
АҢГЕМЕ
Дубалда илинген календардын барагында 1978-жыл 1-март деп бадырайган жазуу. Толмочунан келген, багалчак бойлуу, буурул чач Алыбек алакандай барактан көзүн албайт. Эртең мененки оокатты даярдап, дасторкондун жанында олтурушкан уулу менен келинине көңүл бурбайт. Тек өзү менен өзү.
Ушул үй, үй-бүлө жана календардын тагдыры тутумдаш. Жыйырма беш жыл мурда, үй жаңы курулуп, актын жыты кете элек дубалдын бооруна календарь биринчи жолу илинген эле. Уулу ошол жылы туулган. Алыбектин өмүр салтына айланган календарды биринчи жолу сатып келип, жаңы бүткөн үйүнүн бооруна кадаган аялы беш жыл мурун, кырк жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жыйырма беш жыл ичинде канча календарь алмашылды. Жыл, ай, күндөрдүн эсеби калыбында калганы менен, барактардын мазмуну канчалык өзгөрдү. Өзгөрүлгөн нерселер капарга алынбай, биринчи календарь гана эсине өчпөстөй тамгаланды.
Бул үйдө календардын барагын жаңыртуу укугу жалгыз гана Алыбекке ыйгарылган. Ал үйдө болбой калган күндөрү календарга эч ким жолобойт, эски барактары ордунда турат. Үй тиричилигиндеги башка иштерге Алыбек кийлигишпейт. Калгандары уулу менен келининин бийлигинде.
Ушул үйдүн өмүр тарыхын элестеткен календарь бүгүн Алыбекке башка таасир калтырды.
— Өлбөгөн жанга жаз келген экен! — деп койду күбүрөп.
Жаз календарь боюнча келгени менен, жер бети али алачокул, күн суук. Ошондой болсо да жылуулуктун мээримин, азыркы сууктун убактылуу экенин сезген. Алыбектин жүрөгү кубанычтуу. Жылдын башка мөзгили, ал түгүл, жер жүзү гүлгө оронгон жай мезгили ага азыркыдай таасир берчү эмес.
Жаздын алгачкы мээримдүү күндөрү, алачокул тарткан жердин көгү кылтыйып чыгып келатышы анын жүрөгүндөгү; терең катылып, сыртка чыга албай жашырын сырга айланган үмүтүн укмуштай жандандырар эле. Аз убакыт өтпөй күн кадимкидей жылып, алакандай кар калбай, жаз толук күчүнө кирер менен Алыбек тиричиликтин кызыкчылыгы менен алпурушуп, тереңдиги үмүтү купуя бойдон калып, же таттуу максаттан түңүлбөй, же аны биротоло унутпай, турмуштагы тагылган милдетин аткаруу түйшүгү менен алаксып, күндөр тымызын өтө берет…
Анын баарыдан жакшы көргөнү, баарыдан жогору баалаганы — жаз илеби. Ушу кыска мөөнөттүү жаз мээримин көргөнү үчүн жыл мезгилинин бардык учуруна ыраазы. Бүт өмүрүнө ыраазы.
Кыялы чабыттаган Алыбек эмне үчүндүр календарды барактай баштап, 13-март деген орунга келгенде токтоло калды.
13-март — анын туулган күнү, эски эсеп боюнча жаздын башталышы. Алыбек жаздын башталышында туулганына кубанат, сыймыктанат. Бирок ал жөнүндө ушул убакка чейин эч кимге ооз ача элек. Анткени туулган күнүн белгилөө ал үчүн салтка айлана элек.
Адамдын өмүрүндө ар кандай баалуу учурлар бар. Аны жашыруу жарабайт, тескерисинче, мындай маанилүү окуяларды жакын санаалаш кишилер менен бөлүштүрүү парз.
Алыбек үчүн асыл максатты орундатууга жалгыз бойчулук турмуш гана жолтоо. Өз кубанычын жалгыз өзү майрамдамак беле?! Эрди-катынга гана таандык сизимди, жолдошуна же башкаларга кантип айтат. Өмүр жазы менен туулган күндү майрамдоо жөнүндөгү ой ага кырк алты жаш курагында, аялы өлгөнгө бир жыл толгондон кийин гана келди.
Антип-минткиче дагы төрт жыл өткөнүн, мына өзү элүүгө толоруна 13 күн калганын азыр календардан улам эстеди. Жүрөгү селт этти. Элүү. Эр ортону. Жаштыктын арты, карылыктын алды! Уулу менен келини анын кыялын бөлүнүштү кылбоо үчүн дасторкондун жанында күтүп олтура беришти.
Алыбек соңку беш жылдагы өмүрү жөнүндө ойлоду. Ал үчүн кырк бешке чейинки жашы бир тең, кининки беш жылы бир тең сыяктанды. Мурдагы жашы шатыраган жоргонун жүрүшүндөй күрдөөлдүү өтсө, кийинкиси кашаң өгүздүн арымындай саамыктап өтүүдө. Ал өз өмүрү жөнүндө ойлогону менен башкалардын өзү жөнүндөгү пикирин билгени жок.
Эркектердин аягы суюк, жеңилдери болсун, оор басырыктуу, абийирдүүлөрү болсун, кырк жашка чыккандан кийин, өмүрдүн бир белесине көтөрүлгөнүн сезишит, жеңилдери карылыкка жеткиче жыргап-куунап калууга, ал эми оор басырыктуулары өтүп бараткан өмүрдүн бөксөсүн аз да болсо толтуруу үчүн ашыгышкан учурлары болот. Кырк-элүүнүн ортосундагы эркектердин үй-бүлө турмушундагы талаш-тартышы, кыжы-кужусу мына ушундан башталып, анын аягы кээде үй-бүлө турмушунун кыйрашы менен бүтөт.
Алыбек андай жагдайда болбогону менен, өз курагына жана мүмкүнчүлүгүнө караганда айыл-апанын ичинде шек туугуза турган эркектердин бири. Ошондой болсо да жалгыз бойчулук өмүрүнүн таза өткөн биринчи жылын «аялына аза күтүү» — деп жорушту. Бу мөзгилдин ичинде аялына эстелик орнотту, аш берди. Тамаша экинчи жылдан башталмак. Эми үйлөнүүгө, эч болбосо, келин-кыздар менен ойноп күлүүгө жолу ачык. Бирок экинчи жыл да тынч өттү.
«Абийри бүтүн экен — деп ойлошту айылдагылары.— Уулун үйлөнтүп, неберелүү болуп калган неме аял алам деп айтууга оозу барбагандыр, уурулук кылуудан да ошону үчүн уялып жүргөндүр».
Айылдаштары анын нысаптуулугуна, токтоолугуна ыраазы болушту. Үйлөнүү үчүн кеңеш айтышып, а түгүл, кандидатураларды табышып, алардын ким экендиги жөнүндө мүнөздөмө беришти. Бири жаш, бири бир аз карылык кылып, бири көп балалуу, дагы бири чалпоо же болбосо жүдөө. Айтор, ылайыктуу кандидатура аз.
Албетте үйлөнүү жылдан жылга татаалдоодо. Жаштар үчүн татаалдыгы — калыңы оор. Жашамал кишилер үчүн татаалдыгы — аялдын көптүгү, ылайыктуусу жоктугу. Барыдан эр ортосундагыларга кыйын. Аларга калың кеп эмес.
Адатта, эр ортонундагы жесил эркектер көп балалуу, кээси неберелүү. Мындай эркектерге аял көңүлдөнбөйт. Мындай эркектердин издегени отуз-кырк жаштын ортосундагы баласыз аял. Андан жашы жаштык кылып, улуусу карылык кылат. Баласызын каалаганы — эки үй-бүлөнүн баласын боорлоштуруу жана тарбиялоодон кыйын эч нерсе жок. Андан көрө туубас аялды артык көрүшөт.
«Сокурдун издегени эки көз» дегендей эми өбөктөгөн карыялар да аял издешет. Алардын самаганы орто жаштагы балпайган бапбиче. Бирок бу бечараларга балпайган байбиче түгүл, чай кайнатуудан башкага жарабаган кемпир табылбайт. Азыр ар бир үй-бүлө бала-бакыралуу. Эркектер менен кошо аялдар да жумушта. Балдарды кароого кемпирлер жетишпейт. Жесир калган кемпирлерди төркүнүнө жылдырышпайт. Төркүнүнө келгендерди төркүнү жылдырбайт. Ал эми карманаары, каралашаары жок кемпирлер өз бутуна өзү чалынган абышканы багам деп азап тартканча бир үйгө ээ болуп, пенсиясы менен эркинче оокат кылууну артык көрүшөт.
Үй оокатын жасоону билбеген кыргыз абышкалардын жалгыз бой калышы анык кордук. Антейин десең бала-бакыралуу, багары бар абышкалар деле кемпирсиз жашоону жашоо катары эсептешпейт…
Алыбек беш жылдын ичинде аялынан ажыроо кандай болорун, үзүлгөн турмушту кайрадан куроо кандай болорун жана аял деген эмне экени өз тажрыйбасынан да, башкалардын тажрыйбасынан улам да жакшы түшүндү.
Бирөөнүн зары менен убактынын иши эмне?! Антип-минткиче, Алыбек элүү жашка барып калганын бир көрдү. Анда бир гана арга калды — тез үйлөнүү керек. Ушул тыянакка келгенде илгери өткөн акылмандын «Бир кишиге бир катын өтө зарыл экен» дегени эсине түшүп, өзүнчө күлдү.
Албетте, тездетүү керек. Он үч күндүн ичинде, башкача айтканда, карылыкка оой электе үйлөнүү керек. Жаштыктын акыркы күндөрүн, акыркы саатын өмүрлүк жубайы менен бирге өткөрүүнү самады. Ошентип, беш жылдан бери ажырабай келген асыл максатын 13 күндө аткаруу зарылдыгы башына түштү.
Карачы, өмүрдүн кымбатын, опосуздугун! Эгерде жаштык энчисинде калган күндөрдүн ичинде максаты орундалбай калса, эмне болмокчу?..
Уулу менен келини чайдын сууп калганына карабастан, аны күтүп тынч отура беришти.
Алыбектин өкүнүчтүү жүрөгүндө жаз илебинен бүткөн чечкиндүүлүк пайда болду. Ошо чечкиндүүлүк көңүлүндө бир нече жолу кайталанды:
— Ыкчамдоо керек, ойлонуу үчүн убакыт калган жок!..
Алыбек оюна бир нерсе түшкөндөй артына бурулуп, дасторкондун жанында отурган келини менен уулун көрдү. Күттүрүп койгон окшойм, — деп алардын жанына келди…
Эртең мененки чайдан кийин Алыбек өз бөлмөсүнө кирип, эшигин ичинен бекитти. Келини менен уулуна сейфдин кыйч этип ачылганы, кагаздардын шуудураганы угулду. Атабыз колхоздун эсеп-кысабын тактоого киришкен экен деп ойлоду алар. Эшикти эмне үчүн бекитти? Ага эч ким тоскоол болбойт эле го деп, уулу жумушка кетти. Келини үй жумуштары менен калды.
Сейфтен чоң блокнотун алды. Блокноттун биринчи жарымында ырас эле колхоздун экономикасына байланыштуу эсеп-кысап бар. Ай сайын болуучу өзгөрүштөр: киреше, чыгаша малчылардын бири-бирине оош-кыйышуулары, карыздары ж. б. чыгымдар… Экинчи жарымында болсо өңчөй жалгыз бой аялдардын учету… Ошону үчүнбү, бул блокнотту өзүнөн башка жан көрчү эмес. Абдан зарыл болгондо, учетко өзгөртүү киргизгенде үйүнө бекинип, блокнотту жалгыз өзү ача турган.
Алыбек колхоздун мыкты экономисти. Башка чарбаларга ревизия болгон учурда аны тажрыйбалуу адис катары райондун жетекчилери көп пайдаланышат. Адистиги кандай болсо, ишке мамилеси, жүрүш-турушу ошондой так. Ашык сөзү жок, өзү да, мүнөзү да калыпка куюп койгондой…
Айылда бул блокнот жөнүндө эч ким эч нерсе билчү эмес. Жалгыз бой аялдардын учету адегенде жөнөкөй тизмеден башталды. Катар номуру, аты, фамилиясы жана адреси. Жылдан жылга тизменин көлөмү көбөйүп, ар кандай графалар кошулуп, өзүнөн өзү бой аялдардын учетуна айланды да калды.
Эмне үчүн жалгыз бой? Жесирби, эрден өзү чыкканбы же эри кое бергенби? Жесир болсо ачык жазат. Эри күнөөлүү болсо, асты көк сызык менен, өзү күнөөлүү болсо, кызыл сызык менен белгиленет. Айрым аялдардын аттарынын асты ийри сызык менен сызылган. Мындайлар 30-40 жаштын ортосундагылар, башкача айтканда, каалаган курактагылар.
Учет. Жалгыз бой аялдар райондо канча, алар кимдер жана кандай немелер экенин күзгүдөн көргөндөй дапдаана. Алар менен сүйлөшүүнүн кажаты болбой калды. Керек убакта учетту аңтарса, каалаган суроолорунун баарына жооп табылат. Алыбек учеттун кереметин жана ансыз жашоого болбой калганын түшүндү.
Мына кызык! Экономисттин адистиги аялдар турмушун үйрөнүүгө жарай турганы Алыбекке жаңы ачылыш сыяктуу таасир калтырды. Учет деген жөн эле эсеп-кысап эмес, адамдарды үйрөнүү, эгер билгиңер келсе — өзүнчө илим. Аны үй-бүлө жумушуна гана эмес, үй-бүлө турмушуна, кишилердин өзара мамилесине да колдонууга болот.
Кайсы бир көөдөк эркектер аялдын ким экенин үйлөнгөндөн кийин билишет, айрымдары ажырашкандан кийин гана билишет. Ошолорду эмнеликтен деп ойлойсуңар?!
Нике жаңыртууга үмүттүү эркекке зарыл нерсенин баарын таптым,— деп Алыкең токпейил болуп жүргөндө ушу кереметтүү учет жооп бере албай турган татаал суроолор пайда болду. Бул суроонун туулушуна себепчи — райондун борборуна көчүп келген жалгыз бой аял Айжаркын. Анын аты-жөнү менен эч кимдин иши жок, «бир жакшы аял» келиптир деген кабар айылдан айылга дүңк этти.
Эмне үчүн «жакшы» аял? Эгер чын эле жакшы болсо, эмне үчүн эки эрден чыккан? Биринчи күйөөсү аны туубаганы үчүн чаныптыр, экинчи күйөөсү аракеч болгону үчүн аны өзү таштап кетиптир.
Алыбектин учетуна «жакшы» аял, «жаман» аял жөнүндө, канча эрден чыгышы жөнүндө графа жок эле. Экинчи суроону оңой эле аткарды. Баарын тактап чыгып, бир эрден чыккандарга латынча Ү, эки эрден чыккандарга ҮҮ, үч эрден чыккандарга ҮҮҮ тамгаларды койду.
Аны биринчи суроо көбүрөөк ойлонтту.
Айылдагы бир кызык өнөкөт: аялдарды «жакшы катын» же «жаман катын» деген баа менен үстүртөн баалашат. Кандайы жакшы, кандайы жаман экендиги аныкталбайт. Мындай баага аялдар өздөрү да кайыл. Окус эки катын урушса, бири бирин «ай, өлүгүңдү көрөйүн жаман!» — дешип кемсинтишет. Кимиси жакшы, кимиси жаман экенин териштирбей, бири биринин кебин укпай ажылдашып, бакырышып, кимиси кемчилигин көбүрөөк чукуп, сөөгүнөн өткөрө тилдесе, ошонусу беркисин басынтып, жеңишке ээ болгонсуйт.
Жаңы келген аялдын дагы бир артыкчылыгы — фамилиясынын аягында беш илеп белгиси (!!!!!) коюлган. Булар кардал оолгондордун саны. Алардын ичинен үчөөсү өбөктөгөн абышка, өздөрү келбей жуучу жиберишиптир, экөөсү эр ортонундагылар. Аз күндүн ичинде сөз салган беш кишини тең томсорткон кандай аял болду экен?
Алыбек учет жооп бере албаган суроолорго жооп табуу үчүн Айжаркынга өзү бармак болду. Мүмкүн жакпас. Жакпаса жакпасын, эч болбосо, жакшы катын кандай болорун билгени, учетун жаңы графа менен толуктаганы олжо эмеспи!
Ошентип, турганда жолдошу зоотехник Мырзакан келди. Аялдын азабын ал да өз башынан өткөргөндүктөн, Алыбек жолдошуна кеңеш айтууга келген экен.
Сөздү катуулап баштады:
— Дүйнөдөн так өткөнү жүрөсүңбү? Жаның болсо кыймылдабайсыңбы!
— Кыймылдап эле жүрөм. Эми эмне кыл дейсиң?! Учуп кет дейсиңби? — Досу тамашага чаптырды.
Ары-бери сүйлөшүп, экөөбү Айжаркынга жооптошуу үчүн бармак болушту.
Айжаркын тоту куштан жасанган сымбаттуу аял экен. Кулагында бөрү тил алтын сөйкө. Колдору да, тиштери да жаркырайт. Өз боюн мыкты күткөн сыяктуу, үйү да мизилдеген таза. Мындай аял эрине карамдуу келет. Ашыналарды жана чөйрөнү тандай билет. «Аршин мал аландагы» Султанбек абышка айткандай, анча-мынча киши менен бирге туруп, оокат ичүүнү каалабайт. Эшигинен кирип келгенде эле эки эркекке абайлап көз салды. Алыбек аны тике карай албай, эмне үчүндүр апкаарыды. Тоту куштай түрдөнгөн аялдын тике карашынан сүрдөндүбү же көптөн бери ургачы менен беттешип көрбөгөндүктөнбү? Мырзакан болсо, аялдан бириңтай неме, ага эски таанышындай күлө карап, биринчи болуп кол алышып учурашты.
Кыраакы Айжаркын кимиси күйөө, кимиси күйөө жолдош экенин ооздорунан сөз чыга электе эле тааныды.
Меймандар отургандан кийин таанышышты. Алыбектин атын угар менен ал башын ийкеп, ойлонуп калды. Болжолу анын жөн жайынан кабардар окшойт.
Өзү уккан Алыбек менен, азыр көрүп турган Алыбекти өз кыялындагы каалаган күйөөнүн сапаты менен салыштырды. Алыбек өзү угуп жүргөндөй карапайым, бир сырдуу, саал уяң экен. Мындай кишинин колунан арамдык, кыянаттык келбейт. Бирок бир сырдуулугу, түнттүгү жубайын тажатууга мүмкүн. Жашоо үчүн, жыргап-кууноо үчүн берилген өмүрдүн кадырын мындай эркек түшүнбөйт. Күлсөң күлкүнү ашык көрөт, тамашадан өөн табат, дагы бир жаман жери — үнөмчүл келет, казан-аякка кийлигишет. Мындай киши менен кантип жашоого болот — деп ойлой баштады.
Алыбек болсо Айжаркындын ачыктыгын, эрсиз жашай албасын, буга үйлөнгөн эркектин зерикпесин түшүндү. Андан, башка бир келинди эстеди. Отуз жашында күйөөсү чанып таштаса, турмуштан көңүлү сууп, экинчи жолу эрге тийбейм — деп коюптур.
Айжаркынга минута өткөн сайын мейман башкача көрүнүп жана ага өзү жакканын баамдады. «Кишини түшүнөт экен. Демек акылдуу, жүрөк сырын сыртына чыгара албаган, кайгыны да, кубанычты да ичтен сызып өткөрүүгө көнгөн, туруктуу эркекке» окшотту.
Айжаркын эркектерди беш колундай билем деп ойлой турган. Көбүнчө ачык, шайыр жигиттерди жогору баалай турган. Бирок андайлар менен шынаарлаша турган курактан өттү. Эми ага баарыдан эркектин туруктуусу жакшы. Мына ушул сапатты Алыбектен тапты. Аны сөзгө тартып, кандай киши экенин, мамилеси кандай экенин билгиси келди. Бирок сөзгө сараң Алыбектен «ооба» же «жок» дегенден башка үн чыкпады. Аны кандай болбосун тилге киргизүү керек эле.
— Кенен отуруңуз, — деди Айжаркын шыңк этип,— менин үйүмдү өз үйүңүздөй көрүңүз.
Ошол учурда Мырзакан койнунан эки бөтөлкө сууруп чыкты. Тиги экөө ичкиликке кумарлуу карашпаса да, мындай сонун кезигүүнүн убагында кичине сеп эттирип коюуга болот деген кыязда бирин бири тиктеди.
Экинчи тосттон кийин Айжаркын — «Сүйлөй отуруңуз» — деп Алыбектин москоол колун назик алаканы менен сылап койду. Электр тогунун учкуну тийгендей денеси дүр этип, иреңи албууттанды. Менде сүйүү оту капкачан өчкөн деген ишенимдеги Алыбек «махабатым күлгө айланбаптыр, жалын тийсе, кызыл чоктой жана турган көмүр болгон турбайбы» деп болжолдоду.
Алыбек сүйлөгүсү келип, бирок эмне айтарын билбей отурган. Ыкласын иреңинен эле түшүнгөн аял анын денесин балкытып, сөзгө келтирүү үчүн рюмканы улам көтөрүүдө. Эки эркек шектенбесин үчүн өзү да кылт эткизет.
Ичкилик кыйла ичилди. Ырас эле Алыбектин денеси балкып, ушул үй, меймандос сымбаттуу аял, жадаганда ээрчитип келген жолдошунан бери көзүнө сонун көрүнөт. Качанкы жоголуп кетип табылган курбулары менен табышкансып чечекейи чеч. Бирок сөз чуурутпайт. Тескерисинче, ичкиликке алдырган сайын тили буулуп бараткансыйт.
Жолдошу бакжаңдап жаагы талбайт. Кээде Бир-эки сап ыр созолонтуп коет:
Самсаалаган саамайың
Сары алтындай маңдайың,
Сагыныша келгенде
Сары набат татыйт таңдайың.
Ичкиликтин өз закону бар. Кишилер алгач көңүлү чалкып жыргап, ичкиликти өз максатына пайдаланса, анын кайтпас жолго түшүп, ичкиликке өзү кандайча кул болгонун билбей калат. Айжаркын да ошондой болду. Алыбекти жакшылап билейин деген максатын унутуп, анын жанында шынаарлашып, күлкүсүн тыя албай, ыржалаңдап отурду. Мырзакан гана эсин жоготкон жок. Тиги экөөнү тиктеди. Бири айылга кайтууну каалабай, экинчиси анын жанынан карыш жылгысы келбегенин баамдап, өзү акыл эси жоголо электе жолуна түштү…
Алыбек эртең менен чочуп койкадан ойгонду. Үстүнө дасторкон жабылган. Бул эмнеси экенин түшүнө албай зыңгырап оор тарткан башын араң көтөрүп, ордунан турду. Күрмөчөн, көөдөндөн ылдыйкы денеси жылаңач. Уятына чыдабай дасторконду этегине ороп, шымын бир жерден, турсысын бир жерден тапты.
— Шерменде болуптурмун! — Ал өзүн өзү жемелеп жүрүп кийинди.— Абийримин кеткени ушу!
Дароо жоголуп, бул үйгө экинчи кайрылбас болду. Шашылып кетип баратып, оозгу бөлмөдө бырыш-тырыш көйнөкчөн, чачтары саксайган, иреңинде кан сөлү жок шылкыйып отурган Айжаркынды көрдү. Андан жийиркенип, шыпылдай басты. Өтө түшүп, кайра токтоду. Бирдеме айтабы деп күткөнсүдү. Капалуу аял унчукпады. Алыбек ага көңүл айткансыды:
— Арактын кесепети! — Титиреп сүйлөдү.— Өмүрүмдө мындай балаага биринчи кабылышым.
Аял кабагын чытып, жер тиктеп отура берди.
— Кош! — деди да Алыбек ыкчамдай басып кетти. Каалга карс этип, катуу жабылды.
* * *
Кыңыр иштин эки жаман жагы бар: абийирдүү киши өзүнчө бушайман болот, анан элге шылдың болот, анан…
Алыбек өзүнөн мурун келиндин абийрин сактоо үчүн түнкү жоруктары жөнүндө эч кимге шек шыбаа билдирген жок. Арадан үч күн өтпөй курбулары кытмыр күлө баштады:
— Дасторкон жамынган кандай болот экен?
— Баса, шымың табылдыбы?
Айылда башка тамаша түгөнгөнсүп, баарынын оозуна Алыбектин тамашасы. Аны менен тамашалашпаган улуулар менен кичүүлөр көргөн сайын ырсаңдаша күлүшөт.
Ал үйүнөн чыга албай калды. Оорумун деп шылтоолоду. Үч күндөн кийин калп оорусу чын болуп, аны ооруканага жеткиришти. Жүрөк ооруу! Бир ай дарыланды.
Ачык шылдың жана мазактоочу жылмаюучулар ал ооруканадан чыккандан кийин токтоду. Аны аяшса керек. Башкалар аяшканы менен Алыбек өзүн өзү аяган жок. Эки жыл бою иштен башын көтөрбөдү. Аял дегенди унутту. Бул жөнүндө ага башкалар да сөз салбай калышты.
Эгерде дубалдагы календарь өмүр жөнүндө аны кайрадан ойлонтпогон болсо, бечара ушул бойдон өтүп кетет беле? Ооба, Алыбектин жакшы үмүтүнүн аткарылышы үчүн бар болгону он үч гана күн калды…
Мына ошо Айжаркындын ысымынын тушунда ҮҮҮҮ ҮҮ белгиси турат. Алтынчысы өзү. Ал коңшу колхоздун башкы агрономуна турмушка чыккан. Эки жылдан кийин балалуу болду. Моралдык сапаты жөнүндө ушак айың угула элек. Ага карабастан, мораль жөнүндөгү суроо Айжаркындын карточкасында балчайып сакталып турат.
Карточкадан карточка оодарылып, Алыбектин көңүлү үч илеп коюлган аялга токтоду. Канипа. Отуз беште, бир эрден чыккан, эрден чыгышынын себепчиси — күйөөсүнүн аягы суюктугу. Өзү моралдык жактан туруктуу, издегени адамгерчиликтүү жан жолдош. Баласы жок. Ал төркүнүнө отуруп калганына эки жыл болот. Айттырган кишилердин бирин жактырбаган. Алыбекке дал ушундай жубай керек эле. — Мени жактырар бекен? — деп ойлоду Алыбек. Эгерде Айжаркын менен болгон абийирсиз окуя башынан өтпөгөн болсо, балким иши оңуна чыгат беле?! — Мейли. Ушундай аялды көрүп коюунун өзү да каниет — деген тыянакка келди.
Эл арасында сөз болбос үчүн бу жолу жалгыз барды. Канипа жумуштан жаңы гана кайткан эле. Эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда колун сүртүүгө үлгүрбөй «ким» деди… Эркектин коңур үнү угулду. Ага эркектин бардык өзгөчөлүгүнөн үкүнүн коңуру жакчу. Жүрөгү туйлап кетти. Өзү күткөн сүйкүмдүү үн. Каалганы тезирээк ача албады. Оо, опосуз, тагдыр! Эгер ушу коңур добуш киши аракеч болуп чыксачы? Анда эмне болмокчу?
Эшик ачылды.
— Мүмкүнбү?
— Кириңиз!
Босогону аттагандан кийин, ал салам айтты…
Каада боюнча үй ээси чай кайнатты. Столго оокат даярдады. Экөө тең ач эле. Ошол үчүнбү же сөз баштоонун кыйындыгынанбы, чайды узакка ичишти. Анда-санда бири-бирин астыртан тиктешет. Канипа анын сөз чыгарышын күттү. Анын көз карашынан ички сезиминин байлыгын, эмнеге ышкылуу экендигин байкады. Бейтааныш эркек аялдын кебетесине жана көзүнө гана серп салды.
Канипа этияттана баштады. Анткени ал эркектер суктанарлык сулуу эмес, көзү да жүрөккө чок саларлык оттуу эмес. Ушул кемчилигин сезип турабы деп кысталды. Мурунку эркектер анын бөрсөгөй төшүнө, аппак тамагына жана ичке белине көбүрөөк кызыкчу эле. Андай эркектерди сөзгө келбей туруп, үйдөн айдап чыкчу. А, бу кишинин көз карашын кандайча бааларын жана ага эмне деп жооп берерин биле албай отурду.
Чай ичилип бүттү, так айтканда, чайнекте эч нерсе калган жок.
— Мен Алыбекмин, — деди ал таанышууга өтүп.
— Канипа! — деди аял.
— Сизди билем. Бирок сиз мени билбейсиз,— деди Алыбек.
— Билем! — Канипа аны жоодураган көзү менен тике карады.
Чынында Алыбек жөнүндө көп нерсе уккан. Уккандарынын көбү жомокко окшош эле. Биздин заманда да ушундай эркек болобу деп ага сыртынан таң калчу.
Аялдын жоодураган көз карашы муңайым кебетесине, дилгир мамилесине жарашып турду. — Мындан жакшы аяп болобу? — деп ойлоду Алыбек. — Ушундай жан менен жашай албаган кандай пас эркек — деп, анын мурунку күйөөсүн жек көрүп отурду.— Күйөөсү өзүнүн начарлыгынан, буга тең боло албаганынан ажырашкан окшойт… Мен да тең боло албайм го…
— Эгерде мен жөнүндө билгениңизди мурда уксам, бул үйгө келбеген болор элем,— деди Алыбек өкүнүчтүү.
— Эмне үчүн? Сыртынан миң жолу угуудан бир жолу көрүшүү артык. Келгениңизге кубанам.
Бул сөз Алыбекке какшык сыяктуу туюлду. Айжаркындын окуясынан улам айтты го деп болжоду. Мейман ордунан турду.
— Сиз менен көрүшкөнүмө чоң ыраазымын. Кош, жакшы калыңыз!
— Шашпаңыз, отуруңуз.— Үй ээси чебелектеди.
Мындай бир мүнөз, ойку-кайкыны билбеген тоң эркектер менен кенен сүйлөшүп, көңүлүнө актык салмайынча жарпы жазылбайт. Жубайы келишпесе, бу сыяктуу эркектердин багы ачылбайт, өмүрү өкүнүч менен өтөт.
Алыбектин пейли тазалыгын сезсе да, аны токтотууга аракет кылсам, ого бетер иренжитемби — деп ойлоп, өзү кошо ордунан турду. Үйүнөн чыгарып, автобус токтоочу жерге чейин узатты.
— Убара болбоңуз! Кала бериңиз! — деп, ушак айың сөздөрдөн коргогусу келген меймандын сөзүнө көнбөдү. Акырында Алыбек мындай деди:
— Эгер айып көрбөсөңүз, жакшы санаалаш адам катары катташып туралы? Эгер айып болбосо…
— Жакшы болот. Келип туруңуз?
Аңгыча автобус келди. Алар кол булгап ажырашышты.
* * *
Картотека. Канипанын тушундагы белгиге дагы бир илеп коюлду. Ал Алыбектин өзү.
* * *
— Атамы көрчү! — Жаныбек келинчегине кол булгады.
Баласын эмизип отурган Айым козголгон жок.
— Атамы көрбөй жүрүптүрмүнбү!
— Келсең эми! — деп Жаныбек шаштырды.
— Эмне болуп кетти? — деп Айым терезенин жанына келип, кар күрөп жүргөн Алыбекти көрдү.
— Ой, тобо!
Атасынын беш жылдан бери үй тиричилигине киришкени ушу. Дайыма иш менен, үйгө келгенде эс алат же небересин эркелетет.
Алыбек кар күрөп бүтүп, токойду көздөй басып кетти. Жазгы ала шалбырт эмес, жайында токой көркүнө чыгып турган учурда да ал ошол жакка барчу эмес.
— Буга эмне болгон? — дешип алар сонуркап тиктеп турушту.
Атасынын жүрүш-турушу өзгөргөнүнө бир жумача убакыт болуп калды. Календарды күндө бир нече сыйра тиктейт. Күзгүгө көбүрөөк каранат. Уулу менен келини атасынын турмушунда кандайдыр бир бурулуш башталганын жаңылыктын жышаанасы катары баалашты.
Ал 7-март күнү кечке маал келинин майрамы менен куттуктап, атыр, самын, жоолукту белек кылып берди. Өзү райондун борбору жакка атчан кетти.
— Мени күтпөгүлө. Кеч келем, — деп эскертти.
* * *
Столдун үстү жасалуу. Канипа жалгыз өзү отурганда коңгуроо шыңгырады. Ал ордунан тургуча эшик өзү эле ачылды.
— Майрам куттуу болсун! Бактылуу бол! — деген эркектин коңур үнү угулду. Кирген киши Алыбек эле.
— Ракмат! — Канипа анын киймин чечип, төргө өткөздү.
Жасалуу столду көрүп, Алыбек жыйрыла түштү:
— Кечиресиз, мен бейубак келип калган окшойм…
— Дал учурунда келдиңиз! — Канипа күлө карады.— Сизди күтүп отурганымы көрүп турбайсызбы!
Алыбек ишене бербеди:
— Мениби? Мен анчейин… Сизди майрам менен куттуктоо үчүн келе калганым.
— Майрам күнү жана туулган күнү катышпагандан кийин, биздин жакшы санаалаш болгонубуз кайсы? — деди Канипа.— Эгер бүгүн келбесеңиз, мындан ары көрүшөрүбүз күмөнгөр болмок.
Муну укканда Алыбектин ичи жылып калды. Келгенине кубанды. Алыбекке стол үстүндө жайнаган ичкиликтер гана жаккан жок.
— Кайсынысын ачайын? — деди үй ээси. Мейман жооп бербеди.
Майрам шаанисине жараша шампан ачылды. Эки бокал мелт-калт куюлду. Меймандын ичкиликке жогун байкап, сөздү Канипа өзү баштады.
— Ракмат сизге, улуу күндө мени эске алып келгениңиз үчүн! Майрам кут болсун! — Биринчи тосту жалпы эле энелердин, кыз-келиндердин ден соолугу, бак-таалайы үчүн көтөрүштү.
Алыбек ордунан турду. Шампандан ооз тийип, кайра ордуна койду. Канипа бокалды жарым-жартылай ичти. Тост көтөрүшүү ошону менен бүттү. Чайга өтүштү.
— Айып көрбөсөңүз, суроом бар, — деди үй ээси.
— Айыбы жок.
— Сиз ичкиликти башынан каалабайсызбы же бир жолу көңүлүңүз калганы үчүн ичпейсизби?
Алыбек жашырган жок:
— Башынан каалабайм, көңүлүм калган учур да болгон.— Эми Алыбек сөз баштады: — Мен да бир нерсе жөнүндө билгим келет. Үй ээси айта бериңиз дегенсип, баш ийкеди. — Азыркы учурда ичкилик ичпеген киши да аз, балким жокко эсе. Мен биздин айылдын кишилеринен улам айтамын. Сиз жолдошуңуздан ичкилик үчүн эле ажыраштыңызбы?
— Ичүүнүн да жөнү бар, ал аракеч эле.
— Мейли, ошондой болсун дейлик. Бирок ошондой аракечти оң жолго салууга, эч болбосо, анын оңолуп кетишин күтүүгө болбойт беле?
— Сурооңуз туура. Анын баарын иштөөгө даяр элем, колуман келсе да, келбесе да. Өмүр шерик жан жолдошун ким эле кыйынчылыкта таштап кетүүгө даасын?!
Канипа узун сөзгө түшүп, акырында мындай деди:
— Баарынан жаманы — кишинин киши сыягынан кетиши. Андайдан үмүт кылууга болбойт. Арак үчүн калпты чын кылып, чынды калп кылып, керек болсо үй-жайынан, катындан безип, ал түгүл, өз жанын сатат экен! Мен сизге бир гана окуяны айтайын. Анын өзүнө окшош ооз жалашкан достору бар. Бул достор үчүн арак да ортодо, аялдар да ортодо… Жүзү курсун, андан ары жагын айта албайм… Ушуну көргөндө күйөөмдү гана эмес, анын бузулган чөйрөсүн, деле ичкилик дүйнөсүн талак кылгым келди.
Бул сөздөн кийин экөө тең узакка ойго батып отурушту.
Канипа сүйлөй баштады:
— Ыплас турмушту жерип, таза жашайынчы деген ниет пайда болду. Менин тарыхым ушу.
Аңгыча оокат бышты. Экөө жайма жай отуруп, оокат жей баштаганда Канипа дагы сөз баштады:
— Тобо! Мен бир нерсеге таң калып турам!
— Эмнеге?
— Ичкиликсиз мейман күтүүгө, кадимкидей оокат жешке болбой калганбы деп чочуй турган элем. Ичкиликсиз эле, кадимкидей жашоого болот экен го.
— Кеп ошондо! — деди Алыбек сөзгө кошулуп,— кишилердин баары ичкиликсиз мейман күтүшпөйт. Мейманды ичкилик менен күтүү салтка айланды. Ушундай кырдалда аракечтер бир жагынан өлүп жаткан менен, бир жагынан туулуп турат. Демек, биз ичкилик менен жарым күрөш жүргүзүп жатабыз. Жарым күрөш менен жеңишке жетүүгө болобу?!
— Туура айтасыз!
Мейман эркек менен үй ээси ичкилик, өткөн турмуш, аба ырайы жана башка жалпы сөздөрдү чуурутушат, бирок өздөрүнүн ойлогон ою, максаттары, ички сезими жөнүндө айтуудан кысталышат. Ичкиликтин жетишпей турганын экөө тең сезишет. Үч рюмкадан айланган болсо, эмгиче экөө кучакташып, сорушуп олтурушмак. Алыбек ушу жөнүндө ойлонот: «Мен жаш эмесмин, ичкиликти жөлөк кылмайынча колунан эч нерсе келбей турган бечара да эмесмин. Адамдын жүрөк сезиминен тунук жана ыйык эч нерсе жок. Ушу ыйык сезимди күчөтүү үчүн ичкиликке жүгүнүү — махабатты булгоо, адамгерчилик касиетти тепсөөгө жатпайбы».
Канипанын көз карашында «Сага ишенем, мен сенин ыктыярыңдамын» деген белги бар… Анын ишааратын гана күтүүдө…
Алыбектин жүрөгү катуулап сого баштады. Эмне болуп баратканын түшүнө албады. Сүйүү ушундайча жанданабы? Жаштыктын кайрылганыбы? Ал аялга көз жүгүрттү. Аны жоодурап тиктеп отурган Канипа башын жерге сала сүзүлдү.
Эр ортонундагы киши өзүнүн кай куракта экенин, соо же мас экенин унутуп, аялга жакындап, кучагын жайды… Куштан коргологон бөдөнөдөй бооруна жабышкан аялдын денеси калчылдап, жүрөгү тикилдегени сезилип турду. Ысык илеби алкымына батып, сөөгүнөн бери балкытты. Аны жар боорунан кулап кетчүдөй бек кучактап, уйпаланган чачтарын жыттап, саамга нес болуп отурду.
— Какиш! Какиш! — деди ал калтырап.— Мен сага үйлөнөм.
Канипа кучагынан бошоңгусу келбейт. Жооп да бербейт.
Алыбек сөзүн улады:
— Бүгүн эле үйлөнсөк кантет?.. Жооп жок. Дагы болсо Алыбектин үнү: — Жок. Кое туралы. Чыдайлы… 12-март күнү той өткөрөлү. Ошо күнү…
Канипанын жүрөгү жайланып, каруулуу кучагынан күч менен жулуна бошонуп, аны бактылуу көзү менен күлүмсүрөй карады.
— Эмне дейсиң? Өзүнчө эле сүйлөп жаттың?
Алыбек да күлдү. Чын жүрөгүнөн күлдү. Соңку беш жылдын ичинде аял менен эзиле сүйлөшүп, кумардана күлгөнү ушул эле.
— Той өткөрөлү дейм. Макулсуңбу?
— Макул.
— Качан?
— Бүгүн кеч болуп калды го…
Экөө тең каткырышты.
Канипа ордунан туруп, желкесине түшкөн бир байлам ак жоолугун оңдоп салынып, чоң күзгүнү көздөй басты. Тараз бойлуу, арыкчырай келбетине, кымча белине булактаган ак көйнөгү жарашып, теңселе басышы таалайына балкыгандай туюлат. Көңүл куунак. Кайсы күнү үйлөнүшөрү жана тойду качан өткөрүшөрү жөнүндө ойлоп баш ооруткусу келбейт.
Ушул сымбаттуу аялга эр болорун элестетип, Алыбек өзүнчө кубанып отурду.
Канипа кайра келип, столдун бир четине аны менен бетме-бет отуруп, чукугандай кеп баштады:
— Сенин эмне жөнүндө ойлогонуңу айтып берейинби?
— Айтчы!
— Мени жактырып… Таптыңбы?
— Таптым! — Ал ыраазычылыктан каткырды:
— А, сен менин эмне жөнүндө ойлогонуму билдиңби?
— Жок.
— Эмесе, өзүм айтып берейин.— Канипа анын жанына шынаарлаша отуруп, сөзүн улады: — Күйөөм соо эркек болсо, ичкилик ичпесе эле болду. Сокурлугуна, мунжулугуна, мансабы жогуна макул элем. Андан артык бактыны каалабайт элем, — деп тилөөчүмүн. Эми сага туш болгондо, тилегим он эсе орундалып, күзгүнүн алдында «эми кесирленбе!»—деп өзүмө өзүм кеңештим…
— Мындай ой жалгыз гана сенде болуптурбу! — деди Алыбек ага маани бергендей.
Канипа анын сөзүнө алаканын тосо койду:
— Түшүндүм айтпай эле кой!
— Мейли аны айтпай эле коеюн. — Алыбек анын алаканын кармалап өөп койду. — Бирок экөөбүз акылдаша турган тилегим бар. 13-мартта — эски эсеп менен жаздын келген күнү мен элүү жашка толом. Экөөбүз ошо күнү баш кошолу. Тойду ошо күнү өткөрөлү. Түшүнөсүңбү? — Ал ойлуу тиктеди. — Туулган күнүмдү биринчи жолу белгилешим ошо болот.
Канипа эртең, бүрсүгүндөн кечикпей үйлөнүшүүнү самап турган. 13-марттын маанисинен улам, эптеп чыдап турууга макул болду…
* * *
Ай жарык. Сыдырым суук. Шалбыраң катып, жол тоңголок. Көчөдөн ары-бери өткөн кишилер али кыш кийимчен. Тоо айлынын өзгөчөлүгү: жаз алдында күндүзү — жаз, эртели, кеч — кыш.
Алыбек атын жетелеп, Канипанын катарында басып келатты. Чоочун көздөрдөн жалтанышкан жок. Автобус токтоочу жерге жеткенде гана ал атына минип.
— Кош, көрүшкөнчө!
Алыбектин көңүлү бир ыңтай.
Канипа үйүнө келгенден кийин оюна ар нерселер түштү: мүмкүн ал 13-мартка чейин айнып калар, башка бирөө урунса; дагы бир кырсык болсо кантээр экенбиз; эртең, бүрсүгүндөн эле үйлөнүп, тойду айткан күнү өткөрсөк болмок экен. Бирок кеч болуп калды. 13-мартты күтүүдөн башка арга жок.
Акырында мындай деген ойго келди. «Деги аман-эсен үйүнө жетсе экен. Жол тайгак. Бүгүн ичкилик ичиле турган күн. Мас шоферлордун бирине кезикпегей эле».