МАТИСАКОВ Абдиламит: АБДИЛАМИТ МАТИСАКОВ: ПЫШТАК

АҢГЕМЕ

Кош терезеси тоону караган кенен үйдүн таңкы тынчтыгын темир мештеги дуулдап күйгөн от бузат. Жети жашар бала мурду куюлуп түшкөн, митчедей кемпирдин колтугунда мештин кызарган бооруна бызылдатып күкүрт чагат. Сары жалын сөөмөй учун күйгүзүп баратканда талын таштап жиберет. Ага эски постектин бысырап күйгөнү кызык. Чылпылдатып өрүк как шимиген кемпир баланы далыга домдомуш болот.

— Өрт чыгарат экен. “Оюндан от чыгат” болуп. Акылы толот деген сайын артына кеткени имнеси, ботом…

Бала тилалчаак. Күкүрттү шылдыратып мештин түбүнө таштап койду. От “быдылдап” сүйлөдү. Чала кургаган тыттын тарашасы да.

— Эн-оо!

— Оов, айта бер.

— От имне деп, атат?

Кемпир козголду. Ойдо жок кепке бүлкүлдөп күлүп атып, оозундагы өрүктүн кагын жутуп ийди.

— Дөөрүбөчү, от дагы сүйлөйт беле. – Кемпирдин үнүн уккандай от тынчыды. Көп өткөн жок. Тыт жыгачы чок атып, баягы “сөзүн” кайталады.

— Бир нерсе деп атат, тыңшасаңыз?!

Балага кошулуп кулак түргөн кемпир эми үндөбөй отурду.

Бала мештин алдынан жөргөмүш көрдү. Чыйрактыгын карасаң, тарбалаңдап баланын салаасынан түшө качкысы келет. Эрмек таппай отурган неме коё береби. Бутунан чымчып, тарбалаңдатып өйдө көтөрдү.

— Сен кимсиң? Имнеге үндөбөйсүң?

— Ким менен сүйлөшүп атасың, Жунус? – Кемпирдин кулагы сак, көзү азиз. Күн чыкса нуру бетиме тиет деп ойлойбу, бирдей терезени беттеп отурат.

— Жөргөмүш эле… Кимсиң деп атам, атың ким?! Ии, мени менен сүйлөшкүң келбейби?

— Дөөрүбөчү апенди, курт-кумурска менен да адам сүйлөшчү беле, убал, ары коё бер. Булар кудайдын бир куураган макулуктары. Күнүн көрсүн.

— Атын айтсын, болбосо…

— Аты жөргөмүш, ии…

— Эне сүйлөшкүм келип атат, зериктим…

Кемпирдин жүрөгү “зырп” деди. “Бала да… Жалгыздыкты көтөрө алабы. Ага-буга алаксыса же эрмек боло албайм. Карыбасаң карыбай өл, жалгыз баланы үйгө камап… Көздү айтсаң бир жактан, соолубасаң соолубай кал…”

Жөргөмүш жанталашып жатып кутула албасына көзү жеткенде алаканда чалкасынан түшүп, кытмыр күлгөн баланы, көр кемпирди, алардын артындагы эртели-кеч өзү кыбырап жүрчү текчелерди, идиш-аякты, шыпка чейин тирелген жүктү тиктеп тынч жата берди.

— Коё берейинби? – Баланын ак көңүлү кармады. Мукурап, үмүтсүз жаткан жөргөмүштү таарга койду.

— Ошент балам, убал. А дагы сага окшогон бирөөнүн бейкүнөө баласыдыр же темселеген эне чыгар мага окшогон. Бизге залалы тийип атыппы? – Эне баланын бешенесинен сылады.

Жөргөмүш шок колдон кутулганына ишенбей, баланын кылыгын таразалап жаткан өңдүү жылбай жата берди.

— Жөргөмүштүн баласы да болобу эне?

— Апендинин сүйлөгөнүн, — кемпир бүлкүлдөп күлдү, — анан асмандан түшүппү, булар дагы биринен бири көбөйөт…

“Анда болду болбоду бу жөргөмүштүн баласы” деп ойлоду да, өз оюна өзү сүйүнүп кетти.

— Анда сени коё бердим, жөргөмүштүн баласы, төрт тарабың кыбыла, тайраңдап ойноп жүрө бер…

— Ошент уулум, шилекей алышып, акыреттик дос болуп ал. Биз кичинекейибизде ошентчи элек…

— Кел эмесе, акыреттик дос бололу. – Бала шилекейлүү сөөмөйүн барар жагын билбей жаткан жөргөмүшкө тийгизди. Ошону күтүп тургансып ал башы оогон жакка жөнөдү.

— Эми жөргөмүш жакшылыгыңды унутпайт, уулум. Мынан быякка таанып калды сени. Көргөн жерде “бул бала менин акыреттик досум” деп эстеп жүрөт.

— А мен муну тааныбайм да… – Төрт аягы тыбырап, поспектин жүнүн аралап, уруп-салып бараткан “досун” мындан кийин көргөн күндө да тааный албасын ойлоп, чындап эле баланын ичи ачышты.

Бала багып алуу Сырга эненин оюна да келген эмес. Карыган маалында бешенесине жазса каякка барат. Кушубак жээни бир күнү эле маңдай тиши түшкөн, бакырайган коён көз баланы атына учкаштырып кирип келди.

— Эже, бу баягы кара курт чагып өлгөн Гүлбаардык тагамдын жалгыз туягы. Үйүнө токтобогон дейди таажеңеге туш болгон экенбиз, балага убал болуптур. Ар кимдин колун карап, оокат тапса таап, таппаса тишинин кирин соруп, ушу ахвалга келиптир. Апасынын каякта жүргөнүн киши билбейт. Ушундай дагы адам болот экен. Балдар үйүнө жеткирсемби деп ойлоп, кайра айныдым. Жаныңызда жүрсө эрмек, караан болобу деп сиз менен масилеттешкени келдим, — дейт аттан түшө элек жатып.

Сырга эненин оозунан кеби түшүп, жүрөк түпкүрүндөгү эски жараты сыздап чыкты. Сабоодой жетилген үч уулун согушка узатып, үч жылдын аралыгында үчөөнөн тең кара кагаз алып, үстөмөнүнөн жыгылганда жаш эле туруп, кундуздай чачы агала болгону жалганбы… Күйөөсү Айтмарек кенде иштеген оорукчал неме эле, тагдырдын мындай жүгүн көтөрө албады. Андан бери канча жыл, канча мезгил тогошту. Сырга эне бирөөгө башын байлаган жок. Жалгыз үйдө жалгыз жашап карыды. Жалгыз деп айткан деле туура болбос, тууган-уругу бар, эл бар экен, жалгыз беле…

Кушубактын далдаасынан башын кылтайткан бала шакмар шыйрагын кыбыратып, мурдун шор-шор тартат. Жетимдиктин каткан чери муңайым көздөрүнөн билинет. Ичи элжиреген эне кош колун сунду.

— Келегой…

Жатыркаган жетим боюн бербей колдон суурулуп качарында Кушубак чыбык кезеген. Корс неменин попузасы аны сестейтти.

— Гүлбаардагы көргөн күнүң эсиңден чыгып кеттиби? Ызатың менен эжемдин үйүндө жүргүн. Сага эле жакшы болсун деп атабыз. Качканды сага ким коюптур!

— Кантесиң, Кушубак! Бирөөнүн баласы… Катуу сөзүңдү көтөрөт беле, өзү зорго жүрсө…

— Ээ, айтпаса, анан адамдын жанын чыгарат.

— Ырай-оройлуу жакшына бала турбайбы, атың ким? Курут жейсиңби? – Эне кемселинин чөнтөгүнөн курут, өрүк алып чыкты…

* * *

Жүрөгүнүн сары суусун алган, таш боор апасына болгон тоң, эненин жылуу мамилесинен жибип, баланын көңүлү көтөрүлдү. “Сырга кемпирдин уулу ушул турбайбы” дешип аксакалдар Жунусту көргөн жерден дубасын берет. Кариет, баланы жоктоп баскан жан болбоду.

Жунус келгенден быякка, эмне экенин ким билсин, согушта набыт болгон балдары эненин түшүнө көп кирет. Түн бир оокумунда чоочуп ойгонот да, томурайып ачынган уулун жаап, көргөн түшүн көңүлдөн сыдырып, муун бошотмой адат тапты. Андайда какшыган кош кареги жаш чыгара албай бир сыздап, жаны көзүнө көрүнөт. Көрсө, кырсык каш кабактын ортосунда экен. Ошо коогалуу түн эки мусапырдын эсинен чыгабы…

Эрте жатышкан. Баланын уйкусу качып, Сырга эне көңүлүнө жакын баягы Акбермет сулуу жөнүндөгү баянын божурап кирген. “Алма жесе алкымынан көрүнгөн Акбермет сулуу ошол түнү жылдыз санатып, бакшыларга төлгө салдырат…” Жунустун кыялы жылдыздуу асманды аралай учат. “Ошо жылдыздар ушу биздин асмандын жылдыздарына окшош бекен…” Энесинин тарашадай колу жуурканын кымтылайт. “Уктадыңбы?” “Угуп атам”. Баян уланат. Коңур үн, тааныш обон… Караңгыда Акбермет сулуу өзү сүйлөп жаткансыйт. “Эне, азыр да ошо Акбермет сулуудай кыздар барбы?” «Уштаптабы?!” “Ии”. “Бар эмей, пенде баласынан чырайлуулар чыга берет. Чоңойсоң ошондой чырайлуу десе чырайлуу, акылдуу десе акылдуу кыздын бирине куда түшөм, кудай эсен койсо сенден небере көрөм…” “А сиз Акбермет сулуунун өзүн көрдүңүз беле?” “Аны көрүш кайда… Болду, түн ооп кетти, укта, тебинбе, ачынасың”. Эки мышык дүрбөшүп, чыркырашып куду терезенин түбүнөн куушуп өттү. Эне келме келтирип четке “тү”, “тү” демиш болду да, башындагы эки кат оромолдун бирин чечип, экинчисин чекесине бекем бууп, “кутман таңга жеткизе көр” деп жуурканды үстүнө серпкен. Ошондо көзүнө кара чаар жылан чабылгандай болду. Кареги тикен сайгандай кыйлага өйүп, анан көзү илинген.

Эртеси кутман күндү көрө албай, тиричиликтин күүсүн гана угуп, төшөгүндө жыла албай олтурду. Жарык дүйнө чылк бүтөлүп, дүлөй караңгылык. “Түшүмбү?” деди бир ою. Жакшылыкка жоруду. “Түшүм болуп калгай эле” деп сыздап ийди бир ою.

— Жунустай, турчу! Кудай көзүмдү алган бейм! Көрбөйм да, тобба! Сенин көргөн күнүң имне болот эми, Жунусум, ий! Тирлигиң кантип өтөт! Коңшуларды чакырчы!

Чала уйку бала сөөрүдөн жылмышып, энесинин балбылдаган, ирмелбеген көздөрүнө жал-жал тиктеп, түшүнө албай озоңдогон боюнча үйдөн атып чыкты…

* * *

Кыш да чыкты. Кариет Кушубак жээни түшүрткөн көмүр жазга өп-чап жетип берди. Элде болгон жаңылыктын баарын Сырга энеге жеткирип, анын сырт менен катташтыгын үзбөгөн ушу Жунус. “Тобба, эки көзүмдү алып, анан чырактай кылып, ушу баланы бере койгонун” деп эне кечирген тагдырына тооп кылат. Асти эчкинин туягын кемитпеди. Союшка десең андан өткөн мал барбы, зарыкта пул болот. Багып кыйналам дебейсиң, кезүүгө кошуп убагында көздөп ал, болгон түйшүгү ошо. Жазында кош-коштоп көгөнгө улак байлайсың. Азырынча эне-баланын андай эле пулдун көзүн караган муктаждыктары боло элек. Сырга эненин пенсиясы турат. Алат да, туура Жунустун колуна салат. Бала да. Эскертип коёт.

— Дайындуу жерге бекит, унутуп каласың. Издешкидей көз болсо экен менде…

Бир сапарда пенсиясын күүжүм колуна берип атып:

— Гезиттин астына катпа, чычкан шоруң бербесин, — деп койгон.

— Чычкандардын шиши толду, — деп кыжынса болобу Жунус, — капкан таап, кырам.

— Нан салынган сандыкка беките тур. Кыйратаарсың, тим эле. Кекенгениң менен үйүңдү чычкан басты. Шоркелдей көр экенимди билеби, тобба, куду аяк алдыман куушуп өтөт. Мышык сураштыр деп тилим тешилди. Көп элдин биринен чыгаар эле.

— Биздикинде мышык турабы?

— Ии, жылан чыгыппы, биздикинен. Ал имне дегениң?

— Караш керек. Үйдөн бир жоголду, жапайы болуп кетет имиш.

— Сүйлөбөчү, мен турам, сен турасың. Бир мышыкты бага албай имне… Мектепте жүрсөң мага караан болот.

— Болуптур, табам. Мышыктан көп неме жок.

Эртеси Жунус көчөнүн башындагы Артык шопурдун жону темгил мышыгын көтөрүп жетип келди. “Энең экөөң мышыкты имне кыласың, андан көрө күчүк бакпайсыңарбы. Үйүңөрдү коруп берет” дептир мышыгын берип жатып шопур. “Чычкан алдырам. Укум-тукумун кырып түгөткөндөн кийин мышыгыңызды кайрып берем” дептир ага Жунус. Сыйкор мышык экен. Ага-буга сүйкөнүп, үй ичине тез үйүр алды. Эне менен баланын катарында жегенден жейт, жатса да төшөктүн аягына кирип жатат. Жегенин актады. Үй ичинен чычкан жорголотпойт. Бирок кечкурун үйдүн шыбы кытырачу болду…

– Бу деген калар чычкандар[1]. Тукуму үзүлбөдү. Илгери атаңдын барында эле үйдүн шыбы менен бир болуп, ыраңы сууктар бир азайып, бир көбөйүп жатышар эле. Тажаганда колума бакан кармап, “бирден тумшукка жанчып түшсөмбү” деп үйдүн төбөсүнө алкынсам, ыраматылык атаң бир айкөл киши эле: “Тек койчу, бу макулуктардын да көрөр күнү, ичер суусу болот имиш. Убалына калба. Кулагыбыз көнүп бүтпөдүбү” деп колумдан баканды алып коёр эле. Булар ошондон бери биздин үйдө, — деп кемпир үшкүрүп койду.

Ошол ошол болду. Чычкан аттууну тыптыйпыл жойгон менен сыйкор мышык үйрөнгөн жеринен кетпей койду. Жунус сөзүнө турду. Мышыкты эки-үч мерте шопурдукуна жеткирип таштады. Кайра эле артынан келип калат. Түн ичинде тырмалап эшикти ачат да, көнгөн адаты менен төшөктүн аягына кирип жатканычы…

Ошол ошол болду, мышык үйдө, саар-кеч кемпирдин жанында. Жонунан сылап отурат да, “макулук болгону менен баары-жокту түшүнөт, тобба” деп коёт келген-кеткендин көзүнчө.

* * *

Жеңиш күнү жакындап калды. Мектепке шашкан Жунустун алдын тороп, эне күн сайын тактайт. “Канча күн бар дагы майрамга?” Уулу эсебине так, жообунан жаңылбайт. Майрамга бир апта калганда эчкилердин сүтүн коңшу-колоңдорго бердирбей чогултту да, Жунус экөөлөп казанга бышырып, бир жакшына пыштак жасашты. Күн жесин деп чийге жайылган пыштакты чымчыктардан коруп отуруп, Жунус “мынча пыштакты имне кылабыз, эне?” деп кызыккан.

— Майрам күнү элге алып чыгабыз, — Сырга эненин үнү күндөгүдөн башкача шаңкып чыкты. Жунус бул үйдөн биринчи жолу Жеңиш майрамын тосуп аткан.

Жеңиш күн. Совхоздун борбордук чарбагында элдин көптүгүнөн баш адашат. Баарынын үстү-башы жаңы, жүздөрү күлүп жайнайт. Жайма базар, түркүн шире жаш балдарды азгырып, стадион жактан ар кыл оюнга тамаша кылган элдин уу-дуусу басылбайт.

Сырга эне куралын көкүрөгүнө кыскан эки жоокердин эстелиги тушка чакан столчо койдуруп олтурат. Тизесинде жайпа табак. Табакта тилим-тилим кесилген пыштактар. Жаңы костюм-шым кийген Жунусу жанында. Көтөргөн калтасы бар. Анысында толтура пыштак. Эстеликке гүл койгон көпчүлүк эне менен баланын жанынан өтүшөт.

— Арба Сырга, о майрамың кут болсун! – Көкүрөгүнө орден-медаль илген ветеран карылар жолду кесип, кемпирдин колун кармап учурашат.

— Бар болгула, өзүңөрдүкүн кут кылсын! Пыштактан алгыла, балдарыма атаган оокаттан ооз тийгиле! – Жайпа мискейдеги пыштактын чети оюлбайт. Жунус курактуу кызды жетелеген ак сакалы бапыйган чал салмак менен басып келип, зээни кейигендей баш чайкады.

— Сырга, о демдүүсүңбү?! Бу мен, Орозмун, тегирменчи Орозчу, тааныдыңбы? Көздөн болсо ажырапсың, шордуу. Карыганда адам абат боло беле… Пыштагыңды көтөрүп дагы келипсиң да…

— Тааныбай анан, эсенсизби? Балдарды сиздин тегирмен менен бакпадыкпы… Келем да, Ороз ака, бу күнү үйдө отура аламбы. Балдарымдын майрамы, көнүп бүтүпмүн, куру кол келгим жок. Пыштак жеңиз.

Тегирменчи чал кызына бир кесим пыштак алып берип, өзү бирди жеди да, кемпирдин майдандан кайтпай калган уулдарына дуба кылды.

— Үч уулуң үч жагыңдан чынардай жетилип, көргөндүн көзү сүйүп турганда апаат уруш колуңдан жулуп кетпедиби. Үчөө алтоо, алтоонон он эки баш, атаганат ий! Арманың тоодой эле, Сырга!..

— Колдон келген арга ушу экен, имне кылабыз. Пыштак десе, жантыгынан кетчү балдарым. Бир казан бышырсам, бир отурганда эле түгөтүшчү. Омсоңдогондорун айтсаңыз. Дагы дешет, дагы каяктан, топтоп бышырган сүтүм ошо болсо. Кененчилик турмушка жаңы жетишкен маал эмес беле.

— Жаныңдагы ким? – дейт тегирменчи о кыйладан кийин.

— Уулум. Жунусту айтасызбы? – деди кемпир.

— Чоң жигит болуптур. Эки аягынан шамал өтүп турса, эртең эле сени алаканына салат. Кайыр эмесе, Сырга.

— Кайыр, Ороз ака, эсенчилик болсо, учурашып турабыз.. – Эне алдындагы табагын оңдой кармап, тегирменчи тарапка баш ийкейт да тегеректи, өтүп жаткан элди чакырат.

— Пыштактан алгыла! Согушта набыт болгон балдарыма арнап, эчкинин сүтүнө бышыргамын, жеп кеткиле! – Табактагы сапсары пыштактын үймөгү саатына жетпейт. Жунус калтадан пыштак алып, табакты кайра толтурат. Эне жан-жагына кылчактайт. “Ширин бышыптыр, жешсе экен. Балдарымды эскерип, дуба кылып коюшса болду” деп жака-белинен өтүп жаткан элди тыңшайт. Үч бирдей уулун алакандай кара кагазга алмаштырып, үч бүктөлгөн күнү ушул өтүп жаткан эл кайгысын тең бөлүшүп, өйдө болсо өбөк, ылдый болсо жөлөк болгон. Уулдарын эл билет. Эстелик тургузду.

— Пыштагыңыз канчадан, эне?! – Нооча жигитти жандаган кыздын сапсары быштактан көзү өтүп кетти. Жигит кайдыгер. Эми көргөнсүп Жунуска эле аңкаят. Булар жанараакта шаар тараптан келген автобустан түшкөнүн Жунус көргөн.

— Имне дедиң, кызым? – Сырга эне укса да укмаксан болуп, алдыдагы адам бул жердикпи же бөтөн жердикпи билип коймокко сураган.

— Пыштагыңызды сурап атам! Эки кесимге канча төлөйбүз, — деди доошун бийиктеткен кыз жигиттин чөнтөгүнө кол салып, майда тыйынды өзү уучтап чыкты. Ара чолодо “энеңдин кулагы катуубу?” деп Жунустан сурап да койду. Экөөнү алмак-салмак караган бала таарынбады.

— Пыштак бекер, каалашыңарча ала бергиле, — деди кайра кичипейил.

— Жыргал го, — деп кыз күлүп жиберди. Узун жигит да жылмайды.

— Биз көп албайбыз, эки кесим эле…

— Экини эмес, үчтү алгыла, ала бергиле. Жунус, өз колуң менен алып берчи, меймандар окшойт, тартынып атышат. Жанжигит, Жанаалы, Кубаталы деген үч уулумду эстеп койгула, ананайындар! Силердин агаңар эле. Урушта набыт болушту. Эстеп койгула… – Сырга эне да пыштак уучтап кыз менен жигит тарапка сунду.

— Жегиле, жегениңерден калганы, бар дагы…

Кыз менен жигит түшүндү. Баягы күлкү жок. Жүздөрү бозоро түштү. “Кечирип коюңуз, биз түшүнбөй эле” деди кыз. “Ырахмат, эне!” деди жигит аста, уялыңкы. Ал Жунусту далыга таптады. Көздөрү учкундап чыгыптыр. Алар калың элге сиңип кеткенче жолдун боюндагы кайрымдуу эне менен каргадай балага кылчактай беришти.

Түшкө жетпей пыштактын түбүнө чыгышты. Бели уюп, буттары уктап калган Сырга эне таягына сөйөнүп, кыйлада боюн жазды.

— Элдин сообуна калдык. Балдардын арбагы ыраазы болсо болду. Кана, жыйыштыр, басалы.

Жунус мис табакты калтага сойлотуп, оозун бууп көтөрдү. Бир колу менен энесин жетеледи.

— Аркаңдагы эстеликти көрдүңбү, ошоякка баштап бас. Караандарын көзүмө сүртүп жүрчү элем, эми ага көз кайда…

Узун-кыска болуп, эстеликтин алдында турушту…

— Жазуусу бар эле, көзүң жетсе башынан түшүп окучу, — деди эне.

Бала ак мраморго чегилген жазууну кыйлага карап, анан эжелеп окуду. Күн нуруна көзү жүлжүйөт. Чүчкүрдү. Чымчыктын канатындай алаканы менен көздөрүн калкалап алды. Башындагы топусу жолго түштү. Караган жок. “Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон айылдаштарыбыз Айтмареков Жанжигит, Айтмареков Жанаалы, Айтмареков Кубаталы…”

Эненин азгын өңү ого бетер сурданып, магар алган эринин калтырагы көбөйдү. Алы куруп бараткандай тарамыштуу колдору колдон түшпөй сыйдаланган таягына асылып калды. “Жанжигитим, Жанаалым, Кубаталым, атыңардан айланайындар, силер көрбөгөн, силер жетпеген майрамга каржайып мен жеттим… Эл жетип отурат… Ак сүтүмө ыраазымын, бул дүйнөдө ак сүтүмө ыраазымын, балдарым!”

Таяк таянган Сырга кемпирди жетелеген бала балбан күрөштү тамаша кылган калың элди көздөй шашып келатты. Күрөштүн кызуу жерин көрсөм деп ынтылат. Бала да…

Ушул күндөн тартып, энесинин көзү өтөр-өткөнчө ак мраморго чегилген агаларынын аттарын окуп берип турарын, майрам сайын энеси экөө эчки сүтүнөн пыштак жасап элге алып чыгып алардын арбагына дуба кылдырып жүрүшөрүн ал билген жок. Бала да…

[1] 1. Калар чычкан – келемиш.