
САТИРА
Котормочу Колжоңбай көрүнүктүү илимпоздордун коңурук жана колоңсо жөнүндөгү эмгектерин которуп басмага тапшырды. Басма кызматкерлери жакшылап карашты, бир топ маселелерин талашты. Айтор ары кетишти, бери кетишти акыры китеп кылып чыгарууну чечишти. Редактор карады, редакция башчысынан жарады. Баш сөз, корутунду жазылып, унутта калган жок учурдун талабы. Эми талкуулоо үчүн редакциялык кеңештин мүчөлөрү чогулду, кол жазма алардын элегине коюлду.
Алгачкы сөздү Ажыбай алды. Эл алдына каалгый басып барды.
– Жолдоштор, – деп баштады сөздү, – мен убакытты алып сүйлөбөйүн көптү. Колжоңбай өзү агроном болсо, анан медицина боюнча иштегенин койсо. Андай иштен чыкпайт майнап, төбөсү менен жер казса да айлап, – деди да отурары менен үргүлөп коңурукка кирди көңүлү ток.
Кийинки сөз Кендирбайга келди. Ал көзүнүн төбөсү менен кыдырата карап элди, өз оюнда Ажыбайдын сазайын берди:
– Колжоңбай агроном болгону менен жазганы мыкты, окуп эле жүрөм далай кабарлары гезитке чыкты. Жакшы жазат тим эле койгондой стандарт кышты, – деди да эки жагын койкоё карап, акырын олтурду жылып, олтургандар калышты дымып.
Саамдан соң баятадан баш ийкеп коюп гана отурган баамчыл Баргыбай балкая тартып турду да, эки жагын салабаттуу карап, тамагын жасап:
– Балдар, окубасам да оюмду айтайын. Колжоңбай койгон маселелерди ойлобой тамаша, редакциядан жараса, анда чыгарыш керек. Алар проблемасы майда десе, кээ бир жерлерине түшүнө алышпаса жете, анда кол жазманы кайтарыш керек авторго.
Ошентип редкеңеш бүттү, токтомдон кара кагаз салып жазышты үчтү. Андан басмага да, котормочуга да пайда болгон жок, эмдиги редкеңешке чейин болгула кош (редакция, басмаларда бир даар, мындай редкеңештер азыр деле бар).