КУЛТЕГИН Кожогелди: АРСЕНИЙ ТАРКОВСКИЙ КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИНДИН КОТОРМОСУНДА

ТӨӨ

Узун – буту. Бирок орустуку эмес,
Ушул бутта ыржайып тур качантан.
Чырмакталып салбырайт жүн – бу мерес
Чыккан өңдүү эскирген бир чапандан.

Көчмөндөр бүт таазим кылып чыгышка,
Көп нерседе абдан аша чабышкан –
Төө жүнүнө кумду солоп-тыгышса,
Төөнүн өзүн тикен менен багышкан.

Чөлдүн сараң Кудайы абдан өрмөлөп:
Төөнү – бүкүр падышаны накта ушу
Калдыктардан жасап чыккан өңдөнөт.
Төө – жакырдык, чыдамкайлык тактысы!

Таноосуна чүлүк салып – башкарып,
Арманы ичте… а сыртынан менменсийт.
Оюнчуктар – шалдырактар каатталып
Узун, ичке мойну толо келгенсийт.

Кара-Кумуң, Кызыл-Кумуң түтпөгөн,
Саратанда сапар кезген ак тайлак
Алпурушуп бөтөн таңгак-жүк менен
Карылыкка келди мына жапжайдак.

Төө бечара – жаныбардай эң эски,
Көнгөн чөлгө… жүккө… сабап-урганга.
Бирок деле өмүр жакшы эмеспи
Бир нерсеге минтип жарап турганда.

СОКРАТ

Элди үстүнөн башкаргым жок, жаңылдың,
Жеңиши эмес согуштун ал. Сый эмес.
Катыган оң чайырындай кайыңдын
Хан болгуча, жан болгуча тың эмес.

Коркпогула баарың, цикута ичкен да,
Кээде дудук, кээде дүлөй болуудан.
Үркпөгүлө самтыракты кийсем да,
Үйрүм менен келечектен жолугам.

Денем келген денеңерден ойгонбой,
Деңиз түбү, тоо чокусу – шаарым-ай!
Дүйнө калк-калк – раковина толгондой,
Боштук – күү-шаа олимпиядагыдай.

ТОКОЙЧУНУН ҮЙҮНДӨ

Мылтыгымды жоготуп мен токойдо,
Мүрүм салып жиреп жүрдүм ар шакты.
Жырткычтардын түнкү көзү ошондо
Көзөчүдөй көзүмдү улам жалтантты.

Токойчу анан мени үйүндө калкалап,
Чайын сунуп – олтурамын кыял мас.
Адашып мен жүргөн менен канчалап,
Туш келипмин өз дүйнөмө кыя албас.

Өткөндөрдү эстеп – кемим толтурдум,
Көрсө, дале сырдуу дүйнө көзү эсен:
Күрүшкө бу, үстөл жана олтургуч –
Кудум бала кездегинин өзү экен.

Так ушундай болчу биздин каалга да,
Дубал дагы кудум өзү ошонун.
Токойчу да ошол кезги каадада
Аңгеме айтып – андагыга окшоду үн.

Бопоросун ороп алып, айнекти
Менин көзүм менен карап кирди анан.
— Улуй берсин… уңшуй берсин… ал кеппи,
Түнү ушинтип эркелетет бизди алар…

ТҮНКҮ ЭМГЕК

Күйгүздүм да жарыкты, сыя жолго
Көз таштадым, үстөлдө кезектеги иш.
Чегирткелер ырдайт ко бул обондо,
Ырдоодо аны электр эсептегич.

Кытыратып чычкандар жыргап атат,
Күндүзү ага убакыт таппагандай.
Үстү жактан саат мени кыйла басат
Бир айтканын миң айтып тактагандай.

Баш көтөрбөй иштеп мен куштарланам,
А сырттагы ызы-чуу барат кычап.
Кучакташсын, куунашсын – жаштар да алар,
Шарап ичсин, шаңдансын таң аткычак.

Мага эмне бар? Ар башка максатта ар ким,
Эки кылым жүгүн маа үйүп-баскан.
Кимдир-бирөө ырахмат айтат балким
Жеңишиме үңкүйүп – үңүп тапкан.

УЙКУ КАЧКАНДА

Эмеректен чарт жарака кеткен тур!
Түтүктөн суу тамат – кыжыр келтиртип.
Күнү кечке канча иштейбиз чечпей кур,
Ушу кезде колго тийет эркиндик.

Ушу кезде буюмга да берилет
Адамдардын үнсүз-сөзсүз жандары.
Сокур, дудук, дүлөйлөрдөй керилет,
Кабаттарды каптап алар жайдары.

Ушу кезде шаардын тиги сааты да
Секунддарын сербеңдетип секиртип…
Андан улам лифт дегениң астыга
Аксак менен бүкүрдү тур кетиртип…

Тирүү эместер жана жарым тирүүлөр
Күтүп жатат караңгыда суу тамган.
Стакан таап бирөө сумка түбүнөн,
Бийлеп жөнөйт лөлүгө окшоп кумсарган.

Жалаңгычтай а каалганын артында
Бара жатат үзгүч-тешкич немеси.
Зым-сууну азыр үзөт алып алкымдан
Кредитор кейиптенип элеси.

Баарын ошол бажарчудай дымакта,
Соку менен суу жанчканга болобу?
Көз илинбейт – өзү кошо сырактап,
Уктатмакпы ушул түндүн жомогу…

ДҮЙНӨНҮН ОРТОСУНДА

Мен адаммын – ааламдын дал ортосуна тургузган,
Миллиарддап арт жагымдан инфузорий коштоп тур.
Миллиарддап алдымда тур жымыңдаган жылдыздар,
Ортосунда боюм созуп сулк жатканга окшошмун –
Эки жээги сыяктанып кучакташкан деңиздин,
Көпүрөсү сыяктанып кучакташкан космостун.

Мен Нестормун – мезозойдун летописчи-жазарман,
Иеремейи дагы менмин келечектин шарты улук –
Саатты жана күнбаракты колго кармап какайган.
Россиядай баратамын келечекке тартылып,
Өтмүшүмдү каргайм кедей падышадай кашайган.

Өлгөндөрдөн артык билем өлүмдүн да дайынын
Болуп туруп тирүүлөрдүн артыгыраак тирүүсү.
Кудай сакта, өөнүнө окшош алтын жибек-шайынын
тиги шайтан көпөлөк не мага карап түн ичи
тимеле бир күлөт кыздай – бар сыңары айыбым…

КҮНДҮН ТУТУЛУШУ, 1914

Ошол жайда элимде муң,
Темир чынжыр тагынгандай…
Кууп-сапырып деңизге тур
Куу талаалар багын кандай!

Аяр кечте күйөт мейкин
Аялдын заар жүрөгүндөй.
Кылчайнаш да шүйөт элкин
Кудай сөккөн күнөөлүүңдөй.

Таңда айылга кирди “мейман” –
Дезертир ал жылаңбуттуу.
Гимнастерка – кийгени оңгон,
киртейип ач – чыдам бүттү.

Асманды дат баскан ороп…
Аны икондой карап талды –
Жаркылдак ай – алмаз орок
Кемтийгени баратканбы…

Катып карап – эстетти өзү
Кайгы-зарды ороп-чулгай –
Согуш өртүн кечкен көзү
Соолгурду тур жолоттурбай!

Басып дүлөй караңгылык,
Башын түштөй арбайт мына.
Кош деп, кетти араң чыгып
Колума окту карматты да.

Көңүлдү бүт калтырды бейм
Көздү соолтоор жарык чылгый…
. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . .
Жарыкта ушул жай турдум-эй
Балким, жүз жыл, балким, миң жыл!

ЫРЛАРЫМ

Ырым ар бир – балапан да, мураскор,
Жан кыйбасым жана дагы доогерим.
Унчукпасым. Бежирегим. Сунат кол,
Эп келишчүүм, кекиреймем оо менин!

Өзүмдүн да урук-тууган, уруум жок,
Керемет күч колуна алып жетилткен.
Күрөк-Мезгил мени шилер уюл-чок –
кумуранын айлампасы эс үрккөн.

Сууруп чыгып кекиртегим уп-узун,
Жандүйнөмдү жасалгалап тегерек,
Жарашат деп жон-тениме кут ушул
Тартты сүрөт – таалай гүлүн керемет.

Кайыңдардын уруп табы – ысыпмын,
Кармап-тутуп осуятын Даниилдин.
Шердентүүдө күн батааркы кызгылтым,
Пайгамбарча бата бердим дагын бир.

Жер элем мен жарыбаган, ызгаар, кум,
Канча мезгил айла таппай өткөрдүм.
Кулап мага түштү ырларым – куштардын
Тумшугунан, көздөрүнөн чөптөрдүн!