КАДЫРОВ Ысмайыл: Ыза

Аңгеме 

Бул жолу да чырды аялы баштады.

– Эй, ашкеби! Элдин эркектерин карачы!? Айда алтын, күндө күмүш табышат. Салган үйлөрүн, минген машинелерин карачы да, сен экөөбүздүн жашообузду карачы. Өкмөт берген чучуктай үйдө…Арабадай кылдыраган автобуста көрүнгөндүн колоңсосун жыттап… Аял чындап эле жашып кетти.

– Дүнүйө колдун кири эмеспи! – деди күйөөсү күңкүлдөп.

 

– Колдун кири деп отура бер ырыскактыланып, күндөп­түндөп кагазыңды тиктеп. Деги сага кайсы кара теке сүзгөн күнү жолуктум экен. Же бир элчилеп эки жакка бара албасак же бир бапыратып акча кармабасак. Өңгөнү кой балдарыңдын бут кийимин карачы, алардыкынан кайырчыныкы артык…

– Мунуку да туура, – деп ойлоду, бирок бирдеме деп чырды ырбаткысы келбеди.

– Кетем! – деди аялы.

– … – Күйөөсү үн катпады.

– Ушул жашоодон көрө иттин жашоосу артык! Аялы долуланып ыйлап кирди.

– … – Күйөөсү дагы эле үн­сөзү жок салбырап отурду.

Андан үн чыкпагандан кийин аял буркан­шаркан түшүп, балдарын уруп­согуп кийинте баштады. Кийимдерин будалап­судалап баштыкка салып кирди. Орноткон эстеликтей солдоюп отурган күйөөсү, аялы чындап эле кетээрине көзү жеттиби, ордунан ыргып турду.

– Эч кайда кетпейсиң! Балдарды кыйнаба! Мен кетем! – деди өкүм. Балдарынын бетинен өөп, шарт  чыгып кетти.

Баятадан мөрөйү үстөм болуп аткан аялдын, оозу аңырдай ачылды. Күйөөсүнүн мындай чечкиндүүлүгүн илгери­кийин көрбөгөн аялы далдырап отуруп калды. Жардылыгы болбосо жан адамга жамандыгы жок, жибектей чоюлган күйөөсү үч күндөн кийин өз короосундагы эле кепеде созолонуп асылып турган жеринен табылаары үч уктаса түшүнө да кирген эмес.

А Н Т

Баласы экөө базарга барган. Үйгө кирери менен эле, мынча эмне жоголдуңар? – деди апасы.

– Атама бир эже жолугуп, сүйлөшүп туруп калышты, – деди бала.

– Ал кайсы катының эле? Мунун баскан­турган жеринин баары эле аял! – деп апасы эрине мурду менен бир тийди.

– Тигил… чогуу иштеген келинге жолугуп калдык!

– Ал кандай келин экен, сени базардан күтүп жүргөн!?

Бала андан ары уккусу келбеди. Кулагын басып бөлмөсүнө кирип кетти. Апасы долуланып ыйлап атты. Атасы анда­санда күңк­мыңк дегени болбосо күнөөлүүдөй шылкыйып отурду.

Бала өзүнчө букулдап ыйлап, экинчи көргөнүн айтпаска ант берип жатты.

Ысмайыл КАДЫРОВ