
Мен деген нөлмүн,
О тамгасына окшотуп көргүн.
Менин атым бир,
Санаттын башы экенин бил.
Бирге кошулган бирмин,
Эки эмей анан киммин.
Экиге бирди кошкун,
Сабакты орто билгендерге досмун.
Улактын канча буту бар,
Билбеген мени утулаар.
Мени «бешсиң» деш керек,
Кээде «эң жакшы» деш керек!
Мен алтымын, алтымын,
Бир нөлү бар жалкымын.
Жалгыз буттуу жетимин,
Беш кошулган экимин.
Мен сегизмин, сегизмин,
Эки нөлдүү эгизмин.
Бир орундуу сандардын,
Чоңу болуп алганмын.
Мен он деген чоңдукмун
Кенжесимин ондуктун.
Көз канча?
Эки кулак,
Добушту угат.
Жалгыз ооз,
Сүйлөп турат.
Көз канча –
Эмне кылат?
Канча мышык?
Карасаң мына кызык,
Төрт бурчта бирден мышык.
Чокчоюп отурушат,
Таранып, сыланышып.
Маңдайында ар биринин,
Олтурушат үчтөн мышык.
Кана эми тез эсепте,
Бардыгы канча мышык?
Канчасы ашык?
Алты киши,
Жети кашык.
Тамак ичсек,
Канчасы ашык?
Кайсынысынын буту көп?
Каздын буту эки,
Козунуку төрт.
Карап туруп айтчы,
Кайсыныкы көп?
Манжадагы санак
Баш бармак,
Бир дегин кармап.
Сөөмөйдү сун,
Эки деп жум.
Ортон узуну,
Үч де ушуну.
Анан аты жок,
Төрт деп аны кош.
Чыпалак кичик,
Беш де тизип.
Билип ал анда –
Булар манжа.
Бириксе муштум –
Бардыгын уктуң.
Ысмайыл КАДЫРОВ