
* * *
Бир жакка шашып жөнөгөндө – таксиге эле түшүп жөнөбөйсүң. Саатка да кошо түшүп жөнөйсүң. Автоунааң мурда жетер бекен же саатың мурда жетер бекен?
* * *
Сүйгөнүңдү тикте сүзүлүп, сүйгөнүң жок болсо – сүйүшкөндөрдү тикте үзүлүп.
* * *
Адам-эй, адамды бычактап өлтүргөнүң – бир эсе жырткычтык болсо, анын бетине чылымыңдын калдыгын таштап кеткениң – эки эсе жырткычтык болбодубу…
* * *
“Аял” деген – “ая”, “ал” деген сөздөрдөн, “эркек” деген – “эрки”, “эки” деген сөздөрдөн куралса керек.
* * *
Оозуңдан чыккан түкүрүк – сеники эмес.
* * *
Мен – бүт ата-бабаларымдын мекенимин, балам – бүт ата-бабаларымдын жана менин мекеним.
* * *
Эмне деген эле заман болуп баратат – келе, төлө дегенден башканы билбеген? Эртең эми светофордун кызыл жарыгына токтогондугубуз үчүн дагы акча төлөйбүзбү?
* * *
Жокко окшош кишилер менен жокко окшош күндөрдөн коркконум бар.
* * *
Бу касиеттүү Жер ар бир адам туулган сайын жаңырып, ар бир адам өлгөн сайын эскирди.
* * *
Тескери кылык-жоруктар менен “марага” жеткендерге мара да тескериленип “арам”.
* * *
Ырды бүркүттөй сабалап-эргип жазыш керек да, түркүктөй кадалып-катып оңдош керек.
* * *
Шаарды шаар кылып кармап турган – үтүк менен эле түтүк окшойт.
* * *
Ар бир акындын негизги бир окутуучусу – катарлаш калемдештери. Кайсы бир классик таасир этпей, кайсы бир досуң катуу эргитиши мүмкүн. Андыктан мен катарлаштарымдын күчтүү болушун тилеп келем.
* * *
Балдак баарынан мурда аялга жарашпайт.
* * *
Аялың менен “беркиниңди” ынтымак кылайын десең үчүнчү бирөөгө кетип кал, дос. Ошондо тиги экөө: “И-ий, өлүгүңдү көрөйүн, сени да ошентчү беле…” – деп атып эле ынтымакташып кетет.
* * *
Оо, улуу Күн! Эртең дагы экөөбүз жолугуш үчүн эң оболу Жер аман болсун!
* * *
Азыркы “ыштаны” жок гезит чыгарып оокат кылгандар – илгерки “Төө чечмей” оюнундагы ыштаны жок тоңкоюп, абийирин артындагыларга көрсөткөнчө төөнүн буйласын чечкен, анан ага акча алган катындардын өзү!
* * *
Кээде мага жаңы жыл – он эки ай ичинде бирөөлөрдү өлтүрүш үчүн келгендей туюлуп кетет.
* * *
Замандын шамалы көкүрөк-каптар менен көчүк-каптарды эле кыйын булккулап туруп алды.
* * *
Сүйгөнүңдүн жасап берген тамагы – нак бейиштин тамагы.
* * *
Тоодо туулуп-өскөн шаардыктар чогулуп эс алса – тоо таянып, жаратылыш беттеп кетмейи адат. Шаарда туулуп-өскөн шаардыктар эс алса – ресторан жертөлөсүнө түшүп, кадалып-түтөп олтурмайы адат.
* * *
Элдин астында Топчубек Тургуналиев тууралу эки сап ыр чыкты:
Топчуке тынчта – өлкө тынч,
Топчуке былчта – өлкө былч!
* * *
Жаның ооруп, айлаң кеткенде врач Теңир сыңары, ал эми Теңир врач сыңары көрүнүп кетет экен.
* * *
Ал тургай сүйүү да акчаны аябай сүйөт.
* * *
Өкмөт аппаратында иштеп жүргөнүмдө: “Акүйдө кашкайган чындык бар бекен, Кожогелди?” – деп сурап болбойт бир журналист. “Акүйдө кашкайган чындык барбы, жокпу, билбедим. Бирок, кашкайган сүйүү бар экен,” – дедим кесе.
* * *
Алар мындан ары эч качан ажырашпас үчүн ажырашып кетишти.
* * *
Алайку менен Алай, ал турсун Чоң-Алай тутумдаш. Андыктан баарын бириктирип, “алай”, “куу”, “чоң” деген сөздөрдү да кошуп, “Чоң Алайку” деп атап койсо болчудай.
* * *
Салтанат-шаңдуу доордо арман-күйүт ырлары, арман-күйүттүү доордо салтанат-шаң ырлары өтүмдүү да алымдуу.
* * *
Жакшы ырды (поэзияны) кара сөз менен да бирөөгө айтып берсе болот. Ошондой эле аны уккан киши дагы ырдын мыкты поэзия экенин толук бойдон кабылдай алат.
* * *
Атагы ашкан кооз жерлердин атарабында дагы кооз чөлкөмдөр сөзсүз арбын болот. Анын сыңарындай, атактуу сулуулар чыккан жерлерге жакындай баштаганда дагы айдай сулуу кыздар көп жолуга баштайт.
* * *
Жөнөкөй адам өтө көп акчаны көргөндө – көзүн… көзүнө кошуп оозун кап сыңары кере-е ачып тиктейт, анан акчалар батпай калгансып, башын башка жакка бир буруп келип (бошотуп келип), кайра жанагындай тиктейт…
* * *
“Оостий, оостий” – дегенден ашык философия каякта өзү?!
* * *
Биз социализм доорунда ыйман бийиктигине, руханий бийиктикке умтулуп, кыйла жерине жетип да калдык эле. Кан төгүүсүз келген азыркы эркиндик – ошол ыйман, рух үчүн Кудай өзү жиберген белек.
* * *
Бир автордук кечемде Калыбай Осмоналиев агай минтип сурады: “Заман өзгөрүлүп атат: сен дале акын болосуңбу же аким болосуңбу?” “Албетте, мен акын болуш үчүн туулгамын. Аким болуш деле жаман эмес. Эң жаманы – “А ким?” болуп калыш.”
* * *
Сүйгөн кыздын элесин карекке кадап алгандын таасиринен барып фотоаппарат жасалса керек.
* * *
Айтматов кыргызга ааламды кучактатты, бүт ааламды! Аалам да кыргыздын жүрөгүнүн кагышын, кыргыздын дем-жытын толук сезди!
* * *
Бурагыла! Комуз кулагын бураганыңар – улутубуздун кулагын жакшылык жакка бураганыңар. Колоктоп жүрѳ бербей, кѳркѳмдүктү, ыйыктыкты, улутчулдукту, мекенчилдикти жан дүйнѳгѳ сиңиргиле деп бураганыңар. Бурагыла!
* * *
Чартылдап күчтүү күйгөн нерсенин күлү жупжумшак сыңары – алоолоп сүйгөн адамдын көңүлү да напназик.
* * *
Аялдын табияты ушундай: аны сен күйөөсү катары мүрүңө чейин ылдый басып турушуң керек. Көп эмес. Эгер ал анчалык басылбай, сенден өйдө чыгып алса – өзүн да бактысыз сезет, сени да бактысыз кылат. Сенден бир аз ылдый басылып турса – өзүн дагы бактылуу сезет, сени дагы бактылуу кылат.
* * *
Асти жаман калемсап менен жазгылык кылбасын – жаман эшек минип алгандан бетер жадайсың да жүдөйсүң.
* * *
Өзү, койдон өткөн “патриот” болбойт экен! Кокус союп калса кожоюнду уят кылып албайлы деп – бир-р баш көтөрбөй оттошот, жаныбарлар! Андайлар адамдардын арасында да кезигет.
* * *
Жок! Нагыз жаман киши мынчалык жамандыкты жасай албайт.
* * *
Аялыңдан ашкан саяпкериң болбойт экен! Сени таптап-үртүктөп… сени озуп олжого жетсин деп – бүтүндөй өмүрүн сарптайт турбайбы. Же биз көксөгөнүн аткарсакчы… Талпаң-талпаң жүгүрүп баратып – талп жыгылып… Андан көрө аялыбызды таптасак – алданемедей кетет беле…
* * *
Чыгарманын жазылып бүткөн учурун – комуздун күүлөнүп бүткөн учуруна салыштыраар элем. Көңүлүң, бар дүйнөң ушунчалык ыкрал болуп токтойт ошол жерге. Кичине эле бурасаң – күүсү бузулат…
* * *
Бомжга эски галстуктун гана кереги жок.
* * *
Акчанын сапары убакыттай учкул: саат бештен кийин тез эле алты болгондой – беш миң акчаңдан кийин тез эле алты миңи сарп болот. Саат ондон кийин тез эле он эки болгондой – он миң акчаңдан кийин тез эле он эки миңи тамам болот.
* * *
Адамдын сунула турган жерлеринин баары – же периштеге, же шайтанга айланып турат.
* * *
Асыл жерде көз жарып, асыл жерде бой керип, асыл жерлерди турак кылган экенсиң. Анан ошол асыл жерлердин бирде-бирөөнө да алдагы жүрөгүң жама-ан бир чөнтөк болуп бере албаганын карасаң…
* * *
Татыктуу жеңиле алган адам – татыктуу жеңе дагы алат. Ал эми татыктуу жеңе алган адам – татыктуу жеңиле албашы мүмкүн.
* * *
Сулууларды ого бетер сулуу көрсөтүп турган касиет – менменсинүү! Сулууларды ого бетер улуу көрсөтүп турган касиет – жароокерлик!
* * *
Базары келип, жылдызы жанып турган кыздын базардагы же дүкөндөгү соодасы да жакшы жүрүшөт.
* * *
Кылымдын соңу же башы – кыр-ашуу. Кыр-ашууда кыйынчылык. Кыйынчылыкта кыйкырык-чуу. Анан да кылым башындагы кыйкырык-чууң кыр-ашуудагыдай оо-баарына угулганын айтсаң…
* * *
Нанга жеткен акча – намыстуу акча.
* * *
Арак адегенде апетитти бууп – тамакты жеңет. Тамакты жеңсе эле – өзүңдөй манапты жеңет.
* * *
Сулайман Тоо – ордолуу Оштун жүрөгү! А жүрөк менен ойногонго болбойт аркан-жол салып.
* * *
Кыргыздын “өппө” деген сөзүнө таң калам. “Өп” дегенге анын тескери айтылышын уласа эле – тескери мааниси чыгып атпайбы. Мындай сөз кыргызда гана болушу мүмкүн. Андыктан көп айтпагыла – көз тийет.
* * *
Ымыркайдын оң колундагы бактысы – апасы, сол колундагы бактысы – атасы.
* * *
Ошенткиле, Оштогу кодура эстеликтердин аалдында сүрөткө түшпөгүлө. Эки-үч киши катар тура калса эле – тосулуп көрүнбөй калат экен эмне…
* * *
Дүйнөң ураганда – азыр чегип ыргыткан тамекиңе жармашып, кадимки улуу Күн жерде жатканын көрөсүң.
* * *
Кыргыз деген башына жалбырттаган жалын (ысырык) кармаган элдерден!
* * *
Таң калыштуусу, жакшы аял жыл өткөн сайын жакшырып, жаман аял жыл өткөн сайын начарлай берет экен.
* * *
Мага социализм кулабай эле, Маяковский чала-була кулагандай аянычтуу болду.
* * *
Өмүрдүн бой тарткан бойдокчулук кезинде гана (4-5 жылдай) өзүңө өзүң чала-була ээсиң. Ага чейин ата-энеңдин ээлигинде телпектемей, андан кийин аял-балдарыңдын ээлигинде желпектемей.
* * *
Айылдын күтүрөгөн жашоосун көрүп туруп, шаардын битиреген жашоосуна ашыгып турганыбызды айтсаң.
* * *
Дасторкон калың болсо – тамак жука ичилип-желет. Дасторкон жука болсо – тамак калың ичилип-желет. Үнөм да берекеде!
* * *
Сулуулардын бардыгын алгым келет!
* * *
Кара темирден жасалган гаражыбызды акка боётоюн деп жүрдүм эле. Бирок ар күнү балдар анын бетине сүрөт тартып, сүйүү сөздөрүн жазып ойношконунан боётпой койдум.
* * *
Өз деген – өз! Айталык, бир колуңа бир колуң тарсылдата чабылып атса дагы – ал жакшылык иретинде, тактап айтканда, коштоо, жактыруу катары кабылданат. Өз деген – өз…
* * *
Интернаттын балдары азайып, интернеттин балдары көбөйсүн!
* * *
Кеченин же концерттин жүрүшүндө берилген гүл – чыныгы гүл. Ал эми кече же концерт бүткөнгө чейин кармалып олтурулуп, өнөр секиден түшкөндөн кийин тапшырылса, ал – гүл эмес, күл. Анткени күйүп бүтүп калды.
* * *
Көралбастык көбүнчө көңдөй туугандарды жана көңдөй досторду мекендейт.
* * *
Тиги келаткан атчан менен бараткан атчандын тизгин тарта сүйлөшүп турганы кандай адеми сүрөт! Болочок чөбөрөмө… кыбырама көрсөткүм келип кетти бери колго алып!
* * *
Акынга кыздар тийишкендей тумоо-сумоо, шамал-памал дагы утуру тийише бергени жаман.
* * *
Буткийимиңдин бирин аласалдыра агызып кеткен килейген дарыяны буткийимиңдин экинчи пайы менен чирене атып-урсаң – моокумуң да кадимкидей кана түшөт! Эч нерсе да жоготпойсуң! Апенди жоругуңа жапайы каткырыкты да саласың жыргап!
* * *
Айылыңа мактанбас үчүн – аялыңа мактангын. Ал баары бир ишенбейт.
* * *
Жарык деген – жарык. Саясаттан, куулук-шумдуктан тышкары ал. Маселен, залдын жарыгы эшик ачылаар замат дализге деле кире берээри ырас.
* * *
Чыңгыз Айтматов өлгөндөн кийин кыргыздардын баарысы эле опокшош болуп жатып калбаспы…