
ТАБЫТ
Тактайдан. Узун сандык. Сап башындай.
Башы кең. Аягы тар. Бой сунушат.
Жасаган усталар да – башка тургай,
Өздөрү менен аны толтурушат.
Бүт жактан кичиртилген так бөлмөчө,
Дубалы куушурулуп, шыбы ылдыйлап…
Кутунун ичиндеги таш-бөбөкчө
Кыялым жатат сулап… тыбырчылап…
Чак окшоп турат менин чабал денем…
Жан дүйнөм чак келбестир буга эзели.
Мактанбайт эч ким – артта калган менен,
Бир-бирден келип кирет – туура эсеби…
Өлгөндөр кайра туулат деген чын бейм,
Анда бул – бешик белем жалындаткан.
Кантсе да оор белек ко… Барат кимге-эй
Капкагы жабылып да, жабылбастан…
ТУРМУШ
Капысынан ачса шамал эшикти
Кара кабар келгенге окшоп үрпөйдүм –
Океанда кемем чөгүп кетиппи?
Ойрондоппу – орду калып үркөрдүн?
Кол жууш азап кожоюндук кылгандан,
Коркунучтуу өлөөр жанды сүйгөнүң.
Үф-фү-ү десе үзүлгөн жип – бул Жалган,
Туюк көчө, туңгуюктук – дүйнө-күн.
БУЛ ЖАМГЫР
Жамгыр, жамгыр, жамгырлар – ичкеси кылдын,
Жаап жатканда жалбактап – демимден жумшак.
Жамгыр, жамгыр, жамгырлар токтосо бир күн
Тааный албас күзгүлөр өңүмдү тумсак.
Жамгыр, жамгыр – жипке окшош канымды бууган,
Жан-тенимди оорутпай шилиген бычак.
Сөөккө жете, ташты ойо тамчылап улам,
Чыда, чыда, чыда дейт билинбей кычап.
Жамгыр, жамгыр – шек-күмөн туудурган кайып,
Ой-кыйалды орогон караңгы кайра ал.
Түндөрдөн да, үндөрдөн, суулардан чалып,
Жин-шайтандар башымда курушкан сайран.
ӨЙДӨКҮ ТЕКЧЕДЕ
Оюнчуктар сынып – бизди кейиткен,
Тарс үзүлгөн “тамырларын” көрдүкпү-эх?
Кулак салсаң – сүйлөгөнсүйт бейиттен
өлбөс болуп алыш үчүн өлдүк деп.
Акыл сезбейт эскиликтин жаңысын,
Акыл деле чирик тиштей чектелүү.
Өлбөстүктүн таап аласың дарысын –
Өйдө жакты кара, өйдөкү текчени…
АК ШООЛА
Ойгон, жаным, өчтү бардык жылдыздар,
Күн чокудан чыга жаздаар кезби азыр.
Ар бир таңда Күндү күтчү үр кыздар
Ушаламак болуп турат көздү азыр.
Ойгон, жаным, добуш келди түпкүрдөн –
Ноктону үздү караңгылык күпсүйгөн,
Босогодон шоола бери жүткүнгөн –
Кубаламак болуп турат түндү азыр.
Аппак шоола үнсүз какты каалгамды,
Аппак шоола көздү басты – жанданды,
Ак жылаандай жан-тениме арбалды,
Муунтмак болуп турат – жеңин түрдү азыр…
ЖАНСЫЗ АТ
Нече өткөндө нечеден,
Нечеге не калганда –
Эрте бекен, кеч бекен,
Кезек келет жалганда.
Качыр-р этет так астым –
Окуранып жансыз ат.
Түпсүз чуңкур – санаттыр,
Же түбү жок акыйкат.
КҮЗГҮДӨН КАРАП ТОЛГОНУУ
Жашың акпай – жүзүң анда жылуу экен,
Бүгүн көрдүм сени – оңгон ырайды.
Көзүң толо көөнө кайгы нуру экен,
Көрк-жүзүңдөн көрдүм тоңгон ылайды.
Ийген талдай чарчап турсуң, алсызсың,
ийри чөөттүн суусу сымал балчыксың,
Бычак жеген сыяктанып кансызсың,
Өз журтуңда көрдүм ойрон чырайды.
Жаназа кууп ар бир өмүр артында,
Билбейм, кантип жетет, качан, кай жылда?
Ар күн жүргөн калыбыңда салпылда,
Арт жагыңдан көрдүм өлгөн дидарды.
ҮЧ АТЧАН
Жалгыз куштай – узактан!
Келе жатат үч атчан
Айыл жакка ээленип!
Калдактоодо тондору!
Үчөөнүн тең оң колу
Асман жакка мээленип!
Шамал чыгып булуттан,
Шайды оодарып куруткан –
Аптыктырып бурулса.
Жарыш-Тоолор онтоп тур,
Жүрөкпү деп болжоп тур –
Темир така урулса.
Камчылан, тез жеткиле,
Алып мени кеткиле,
Жалгыздыкта камалдым!
Караан дебей кайдагы,
Карагыла жайдары –
Коңшуңармын а балким.
КҮТҮЛГӨН СЕН
Сыркоодой таң күтүп саргайган,
Өлүктү күткөн гөр баштанып,
Күнөөнү күткөндөй шайтандар
күткөмүн мен сени чакчайып.
Калдым не келишиң каалабай,
Тапсам да жогуңа карабай?
Көлөкөң көпкөн кез аябай,
Келбегин, келбе эми тастайып?!
КҮТКӨН МЕН
Сен – тоолордо качкан үркөөк жейренсиң,
Мен – жырткычмын, артыңдан кууп баратам.
Жардам сурап – бүт дүйнөнү кел дээрсиң,
Мен, сен гана бул дүйнөдө – карасаң!
Басып өткөн жолдоруң да – коркунуч,
Барат демеп тапырагы бутумдун.
Жетип апчып алчудаймын кол сунуп,
Желкеңди өрттөп демим дагы – кутурдум!
Кышкы түндө жалгыз калып, бөлмөңдөн
Мени эстесең – ичиңди иттер жулкуган.
Калдыратам терезеңди жөндөн-жөн,
шамал эмес, менмин сыртта уңшуган.
Көөдөнүмдөн заарым чыгып абага-ай,
Көркөм гүлдөй өмүрүңдү солутат.
Шаардан-шаарга качсаң дагы аябай,
Акыр жолдор мага апкелип коюшат.
Өлүшүң шарт. Артка жолуң үзүлдү-эх,
Бейит менен бежирешип түтөдүм –
Көксөгөнгө жетпес белги ушул деп,
Гөр ичинде каткан таштай күтөмүн.