КАДЫРОВ Ысмайыл: Кара мышык

АҢГЕМЕ

Кимдир бирөөнүн мышыгы тууганда “мынча мышыкты эмне кылам?” – деп ар кайсы короого бирден ыргытканбы же балдар уурдап чыгып оюндары канганда таштаганбы, айтор жазга маал короодо жаңы гана көз ачкан кичинекей кара мый пайда болду. Мый бул үйдөгүлөргө жагып калды. Ушул үйдө чоңоё баштады. Бул үйдө чал менен кемпир жашоочу. Мый экөөнү тең жакшы көрүүчү. Кемпир анын курсагын бөксөртчү эмес, чал жонунан сылап мештин түбүндө отурчу. Мый үчүн жашоо ушундай гана өтө берүүчүдөй сезилчү. Убакыт зыпылдап өтүп жатты. Мыйдын куйругу менен ойногон балалыгы калып, капкара мышык болду.

 

Бир күнү адаттагы турмуш өз нугунан бузулуп, чал төшөккө жатып калды. Кирип­чыккан эл көбөйдү. Бир жума өтпөй үйдөн чуу чыкты. Сыртка боз үй тигип, чалды анын капшытына  жаткырышты. Опур­топур, ый­өкүрүк, ызы­чуудан мышыктын башы айланды. Кечинде киши азайган кезде мышык жыла басып, чалга жакындады.  Жонунан сылап,  эркелеткенин сагынган эле. Кара жоолук салынып, тескери карап отурган аялдардын бирөө көрө коюп, тапичкеси менен бир чаап, мышыкты кубалап чыкты. Эми ал үйгө жолобой короодо гана жүрдү. Эртеси түш оой чалды көтөрүп чыгышты да, үй жанына бир аз коюп, эл тегеректеп сүйлөп, айрымдары ыйлап басылышкан соң  кайдадыр алып кетишти. Коргондун кырында эч нерсеге түшүнбөй карап отурган мышыктын ичи ачышып, мыёлоп жиберди, бирок кайра келээр деген үмүттө кала берди.

Чал кайрылып келбеди. Жыл маалына чейин кемпир эртең менен кечинде ары карап заңкылдап ыйлачу болду. Мышык ага адегенде таң калып жүрсө, кийинчерээк кадимкидей көнүп кетти. Бирок үйдө бир бала пайда болду. Анын кылыгы мышыкка такыр жакчу эмес. Ал чалдын кызынын баласы эле. Бала мышыкты мыжыгып, көккө ыргытып жиберип, жерге  төрт аягы менен  түшкөнүнө маашырлана берүүчү. Анын эти ооруп, жүдөгөнү менен иши да болчу эмес. Мышыктын тили болсо “кайсы жазыгыма ушунча кыйнайсың?” демек. Көбүнчө мышык балага көрүнбөскө аракеттенчү. Бир күнү машине келип, үйдөгү жүктү ага сала башташты. Кемпир кызыныкына биротоло кетип жаткан эле. Мышык эмне кылар айласын таппай, мыёлоп босогодо турду. Кемпир бир убакта бутуна сөйкөнгөн мышыкты колуна алып, жонунан сылап турду да, машинеге ыргытып койду. Машине ордунан козголуп, кыйла баргандан кийин бирөө мышыкты көрө койду.

– Бул кайдагы мышык? – деди ал бакылдап, – машинеге мышык салбайт. Анын үстүнө бул кара мышык турбайбы. Жолубуз болбойт. Ушунчасында ыргытып салыш керек!

– Ал биздин мышык.  Бир ырымчылдын сөзүн адатка айландырып… Жазыгы кара болуп калганыбы?.. Ыраматылык абышкам жакшы көрчү эле. Эч кимге зыяны деле жок, – деди кемпир.

– Мышыкты жакшы көргөндө ал бала болуп бермек беле, ыргыткыла! – деди экинчи киши.

Биринчиси мышыкты кармады да туйлаганына болбой көздөрүн будамайлай басып, буттарын тырыштыра ныгырды. Кыйла баргандан кийин  машинеден ыргытты да, кете беришти.

Жол четиндеги аңгекке төрт аягынан түшкөн мышык жүнүн үрпөйтүп эки жакты карады. Көзүнө тумандап эч нерсе көрүнбөдү. Жарыкка көзү үйралганда  машине  караансыз узап кеткен  эле. Ээн талаада мыёлоп мышыкча ыйлады. Ыйлоодон пайда жоктугун жүрөгү менен сезип, бет алды жол жээктеп жөнөдү. Курсагы ачып, шайы кетти. Жолдон сууга жолукту. Бир аз суу ичти. Мурдуна  тааныш  жыт келди.  Көпүрөнүн  кулагында  комдонуп кыйла жатты.  Бир убакта бир  чычкан чыгып ийин каза баштады.  Эки көзү андан өтүп,  боортоктой  жылып  жөнөдү.  Жакындаганда         бир секириш менен бырпырата баса калып, тытмалап жегенден кийин курсагы бир аз бөрсөйгөнсүдү. Шашпай жаланып, бетин жууду да сапарын улантты.

Бир убакта кайдан­жайдандыр сары дөбөт чыга калды жолдун ары жээгинен. Мышыктын жүрөгү оозуна кептелди. Дөбөт ырылдап мышыкка атырылды. Мышык качып жөнөдү. Дөбөт куйрук улаш келатты. Айдай талаада бир да бак жолукпады чыга качканга. Бир кезде анын багына кууш көпүрө көрүндү. Мышык ага кире качып кутулду. Көпүрөдөн караңгы киргенде чыкты. Эки жагын байкап, иттин жоктугуна ишенген соң, теребелге көз чаптырды. Жымыңдаган жылдыздарды карап, мышыктык сезими менен айылы чукул жерде экенин боолголоду. Кубанычтан курсагынын ачканына карабай чуркап жөнөдү. Түн ортосунда  айылга жетип,  өнүп­өскөн үйүн таап алды. Эртеси бул үйгө жаш жубайлар келишти. Мышык буттарына чалынып аларга эркеледи. Чал менен кемпирдин мээримин сагынып куса болуп турган.

– Алдыбыздан кара мышык чыкты, жолубуз болбойт  го?! – деди келин.

– Койгулачы ырымчылыкты! Бул ушул үйдүн мышыгы. Күндө эле астыман чыгат. Эч деле запкы көрө элекмин, – деди алар менен кошо кирген мышыкка тааныш кошуна. Алардын мышыктын кечээки “саякаты” жөнүндө кабарлары жок эле. Эгер тили болсо күнчүлүк жерден үйүн кантип таап келгенин өзү гана сыймыктана айтып бермек. Мышык алар менен кошо үйгө кирди. Ошентип, алар ошол үйдө туруп калышты. Кечинде мышыкты сыртка чыгарып жиберишти да, ошол боюнча киргизишкен жок. Эшик алдында мыёлоп туруп тажаганда чатырга чыгып жатты. Мышык кез­кезде гана үйгө кирип, көбүнчө короодо жүрчү болду. Ээн баштанып үйгө кирсе, келин башка­көзгө койгулап сыртка кубалачу. Чычкан көбөйүп кеткенде гана жатаарда киргизип, таңга маал чыгарып жиберишчү. Келиндин күйөөсү кээде “киргизип коёлучу байкушту!?”- деп калчу. Анда келин “мышык – үйдө бала болбосо, чал менен гана кемпир болуп, жонуман сылап эркелетип отурса деп тилесе, күчүк-үйдө кичинекей бала болуп, колундагысын талашып жеп турсам, – деп тилейт экен” дечү, бирөөдөн укканын бетине кармап.

Бир күнү мышык байкоосуздан үйдө калды. Киши жоктугунан пайдаланып чарадагы сүттөн ичти. Өмүрүндө биринчи жолу уурулук жасашы эле. Курсагы ачпаса ага деле барбайт болучу. Эшик­терезе бек болгондуктан сыртка чыга албады. Айласыздан керебеттин астын булгап койду. Көрүнөө жерге жаткандан коркуп, чала жабылган мештин оозунан кирип, төрүнө өттү да сүткө тойгон неме ныксырап уйкуга кирди. Келин кечинде келип чарадагы сүттү көрдү. Каңырсыган жытты сезип, аны керебеттин астынан тапты. Акыры мышыктын кылыгы экенин билген соң, аябай буркан­шаркан түшүп жинденди. Мышыкты издеп таппай койгон   соң, “шашпа колума бир тиерсиң!” – деди да от жагууга киришти. Мешке көң калап, үстүнө май чачты.

Сасык жыттуу суюктук үстүнө жаба төгүлгөндө гана мышык баш көтөрдү. Саамга дендароо туруп калды. Ошол мезгилде ширеңке чагылып, мышыкка от жаба берди. Коркуп кеткен мышык мештин оозунан сыртка атып чыкты. Келин бакырып, чалкасынан кетти. Кара мышыктын үстүнөн от жалбырттап, тирүүлөй өрттөнүп, бир тутам жалынга айланып, андан­мындан бир көрүнүп, күүгүм талаш айылды аралап, жан далбаса кылып “учуп” баратты.

Ысмайыл КАДЫРОВ