
Түш чен. Аксакалдын тыныгуу убагы. Ал тыныкпай эле оокаттанып отурган. Жумуш күнү ортосундагы бир саат убакытты өзөк жалгоого жана аны менен бир учурда дем алууга пайдалануу көнүмүшкө айланганы үчүн гана тыныгуу убагы деген жалпы түшүнүктөн чыга албай жүрөбүз. Бул туура эмес, оокаттануу жана тыныгуу эки башка нерсе. Оокаттануунун өзү жумуш. Ыгын билбеген киши тамактануу учурунда эле чарчайт. Көп жесе кеселге чалдыгат, аз жесе ачка калат. Ал эми шашып-бушуп тамактанып, ошо бойдон карбаластап жумушка кирген киши жинигүүгө мүмкүн.
Аксакал кызматчы, жөн гана кызматчы эмес, мекеме башчысы. Жумушу мол, андан да жоопкерчилиги күчтүү. Ишинин жеңилдигине же оордугуна, жоопкерчилиги көп же аздыгына карабастан, кызматчылар үчүн оокаттануу менен дем алууну айкын чектөө зарыл. Жакшы жери, аксакалдын кызмат абалын сыйлашып жана убактысын майда-чүйдө нерселерге коротпоо үчүн түшкү оокатты өздөрү кабинетине жеткирип беришет.
Сөздүн кыскасы, аксакал түштөнүп отурат. Столдо салат, биринчи, экинчи жана үчүнчү. Кең бөлмөнүн ичи салкын. Ачык форточкадан таза аба кирип турат. Дал ушул учурда кимдир бирөө жанына келгендей болду. Отурду. Эгерде ал тейлөөчү кызматкер болсо, табактарды ооштуруп, ал бошобосо жолтоо болбоо үчүн капкачан кетмек. Түштөнчү убагында башка бирөө минтип, бейадептик кылып, качырып кирчү эмес эле. Эмнеси болсо да, аксакал вилканы тарелкага жөлөп коюп, колун ак салфетка менен сүртүп, бейубак келген клиентке кабыл алуу шааниси боюнча сылыктык менен бурулду.
Жанаша столдо көзүн жалжылдатып күтүп отурган Тыйын чычкан экен. Кадимки эле тыйын чычкандын өзү.
Мына, кызык! Аксакал ушу куттуу мекемеге башчы болуп келгени далай кишилерди кабыл алды, далай кызык жолугушууларды башынан өткөрдү. Бирок анын баары эреже катары эң мурун секретарь же жардамчысы аркылуу качан жана кайсы убакта кабыл алынары жөнүндө алдын ала макулдашчу эле. А бу сыпайкерчиликти билбеген макулук эрежени бузганы аз келгенсип, түштөнүп отурганда уурданып киргенин карасаң!
Демейде оюнкараак жана шайдоот неме азыр ордунан козголбой, көздөрүн жылтыратып, жасакерсинип отурушунан улам аксакал анын даты бар экендигин жана адепсиздик кылып уурданып киргени үчүн уялганын сезди.
Албетте, бу бечара бекеринен келген жок. Анын кишилерге гана эмес, айбанаттарга да тиешеси бар экенин билсе керек. Аксакал жаратылышты жана айбанаттарды коргоо боюнча коомдун башчысы эле. Тыйын чычкан аны кантип билди? Жөн эле ачык форточкага туш келип, ысык тамактын жытын алганы үчүн гана окусунан келип жүрбөсүн?
Аксакал бул жөнүндө да ойлоду. Тыйын чычкан окусунан келген клиентке окшободу. Азыр ушу чоң имараттын жүздөгөн терезелеринин форточкалары ачык, кеп эле мекеме башчылары оокаттанып отурушкан. Атүгүл, жертөлөдөгү ашкананын терезелеринин баары ачык эле. Эгерде бу бечара эч нерсени түшүнбөгөн макулук болсо, ошолордун баарына кайрылбастан, эмне үчүн аксакалдын кабинетине түптүз кирет? Ооба, аны бекеринен келген жок деп эсептейли. Андай болсо, келгендеги максаты эмне? Албетте, квартира же болбосо кызмат сурап жүргөнү жок, кандайдыр даты болуш керек.
Аксакал шаарга жаңыдан гана жайланышкан тыйын чычкандар жөнүндө ойлоно баштады. Шаар бак-дарактуу, атайын парктар бар. Анда жаңы жашоочулар үчүн атайын жасалган үй-жайлары, тамактануучу орундары бар. Демек, алар орун жагынан камсыз. Оокат жагы кандай болду экен? — деген ойго келгенде, баятан бери мейман каадасын бузбай отурган Тыйын чычкандын быйпыйган таноолору былкылдап, оозунан балапандын чыйылдаганындай үн угулду.
— Түшүнүктүү! — деди аксакал өзүнчө.— Бечеранын курсагы ач турбайбы! — Анын максатын кечигип түшүнгөнү жана ага адегенде эле меймандостук көрсөтпөгөнү үчүн өзүнүн улуулугуна карабастан, мекеме башчысы андан кечирим сурап, тарелкадагы күрүчтү, капуста менен сабиз аралашкан салатты меймандын астына жылдырды.
Дасторконго чакыруу ишаратын гана күтүп турган сыпайы мейман аксакалдын жакшы кабыл алышына, өз табагына чакырышына жана аны менен насиптеш болушуна миң мертебе ыраазы болуп, оокатты ыраазылык менен жей баштады. Ушул учурда аксакалдын оюна бир нерсе кылт этти – Тыйын чычкан өз курсагынын айынан гана келбеген болуу керек, шаардын жаңыдан келген жашоочуларын азык менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган экен! Ал столунун капталындагы кнопканы басты. Заматта секретарь кыз жетип келип, тийиштүү буйрукту укту; анын өз бөлмөсүнө барып, аксакалдын жардамчысына телефон чалды. Шаардагы жаратылышты коргоо коомунун кишилери чейрек сааттын ичинде кыймылга келтирилди…
Сыпайкерчиликтүү мейман аксакалдын көзүнчө сабизди кечке кыртылдатып отурбастан, ар кайсы даамдан ооз тийип, жакшы күтүлгөнүнө жана чоң кожоюндун пейлине эле тоюп, ыраазылыгын билдирүү үчүн алдыңкы буттарын бооруна алып, кош аяктап тура калып, анан ызаат кылгандай башын ийип, кош айтышты.
— Жакшы барыңыз! — Аксакал да жылуу коштошту.— Кам санабаңыз! Баары жайында болот…
Быякта килем төшөлгөн жол турса, Тыйын чычкан форточкадан кирип, форточкадан чыкканына ачууланбады. Эгерде бу макулук кабыл алуунун эрежеси боюнча эң мурун секретарга же жардамчысына кайрылса, эмгиче каалаган жерине жетмек эмес. Ага чейин шаардын жаңы жашоочуларынан далайы ач калып, мүмкүн жумуштун жыргалчылыгын көрбөй мезгилсиз мертинишет беле!
Түшкү дем алыш бүтүп, иш башталды. Аксакал учурдагы маселелер менен алагды болуп кеткен экен, чыйпылдаган дабыш чыкканын кулагы чалып, терезе жакка карады.
Ойноктогон Тыйын чычканды көрдү. Ал эмне үчүндүр форточкадан секирип түшпөстөн, терезенин ары жагында куйругун чамгарактатып, ары-бери ойноктоп, анан адатынча кош аяктап тура калып таазим кылды да, жанындагы барпайган арча жыгачына секирди. Секирбей эле учуп кеткенсиди. Куйругун булактатып, заматта көздөн кайым болду.
Аксакал анын ишаратынан улам, суроолору канааттандырылганын, мына ошону үчүн ыраазылык билдиргенин түшүндү. Саатын карады. Оокатты бир табактан ичкенден бир эки гана саат өткөн экен. «Ушунча кыска убак ичинде баары жайына келе калганы ыраспы?» — деген ою менен өзүнүн орунбасарына телефон чалды:
— Алло! Сиз, шаардагы тыйын чычкандардын абалын тезирээк билип, мени менен кабарлашыңызчы!
Ал учурдагы маселелерге кайрадан киришти… Бир аздан кийин орунбасары келди. Анын тапшырма алганына жарым саат гана болгон.
Орунбасар иштин жагдайын баяндай баштады:
— Акыркы күндөрдө тыйын чычкандар кароосуз калышкан! Шаардагы коомдун адамдары жана мектеп балдарынын күчү менен алар эки сааттын ичинде оокат менен толук камсыз кылынды!
— Жакшы! — Аксакал бу кабарды азыр гана уккансыбай сүйлөдү. — Аны билемин. Мени кыжырланткан нерсе: коомдун мүчөлөрү буга чейин эмне үчүн өз бетинче кам көрүшкөн эмес?
Суроо албетте кыйын. Ишке салкын караганы үчүн коомдук тийиштүү кызматчылар орунбасардын жемесин угушкан эле.
— Аны ал дейли.— Аксакал маселенин экинчи жагына кызыкты.— Тыйын чычкандардын адам чыдагыс абалы жөнүндө бизге арыз түшпөптүрбү?
Орунбасар ал маселени заматта тактады. Көрсө, шаардын бир адамы ушул маселе боюнча аксакалдын кабыл алуусун сурап, секретарга кайрылган экен. Секретарь аны кабыл алууну сурангандардын тизмесине киргизүү үчүн жардамчыга кайрылса, ал командировкада экен. Жардамчы командировкадан келип, аны тизмеге киргизишиптир. Бирок тизме боюнча, Аксакалга кирүү үчүн ага кезек бир айдан кийин жетмек экен.
Ушуну укканда аксакал ачууланды:
— Тизмеге жазылган кишилерди эмне үчүн этияттап карабайсыңар?! Иши зарыл кишилерди эмне үчүн кезексиз киргизбейсиңер? Бул эмне деген бюрократтык?
Орунбасар күнөлүү эмес. Баарын кылган жардамчы. Клиенттин жалынганына карабастан, «Тыйын чычкан эмес, мамлекеттик чоң иштерге чолосу тийбей жатат» — деп коюптур. Аксакалды аяп, майда-чүйдө маселелерди башкаларга оодара салуу же созуучу адатын карматыптыр.
— А, сиз өзүңүз эмне үчүн кийлигишкениңиз жок? — деди аксакал орунбасарына.
Орунбасар айыбын мойнуна алгандай нымтырап отуруп берди. Акырында эскертүү укту:
— Мындан ары этият болуңуз!
Эгерде жаңылышса, жемеге каларын, акырында азыркыдай эскертүү угарына орунбасар аябай дагдарылган. Анткени ал өз бетинче эч нерсе иштечү эмес. Көрсөтмөнү так жана убагында аткара турган.