
Кыргыз журналистикасы жөнүндө сөз болгондо Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин профессору, бир чети досубуз Абдиламит Матисаковдун чыгаан актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов жөнүндө жазылган “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…” аттуу таланттуу чыгармасы эсибизге түшөт. Абдиламиттин журналисттик изилдөөсүнөн жаралган портреттик очерктер, адам ыйманы, анын улуулугун даңазалаган публицистикалары, “Тандыр”, “Ак Коргон”, “Атамды көргөн өлбөсүн…” аттуу китептери кыргыз окурмандарын ойлонтот, түйшөлтөт. Өз кезегинде Улуттук телерадио корпорациясын жана “Кыргыз Туусу” газетасын көп жылдар жетектеп, өтөлгөлүү ак кызмат өтөгөнүн коомчулук жакшы билет.
Бүгүнкү күндө Абдиламит Матисаков өзүнүн бай тажрыйбасын болочок журналисттерге таалимдеп, чыгармачылык өнөрканасынан, “Матисаков мектебинен” окутуп, журналисттик чеберчиликтин сырларына такшалтууда. Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, “Даңк” медалынын ээси, элдин руханий кенчин байытууга, биз жашаган замандын рух дөөлөттөрүн урпактарга калтырууга ак мээнетин арнаган Абдиламит МАТИСАКОВду маңдай-тескей бааралууга чакырдык.
– “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу бүгүнкү ыйман, кайрымдуулук таңкыстыгын турмуш чындыгы менен айкалыштырып, көбүнө сабак болчу китеп жаздың, Абдыке, жазуу үстөлүңдө отурганда тирүүнүн жети өмүрүнө жеткидей түбөлүк окулчу чыгарма жаратсам деп ойлойсуңбу?..
– Түбөлүк окулчу чыгармаларды талант шаасы ай-ааламды чапчыган классиктер небак жазып, жазуучулук өнөрдүн гүлдөө доору алдыда эмес артта калгандыгын тастыктап коюшкан. Бирок да, мезгилдин мерестик жагын унутпаш керек. Ал эртеби-кечпи баарын орду-ордуна коюп, элдин баасына да алымча-кошумча киргизип турмагы бар. Жазуучу жараткан көркөм дөөлөттөр жаңы мезгилдин чен-өлчөмүнө туштугуп, жаңы көздөрдүн сыноосуна кабылат. Бир кезде бут жеткис чокудай бийиктик эми кол созсоң тийип кетчүүдөй адыр-дөңгө айланып калганын акылман тарых небак эле айтып берген. Сен сураган өлбөс китепти Көкө Теңирден күтүп отурбай урпактар жүрөгүнө жуккан маалда жазып калсам деген сезим күн баткан сайын сыздатып коюп жүрөт…
– Достоевский “Бечаралар” романында жамандык сабагы жакшылыкка шамчырак деген ойду айтат. Чыйралтат дегени го. Анын үстүнө Достоевский адамдын психологиялык татаал кырдаалдарда калган учурларын көрсөтүү жагынан дың бузган жазуучу деп жүрүшпөйбү.
– Жазуучу айткан жамандык бул “түйүлдүк кезден жан-дүйнөгө кошо бүтчү кесепет” деп гректер да илгери эле кан-какшаган. Жан-дүйнөгө оролгон жамандыктын тамырын түбүнөн кыя албаса да, жазуучу даанышмандык дарысы менен тундуруп, аны агартуу менен алек. Чийки сүт ичкен пендең болсо бир күндө эле оң жолго түшүп, ойдогудай болуп кетем деп кыялданган менен жер, жер болуп жаралганы желкесине миңген шайтанын жеңем деп укумдан тукумга күрөшү күчөп келет. Мындайда жакшы жазуучуну жашообуздун редактору деп койсок да болот. “Сабыр түбү сары алтын” деп, алар ар качандан бир качан адамдарды жамандыктан аластап, эртеңки күнгө кагылган коңгуроо эмеспи.
– Сүймөнкул Чокморов аркылуу кыргыздын жан-дүйнөсүн ачып салганыңды өзүң да билбей калдың. Чыгармачылыкта бир аңгемеси менен адабият асманында жанып калган Э.Хемингуэйдин “Чал жана деңизин”, М.Шолоховдун “Адам тагдырын”, К.Баялиновдун “Ажарын”, М.Гапаровдун “Байчечегин”, Кубат Жусубалиевдин “Улакчасын” билебиз. Менимче, сенин “Тандыр” аттуу аңгемеңдин тагдыры да ошондой. Жазуучу үчүн жолдуу теманын табылышы олжо-шык окшойт.
– Сүймөнкул Чокморовду жазышыма Тилектеш агайым себепкер. “Советтик Кыргызстан” гезитин чыгарабыз, а киши редактор. Түштөнүүгө чыгып баратсам, алдыман чыкты. Адатынча алыстан эле “Абдыке, Чокморов жөнүндө көркөм очерк жазчы, ооруп да жүрүптүр, мен азыр ошол жактан келатам. Көлөмүнө караба, көбүрөөк жазсаң дагы жакшы” деп шуулдаган бойдон экинчи кабатка чыкты да, токтой калып, азыр да көз алдымда турат, “канча тез жазсаң андан жакшы” деп үчүнчүгө көтөрүлүп кетти.
Сүкөм оору менен алышып, күн алыс дене-боюндагы канды тазалатып врачка каттап калган кези экен. Калган ишти четке сүрүп, Сүкөмдүн аркасынан түштүм. Бир чети ат көтөргүс оомат-даңк артынып, бир чети айыкпас оору таап, алсырап жашоого да муңайым караган маалы экен. Эки-үч таланттуу өмүрдү бир жашап кеткенби деп азыр да ойлоп коём. Сүйлөп жатканда мага мезгил агымы токтоп калгандай, жолугушкан күнү кечке бирөө мени дубалап койгондой ойго, сезимдерге эс-мас, уккандарымды “аш” кыла албай жүрчүмүн. Канча жүрдүм жанында, бир адамды “аты айры, изи ийри” деген кылапатын, күнөөсүн көтөргөнүн көрбөдүм. Кыргыздын анык асылзаадасы эле. Кудай-таалам ар улуттун маңдайына беш салаадай кылып, табылгыс уулдарды жазып коёт окшойт… Саналуу гана! Көп болушу да мүмкүн эмес… Кантсе да китепти өзү көрүп калды, эки-үч жерде жолугушуу өтүп, кол тамгасын коюп, элге таратып жатканда жүзүнөн жылмаюсун көрдүм…
– “Баткан күндү аяймын” деген эссе-баяндарыңдын биринде Чокморовго аңызгече эстелик тургузула элек деп каңырыгың түтөп жазган элең. Ал иш жылчуудайбы?
– Элдин зарыгып күткөнү да ошол күн. Ордо калаабыздын орто ченинде: “кана, кайрандарым, кантип атасыңар!?” деп өмүрлөр дүбүртүнө кулак төшөп, аман-эсендердин эртеңине руханий нурун сээп, Манастын чыгаан урпагынын “кыргыз өңү”, көрк-келбети турса кана, атаганат! Улут ажарын ачкан, даңазасын ашырган асылдын заманбап эстелигин тирүү көздөр көрө элек. Колунда бар бийлик далысын салган менен журт арасы жакшы азаматтардан кур эмес. С.Чокморов фондусунун башына Сагын Абдыракманов келгени иш жылды. Жетекчиликте такшалган жигит уюштуруучулук жөндөмүн жумшап, жети дубан эл аралап, марафон өткөрүп, каражат табуу камында. Кудай буйруса, Манастын урпагы – Сүймөнкул Баатырдын Байтик тоосунун этегине курула турган мемориалдык-маданий комплекси замандар алмашса да, ар бир кыргыз муунунун сыймыгы, руханий акыл-көрөңгөсүн арттыра турган ыйык жайга айланарына ишенем.
– Кезегинде жазуучулар Кубат Жусубалиев, Мурза Гапаровдор менен үймө-үй катышып, ага-ини катары муназалуу жүрдүңөр. Кубат аканын бейнесин “Ак журтчу аман, журт аман…” деген маек менен ачып, ал материалың СССР Журналисттер союзунун сыйлыгына татыганы эсибизде. Алар чыгармачылыгыңа да өзүнчө из калтырышты окшойт…
– Кубат Жусубалиев жөнүндө биринчи жазсам дагы мага Мурза аканин жазуучулук өнөрканасы жакын. Сөздөрүн кылдап, сюжет тандоо жагынан о-оо Мурза ака өтө зергер, устагер эле. Турмуштан тапкан кызыктарын кагазга түшүрөөрдөн мурда шилекей агызгыдай кылып, тамшанып, кыраатына келтирип айтып берсе, көркөмдүк сүрөтү көз алдыңан кетпей чебер жазуучунун “толгоосун” кошо тартышкан күндөр болду. Өзгөчө алдыбызга вино коюп, бадан жибитип баарлашканда, барбы, маңдайыңда олтурган талант шаасы ой-боюңа койбой ажайып дүйнөсүнө ээрчитип кирчү. “Айгүл тоо” аңгемесин дербиш болуп, Баткендин тоо-ташында ач калып, ток калса да өжөрлүгүнө салып жазды. Эсимде, Баткенден жаңы эле самолётто учуп келип Айгүл тоо гүлүнүн бир дестесин наристедей көкүрөгүнө коомай кысып, “Кыргыз Туусуна” келгени. Кызыл китепке кирген, болгону бир ай гана өмүр жаш буюруган ажайып гүлдү жабыла, Кубат ака айтмакчы, жата калып, тура калып карап атсак: “Көрүп болдуңарбы, Бишкегиңерде мындай гүл өспөйт” деп тамашага чалып, көкүрөгүнө башын жөлөгөн бейиштин гүлдөрүн керели-кечке эрикпей-зерикпей Жазуучулар союзуна, Маданият министрлигине, андан ары кыргыз драма театрынын артисттерине чейин көрсөтүп, ыраңы Айгүл тоо гүлүнүн ыраңындай нурданып чыккан бечара Мурза ака үйүнө кайтыптыр.
– Айгүл тоону, табият табышмагы болуп келген гүлдү биринчи болуп аңыз кылып, элге жайган Мурза Гапаров деп жүрүшөт.
– Мынча болду, “Айгүл тоо” аңгемеси “Кыргызстан маданияты” газетасында кандайча жарыяланганын да окурман журтуна айта кетпесек болбос… Аңгеменин бир-эки жерин ошол кездеги гезит орун басары Дайырбек Казакбаев агай оңдой коём деп ортодон чыккан чыр азыргече айтылып жүрөт. Болгону бир абзацты кыскартам дейт орун басар. Мурза ака аңгемесин бооруна кысып “кол кесерди” бөлөктөрдөн ал” деп чыркырап, чекесине черттирбей “өлүп тапкан” чыгармасын толугу менен чыгартат. Бир шиңгил абзац эмес, бир тал сөзүн алмаштырам дегенди алка-жакадан алган ошондой адаты бар эле. Дайырбек агай ошол окуяны эстеген сайын: “бир бүдүр сөз үчүн, чыгарманын тагдыры үчүн күрөшкөндү Мурза Гапаровдон үйрөнгүлө. Бөлөк бирөөнүн бир абзац эмес эки-үч бетин чийсең да: “келмеси бузулбайт, чыгара бер, чыкканы эсеп” деп басып кеткендерди да көрдүк” деген сөзүн бул өмүрдөн өткөнчөктү айтып жүрдү.
– Мурза Гапаровдун жазуу эреже-ыкмалары, иштөө адаты кандай эле деп, чыгармачылык өнөрканасына кызыккандар да өтө көп экен.
– Чыгармасы ичинде ийленип, жүрөк аптабына какталып бышкан кезде “быссымылда” деп жазуу машинкасына келип отурчу. Ошо бойдон Мурза ака көчө-көйдөн көрүнбөй чыгармачылыктын “чээнине” кирип, сакал-мурутун серпкенге чолосу тийбей ай-апталап иштеп калган маалдарда Хемингуэйдин өзү болуп чыга келчү. Иш бөлмөсүндө кичинесинен кумар туткан, идеялаш стилдеш жазуучу Эрнест Хемингуэйдин ар кыл сүрөттөрү Мурза ака менен кошо жашачу. Ошондогу бүткөн боюн мээнет “желелеп” шалдырап турса да, жашоого кумары күч бажырайган баланыкындай тунук көздөрү, эргүүнүн селкинчегинде термелген бактылуу турпаты эч эсимден кетпейт!..
– Кубат Жусубалиев “Ак Коргон” повестиңе жазган баш сөзүндө “Улуу Кытай дубалын кайкалатып курган түркстандык усталардын арасында А.Матисаковдун ноокаттык бабалары, колунан көөрү төгүлгөн паксачылар да болгонун бөркүмдөй көрөм” деп жазганы бар. Билип турса да, минтип эч ким айта албайт… Кубат аканин агынан жарылган айкөлдүгүн көргөн, жылуу кеп-кеңешин уккан көп жаштарды билем…
– Муке, бул өлбөчүдөй көрүнгөн утурумдук жашоо агымында саман-топону аралашып, Саади акылман безилдегендей: “пайгамбарын унуткан пенде улут асылдарын дайыма эле акыл куржунуна салып жүрө албайт”. Кубат ака зор сүрөткер болгону менен бийликтен эзели жакшылык көрбөдү. Жакшылыкты Мамат Сабыров баштаган көрөңгөлүү шакирттери жасады. “Жети сөз жана Конфуций” деген китебин “эскирген” революцияга чейин эле Алайдагы Ак Журтчу уялаган Кызыл аскадай заңкайтып чыгарып беришти. Чынында жазуучу Жусубалиевдин жашоо образы, ой чабыты, миң капкалуу өнөрканасы уникалдуу, изилдегенге чети оюлгус орозгер… Жашымда Кубат ака менен көп жүрдүм. Мезгилге моюн сунбай, жылдарды жөө-жалаңдап карыткан, жөнөкөйдөн улуулуктун угутун тапкан бу адамдын сезим-туюмуна азыр дагы акылым айран.
Стили оор, текстине “тишим өтпөйт” деп оңой оокатка көнгөн окурманга караганда, жазуучунун жүрөк обонун тыңшап, табылгасына табакташ болгондор, а тургай айда-жылда Алайдан бир келип калса чай кайнамга болсо да, ал-жай сурашканга эки көздөрү төрт болгон жусубалиевчилерди көргөндө жүрөгүң жылыйт. Бир ирет Кубат ака менен бир делегацияда, Брюсселде жүрөбүз. Эрте менен мейманканадан чыгып, пусурман киши, колун чекесине алып, көк тиреген бийик имараттарды тиктеп туруптур. Мени көрө коюп: “Эй, старик, карачы, биздин бечара ата-бабаларыбыз жайлоодон жайлоого конуп-көчүп жүргөндө кысталак, булардын бабалары бала-чакасын ойлогон экен, эй! Карачы, кабат-кабат кылып кура беришиптир, асманга чыгып кетишиптир! Эй, биз, кыргыздар, сен таарынба, бизге Кудай берет деп эле жүргөн эл окшойбуз! Эми булардын балдары укум-тукумуна чейин муздак сууга колун салбай пул табат, эй, жыргализм ушулардыкы экен!” деп кайта-кайта баш чайкайт. Кубат ака, Брюсселден кетер-кеткиче асманды тиктеп коюп жүрдү…
– Абдыке, бир кезде өзүң бүткөн Баласагын университетинин журналистика факультетинде дарс окуганыңа, жаңылбасам, быйыл жети жылга аяк басты. Мамбетсариев, Сасыкулов, Камилов сыяктуу классик агайлардын колунан билим алган журналисттердин жоон тобу кыргыз басма сөзүнө жаңы толкун болуп киргенде, арасында өзүң да бар элең. Эмнегедир, ошол “толкун” ошол кездин нурушевдери, тентимишевдери бүгүн анча байкалбайт…
– Мүмкүн. “Мезгилим өтүп шамалдай, мен издейм аны табалбай…” деп акын жазгандай биз кааласак-каалабасак да кыргыз журналистикасында бир муун алмашты. Өзүң эстеткен Эсекем менен Мундузбектер тирүүнү тамшантып жазган ошо сексенинчи жылдары жарык дүйнөгө келген ымыркай азыр отуздун оокатын жеген азамат. Андан бери салт-санаа, тирүүлүк мыйзамдары, орозгер жоопкерчилиги, артынган жүк, деги койчу, көркөм ойлоонун өнүгүшүндө да не деген бурулуштар болуп кетти. Эгемен жылдардын баатырларын оңой тапканыбыз менен жаңы заман автопортретин тартуучуларды табуу азапка турду. Жан-дүйнө сулуулугун сөз кереметине салып, оң образ жаратуу вазыйпасы, теманы тамчысына чейин сыгып, ой чырагын жандырган көркөм публицистика эстен чыкты. Кыскасы, кол жоорутуп, бел оорутуп жазгандар азайды. Андан дагы, министр, губернатор, акимдердин “гезиттен материалымды окудуңузбу?” деген суроосу күйгүзөт. Мурда музыка заказ беришчү, эми макала да заказ кылып калышты. Баарына көнүп баратабыз…
– “Кыргыз Туусу” газетасын жетектеп турганыңда Чыңгыз Айтматов редакцияга келди. Беймарал сүйлөшүп, биз менен шашпай сүрөткө түштү. Коңшу редакциянын журналисттери да кошулуп, суроо берип, чоң канагаттануу алганбыз. Чыкем да төл гезиттин тагдырына чын дилинен кызыкты. Азыр ойлосом, коштошкондой эле келиптир. Ошо жолугушуу эсиңдеби?
— Күнү бүгүнкүсүндөй көз алдымда. Чыңгыз Төрөкулович журналисттин кесиби учкучтар менен шахтерлордон кийинки эң оор кесип экенин өз башынан өткөргөн. Ачык айтсак, дүйнөлүк журналистиканын өсүп-өнүгүшүнө Чыкемчелик салым кошкон адам болбосо керек. Сөз акылманы “Правда” газетасынын Кыргызстан боюнча өз кабарчысы болуп жүргөндө Ата-Журттун келечек нугун туура белгилеп, эл тагдыры эмне болорун көрө билген. Ошондо эле Ысык-Көл, улуттук каада-салт, экология, тил маселелерин эл жүрөгүнө жеткидей кылып жазган. Кийинки муундун кабары болбосо керек, Чыңгыз Төрөкуловичтин “Правдага” жарыяланган курч публицистикаларын ошол кезде Ашым Жакыпбеков, Аман Токтогулов, Эсенбай Нурушев сындуу сөз казынасына нускалуу салымы бар, таланттар тарабынан которулуп, “Советтик Кыргызстан”, “Кыргызстан маданияты” гезиттерине жарыяланганда өзүнчө эле окуяга айланып, ал күнкү газета колго тийбей редакцияга чейин сурап келишчү. Кээде, Чыкемин окугандын ой-сезимин сергиткен макалалары ошол кездеги ташыркап, баспай калган “КирТАГдын” чала сабат котормочуларынын колунан чыкканда оригиналын орус тилинен болсо да окуганга шашчубуз. Акыл-ойдун генийи адамзатка руханий мунара тургузуп, жакшылык гана тилеп, ыйманын ыйык тутуп жашады. Бир ой жүрөктү өйөт. Чыңгыз агабыз адамзат жан-дүйнөсүнүн ачкычын таап, ал тургай жан-жаныбар дүйнөсүн булактай тунуктугу менен жанарын жайнатып жазып берсе, биз Чыкемдин өзүнүн жан-дүйнөсүн ача алдыкпы?!. Портретин жаза алдыкпы?! Бардыгы чыгармаларында турбайбы, деген менен Чыкемдин тарткан санаасы, түйшөлткөн ойлору, кыйнаган дарты, кимге сырдаш, кимге курдаш эле, капарга албай жүрдүк… Чыкем акыркы деми калганча кыргыз деп күйүп өттү, эми биздин Чыкем үчүн күйүшүбүз калды…
– Мен билгенден, журналистикада устатым деп жаштардын “Ленинчил жаш” газетасына жыйырма беш жылга жакын редакторлук кылган Калыбай Осмоналиевди оозуңан түшүрбөй, ак эмгегин аваз кылып айтып жүрөсүң. Устат, шакирт деген кадыры жанбас уламалуу сөздүн маани-маңызы, өчпөс духу эмнеде?
– Устат-шакирт атам замандан асман кулачтаган Асан-Үсөндөй нурлуу түшүнүк. Азыр тактысынан саал тайып турат… Мезгилинде талант-шыгы жаңыдан бүрдөгөн жаштар топ-тобу менен аздектеген акын-жазуучуну тегеректеп, кеп-кеңешин укканга зар күндөр болгон. Аны биз да баштан кечирдик. Идириктүүсүн ишке чегип, жарамдуу чыгармасын жыйнакка сунуштап, баш сөзүнөн өдө жазып, белди ашырып бедел болгон саяпкер устатын ким унутат!
Калыбай агай студент кезимде “Ленинчил жашка” жумушка алды. Ал кезде жаштар басылмасы жүз миң нусканы чапчып, таланттуу журналисттердин уясы. Кызматка алганда үч курсташымды бир алды. Эсенбай Нурушев, Мундузбек Тентимишев, Жумабек Медералиев. Кийин бизге Байма Сутенова кошулду. Кабыргабыз ката элек республикалык чоң гезитке аралаштык.
Алакандай макала жазсам да, ага жамаат алдында жаш жүрөккө гүл өстүргөн балдай сөзүн айтып, калем мизин курчутуп турду. Жаман болгон жокпуз. Кийин комсомолдун “кожоюндары” агайды кодулап, кызматынан алганда мен “Ленинчил жашта” элем. Чейрек кылым чеке терин төккөн жердин убайын көрбөй, бир ооз ыракмат укпай көзү кылгырган Калыбай Жусупович жамааты менен кенен-чонон коштошо албай, кечээ келген бир бөлөк-бөтөн кишидей гана кете берди. Тагдырыңды таш боордун колуна түшкүлүк кылбасын деп, ошондо жака кармагам…
Кийин агай менен жолубуз кесилишти. “Кыргыз Туусуна” ырларын алып келиптир. Жумушу жок, үйдө экен. Көпкө сүйлөштүк. “Ленинчил жаштын” босогосун аттаган күндү, биринчи командировкамды, кызыл-тазыл редактирлеген макалаларымды эстедик. “Калыбай Жусупович, бизге баяндамачы болуп келиңиз, сиздин жазгандарыңызды кызыл-тазыл кылып оңдобойм” дедим. Адатынча кыткылыктап күлүп: “Чунак бала, карызымдан кутулайын деген экенсиң…” деди да макулдугун берди. Редколлегия мүчөсү катары Бекбай, Токтомуш, Кудайберген агайлар менен Рамис Рыскуловдун “атылбай калган кийиктей” деген кайталангыс сабындай саар-кеч ээрчишип, “Кыргыз Туусунда” төр көркү болуп жүрүштү.
Буйрук экен, “Кыргыз Туусунда” жүрүп, о дүйнө салды. Бир тууган жамааты Кеминде болуп, агайдын акыркы зыйнатын кылып, энесинин жанына топурак буйруду. Кант диабетин капарга албай, жүрөк дартына жеткизип ийгенче кан-жанын жаштар гезитине, бүтүндөй бир муунду тарбиялоого жумшаган асыл адамдын тажыясына бийлик короосунан бир жан басып келбеди, чиркин… Бизден кайтпаса, Сизге кудайдан кайтсын, Калыбай Жусупович!
– Сөзүңө аралжы, өгүнү ыраматылык Акун Токтосартов агабызды опера жана балет театрынын алдынан акыркы сапарга узатуу зыйнатында туруп, мен дагы сендей болуп, армандуу кайрыктын кучагында турдум. Ошондо Баатыр агабыз Бексултан Жакиев Акун менден жаш болсо да жалпы кыргыз рухунун бийиктешине кошкон байсалдуу эмгеги үчүн, жупуну-жөнөкөйлүгү үчүн “Акун аке” деп кайрылчумун деген ак сөзү тургандардын жүрөгүндө түнөп калды. Филармонияда директор, маданият министри, кийин “Руханият” фондусун негиздеген инсан катары маданиятыбыздын нечен давандарын ашкан, санжырасын жараткан адамды минтип бир күндө жоготуп алдык…
– Акун аканин жакшылыгын кыргыздан бөлөк да көп эл көрдү. Даңаза-даңкы менен менменсиген не деген даанышмандар Акун аканин колунан “Руханият” сыйлыгын алып, күлүгүнө мингенде жерге-сууга батпай жүрөгү туйлап, жашоонун жаңы маңызын туйганын далай жолу көрдүк ко. Элдин көбү көргөн эчен кылым эстеп жүрөр тарыхый бир сүрөт бар. Акын Токтосартов Сулайман тоосундай шаңкайып так ортодо. Аны ар кайсыл жылдары “Руханияттын” лауреаттары болгон, күүжүм падышалар Г.Алиев, Н.Назарбаев, И.Каримов, С.Демирель, А.Акаевдер курчап алган. Жаңылбасам, Акун ака ошондо эл аралык “Руханият” сыйлыгын Мезгилдин, Мекендин Баатыры, айкөл Манастын асыл урпагы, Сөз Падышасы Чыңгыз Айтматовго тапшырып жаткан.
Рух дүйнөсү керемет дүйнө. Ал шаңшыган бойдон түбөлүк тура бербейт. Аны Акун акадай убайлуу күйөрмандары оргу-баргы заманда маңызын ачып, маанисин арттырып турбаса, руханий көрөңгөнү урпактарга таанытпаса, ара жолдо, ач белесте калып кетиши да кадиксиз. Эрте жаздын ээрип кеткен карындай кыска өмүрдө Акун агабыздын бийлиги да, байлыгы да “Руханият” болду! Акындардын атасы Сооронбай Жусуев: “Амал ойлоп, ким алдаса азгырып,\ Ага кайра Акун жасайт жакшылык” деп өзүнөн чоң азык көтөргөн кумурскадай мээнеткеч агабызга таамай баасын бериптир. Жок дегенде кең көкүрөгүнө “Данакер” орденин тагынбай кеткен асыл агабыз. Көрөсүңөр, бизди дагы кө-өп, кө-өп кайгыртат!..
– Журналистикада өзүң дагы бир кыйла шакирттерди өстүрдүң, алды китеп чыгарып, дагы бири өзүнчө гезит ачып дегендей тырбалаңдап өз оокатын кылып кетишти. Жаңы жазып баштагандарга кандай кеңеш бересиң?
– Күчтүү адамды ээрчиш керек. Күчтүүнүн таалим алоосу тез жетилтет. Өзгөчөлүү тагдыр күтөт. Аваз туткан инсандын көргөнүн көрүп, окуганын окуп, айтканын жадысында кармаса бат чыйралышына жакшы. Душмандын да күчтүүсүнөн тилек керек деп байыркыдан бизге жеткен акыл бар. Атаандашың алдуу, алгыр болсо, сен да андан ашканга ашыгасың. Чыгармачылыктын белге бууп жүрчү бир шерти ушу.
– Эрнест Хемингуэй: “Жазуучулук оңбогондой оор иш. Жеңил иш болгондо жалакайдын баары жазуучу болуп жандарын бакмак” деген тура.
– Классик таамай айтыптыр. Жазуучу болом деген адам кыйла жыл журналистиканын да нанын жеш керек. Журналисттик чыйыр менен кыялап, атак-даңктын даванына чыккан жазуучулар толтура. Өзүбүздүн эле адабиятыбызга абай салсак, Аалы, Түгөлбай, Чыңгыз агаларыбыз кыргыз журналистиканын көч башында, ойдун керемет сулуулугун сыпаттап, чындыкты жөнөкөйлөтүп жазууда көркөм публицистиканын кайталангыс туундуларын жаратышты. Сөз устачылыгында жазганың ыраңына чыккыча кайта-кайта көчүрүп, жан чыдагыс азаптын азуусунан өткөндө гана бир окусаң тойбогон көз жоосун алган чынардай чыгармалар жаралат. Талант табияты, барып-келип эле сөзгө кумарлануудан калыптанат.
– Чыгармачылыктын жээги тартылып баратса күйүнгөн, жаңыларын жазсаң сүйүнгөн күйүмчүл күйөрмандарыңдын көп экенин билем. Маек соңунда аларга айтаар не сөзүң бар?..
– Жаш өдөлөгөн сайын берилген өмүр өтөлгөлүү болдубу, чыгармачылыкта жүрүп, өлбөстүккө бир нерсе калтырдымбы деген ой билинбей жүрөктү өйөт. Бирок жазат десе эле ченем жок жазганды да жактырбайм. Жүрөктөн тамган ой гана калем учунан кагазга түшсө деп калат экенсиң. Бая күнү бир жакшылык үстүнөн Эсенбай Нурушев жолугуп: “Абдиламит, сен дагы роман жазып атасыңбы?” деди күлүп. “Жок, Эсеке, менин арманым – аңгеме” десем, адабиятка зирек жан эмеспи “Туура кыласың, колуңан келсе, ал “модадан кач” деп көңүлүмдөгүнү айтты. Адамдагы асылдыкты калпып алып, жүрөк кылдарын титирете жазылган көркөмдүк эч качан көз жаздымда калбайт. Аны баалап-барктаган, көкүрөгүндө көркөм дүйнө жашаган окурман-күйөрмандарымдан кудай айырбасын…
Маектешкен Абдимухтар АБИЛОВ