
Кожогелди КУЛТЕГИН
Бир кылым мурда, тактап айтканда, 1915-жылы болгон Түркиянын Чанаккале аралындагы кызыл-кыргын Биринчи дүйнөлүк согушта эбегейсиз баатырдык менен Мекенин коргогон түрк жоокерлерине таңданбаган киши калбагандай! Ошондон улам, бир АНЗАК[1] аскери согушта өзү атып өлтүргөн түрк жоокеринин башын кесип, мактаныш үчүн мекенине – Австралияга алып кетиптир. Мумияланып катырылган баш 87 жыл бою ал жакта колдон-колго өтүп, жеке адамдар тарабынан сакталат. 2002-жылы илимий экзпертиза аны «түрктүн башы» деген бүтүм чыгаргандан кийин Түркияга расмий түрдө кайтарылып берилет.Түрк жоокеринин башы 2003-жылы 18-мартта мамлекеттик чоң зыяпат менен Чанаккале шейиттери жаткан аймакка коюлат. Ага белгисиз жоокер сыпатында атайын эстелик да тургузулат.
Баш-Боордошум, Баш-Жоокер, Баш-Аксакал,
башты ийип биз турабыз катар, катар!
Ойлор миң-сан,
окшотуп турам сени
окко… окко… өлүмдү, ажалды атар!
Баатырдыктын баш-отун сактап калып,
барат Мезгил баарысын каптап жарып.
Чекит боло тургансып согуштарга
жер кездиң сен денеңди таштап салып!
Түнөргөнүң – түрктөрдүн өчү чыгар,
түпкүрдөйсүң – түгөнбөс сөзү сыяр.
Жадагыча жүрдүңбү жер үстүндө
жашайм деген каалооңдун өзү сымал?!
Ырас, Мезгил тургансыйт ырды акмалап,
ырды сакташ үчүн да ый сакталат.
Учуп жаткан ирмемдер өтчү тура
утур-утур өзүңдү кылчак карап.
Топтолгон эл билмекпи – тулкуң кандай?
Тоголонуп берипсиң – умтулгандай!
Бир бурчунда Батыштын сакталыпсың,
бир бурчунда «мээсинин» түрк тургандай…
Унчукпастан сүйлөйсүң муңдашыңа,
улуу, кичүү – окшош бүт курдашыңа.
«Баз-з-з!» этип бир бомбадай жарылсам – деп
баш тарттыңбы Тынчтыктын урматына?!
Түңүлбөйт эч, түшпөйт эч дээри бийик!
Түгөнбөйт эч жатса да кемирилип.
Баатырдык ко өзүңдү тиктеткениң
Батышты сен эңкейтип… белин ийип…
…Ушунчалык тартылдым алактап-ээ,
учакта мен баратам карап дале –
чарт кесилип ташталган ошол баштай
Чанаккале аралы, Чанаккале…
КАРЫЯЛАР КАЯКТА, КАРЫЯЛАР?
Барганымда айылга бакылдашып,
Балдакчаны баш болуп бачым басып,
калуучу эле короолоп карыялар
калдайган зор тоолорду жакындатып.
Жалынып да жалбарса жашартып ал,
жаркылдатса сакалын сакайтып ал…
Мал айдаган таягын жөлөй коюп,
мага боюн таштачу атам сымал.
Чөңк-чөңк этип кээ бири өктөм мага,
чөбүрөсүн жетелеп бөкчөңдөп-аа…
Ал ортодо үлгүрчү кемпири тургай,
арсылдаган иттерди сөккөнгө да.
Карыялар – туу болчу желбиреген,
карааны эле көрүнсө сергир элем.
Мени атамдын сакалы менен сайып,
мени өпчү эле атамдын эрди менен.
Үйгө коштоп киришип жалпы баары,
үстү-үстүгө көтөрчү баркымы ары.
Шаар тууралуу суроону берип коюп,
мал тууралуу сүйлөшчү, дан тууралуу.
Базарлык жеп, баса ичип чайын ысык,
баары намаз окууга камынышып.
Мен байкагам – эңкейип бир катарда
мезгилге да турганын багынышып…
Айлыбыздын куту эле дайым алар,
азыр кайда наркы улук карыялар?!
Дайнын угуп, чакырып келүүчүдөй
дарыялар чамынат, дарыялар…
ЧАЧЫҢ СЕНИН…
Чачыңда нарк бардай жогорку
чачыла жаздап – шарт оңолчу.
Ичиңе каткын бүт сырды – деп,
ич жакка ийилчү, оролчу.
Кайрыгы баштанчу ырлардын,
кайталап сен аны ыргалдың.
И-ий, жүзүң жарк этчү чач жарып –
ичинен чыккандай ыймандын.
Кылчайсаң чачтарың жалт берип,
кызыкты сүрөткө тарт дедик.
Ойондор артыңдан селейчү
оозуна шерт келип, ант келип!
Сезимдин сиңдиси – чач-жалын
серпилтип кооздочу жаш чагың.
Чабагы баштанып опокшош
чабаган атуучу каштарың!
Бакыттын жайнаткан чачыла
байланган баштанчу чачыңа.
Сүлкүлдөп турган ал кезиңди
сүрөттөп туруучу ашыра.
Оң бетиң астына салынып,
сол бетиң үстүнө жамынып –
кырыңдан жатканда – кетчүсүң
кылымдар кыйрына агылып.
Чач-уя ичинде түш ашып…
чалкыган сезимде күч ашып…
Түнү да чачыңдын бир учу
туруучу күндүзгө туташып.
Бир учу кайрылып эрдиңде…
КЫРДА ОЛТУРУП…
Кырдамын кыял-ойду бийик серпип,
кыр дагы, кыял дагы бириккенсип!
Кош колду кош тиземе койгонумда –
корстонсуйт окшош шапке кийишкенсип.
Боз үйдөн чыгат түтүн суурулуп зуу!
Моюнга орооч кылар кубулушпу?
Кой союп атса дагы кайбар кыргыз
колунан жетелеп жүр сулуулукту.
Керемет боз үй төрү! Керек кезиң!
Кемтийтип албасын төр, демек, четин!
Калдайып аксакалдар олтурганда –
кашкайган катар тиштер элестесин!
Калың журт, кыргыз уулун байкагыла,
караган кишилерге калка мына!
Жактыра тиктеп эле тим болбостон,
жашынат мунаралар калпагына!
Күткөндөй кыйылгандар жыйылганды
күтөбү жыйылгандар кыйылганды?
Үмүтүң – такка чыгыш болсо эгерде
үйрөнүп алгын сөзгө жыгылганды.
Сулуулар таарынбасын эх-титиреп,
сулууну таарынттыңбы – жер кичирет!
Такасы, шиш такасы басса – ошого
таканчык болуп бербей – эң кичинек!
Биримдик, ынтымактык ээси куттун,
бириккен учкун тура тетиги устун.
Эгерим ажырашпас бир туугандай –
эки жак изи дагы эки буттун!
Кырдамын кыял-ойду бийик серпип,
кыр дагы, кыял дагы бириккенсип!
Кош колду кош тиземе койгонумда –
корстонсуйт окшош шапке кийишкенсип.
ЖООШ СУЛУУ
Шер жараша калган сымал доорума,
сен жараша калган сымал жолума –
тоголоктоп түйүп койчу чачтарың
толкуп түшүп – торко болду сооруңа!
Чалкып чачың жаткан менен жанатан,
чарчап бүттү чала-бучук тамашам –
карабайсың, сүйлөбөйсүң, күлбөйсүң,
карап коймок сүрөт деле – карасам.
Бийге тартып ийсемби дейм тарсылдап,
бирок колду cуутабы дейм калчылдап.
Чырпыйт сени чыканак да чыпалак,
чырпыйт сени галстугум ал турмак?
Сөз жөнөттүм – сөөлөт менен кашкаяр,
ыр жөнөттүм – ымдап туруп каш кагар.
Ойда-а сонун кызытышты кечени
орто жолдо күнүн көрүп башкалар.
Оң жагымды ордо кылган жоош сулуум,
отпускеге кеткен беле ооз-мурун?
Джакартадай баш көтөрбөй тиктедиң
дасторкондун гүлдөрүнүн кооздугун.
Бул кечени, бирок курук өткөрбөй,
будуң-чаңда турган кезде көз көрбөй,
мени акырын чымчып койдуң каруумдан
мелжеп келип, эрин менен өпкөндөй!
Ык эттим-ов тайый жаздап эбимден,
ыйык сөздү сездирдиңби дениңден?
Ың-жыңы жок эрип, балким, түшмөкмүн,
ырас, бир аз мелүүн экен эринден.
Анткен менен (айтсам, балким, коркосуң)
аспиеттеп жүрөгүмдүн толтосун,
балтайып мен алдым дароо мекендеп
бармак менен сөөмөйүңдүн ортосун…
БИР БҮДҮР ТАШ
Бакытка марыгандай деле (!) жыргап,
баскан көп, жүгүргөн көп дене чыңдап –
андыктан Орандын бул токою да
ар таңда коюу тартар эле чындап!
Түрктөрдүн тиктеп коюп курчураагын,
түйүндүү суроо бардай мурчуямын.
Алыскы Кыргызстандан алып келген
аргымак сымал туйлап булкунамын.
Мен элем шуулдагандын кыйыны анык,
мелтейдим бүгүн улам тыным алып –
ичине бут киймимдин бир бүдүр таш
мүйүздүү бука сымал кирип алып.
Өзгөртүп, өксүттүрүп абалымды,
өйдөдөн айта албадым саламымды.
Тездесем тегеренип мөңкүйт болбой,
тешчүдөй мүйүздөрү таманымды.
Жайласам жай алгансыйт анын жаны,
жарашып тынчый түшөт жаным дагы.
Кыпчылып тура калат кээ бир кезде
кычыкка буттун каптал жагындагы.
Баскындын келип өзүн жарып баскым,
бар күчкө салып чуркап аныкташтым –
мүйүздүү бука мөңкүп атырылып,
мүргүгөн бойдон токтоп калып жаттым.
Бир бутум озбойт неге сопсоо бойдон?
Бир бутум шилтенбей тур орто жолдон.
Бирөөлөр барбы дедим Кыргызстанда
бир бүдүр таштай ушул жолтоо болгон.
Маанини керекпи дейм кабыл алуу,
мандемдүү Кыргызстандын алы-жаны…
Даа көпкө жүрө бербей, кагып ылдый –
дал ошол бузуктардан арылалы!
ПЕЙИЛИҢДЕН ТАПКАНЫҢ
Шарап менен шарактасаң башка элең,
шалпып аткан кезиңде да ачка элең.
Какач сымал капилеттен жабышкан
кай бир кезде кашта элең да, чачта элең.
Жалпы баары – пейилиңден тапканың,
жакшылыктуу жактарга бир баспадың.
Олчойгон чоң жазды, күздү ал тургай
окуйм деген китебиңдей ачпадың.
Тыбырчылап – алыс көрүп аркы үчүн,
тырмагыңды алганга эле канчусуң –
кызыгы көп, кызылы көп дүйнөнүн
кыдыргансып, кыйраткансып жартысын…
ЖЫРТЫК
Кейибейм кемтикке бул кантип анан
(келтире копол сөздү айтып алам).
Жырткычты жыра сайып чыңыртчудай
жылмакай теменем бар жаркыраган!
Куралдын табылганы – сүйүнгөнүм,
Кудайга миң мертебе шүгүр дедим.
Ашыкча чоң болсо да колума алып,
алдыга бакыт минтип үңүлгөнүм!
Канткенде бүтөйм аны кейип жүрмүн,
кадырын билдим, бирок бейиш күндүн –
жалгыздык курусунчу, жаман катын
жанымда болгондо эмне деп үшкүрдүм.
Деңизге кетемин деп кут санаган,
делөөрүп түнү бою уктабагам.
Ыңаалап ийчүүгө окшойт эки көзүм
ымыркай эгиз сымал чуктабаган.
Мен турсам кемтикти ошол чыдап карап,
мелтейип мени тур ал сынап карап.
Чоңун айт, узунун айт – кадимки эле
чоюлган суу сактагыч сыяктанат.
Кыйырдан келген окшоп кылактап-аа
кылым түс менен турат ырааттана.
Мен азыр жөнөй турган Кара деңиз
менимче, чоңдур мындан бир аз гана.
Жээгинде ары бастым, бери бастым,
жеңимди түрө салып, дээрими ачтым.
Желкемди кашыганым – иш баштоого
жекече Долбоор түзүп берип аттым.
…Кол – Баатыр! Кемтикти акыр жоюп тындым!
Корстонмун шамалга шай толуп мурдум –
таштарын скифтердин ташып чыгып,
талтайта өөдүк-сөөдүк коюптурмун.
Кемтик ал – шалбарымдын жыртыгы эле…
темене менен тиксем тыртык эле…
ТЫРМАКТАР
Тырмактарын салган белем жарышка,
тырмактарын айдаганбы алыска –
баратышат сулуулардан суурулуп,
баратышат жарачудай намыска!
Баратышат башын чулгуп үмүттүү,
баратышат башкача бир дүбүрттүү –
ар бир айыл, ар бир шаарда сандаган
ар саяпкер кошуп ондон күлүктү!
Сулуулар бүт саяпкердей башынан –
суу, жем, чөбүн күлүктөргө ташыган,
үртүгүн жаап, жал-куйругун тарап жай,
үстү-башын үйлөгөн да, кашыган.
Ар нерсенин таба турган аргасын
асылкечтер көңүлүнө албасын:
күлүктөрү – тырмактары кулпуруп,
күйөөлөрү жүдөп-какап калбасын?
Кыргыздын бүт жигиттери өрт эле!
Кылыч кармап, кылымдардын көркү эле!
Азыр болсо арманы жок алардын
асылкечи тырмагынча көрсө эле…
КУР
Курдан дагы кут даарыйт белек болуп,
кур тагылган шымдын зор өлчөөсү бар –
эсеси артып, өзүнө келет толук
эгемендик тагылган өлкө сымал!
“Ала-Тоо”, октябрь, 2016
[1] АНЗАК – «Australian and New Zealand Army Corps» – деген англисче сөздөрдүн баш тамгалары (ANZAC). Кыргызча котормосу – Автралия жана Жаңы Зеландия Армиялык Корпусу.