
Азоо сымал кашып жалын, кулагын,
акырындан убакытты жоошутсам –
алыстарда ырас ырды чубаарым,
ак кагаздын беттеринде тосуп таң.
Эргигенде келем чындап эсиме,
эргигенде толукмун да, бүтүнмүн –
опурулган океандын бетине
орду-түбүң билип жүр деп түкүрдүм!
Түнкү-Асмандын басканын-айт башыман,
түмөндөрдөн табылабы арачы?
Түндүн баарын мага кошуп азыр ал
түркүк кылып тургандыгын карачы…
Ага болбой айтып: “Үлгүр!”, “Бол!”, “Ыкчам!”
алды жакка шашыламын – чоңбу орду?
Бир билектин беш салаасын чогултсам –
бир билекче болобу да, болбойбу?
Жерден тике жөнөш – таалай-бак канча!
Желбиреймин эргип! Ылдый төшөлбөй!
Китепти ачып, көмкөрөдөн ташташса
ымыркайдай ыйлайт башын көтөрбөй…
Эргигенде келем чындап эсиме,
эргигенде толукмун да, бүтүнмүн –
опурулган океандын бетине
орду-түбүң билип жүр деп түкүрдүм!
МАРЖАН КӨЗ
Адеми заада, ай чырай,
арзуумду айтам кантип-ай?!
Өрүлгөн чачың сунулуп,
өлүмдөн тартып алчудай!
Каршымдан чыкса карааның –
калтырак басып каламын.
Кирпигим тийип кетет деп,
ирмебей көздү караарым!
Маанайым чөксө эрте-кеч,
маржан көз, сенден дем келет.
Алчы, таа түшкөн чүкөмдүн
үстүндө турчу эркелеп?!
Сулуунун сендей султанын
сур булут тиктеп – нур-жалын.
Уйкуга кирсең – ой-санаам
уйпалап кайтат жуурканың…
Гүл-сүрөт болуп – чыныдан
күйгөнүм баалап тур улам.
Сөйкө бир жасап таксам дейм
булбулдун гана ырынан?!
Азапка салдың, ай чырай,
арзуумду айтам кантип-ай?!
Өрүлгөн чачың сунулуп,
өлүмдөн тартып алчудай!
ЧАЧТАРАЧ
Артык чачты арылтам деп үстүмөн,
aндан бетер сездим баскан күчтү мен –
апсайган бир чачтарачка туш болуп,
Анкарада марап турам күзгүдөн.
Деле болбой тегеренсе сапсайып –
дербишпи деп теңсинбеген баштанып,
тегиздете турган чачым кулпурат
текирейген ак-жайыктай, ак-жайык!
Чачтарачтын чач-мурутун, сакалын
чабыш үчүн, кырыш үчүн атайын
керектир деп бир комбайн эскирээк
кейкейип мен күзгүгө көз кададым.
Колу дагы, кайчысы да демеп-ээ,
корстон бирок – лепилдеп тур эң эле?!
Тартипсиздер үйрөткөнүн эстедим
тартип деген татым туздай немеге.
Алып жаткан чачты койчу, көнүккөм,
анын чачы-ов – жүрөгүмдү өйүткөн!
Адам болдук – кай бир кезде акылды
айткан үчүн акылы өөдүк-сөөдүктөр.
Чачты алууда чарк айланып, эңкейип,
чамынат ой анын чачын тең челип.
Министрдин болгом орун басары
мына ушундай тиктеп шефти кейкейип!
Бажарды ишти – баары бүттү ылдамда!
Баары бүтүп – кутулган бул кырдаалда
чытырмандан башты сууруп алгандай
чыкпасмынбы жыпжылаңач жыргалга!
Асман менен жатам ичке дем тартып –
аа-х-х-х!!!
ТЕГЕРАНДЫН КЫЗДАРЫ
Тегеранга мен келип,
деле кой, чоң иш менен –
галстукчан сенделип
калуучудай тиштенем.
Жомок, жомок – нур калпып,
жок ко шаарда көйгөйлөр?! –
Хафиз көрө тургансып
катар-катар мөлмөлдөр!
Бир сулууга эрип мен,
бир топ эстен танчумун.
Карап баарын келишкен,
кантип эсен калчумун?!
Канча мерте ыр арнап,
кай жүрөккө батырам?! –
Баарысы тең кыйа албас
бадыраң көз, бадыраң!
Кирпиктери найзадай
кылды мени жарадар.
Кулач керсе жайма-жай –
кучакташкан барабар!
Жарабастыр тырчыган,
Жараткандын ичи кең –
хиджабыңдын сыртынан-ов,
хиджабыңдын ичинен!
Сулат дейби жексенди
сулуу менен «көөмп» салып?
Суракка түз кетсемби
субай-салтын өөп салып!
Жайгын сүйүү этегин
жайнамаздан тышкары,
тегеренип кетейин
Тегерандын кыздары?!
САН-МИҢ ДООРДО
Толук болсун дүйнѳ дешип – кен ачат,
толукталган сайын бирок кеми ашат…
Салтты бузбай мухиттер да, деңиздер
сан-миң доордо толукталып келатат!
Бардык элде балдардан зор доорон жок,
бардык доордо баркы алардын оогон жок.
Чѳнтѳктѳрдѳ алпараткан таттуу эле –
чѳлкѳмү зор, кѳркѳмү зор тоо болмок!
Чалкыган бир дүйнѳ сымал көрүнүп,
чачтар тургай, каштар турмак көбүрүп.
Арбын шек бар калында ушул сулуунун –
астына анын жаткандай бүт кѳмүлүп?!
Учкан канат – бул ааламдын далысы!
Ушул жашоо – баштап алган жарышы!
Учу ийненин жоголду го ичкерип –
учу, демек, мейкиндиктин баарысы!
Катуу ирмелет караган кѳз жалтанбай,
калптын сѳзү калбыр-тешик калкандай.
Ойунчукту жасагандар балдарга
о, койчу, аттиң, жүрсѳ болмок картайбай?
Топук ошол – толтурам деп ойлосо!
Толгонунан артыгыраак – толбосо!
Тонуң чечип, ойлонyп кѳр жакшыраак,
тоолор болмок эмес – кеми болбосо…
Баары, баары бар болуп да, жок болуп,
бакырайган кѳз-жылдызга октолуп,
ушул дүйнѳ кеми менен улуу да,
ушул дүйнѳ ѳлүм менен топтолук!!!
МАШИНЕ АЙДАП БАРАТСАҢ
Машине айдап баратсаӊ –
маашырланып алат жан.
Оозун ачып шалпыйат
оомат жан-жак тараптан.
Сырын боолгоп канаттын,
сызып ана бараттыӊ –
тизилген зым мамылар
тишиндей жыш тарактын!
Жымылдаган “жоргоӊу”
жыкпай сүйөп жолдо бу –
бараткансыйт кастарлап
балалыктын оң колу…
СЕН МЕНИ БИЙГЕ ТАРТТЫҢ
Сен мени бийге тартып – селт эттирдиң,
сезимдин алоосунда жер тептирдиң.
Жанагы мага ийкеген канат-колуң
жандооч да, коргооч болуп – элпек жүрдүм.
Сен мага бийлеп жатып жылмайганда –
сезимим селге айланды тынбай кайра.
Каалгыдым эринге окшош кыр-жон менен
каалоомдун кашындагы ыр-майрамда.
Бий менен койдуң белем бийиктетип,
бирде бар, бирде жокмун – иликтетип.
Кѳз атсам кѳкүрѳгүң ортосуна,
кѳшүлѳ калам чууруп кирип кетип.
Жаркытып ого бетер мекенимди –
жайылта тегереттиң этегиңди!
Чаң жукпас жылдыздардай, булуттардай
жан-дүйнѳ менен жиреп-кечеминби?!
Бутубуз бир илинбей, бир илинип,
бул кайсы доордо жүрбүз чимирилип?
Экѳѳбүз бет келише, эп келише,
эзели жанбас болдук ийирилип!
Бүттү бий. Колдон ѳбѳм деп аткамын,
бүгүлсѳм – бүтүн элеп-желеп жаным.
Кѳрдүм-ов – булдозордун калагындай
кѳз-караш эрин-колго келатканын…
МҮЙМҮЙГӨН
Мүнөтү, сааты гүлгүн, мөл,
мүймүйгөн сулуу, мүймүйгөн!
Утурлап бизди тоскондо
узактан сага үйрүлгөм!
Башчыбыз болдуң коштогон,
баратып бизди кооздогон!
Баш ийкеп эмне десең да,
башка сөз чыкпай – топтолом.
Сен билген тилди мен билбей,
мен билген тилди сен билбей,
тикелей баарын көзгө айткан
тилим бар бирок – телмирмей!
Жарадым ишке – күлдүрүп!
Жаңылбай-нетпей мүймүйүп,
иретке дароо келдиң сен
интернет сымал үлгүрүп.
Жылмайсам а мен жай, ылдам,
жыкжыйма сенден айырмам –
беш тынып ууртум жыйнаймын
белестен ары жайылган.
Мүнөзү, пейли гүлгүн, мөл,
мүймүйгөн пери, мүймүйгөн!
Катарлаш басып келатсаң,
капталдан сага үйрүлгөм!
“Мындай сөз жок…”– деп, ой, ушу,
мыңкылдайт кыргыз добушу.
Мүймүйгөн кызы болбосо
мүмкүнбү сөздүн болушу?
Корейде тура андай жан!
Королдор көрсө – шалдайган!
Балмуздак жечү кашыктай
баскан бир изи шаң жайган!
Кашында үч-төрт күн жүрүп,
кайтканда ичке муңду үйүп,
учакта Сеул-Стамбул
он бир саат келдим чүйрүйүп…
КОШ БОЛ, ШАРШЕН
Кайран Шаршен, кайран курбум, кош болгун,
кайышты жан кабарды угуп Оштон бул.
Касырети кѳппү – беш күн кеч угуп,
кара ѳлүмгѳ беш күндү ошол кошкондун?
Каспийге мен тосуп бетти, тѳшүмдү,
кайгы сабын жазсам – деңиз ѳкүрдү.
Калың, меңиң оошуп кара күүгүмгѳ,
каптаган бейм жазмыш болуп ѳзүңдү?
Кораблдин эске салып чулусун,
каптап басып – карегимде турусуң.
Чырмаган бейм жазмыш болуп ѳзүңдү
чылк айланып кара түнгѳ мурутуң?
Ак сѳѳк элең – калжыңдарга теңелбей,
аскер элең, офицер элең кебелбей.
Так какшатып сен да кеткен экенсиң
Тагай жалгыз зерикти го дегендей.
Канча сонун доорду бирге ирмеп биз,
каттык эле каухардай кирдеткис.
Тоо боорунда паравоздой мурутуң
томкорула тургандыгын билбеппиз.
Каткырчу элең карасы жок кашкайып,
кайрык-ырың кетчү баарын как жарып.
Кууш жолдогу паравоздой мурутуң
кулаарда бир ышкыргандыр какшанып?
Кайран курбум, кайран Шаршен, кош болгун,
кайышты жан кабарды угуп Оштон бул.
Касырети кѳппү – беш күн кеч угуп,
кара ѳлүмгѳ беш күндү ошол кошкондун?
Мангыстау (Казакстан). 2015-жыл.
ЖАҢЫЛЫК
Жашоодо мобул көк ирим
жаңылык – «жарк!» деп көрүнүүң.
Бүчүңдү тиктеп койгон жан
бүчүлөйт сага көңүлүн.
Күн-жердин көөнүн бура алган
күлгөнүң – улуу чыгармаң!
Моймолжуп турган ай-жүзүң
мончоктун көркүн чыгарган.
Жүрөгүң – бийик бойуңдан,
жүрөгүң – бийик ойумдан…
Канчалар ага даргадай
асылып турат мойундан…
СУЛУУКЕЛЕР СУУСАГАНДА
Сулуукелер суусаганда –
жазып жаткан калемсаптар жукпай калат,
жашыл өстөн жабыккан бир журтка айланат.
Кайкып учкан чабалекей аласалып,
кайра-кайра чырмоокторго бут байланат.
Сулуукелер суусаганда –
өзүн мычкып ымыркайлар санаа тартат,
өбүшүүлөр өлкөнү ичтен жаралантат.
Сүйүү катын жазып жаткан ак кагазга
сүлү качкан сөөлдөр чыгып – салам айтат.
Сулуукелер суусаганда –
палбандарды башкарам дейт – силкип жеңи,
баатыр-учак келет көктөн илкип бери.
Көрөгөчтөр көзүн ирмеп-жумгандан соң
көтөрө албайт – ширетилип кирпиктери.
Сулуукелер суусаганда –
каткырыктар – кермедеги кирдей тоңуп,
кант эрибейт – куйган чайды пилдей соруп.
Канчалаган желекчеси кооз гүлдөрдүн
кайрыйт өзүн салаңдаган тилдей болуп.
Суусабасын!
Сулуукелер суусабасын, ыйлаш тургай…
ЖЕҢИЛ БЕКЕН САЙАСАТ?
Эч бир иште нап бербеген ѳлүмүш,
эми оңойбу сайасатта кѳрүнүш?
Уктачу элең, урушчу элең – ичиңде
уу-жыландай ийрелеңдеп сѳгүнүч.
Токко сайа койгон сымал – куйугуп,
токтободуң тоодон бери урунуп…
Чѳңкүлдѳгѳн чакырыгың жасалма –
чѳнтѳгүңдѳн чыкканга окшоп угулуп.
Турсак эгер ээрчип сени мактап биз –
туулгандан да мурунураак акмакпыз.
Көрүш үчүн сен көтөргөн жарыкты
кокуй, кайдан караңгыны тапмакпыз…
АЙ ТУРАТ КҮНДӨЙ ӨРТ ЧАЛЫП
Аккуулар жерден көл издеп,
асмандап учуп барарбы?
Армансыз болсом өзүм деп,
армандуу кылдың далайды.
Артына айдын жашынсаң
ай турат күндөй өрт чалып.
Кейүүдө дүйнө азыртан
кетет деп кийин көрктү алып.
Кайышам үзбөй күдөрдү
каалоомду өзүң берчүдөй –
жол кылып Асан-Үсөндү
жоодурап өтүп келчүдөй.
Сагынып, зарлап, күтүп да,
саргайсам жеңиш келбейби –
саргайып күйүп бүтүп да
сагынуу керек сендейди!!!
МЕЛДА-КАНЫМДЫН СҮЙҮҮ ЫРЫ
Мелда-Каным, ырдаба, ырдабачы?
Мээнетиңди алайын, кыйнабачы?
Айланып сен колума менин, менин,
алп кѳѳдѳнүм кийимден тырмабачы?
Ырдабачы, ырдаба, Мелда-Каным,
ыйдын салдың толуктап сен катарын!
Улам-улам кагылып, чабылып да –
упурадым учунда жең-жакаңын.
Кѳзѳл сендей – сыймык да, даңк белемби!
Кѳз-жаш тѳксѳң – түшүрѳт жалп беделди!
Артка жылба – жаралуу сүйүүң үчүн,
алчудайсың дубалга чаап денеңди!
Ырыңды угуп – бозоруп жашыл аалам,
ылдый-ѳйдѳ канчалар тапыраган!
Чыңырыгың жеткендей – кѳчѳлѳрдѳ
чымын-куйун түшүүдѳ машиналар.
Балдын түсү – чачтарың, балдын түсү,
бардын түсү – чачтарың, бардын түсү!
Жаба-жаба тѳгүлүп жаткансыйт ал
чалжыңдасаң, жулкунсаң жан күйгүзүп?
Мелда-Каным, ырдаба, ырдабагын?
Мезгилди да, мени да кыйнабагын?
Азап экен баарынан – кыйрап жатып
айланаңдын кѳрсѳң ал кыйраганын!
Чорт кесилген чорголор жарылган тур!
Чоңдордун да байлардын баары самтыр!
…Акырындап басайып, бир серпилип,
айланайы-ын, ана ѳчүп калды жалп ыр.
Боп-бош дүйнѳ! Житкенсип зор табылга!
Жокпуз мен, сен! Жок жардам, жолтоо мында!
Ыр менен ый бириксе – ыйман экен,
ыйман гана тик туруп кол чабууда…
ЖАЛПАКБОЗДО
Гүлдөргө конуп жалпаңдап,
күнөстүү бетте бал тандап –
көчөдө маска окшоп бир
көпөлөк учат тамтаңдап.
Суур турат тике – мактанып,
суйсалган чачы баштанып –
таскара калкыйт асманда
тараарга колу аз калып.
Байталга айгыр жеткенде
балп түшүп ооздон кеп, келме,
кокуйлап сөгө жаздадың
кош айак менен тепкенде.
Чойоктой бербей – болгула,
чокойдой кылып, ой, мына,
согончок-бутту салгым бар
соолуган булак ордуна.
СЕНИ МЫНДА КАЙСЫ ШАМАЛ АПКЕЛДИ?
Ар тарабы cулуулук да, жарашык,
Анкарада көчө бойлоп баратып:
“Эй, кайдан, сен? Кайсы шамал апкелди?” –
Эски тааныш менен калдым карашып.
Жалгызындай, жалжалындай жамааттын…
жаркылдаган денесиндей жарааттын…
Эмнегедир мында келип сулаган
эски тааныш – бөтөлкөсү арактын.
“А сен өзүң кайактан?” – деп ал мени
аңырайа абдан тиктеп калды эми.
Түктөйүп да, итирейе түшүптүр
Түркийада ачылгансып айбы эми.
Чыңырганда жараланып досу октон
чыга калган террорчудай тосот жон…
Ыйманым тур – шишеби деп былтыркы
Стамбулда кыргыз достор бошоткон.
Түркийанын арбын сонун жактары-аа,
түшүндүргүм келип турат башкага.
Көп өлкө бар, карабайсың – шише эмес,
көчөсүндө киши сулап жатса да…
КЕРҮҮДӨГҮ КӨРҮНҮШ
Чымын-куйун керүүдө…
чыдабастай качкан жак –
атасы уулун келүүдө
аркадан кууп апсаңдап.
Арткысы – узун, кубаттуу,
алды – кыска теңинен –
графиги сыйактуу
көрсөткүчтүн кемиген…
Аралыктан нарк кетти –
атасы уулга аз калды-ай.
Мыкаачылык тарс этти
мыкка урулган базгандай!
ТҮРКИЯ ЧИЙИМДЕРИ
Зоодой-зоодой үйлөрү көжөлүп тур,
зоболосун калкынын көтөрүп тур!
Коштой-коштой коопсуздук адамдары,
коңшум башка ооз менен жөтөлүп тур.
Жолдору кең – деңизи каптагандай,
жолдору ичке – ийнеге сапталаардай.
Эң жогорку кабаттан – быжырайт жер
эСэМэСте жайнаган кат-кабардай.
Байрактардын желбүүрү – жүрөк толкун!
Барктаганы-ай байракты үйдө болсун!
Чылым сорот бир аял тетир карап
хиджабынан түтүндү үйлөп окчун.
Саламга бай, салтка бай ойлор кызып,
сакал сылап, теспе уучтап – колдор ысык.
Адалдыкты жоокердей кайтарууда
ак найзасын мечиттер боорго кысып.
Кабарларда – жарылуу… жайрап жаткан…
кара кийип боздомой жайнап баштан.
Телевизор өзү окшоп кетет кээде
табытына шейиттин байрак жапкан.
Партийалар бөлүнүп – ириктешип,
бакырууда улутту бирик дешип!
Шашат чоңдор шаңкайган машинада
шакектенген күрөңгүч симит жешип.
Бардык иште эркектер – жалаңдаган,
балкайбаса – чоң жеңиш аялга анан.
Илинип тур эртеңдин сексен кабат
илмегинде крандын салаңдаган.