
АҢГЕМЕ
Мен Гёненде туулдум. Бул шаарчага жыйырма жылдан бери келе элекмин. Бардыгы эски, узун түш сымал көз алдыма тартылат. Көптөгөн жерин унутуп калыптырмын. Ал учурда атам жаштыгына карабай жүз башы эле. Экөөбүз күндө алдынан өтчү мечитти, так маңдайындагы фонтанды, тынымсыз кыйылган карагайдын бүчүрлөрү агып турчу сууну, кээде жуунганы барчу ысык суусу бар мончонун терең көлмөсүн эстегенге аракет кылып жатам. Бирок бет алдымды унутуунун аппак туманы каптап, боекторун өчүрүп, элестерин жок кылат… Көп убакыттан кийин өз жергесине кайткан адам туулган жерин, сүйгөн нерселерин алыстан дароо көрө албаганы үчүн кандай капаланса, мен дагы дал ошондой сезимде, чыдамы жок бир кайгыны сезип турам. Күүгүм тартканда топ-топ болуп уйлар өтчү чаңдуу, ташсыз жолдор, балыр каптаган, кара черепица менен жабылган чатырчалар, жуулчудай какыйган дубалдар, жыгачтан жасалган кичинекей көпүрөлөр, баш-аягы билинбеген талаалар, жапыс бойлуу тосмолор ушул туман ичинде жок болуп кетүүдө…
Тек гана үйүбүз менен мектепти көз алдыма келтире алдым.
Чоң бакча… Ортосунда вилла сыяктуу курулган аппак там… Оң бурчунда ар дайым биз эс алып отурчу ак пардалуу бөлмө… Таң эрте апам мени жаш баладай терезенин жанында отуруп алып, сабактарымды кайталатып, сүтүмдү ичирчү. Терезеден көрүнүп турган короонун тигил тарабындагы топурактын өңүндөй болгон кепенин айнексиз бир терезеси бар эле. Бул капкараңгы тешиктен мен аябай коркчумун. Тамактарыбызды бышырып, кир кийимдерибизди жууп, атамдын атына жемин берип, аңчы иттерге караган кызматчыбыз Абил апанын түнкүсүн айтып берчү коркунучтуу, бүтпөгөн жомокторундагы аюну, бул караңгы терезеден көрө турган болдум. Куру кыялдан жаралган түштөрдү угуп, аны чечмелөөгө кызыккан байкуш апама таң атканда аю менен байланышкан түштөрдү жаратып: чоң аю мени кармап тоого алып кеткенин, токойдогу ийнине камаганын, колдорумду таңганын, кулак, мурдумду жеп, Байрамич жолундагы суу тегирмендин ташына таштап кеткенин айтып, ар дайым “кудай андайдан сактасын…” дедиртчүмүн.
Түштөрүмдү жоруп жатканда мени атагы чыккан адам, татыктуу мырза жигит, мыкты паша[1] болорумду, мага эч ким жамандык жасай албасын ишендире айтканда, жалган айтканымды унутуп, төбөм көккө жетер эле…
Кайсы көчөлөрдөн, ким менен барам — билбейм… Мектеп бир кабаттуу, дубалдары тосмосуз болчу. Дагы алдыраакта кичинекей, бак-дараксыз бакча… Бакчанын аягында жөө адамдардын жолу, абдест алчу чоң челек… Эркек балдар менен кыздар аралаш отурушат, чогуу окушат, чогуу ойношот. “Чоң хожа[2]” дегенибиз, чачы бирин-серин, бүкүр, узун бойлуу, карып, алжыган аял эле. Көк көздөрү сүрдүү жалжылдап, куш мурун сыяктуу ийри келген сары мурду, түктөрү түшүп калган айры куйрукка окшошчу. “Кенже хожа” эркек болчу. Чон Хожанын уулу. Балдар андан коркчуу эмес. Байкашымча, бир аз келесоолуктай сезилчү. Мен арт жактагы жапыз үстөлдө, “чоң хожанын” эң узун таягы жетпей турган жерде отурчумун. Кыздар чачымдын ачык сары болгонунан улам “Ак бей[3]” деп аташчу. Эркек балдардын улуураактары атымдан же “жүз башынын уулу” деп чакырышчу. Класстын ачылбаган канатында асылган “келди-кетти” тактайчасындагы жазуулар, жансыз жүз сыяктуу бизге карап, калың дубалдардын шыпка жакын тар терезелеринен кирген күңүрт жарык, токтолбостон бакырып, кыйкырып окуган балдардын сүйлөөк, ачуу үндөрүнөн дагы да оорлошуп, деми кысылчу…
Мектепте жазанын бир гана түрү бар эле. Ал балак. Күнөөсү көптөрдүн, ал гана эмес кыздардын дагы бутуна балак менен урушчу. Баары балактан титирешип, коркуп турушат. Кенже хожанын балактары… Чоң хожанын узун таягы…кимдин башына тийсе томпойуп чыгат. Мен токмок жеген жокмун. Бирок бир жолу чоң хожа небак эттери шылынып калган сөөк колдору менен калп айтканым үчүн сол кулагымдан кармап чойгон. Ошончолук катуу тарткан экен, эртеси күнү да кызыл жалын ичинде жүрдү. Тим эле кыпкызыл. Күнөөм деле жок болчу. Туурасын айткам. Бакчадагы абдест алчу челектин чоргоосу жулунуп калган. Эжейибиз күнөөлүүнү издеп жаткан. Күнөөлүү көк пинжакчан, кызыл жагоочон арыкчырай келген, оорукчан бала эле. Барып айттым. Балакка жаткызмак, бирок мойнуна албай койду. Ошол маалда башка бир бала чыкты. Өзүнүн сындырганын, анын күнөөсү жоктугун айтты. Бакырып-өкүрүп балак жеди. Анан эле эжекебиз: “Эмнеге калп айтасың, байкуш балага жалаа жабасың” деп, өңү-башын бузуп кулагыма жабышты. Ыйладым. Анткени калп айткан эмесмин. Ооба, чоргоону сындырып жатканын өз көзүм менен көргөм. Кечке маал, мектеп тарап жатканда, балак жеген баланы кармадым:
— Эмнеге мени калпычы кылдың? — дедим. — Чоргоону сен сындырган эмессиң…
— Мен сындыргам.
— Жоок, сен сындырган эмессиң. Жанакы баланын сындырып жатканын көргөм.
Тирешкен жок. Жүзүмө карады. Көпкө чейин көңүлү суз тиктеди. Эгер мен айтпай койсом, ал күнөөсүн мойнуна алмак. Мен дароо кызыгып баштадым:
— Чоргоону Али жулуп алган, — деди, — мен деле билем. Бирок ал өтө эле арык, анан дагы оорукчан. Көрдүң го, балакка чыдай алмак эмес. Балким өлүп калмак, төшөктөн айыгып турганына аз эле болду.
— Эмнеге сен ал үчүн токмок жедиң?
— Эмнеге болмок эле. Экөөбүз бири-бирибизге ант бергенбиз. Ал бүгүн ооруп жүрөт, мен болсо күчтүүмүн. Аны балактан куткарып калдым.
Анчалык деле түшүнө берген жокмун. Кайра сурадым:
— Ант деген эмне?
— Билбейсиңби?
— Билбейм!
Күлдү. Менин жанымдан узап баратып жооп берди:
— Биз бири-бирибиздин каныбызды аралаштырабыз. Муну “антташуу” дейт. Ант беришкендер өлгөнгө чейин бири-бирине жардам беришет.
Кийин байкасам, мектептеги көпчүлүк балдар антташып алышкандай. Кан достор. Кээ бир кыздар да антташып алышкан экен. Бир күнү бул нерсенин кантип жасаларын дагы көрдүм. Бул мени көп ойлонтуп койду. Менин дагы кан досум болсо, эжеге кулагымды чойдурбас элем, ал гана эмес балак жей турган болсом куткарып кетмек. Ойлорумду апама айттым. Макул боло койгон жок:
— Андай сандырактыкты каалабайм. Эч качан колуңдан кан чыгарып бирөө менен дос болбо, — деди.
Ал сөз кулагыма кирип кайра чыгып кеткендей болду. Акылымда “антташуу” дегенди сактап жүрдүм. Бирок ким менен? Бир күнү кокустуктан, күтүлбөгөн жерден кан достуу болдум. Бешинчи күндөрү биздин үйдүн бакчасына кошуна балдар топтолчу. Кечке чейин чогуу ойночубуз. Аркабыздагы үйдүн ээси Ажы Будактардын мени менен тең чамалаш улуу бар эле. Аты Мыстык… Бул сөздү айтып жатканда кайра-кайра кайталачумун. Себеби күлкүлүү ат. Кыздар бул атка уйкаштырып ыр чыгарып алышып, Мыстыкты бакчадан, көчөдөн көрүшсө бир ооздон айтып калышат:
Мустафа Мыстык,
Арабага кыстык,
Үч шам жактык,
Карап, бактык! дешип, муштумдарын түйүп алышып, ага карата сунушчу. Мыстык арданчу эмес. Каткырчу. Биз дагы бул төрт сап ырды ырдап, ойноп күлчүбүз.
Мен бул төрт сап ырдан аябай таасирлендим. Түшүмдө канчалаган кыздардын Мыстыкты көчмөндөрдүн арабасына кыпчып алышып, айланасына үч шам жандырып карап отурушканын көрдүм. Эмнеге Мыстык тынч отура берет. Эмнеге ал кыздарга каарданып кол көтөрбөйт. Ал баарыбыздан күчтүү эле. Аты сыяктуу бардык жагы тоголок. Башы, колдору, буттару, денеси… Күрөштө бардык балдарды жеңип алчу. Жайкысын ар бешинчи күнү эртең менен бир боо талдын бутактарын алып келет. Талдардан ат жасап, жирит ойноп, жарышка чыгабыз. Жарышта да эч ким жеңе албайт. Ошол бешинчи күндөрдүн бүрөөсүндө талдын бутактарын дагы алып келди. Мен эң узунун өзүмө энчиледим. Калгандарын балдарга таратып бердик. Маки менен талдардын учун аарчып, эки кулак, бир мурун жасап, атка окшоштурабыз. Муну мен жакшы жасай алам.
Өз атымды кооздоп жаткам. Мыстык менен башка балдар жасатуу үчүн катарда тизилип турушат. Кандай болуп кеткенин билбейм, маки тайып баш бармагымды кесип кетти. Кызыл кан жайыла берди. Ошол учурда бир ой пайда болду. Антташуу… Бармагымдын ооруганын унутуп Мыстыкка:
— Карачы, колумду кесип алдым. Кел, кан дос бололу. Сен дагы кес…
Көк көздөрүн жерден албай, чоң тоголок башын ийкеди:
— Болор бекен. Ант үчүн кол кесүү…
— Эч кандай зыяны жок, — дедим.
Макул болду. Колун маки менен кести. Экөөбүз ошентип кан дос болдук.
Арадан канча убакыт өттү эсимде жок. Балким алты ай… Балким бир жыл… Мыстык менен кан дос болгонумду унутуп калыпмын. Дагы эле чогуу ойнойбуз, мектептен үйгө чогуу кайтабыз. Бир күнү күн ысып, кайнап аткан. Мыстык экөөбүз көчөнүн чаң жолдору менен келатканбыз. Бир бурчта дубалдын урандылары үйүлүп жатчу. Кокустан эле маңдайдан чоң кара ит пайда болду. Аркасында таяк көтөрүп кууп алган адамдар бар. Бизге: “качкыла, тиштеп алат” деп кыйкырып атышты. Коркконубуздан оордубузда катып калдык. Алгач мен эсиме келип, качалы дедим. Ит бизге жакындап калган. Мыстык: “менин аркама жашын” деп, иттин жолун торой чыкты. Ит качырып кирип, Мыстыкка асылды. Күрөшүп жаткан адамдай ит эки бутуна туруп алган. Бири-бирин муунтуп жатканга окшош. Андан кийин тоголонуп кулап түшүштү. Мен болушунча калтырак баскан, титиреп турам. Таяк көтөргөн адамдар да жетип келишти. Итти болгон күчтөрү менен башка-көзгө койгулап киришкенде, куйругун чатына катып алып качып жөнөдү. Мыстык иттен кутулду. Бирок колунан, мурдунан салаалап кан агып жаткан. Мыстык: “Эч нерсе болгон жок, бир аз чийип кетти” деп койду. Үйүнө алып барышты. Мен дагы үйдү көздөй чуркадым. Окуяны апама айттым. Абил апа мени жерге жаткырып, дубасын окуп, бетиме үйлөдү, сарымсактын жытынан чүчкүрүп жибердим.
Эртеси күн Мыстык мектепке келген жок. Андан кийин дагы келген жок. Апама Ажы Будактыкына барып, Мыстыктын абалын билип келүүсүн сурандым.
— Ооруп жатыптыр, — деди. Буйурса, айыкканда ойнойсуңар, азыр мазасын ала берүү уят, — деп койду.
Андан кийин ар дайым Мыстык айыгып келет деген үмүт менен мектепке барып күтөм.
Тилекке каршы, ал эч келген жок… Ит кутурган экен. Мыстыкты Бандырмага алып жөнөштү. Андан ары Стамбулга алып кетишмек.
Акыры бир күнү кабар келди. Мыстыктын жайы жаннатта болсун…
Эрте турганымдагы ачык, булутсуз күндөр мага балалыгымды эске түшүрөт. Жан дүйнөмдө сонсуз жана бактылуулуктун өлкөсү катары калган туулган жеримди көз алдыма тартууну каалайм. Дайыма кокусунан сол колумдун бармагын карап алам. Колумдагы агышынан келген сызык сыяктуу тырык менин оюмча ыйык. Анты үчүн өлгөн, өз жашоосун аябаган баатыр кан досумдун, мени куткаруу үчүн кутурган итке каршы турган арстан сыяктуу элесин көрөм.
Улутубуздан, түркчүлүктөн алыстаган сайын бул ыймансыздык жана бузукулук, кайдыгерлик жана өзүмчүлдүк, текеберлик жана жалкоолук тозогунун түбүнө түшүп, кайгылуу жана айласыз турганыңда нурдан бүткөн бейиштин эшиги алыстан ачылат… Мени бактылуу кылат.
Сааттар бою Мыстыкты эскерип, бул окуя унутулган сайын дагы да ыйык нерсеге айланып баратканын сезип турам…
Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу
[1] Паша – Османлы императорлугунда жогорку мартабалуу кызматкерлерге жана аскер адамдарына берилген титул.
[2] Хожа – мугалим, дин кызматкери, табып.
[3] Бей — мырза.