтууга камынып баратып, кайра анын улуулугун урматтагандыктан, оюм айтылбаган бойдон кала берди. Чөгүп турган көңүлүн огобетер жабыркатып албайын дедим. Ал адам турмушунда беш ирет үйлөнүп, бешөөнөн тең жолу болбой жалгыз күн кечирип жаткан чагы эле.
Арадан апта өткөрбөй зарыл жумуштар менен барып калсам:
– Мен бул кызсыз таптакыр жашай албайм. Ишенесиңби иничек, сүйүп калдым, – деди, мага чөнтөгүнөн сүрөт алып чыгып жатып. «Ооба, өткөндө эле айтпадыңыз беле?! Көргөм, ал кыздын сүрөтүн, сулуу кыз болчу» – деп айтайын дегичекти болбой, колума кайрадан жалгыз сүрөттү кармата салды. Көрүп алып, чочуй түштүм. Сүрөттө өткөндөгүдөн бөлөк, жамалы жанган бир бийкеч бизди жылмая тиктеп туруптур…
* * *
“Ата Журт үчүн өлүмгө да даярмын!” – деп төшүн койгулаган адамдарга караганда, кериле кетмен чапкан бир дыйкандын Ата Журтуна кошкон салымы – опол тоодой.
* * *
Кыязы, биз бир нерсени жакшы түшүнө албай убара болуп аткандайбыз. Жаш төкмөйүн – жашоо уланбай тургандыгын…
* * *
“Өлүмдөн коркпош керек!” – деп айткан менен тирүүлүктө өлүмдөн өткөн сүрдүү нерсе жок…
* * *
– Ата! Асманда канча Кудай бар? – деп суроо узатты алты жашар уулум.
– Билбейм! Санап көрбөпмүн го?! – дедим башка жооп табалбай. Жер үстүндө адамдар тутунган диндерине, ырым-жырымдарына карата Жаратканды да майдалап, бөлүп-жарып алышканы туурасында ойго чөмүлдүм.
– Ата! Кудай асманда олтурабы? – деди, уулум Көктү тиктей.
– Ооба, – дедим жооп кайтара.
– Ал эмне, кечке чарчабай асманда эле олтура береби? Качан жерге түшөт? – деди, кайрадан мени жарга такай. Кудай жөнүндө күнүгө эле ойлоно бербеген пендечилик сапаттарыма ардана түштүм да, анан чындап эле Кудай качан жерге түшөт деген суроонун айланасында ой жоруп көрүп, коркуп кеттим. Чындап жерге түшсө, анда кандай алаамат болуп кетээрин, буга дейре жасаган жана жасала турган тоодой күнөөлөрүбүздү көрүп күбө болгон Кудай кантип гана түтөт болду экен деп жүрөгүм туйлап кетти. Анан, ыпылас турмуштун казанына кайнай элек уулумдун жооп күтүп элейе тиктеген туптунук көздөрүнө тик багып карай албай, каректерим жерге кадалды:
– Билбейм, балам… Балким, биз Кудай жерге түшүп келген учурларын байкабай калып, каарына калып атсак керек?! – дегенден башка сөз айталбадым.
* * *
Бала кезден чогуу өскөн бир досум турмуш курганга чейин Кудайды издеп, аябай азап тартты. Алгач ата-энесинин айткан насааттары менен болуп, кийин кандайдыр бир себеп менен христиан дининдеги агымдардын бирине баш ийип, Иса пайгамбарга таазим этип кетти. Ал жактан да Кудайды табалбай азап чектиби, айтор, акыры жүрүп олтуруп ислам динине баш буруп, беш маал намазын үзбөй окуганга үйрөндү.
Бирок аны менен өткөн жылкы болгон жолугушуу, мен үчүн аябай кызык жагдайды жаратты. Алдында турган шарапты бир дем менен көңтөрүп ийди да, менин кандай суроо берээримди алдын ала баамдай коюп:
– Кээде анча-мынча шараптан ууртап койсо, Кудай деле кечирет, – деди.
– Кечке эле кечире береби?! – дедим элейе тиктеп…
* * *
Кеч күүгүм… Иштен кайтып келатам. Сыягы, Батыштан келген диний агартуучулардын бири го, жолумду торой өзүлөрүнүн диний ишеними гана башкалардыкынан алда канча улук экенин айтып, бир нече убакыт Кудай жөнүндө маалымат берип:
– Азыртан ойлон, кийин кеч болуп калат. Кудайды издеп көрчү, – деди.
– Кудай көкүрөктө жүрсө, көчөдөн издеп не кылам, – деп атып араң кутулдум.
* * *
– Досум! Мага жардам кылып, аялдамага дейре жеткирип, анан автобустун номурун айтып коесузбу!? – деди, жашы мен курдуу азиз жигит колундагы таягын ташка койгулай. Колунан жетелеп аялдамага алпардым. Аз убакыт ичинде аңгемелешкенге үлгүрдүк:
– Ээ, досум! Мага таң калып жатат окшойсуң!? – деди. Чынында ичимден аны аяп, айланадагы көз жоосун алган кооздукка биз сыяктуу эч качан суктана албасын ойлой, өкүнүп жаткам.
– Ооба… Аяп жатам сизди, – дедим.
– Эмнеге? – деди.
– Албетте, өкүнүчтүү. Азыр көчөдө жаз. Жазга кошулуп көчөдөгү кыздарды көргөн эркектердин бардыгы мас, – дедим.
– Ха-ха-ха! – менин сөзүм ага жакты окшойт!? Чын дити менен каткырып алды.
– Андай эмес! – деди, күлкүсү токтогон соң – Силер айлананын бардыгын башкача кабылдайсыңар. Көзүңөр тойбойт силердин, – деди, олуттуу тарта түшүп.
– Чын эле!? Бул жагынан алганда силерге баа берсе болот экен, – дедим, анын оюна толук кошулуп, айланага, көр дүйнөгө, көчөдө аркы-терки өтүшкөн чырайлуу кыздардын жүздөрүнө тойбогон көздөрүмдү ачып-жумуп, ачып-жумуп…
* * *
Бизге кошуна жашаган бир адам бар эле. Жашы элүүгө жетпей оорунун айынан аркы дүйнөгө кете берди. Башкалардан айырмаланып ал кошунам дудук эле. Көчөбүздүн чаңын кечип, бир үйдөн бир үйгө учуп кирип, учуп чыккан ушак сөздөрдүн бирин да укпай, эч ким менен жаман айтып жаакташпай, көкүрөгүн тунук сактап, жаны Көккө учуп кетти…
* * *
Өзү эзели оор жумуш жасап көрбөгөн аткаминер бир адам карала-торала болуп иштеп жаткан жумушчуларга карап акыл үйрөтүп жатты:
– Ок, кокуй, оо-й! Күрөктүн сабын бекем кармабайсыңбы! Ошентип да кармайт бекен? – деди, салаңдаган курсагын тырмап. Дагы биртике туруп:
– Атаны катыгүн, ээ-й! Бу силер мурда иштеп көргөнсүңөрбү өзү?! – деди кышылдап араң дем ала. Кара жумуш менен алектенген эки карапайым адам эриндерин тиштене араң карманышып жатты. Акыл үйрөткөн аткаминер ары узаган соң:
– Бизге акыл үйрөткөндөн көрө, курсагын дурустап көтөрүп жүрсө болот эле! – деди, бири кыжына.
* * *
– Сегиз жолу үйлөндүм. Эми дагы ажырашканы жатам,– дейт, жаңы таанышкан бир адам.
– Анчалык эмне болду? – дедим, таңыркап.
– Ой, башында көзүмө өөн учурачу ушул адат. Анан эки-үч жолу ажырашкан соң кадимкидей көнө түшөт экенсиң.
– Ар бир жолу ажырашып атып, байкуш аялдардын убалына калып атам деп кейибейсизби?
– Алар менин убалыма калып атышат!
* * *
– Суранам… Мага: “Сүйүү деген эмне?” – деп, суроо бербесеңиз!?
– Эмнеге?
– Качан: “Сүйүүгө тойдум!” – дегенде гана жооп берчү маселе бул.
* * *
– Таанышып алыңыз! Бул менин ойношум, – деди, бир таанышым чырайлуу кызды тааныштырып жатып.
– Ойнош дебеңизчи, көңүлдөш деп айтсаңыз, кулакка жагымдуу угулат! – деди, көңүлдөшү жадырай.
* * *
– Каралдым, мага сенин шыңк эткен күлкүң, оймоктой оозуң, анан карагаттай көздөрүң жагат!
– А мага сенин, м-мм?
– Эмнем жагат?
– Айткандан уялып жатам…
* * *
Колунан көөрү төгүлгөн жыгач устанын үйүнөн чыгып бараттым.
– Кое тур, узатып коеюн, – деп дарбазасына жетип, каалгасын ачалбай кыйлага убара болду. Бир маалда эскилиги жетип какжырап турган дарбаза талп этип жерге кулап түштү:
– Өтүксүз өтүкчү деген ушу… – деди, күлкүсүн кайда катаарын билбей.
* * *
– Кыйратам! – деп атып, кыйрап калыптыр…
* * *
Казактын ээн талаасын аралап автобус толо жүргүнчүлөр бараттык. Алдыңкы катардан орун алган кызымтал жигит жанындагы бейтааныш кызга таанышуунун айласын табалбай азап чегип жатты. Уктамыш болгон жигит кыздын ийинине башын жөлөөр замат кыз чок баскандай ордунан чоочуп турду.
– Эмне болуп кетти? – деди, жигит анткорлоно.
– Жөлөнбөй эле олтуруңузчу!? – деди, кыз өтүнүп.
– Кыргызчылыгыңыз барбы? – деди, жигит ажыкыздана.
– Жок! – деди кыз.
– Эч тартынба! Ачык айт… Кыргызчылыгыңыз болсо, азыр казактын талаасында бара жатабыз. Анча-мынча казакчылык кыла коебу, – деди, жигит жадырай.
* * *
Акчасы ашып-ташкан жеке ишкерге жардам сурап кайрылган жарды адам маанайы чөгүп:
– Тишиңдин кирин соруп кал! – деп, каалгасын карс жаап чыгып кетти.
* * *
– Буйрубасын… Менде кайдагы акча? – деп, какшанып атып, каткан акчасынын бардыгы буйрубай калыптыр дейт…
* * *
Анда мен өлөм! – деп, коркутканды өнөр көргөн уулунун сөзүнө тойгон ата-эне:
– Каралдым… Биз билгенден сен эки жүз жолу өлүп тирилдиң. Эми сен түбөлүк өлбөс адамга айландың, – дептир.
* * *
– Аялды бекем кармаш керек! – деп, сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү, аялына бекем кармалып жүргөнүн көп көрдүм.
* * *
Карт бойдок өз арманын айтып жатты:
– Ылайыктуу кыз издеп жүрүп, жашымдан да, чачымдан да айрылдым…
* * *
– Чачы узун кызга үйлөнөм деп атып, акылы кыскага туш болдум, – дейт…
* * *
– Мен сени эч качан кор кылбайм! – деп, жүрүп өзү кордоп бүттү.
* * *
Ичкенин, кусканын, анан канча кыздын шоруна калганын мактанган эркектер көбөйүп барат…
* * *
Ийменгенди билбегендер – ийилгендерди тепселеп кетүүдө…
* * *
Акчасы көп бир адам:
– Менин акчам көп. Кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жарды-жалчыларга анда-санда жардам берип коем. Кийин тигил дүйнөгө барганда Кудай менден:
– Кана, кандай соопчулук иштерди жасадың? — деп сураганында, ушуларды санап берем го… – дейт, өзүнө өзү канааттана…