
АҢГЕМЕ
Ун алганы баргам. Базарга жетээрим менен эле көздөрүнө чейин ун болгон кызкелиндер, шуулдаган жигиттер тегеректеп калышты.
– Ун алыңыз. Тегирмендики. Арзан.
– Меникин алыңыз. Комбинаттын уну. Аппак.
Чымчып көрсөтүп атышып, заматта агала кылып жиберишти.
– Мүшөгүңөр канча килден?
– Кырк беш.
– Элүү. Меники так байке!?
Тике карадым. Алдамчы көздөр. Айтыла берип башкага бурулбай калган сөздөр.
– Албайм!
Албасаң базардын балакетин алганы келдиңби дегенсип, шаабайлары сууй мени жек көрө тиктешти да, жаңы келген адамды туз сураган койлордой жабалактап калышты. Күбүндүм да, тигилерчилеп көрүнгөндү жакалабай четте турган жигитке басып келдим.
– Сеники канча кил чыгат?
– Ачык айтсам 42 килден кемибейт байке.
– Момураган бейкүнөө көз мени тике карады. Көз чындыгын айтты. Чындыкты айткан көз жалтайлабай тике карайт. Чындык бар жерде арамдык болбойт. Айткан акчасын төлөп бердим.
– Нарп берсин! – деди жигит.
– Береке тап! – дедим мен.
О, кагылайын турмуш. Ушул момураган бейкүнөө көздү да бир күнү эле тигилердикиндей кытмыр көзгө айлантат эмессиңби!? Аны өзү да билбей калат ко!
Унду сүйрөп, ушуну ойлонуп бараттым.
Ысмайыл КАДЫРОВ