МУКАНОВ Табылды: ТАБЫЛДЫ МУКАНОВДУН ТАНДАЛМА ЫРЛАРЫНАН

* * *
Сен сулуу, таксидейсиң:
бир көргөн адамыңа
шарт ачып кучагыңды
«Айда!» дейсиң.
«Кайда?»
«Каалаган жайга!» дейсиң.
Тилегим тилегиңе бир да коошпойт:
таксиге кимдер түшпөйт,
таксини кимдер тоспойт…

ЧОК
Сен дегенде ичтен кайнап самоордой жүрөм сыздап…
калп эле элге жаркырап…
Өзөгүмө салган чокту утуру
үйлөй берип тутандырдың менде өчүң барчылап.
«Кайнап өл» деп, «Күйүп өл!» деп
каргадыңбы ичиңден,
ал чок эми шыркыраган ак жалынга айланып,
жылдызымды куйкалоодо. Кичиргем.
Өзөгүмө түшүп жатат дагы эле
чок тутанып сенин ар бир сөзүңөн,
жүрөм кайнап бир да жанга билгизбей…
Ал чок өчсө мен да өччүдөй көрүнөм.

* * *
Белгилүү болуу тозок:
чыгышып ар жагыңа,
чыгышып бер жагыңа,
калтырбай чолоо жериң
карашат шыкаалашып эл жабыла
Аңтарып дүйнөңдү бүт…
Өткөрөт миң электен
укумуң-тукумуңду,
жарыңды да
жандырып чарык жиптей түрүлгөн тагдырыңды…
алышат изилдөөгө каныңды да!

* * *
Будильник баш жагында дайым кечте,
анткени жок ойготору,
узатары таңда ишке.
Кечте келип кулпу менен алп урушат,
таңда дагы алпурушат кулпу менен.
Ачылбаса ачууланып,
ачат тарс жулкуу менен,
анткени иштен тосуп алары жок —
чукак ал өзгө акылга, өзгө мээге…
Дүнүйөсү үй толо жайнап турат,
бирок андан кыпынча албайт кубат.

АК АЯЗ
Аяз, сага рахмат,
Уят качкан жүздөрдү
Уят сүртүп кызарттың.
Мүштөк сымал морлордон
Түтүн чубап буладай,
Тепең-тепең бийлеттиң.
Бий билбеген бийкечтерди субагай.

Троллейбус — муздаткыч,
Автобустар — муздаткыч,
Бүтүн дүйнө — муздаткыч!
(Эх, бузулуп кетет деп
Биз бекерге бадыраңды,
Балыктарды туздаппыз!)
Так түйүлүп, тайраңдап,
Жылан болуп ышкырасың, кар атып,
Келдиң бекен шаарыма
Плутондон адашып?
Марттыгың ий, мех сунган,
Кылыгың ий, бетке урган,
Аял каардуу ак аяз,
Түшсөң керек Нептундан.

ТААРЫНЫЧ
Кетемин мен, кеткенде да келгис болуп,
Жаш чайган көздөрүмдү
жакама катып алып —
көргөзбөй адамдарга, маңыроо Айга…
Бир гана мени жоктойт акын-арык
соолууга күчү жетпей,
ташууга алы келбей.

Эх, андан бир стакан басып алып
кетем мен, кеткенде да келгис болуп.
Жаш чайган көздөрүмдү
жакама катып алып.
Ал кезде сен уйкунун кулу болуп,
дүйнөгө тынчтык бербей коңуругуң,
түшүңө сүйгөнүң чал болуп кирет
жакындап…
чечип бүтпөй колу курун…
Саа калат:
бөлмө-бөлмө аба калат,
түтүнү, күлү жатат чылымымдын,
бир тамчы жашым калат от жүзүңдө,
айрылып теңи калат ысык ырдын.

Ый калат,
күлкү калат… —
баары калат!
Аларды сен байлык деп баалабастан,
издейсиң жумшап мага кыйкырыгың
күз тоноп, кыш онтоткон кара бактан.
(Мен тургай бактар алек өзү менен,
каап, силкип таштай албай
кышкы чакты…)

Туу кылып жүрөм, жаным, таарынычты,
Жер шарын бир чарк айланып чыккычакты,
Жер шарын чарк айланып чыккычакты…
10.12.1969-ж.

ЭЛЕГИЯ
Күттүм сени эшикти ачып коюп,
арашан кан боло жаздап шыргалаң.
Өпкөмдөн өтүп жатты кара шамал,
ыркырап чоочун иттей
талашып мен жамынган
ак шейшепти…
бир үмүт алдайт мени шыйпалактап,
алдаймын ал үмүттү өлгөндө араң.
Бир жансыз тымтырс
турат көчө, көңүл,
өмүрдү көксөп жатып өчөбү өмүр?

… Эшигимден шар дей түшүп
таң далай,
эшигимди мөндүр чертет манжадай,
эшигимди шамал ачат жашыруун,
эшигимди шамал жабат
сенден сыпаа, акырын…

Түн мактанат, ай-жылдызын
алып чыгып койнунан.
Чымыратып бойду кан —
сен жашаган,
сен дуулаган,
сен өлгөн;
канча кайгы мени көздөй жаа тартып,
шар жандырат ой-санаамды эми өргөн.
Тургансыйсың каалганы ача албай,
тургансыйсың күтүп мени балкондо…

Ойлор келет, ойлор келет шарактап,
карасы жок, сарысы жок,
баары — аппак.
Сен эмессиң, сен эмессиң, а сыртта,
мени күткөн: кара шамал…
жаан…
аптап…
Жаан сенин чачыңдай!
Шамал сенин ачууңдай!
Аптап сенин денеңдей…
1974-жыл

* * *
Сен кетсең, кеттиң үйдөн — түнөгүмдөн,
кетпедиң жүрөгүмдөн,
ойноктоп сүзүп жүрдүң кандарымда.
Калдым мен ак жаанында
махабаттын.
Жаз маалында ажыроо кандай тозок:
чыйырчыктар экиден учуп барат,
барат сүзүп экиден ак куулар да,
бир уя салып жатат эки ак чымчык,
келет өсүп кош тал чөп ташты жара.
Тиктешет эки бирдей тыйын чычкан
Мончоктой көздөрүнө кумар жыя…
Сүйүүбүз экөөбүздүн кайдан келген
адашып буларга, ыя?
1974-ж.