
Эссе
Капыстан алдымдан чыга калдың. Тээ студент кездегидей болуп. Ошондо да капыстан алдымдан чыга калгансың, тагдырдын белегиндей. Тагдыр мага бал сунду деп кубанып ичип алып, уу жутканымды кеч билдим. Кеч билдим дагы азабын өмүр бою тартып келатам.
Оо анда сен укмуш жигит болчусуң. Каш кирпигиң төгүлгөн, карагаттай жайнаган, кең далылуу деги койчу сөз жок эле. Кыздар жанталашып сени сүйүп артыңдан ээрчип алышчу. Кызганып кетчүмүн бул жакта туруп эле. “Сен кызганба да, кыздар мени сүйсө, мен сени сүйөм!” – ушул эки ооз сөзгө алдандым.
Бактылуу биздин керемет күндөр. Бактылуу болуп биз жетелеше баспаган Бишкектин бир да көчөсү калган жок. Экөөбүздө анда акча, байлык, бийлик кызмат жок эле. Бирок бакытыбыз бар болчу. Бүгүн экөөбүздө акча байлык, бийлик баары бар, бирок бакытыбыз жок. Жоготтук, байлыктын курмандыгы сен болдуң, текебердиктин курмандыгы мен болдум. Үйлөнөбүз деп оолугуп чыктың. Балаңды төрөп, ак жоолук салынып, үйүңдүн куту болгум келди. Бирок апаңа жакпай калбадымбы. Жупуну көйнөгүм, жөнөкөй жашаган ата-энем кошулуп жакпай калды. Апаң мага жолукканы келгенде эле секирип кетти. Алтын, күмүштү мойнуна кабат кабат оронгон, кымбат шуба кийип, текеберлене караган апаңдын алдында жетим улактай корунуп турдум. “Мобу кийип турган көйнөгүң канча жылдык? Сага көйнөк алып бере албаган ата-энең мага ысык чай бере алабы? Тапканын кара, жүдөтүп?”
Апаңдын ар бир сөзү жүрөгүмө бычак болуп малынып атты. Анан баарын токтотуп басып кеттим, сага жолукпай басып кеттим. Такыр жолукпай өзүм менен өзүм унутууга аракет жасап, жылдарды узатып кала бердим. Ошол бойдон арадан он жыл өтүп кетиптир. Үйлөнүптүрсүң, апаң каалагандай чоң жердин кызын алып, чоң жерге ишке орношуп телегейиң тегиздей. Гезит-журналдардын баарында балдарыңды кучактап, жубайыңды эркелете түшкөн сүрөттөрдү коюп сен жөнүндө жазып жатышты. Сен жөнүндө мен билген ачуу чындык, башка эле, жалгыз мен бактысыздыңды сезип жаттым. Бактылуу каректериң башкача эле, сен башка элең, бүгүн башкасың. Көздөрүң тоңуп калыптыр. Жүрөгүм шуу тарта, сага баягыдай эркелегим келген жаным денемди алыс кармап туруп калдым. Мен сени азыр жектебейм каргабайм, жек көрбөйм. Бирок тоңуп калган көздөрүңдү көрүп коркуп кеттим. Жүрөгүң да тоңуп калгандыр ээ, мерез болуп….
Баяна КУЛОВА
17-сентябрь, 2016-жыл