КУЛТЕГИН Кожогелди: КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИНДИН ЫРЛАРЫ

ТҮШКӨ КИРДИҢ

Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп,
күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп –
кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө
кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп?

Карап көрсөм ортобузду ой чулгап:
канча деңиз таарып-толкуп олтур, кап!
Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш,
тайанычы – жер, көк кошо солкулдап!

Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай
кармап алып сайасатты араадай.
Токой болуп сансыз күндөр ортодо
тосуп турат, кесип турат айабай.

Оттук сымал сезим жанып дүрт эле,
оо, ал кездин атаманы күлкү эле!
Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн –
канчаларга калка болуп турчу эле!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум,
айыпсыздан мезгилге аны уурдаттым –
чыгарбастан чеңгелимден чымчыкты,
чындап кантип бир нерсени урмакмын…

Кыйанатты кимибизге-кимибиз
кылмак элек башталаарда бийибиз?
Уйкашындай элек жазаар ырымдын –
уйа болуп бирибизге-бирибиз.

Кырк жылдан соң уланды бий түшүмдө…

КЫРГЫЗ, КАЗАК
Казакты – тоону кезип бара жаткан
кадиксиз кыргыз санап карады асман.
Кыргыз да калгансыды казак болуп
кыйкырып сызган кезде далаада атчан!

Казакка кыргыз эне ийип берип,
канча ирет кан жолдордо бирикпедик!
Канча ирет сактап калды кыргыздарды
казактар домбурадан чыгып келип!

Катарлаш каткырыкты, ырды издеген,
казактын эгизи бар кыргыз деген!
Жүрөгү толкуп-ташат… толкуну – тоо
жүргөнсүп Манас менен, Чыңгыз менен!

Нарктуулук – барктуулуктун сабагындай!
Намыс-ар – бабалардын саламындай!
Айныксыз окшош тура кыргыз, казак
атчандын эки жаккы аягындай.

Казак деп кармап душман… сабап… керип –
кай бирде кыргыз турду азап чегип.
Күлүңдөп турат кыргыз маңдайында
күзгүгө көрүнсѳ азыр казак келип.

* * *
Кышкы элеси жагаар бекен жериңин –
кыймылы жок апакай бир жумуртка?
Күн-Эненин жылуулугун – мээримин
күндөп-түндөп күтүп жатат, унутпа.

Кабыгын «тырс» жарам десең жазды апкел –
каалайт чындап мамиленин асылын.
Баш көтөрүп чыгат анан тармал жер
балапандай тыбырчылап акырын.

СЕНДЕН КОРКОМ, СЕНДЕН МЕН
Сенден эргийм, сенден мен –
сезимге албуут сел келген!
Ошол селдин ичинде
ойку-кайкы сермелгем!
Өзүмдү утур тарткылайм
өйдө карай жеңден мен!

Сенден сүрдөйм, сенден мен –
селт эте албай селдейгем.
Айткан сөзүң калтаарып –
алда канча шер менден!
Көтөрүлсө кирпигиң –
көзүм жерде сенделген.

Сенден күчөйм, сенден мен –
секетим-ов дем берген!
Атыңа уйкаш сөздөр жаайт
айткан капыс келмемден!
Сенден сүйүү жуктуруп,
сени менен эмделгем!

Сенден корком, сенден мен –
сезимиме тең келген!
Замандарды экчеп тур
саамай чачың сербейген!
Түмөн-сандап – жеңилсем,
түгөнөм го – жеңгенден?!.

Сенден корком, сенден мен!

СѲЗҮНҮН ЖОК КАТЫГЫ
Сүйлѳйт болбой… сѳзүнүн жок катыгы…
сүйлѳйт болбой адистерге аты улуу.
Бийик болуп сезилеби ѳзүнѳ
билерманды биле албаган акылы.

Канча бири саат карады акшыңдап,
карылардын табарсыгы ташкындап.
Эстеп оозун ачкандарга – эп ко дейт
эпостогу калкандарды бастырмак.

Канткенде эми кетет ѳзүн ѳзү аттап,
калп сѳздѳргѳ карайууда ѳзѳк жак.
Тѳш белги тур депутаттык… тѳшүндѳ –
тѳѳнѳгүчү менен оозун кѳзѳп-жап.

БОИНГ, СЕН…
2017-жылдын 16-январындагы учак жарылуусунан Манас аэропортуна  жакын жерде жайгашкан кыштакчадагы кырк чакты адамдын өмүрү кыйылды: канчалаган балдар жетим калды, канчалаган айалдар жесир калды, канчалаган ата-энелер баласыз калды.

Караанын, канаттарын кашкаңдаткан
кашы экен таңдын деппиз асман каткан.
Кыйракан турбайсыңбы, Боинг, кокуй,
кыйамат салып түшкөн каптал жактан?!

Кайран эл! Кайран кыргыз – карааны улук!
Кайгыдан боо түшүүдө кабар угуп.
Боинг, сен, болдуң жексур – талаага урбай,
бойуңду ичке уруп да, алага уруп!

— Апа-аа-а!!!– деп наристенин чаңырганы
артка не алдастатып кайырбады?!
Жүгүңдү көтөрүнгөн бойдон, Боинг,
жүлүндү издедиңби сайылганы?!

Уратып туш келгенди, бардык жагың,
ур-раалап жаткан сымал жалбырттадың!
Кыздарын баса калып – калканч болгон
кыйрайган энеден не айбыкпадың?!

Желмогуз – сен белемсиң күнүм үрккөн!
Жеп-жутуп, отко кошуп күлүн бүрккөн!
Кун ала тургандай не айып таптың
курсакта жаткан байкуш түйүлдүктөн?!

Байлыкты ташый берип – ордуң кемип…
бактыңды, балким, Боинг, койдуң жерип?
Ойрондоп салдың – колу жукаларга
оюнчук болгуң келип… болгуң келип…

Жайрады-ай ата… апасы… жардам сунаар…
жайрады-ай уулу… кызы… майрам кураар…
Күл-ойрон! Күм-жам үйлөр! Күтпөйт жазды
күзүндө шыбап бүтпөй калган дубал…

Кош тартып коңурукту – эңсегендей,
Гонконгдо конуп жата берсең эмне-эй?!
Жолунан адашкандын, чаташкандын
жосуну – тепсемей да, тепселенмей!

Сыныктар чачырап бүт, тарап канча,
сыздап тур миллиондор аяп канча!
Айыпкер кыргыз болуп чыкса экен деп
ак жаздык мыкчыйт бирөө таң атканча…

Уу ташын улам тагдыр өкчөтпөсүн,
уул-кызын, улутун эч өксөтпөсүн!
“Жайрады мендей болуп канчалар…” – деп
жанчылган, бели үзүлгөн көрсөтмөсүң –

Боинг, сен!!!

ИТТЕР
Адамдарга адам, анан ит шерик,
антсе дагы жексур досту «Ит!» дедик.
Коргогонго, коштогонго келгенде
кокуй, кээде боло албайбыз итчелик.

Адам өзү жаралгансып пайдадан
ала турган кезде көзү жайнаган.
Абалашса ар тараптан ит келип –
адам-итти эш тутабыз кайра анан.

Жалгыз сенин энчиң окшоп жарык таң,
жалгыз өзүң жашачудай алып шаң –
итиркейди келтиресиң башкага
ит иттерди көргөн сымал алыстан.

Алды жактан ким көрүнсө – каралап,
ажылдактан алгандар көп канагат.
Интернетте пикир чыкса бирөөгө
иттер чыгат ар жагынан абалап…

ЖАЛЖАЛ КЫЗ
Кылымбы – ирмем тизилген?
Кыйынбы жоопту айтмагың?
Жаркырап турган тишиңдей
«жарк!» эттир сөздүн аппагын?!

Ардактап турам нускаңы –
айжаркын жүзүң албырып,
бир өрүм чачтын уч жагын
бир өрүп, кайра жандырып.

Жалжал кыз, мейли, уйал да,
жалбырттат жалын-сезимди,
болбосо сүрдөп уламдан,
жоготчудаймын эсимди.

Бектиги эрктин – калпыстык,
белиңден бери имербей?!
Жоолугуң жактан аңкыйт жыт
жолумда турган сирендей.

Демиңди жыттаар бак мага
деги бир келээр бекен-ээ?!
Турганда жанаш – нак гана
тушташат эрдим чекеңе…

Кор болду дем, күч, шык, багыт,
колуң – гүл, колум – барскандай.
Коргон-Жар сени кызганып,
комдонуп турат арстандай.

ЭНВЕР ДЕМИРЕЛДИН ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮСҮ
Этимесгут районунун башчысы
Энвер мырза эргигенге бап киши:
— Төлөмүш, – дейт, – түрккө бозүй көрсөткөн,
төгөрөктүн ошондо окшоп ачкычы.

Турса Элчибиз калпак-чепкен кийинип –
түпкү атабыз Анкарада тирилип…
Кереге-уугу шаарга сыйбай бозүйдүн,
гезит, теле – баарын каптап тигилип.

Көтөрүлгөн Түндүк гезит-теледе –
көтөрүлгөн көк түрктөрдүн делебе!
Бириккин деп бийик кармап уяны –
бизге кеңеш айтты бозүй эми эле…

Уукту көрүп – улуулукка сайылдык,
улам биз да керегедей жайылдык.
Төлөмүштүн сөзү бозүй алдында
төрт тараптан төөнөгөндөй – багындык:

“Түрктөр, – деди, – туугандарым, боорлорум!
Түгөл бизге бозүй деген – Ордодур!
Силер дагы чыгып  ушул бозүйдөн,
сыйгалактап түшкөнсүңөр ойго бул.

Окшош жутуп окшош сууну булактан,
окшош элек – окшош түтүн булаткан.
Көзү түрктүн бакырайа баштаптыр
көп өткөндө айрылышкан убактан.

Бакырайды таң калгандан делдейип,
бакырайды чочугандан селдейип –
“Ой-иий, деңиз?!”, “Ох-оой, токой?!”, “Токто-о, саз?!”
“Ой-боой, душман?!”, “Коку-уй, баскын?!” – дей берип.

А кыргыздар эки колун серептеп,
алыс кеткен боорлор качан келет деп –
үлүрөйө карап жолду жай-кышын,
улам көзү бүтүйүптүр, демек, бек.

Анткен менен жүрөгү ачык эки элдин!”

УЙКАШТЫК ЖѲНҮНДѲ
Кайтаргандай аскерлер толук чекти
кагаздарды турсакпы коруп текши –
курутуп бүт ырларын кыргызымдын
күпайкечен уйкаштар толуп кетти!

Уйкаштары кыргыздын ыйык канча!
Ушулардан жаралган кылыч, найза!
Жара сайып, шылый чаап уйкаш менен,
жамандыкты болот бүт кырып салса!

Күпайкечен уйкашты маскарадай
кургуйга ары ыргыткын шак карабай –
такыр жаман ал жакта жатканы да
тарс атылып, талп түшкѳн таскарадай.

САРЫ КАР ЖААГАН КҮНҮ
Басып калды бааки-жокту сары кар,
баары алдында – салмагы күч санаанын.
Баш көтөрүп чыгабыз деп тайышаар
балдарындай курчоодогу калаанын?

Алдын күрөп эшигимдин көп өтпөй,
абай салсам – чиркин гана дүнүйө (!)
башы-көзү карала-кир бөбөктөй
барбалактап күлүп жатты сүйүнө…

БОЧКА
Чехийанын Теплице шаарында бир шарапкананын жертөлөсүнө түштүк. Тереңдеги жертөлөдөн эптүүлөй чоң жыгач бочканы көрсөтүштү. Жасалып, ошол жерге орнотулганына 1200 жылдан ашыптыр. Айтууда, ошондон бери шарап үзгүлтүксүз сакталып, үзгүлтүксүз куйулуп-сатылып турат экен.

Жалгыз өзү! Бир өзү! Башка ким бар?
“Жаныбардай!” – жай сылап, барктап ырдаар.
Кайып кошо житкен го буттары анын
кайыганда  канча доор, канча жылдар?!

Толо… бөксө шараптар – доор уланмай,
толо… бөксө кафеде эл – жол уланмай.
Жеткен айкөл баштанып турат бочка
жертөлөнүн желин бүт соруп албай.

Көркөмдүгү даамында – ох-х, жаңылык!
Көңүлдөргө көгүлтүр от жагылып!
Тула бою магдырап – таткан жандар
тултуйтушат ооздорун бочка кылып.

Төрт тарабы төп келген ордо сымал!
Төмөн агып шараптар чоргосунан,
өйдө жаккы дүйнөдө нечендердин
өркүндөтөт өнөрүн, “жоргосун” ал!

“Эгеси мен…” – дейт папке кармап турган –
эми бизди, өзүн да алдап курган.
“Сенин эгең, – дегим бар, – ушул бочка,
сендейлерден неченди алмаштырган.”

Сокур дүйнө ичине катып муну…
сонун даамын кылымдар татып туру.
Азамат деп айтканга ооз толтуруп
азыр тапкан окшодум татыктууну!

ЭРКИН СҮЙҮҮ ЭСТЕЛИГИН ТУРГУЗДУК
Ал да, мен да жайып кучак-канатты,
ай-жүгүрдүк (!) – карашты бүт, карашты.
Бир билгеним – Батыш менен Чыгыш да
бир-бирине биздей учуп баратты.

Айбыгуудан бүтүптүрбүз буулугуп,
андан эми чыктык капыс суурулуп!
Эркин-Сүйүү эстелигин тургуздук –
эки тарап, экөөбүз бүт жуурулуп!

Анан тап-так көтөрүп мен сүйгөнүм,
айтып кирдим: «Айдайым-ий, Күндөйүм!..»
Ай-ааламдан ок чыкпасын – селт этип
Ай-Күнүмдү таштап ийип жүрбөйүн…

ТҮРКТѲРДҮН СТАМБУЛУ
Түрктөрдүн Стамбулу, Стамбулу –
дүргүп да, зыргып турган сырттан чулу!
Демитип барып улам деңиздерди,
дем тарткан сайын гана чыккан бугу!

Баргандар баатырларча маарыйт сыйга!
Пайгамбар тоскон сымал байыйт ыйбаа!
Чет элдик Стамбулга жетип, бирок,
жеткиче Отелине карыйт кыйла!

Мечиттер – багбандардай… жардамчы окшоп…
мээлерди метродой алган коштоп.
Тарыхый жерлерди ана – имараттар
олжодой басып жатат арстанга окшоп.

Деңиздер – дене-кѳздѳр… кубулгандар…
демжисе – бай тарыхка урунгандар!
Суктантып суйсалууда… буй салууда…
сулуу кѳз сурмасына курулган шаар!

Түркий эл Стамбулга келген сайын
түгѳлдүк сезингени – эң чоң салым!
Бери кел, бери бол деп мурдун чымчыйт
бетинин четинен өөп Европанын…

Оттору – ордодон чоң шуру сымал!
Ооматы – Пайгамбардын мурутунан!
Жаралган окшоп турат Стамбул шаар
жапырт-бүт султандардын сунушунан!

Стамбулбул…

КҮЙѲѲЛѲР
Чарк айлантып жаштыгынын желегин –
чакырам деп качырган кѳп эренин.
Күнѳѳнү издеп күйпѳлѳктѳй бергендер
күйѳѳнү таап жарытпастыр эгерим.

Айдың-талаа арасынан жапжашыл
арбын терсе болот түстүн башкасын.
Күнѳѳнү таап – күчтүү болом дегендер
күйѳѳнү таап күүжүм болбойт таптакыр.

Кылым тургай, миң жылдыктар – күбѳлѳр,
кыйла чындык күбѳлѳргѳ сүйѳнѳѳр.
Күлүмсүрѳп, балким, күрс-күрс жѳтѳлүп,
күнѳѳлѳрдѳн чыгып келет күйѳѳлѳр.

АТАЙДЫН “МАШБОТОЙУ”
Дайыма Паганини жаратылып,
тарткандай  жүрөк тушун жара тилип –
Доган-Бей, керемет ко Скрипка
добушка айлангандай кан атылып!

Деңизге жанат дээрден чырагың-оо!
Жер-көктү желбиретет кыялың-оо! –
Безенип сайраганда… айдаганда
Бетховен пешенеси – Пианино.

Эки аспап аалам кезет чаң илээшпей!
Экөөнөн башкасы али шаң эместей!
Кыргыздын ойногондо “Машботоюн”
кыйналып кетет бирок шайы жетпей:

так эмес – чала-була каккансып ал,
нак эмес – чалайыраак тарткансып ал,
күмөндүү – болжой шилтеп устараны,
күзгүсүз сакал алып жаткан сымал…

Күүнү уксаң – болжой шилтеп устараны,
күзгүсүз сакал алып жаткан сымал…

ШЕКТҮҮНҮН  КӨЗҮ
(Түрк киносун көргөндө…)

Мафийа олтур!  Олтур сактап чийинин.
Маалым сымак кыйанаты Тигинин –
жалтак этти башкалардан көздөрү
жашыра албай калган окшоп ириңин.

Жара тиктеп кайра болбой, тайманбай!
Жалтылдоодо көз нурлары шаймандай.
Тизилишип төмөн учту канча нур
типтик ылдый муз тебишкен балдардай.

Көзү… көзү…көзү,  кокуй, башкача,
көрүп ала турган болду катпаса…
Кантип катат Мафийадан көзүн ал,
калдайып зор – карап, жиреп, каптаса!

Тымтырс, тыптынч турган менен олуту,
тыбыроодо чөнтөгүндө кол учу.
Көзүн өзү, арга болсо, шарт алып,
көчүгүнө баса олтурат болучу.

Бурса болбос үйдөгү алоо бечкени,
бурса болбос көзүн азыр тескери.
Өзгөрүүсүз оозу-мурду, кол-буту,
көздөн башка  “сатып” эч ким кетпеди.

Уукса дагы – күлө багып күшүлдөп,
угулчудай жүрөгүнүн дүкүлдөк.
Сыр билгизип жаткан көзүн – чылымдай
сылап туруп, сыга-соруп бүтүрмөк.

Жыргагансыйт – түшсө дагы кейишке,
жылбай-нетпей айланабы шейитке?
Көзүн эгер катаар болсо чылк жумуп –
көзү окшошо түшөөрү ырас бейитке…

Эки бирдей бейит сымал көрүнмөк…