
Күз. Сагын акын. Үчөөбүз ээрчишип келаттык…
Сүйлөшүп коебуз, бир туруп оозубузга суу толтуруп алгансып дымып да калабыз. Андайда ар ким өзүнө кирип кетип унчугушпай калганда күз- маэстро ортодогу үнсүздүктү ылдам эле буза коет. Сыйкырдуу таягы менен нары- бери шилтегенде кадимки сырт дүйнөгө туш болуп “өз бөлмөбүздөн” кантип чыга- чыга калганыбызды байкабай да калабыз. Күз болсо менин бийлигимди билишсин дегени го, ого бетер шуулдап сары, жашыл, кызгылт түстөгү бариктерин туш- тушка учурат. Бир саамга күүлдөй түшүп кайра мелмилдеген тынчтык. Күз- маэстро адатынча бир эле убакта бир канча аккорддо симфониясын ойноп жатты…
Бир туруп учуп бараткан куштардай улам бийиктеп оболосо, бирде басаңдап; кудум учуп түшкөн бариктердей удургуп, ойкуп- кайкып жаратмандыгын бүтөр эмес.“Күз да минтип келип калды, ары- бери карагыча» дейбиз улутунуп. Келмек түгүл жаныбызда эле кошо үн алыша күңгүрөнүп, кошо ээрчип келатканын унута салып. Айтор, келатабыз, бир күүгө түшүп алып. Күз бизди, биз күздү ээрчип…
— Бариктер көп саргая элек быйыл, — дейт бак- шакты тигиле карап.
«Ооба… жашылы көпкө кармалды», — дейм ичимен шуудурун тыңшап…
Ошентип коюп каалгып келатабыз шуулдаган, дуулдаган дүйнөдө. Келатабыз. Дүйнө токтобой кайдадыр зымырап бараткансыйт. Биз шашпайбыз деле. Кумурсканын уюгундай тынымсыз агып жаткан көчө кыймылына көз салып коюп. Бу байыркы, эзелки дүйнөдө бүгүн барбыз. Эртең жокпуз. Жашоонун агымы ушинтип кайталана берет. Ошонусу менен кызык, аялуу. Аны дайым эле сезип туруунун өзү кыйын экен. Өзүнчө эле айыкпас оору.
Андай оору менен ооруп калсаң эзели да айыкпайсың. Өзүң менен кошо кетет… Кетип калсаң… Өзүңөн бөлөк жан билбеген бир муң бар көкүрөктө. Ал эненин курсагында жаткан кезиңде эле кошо түйүлгөнбү же бу жарыкка келгенден кийин сага илээшкенби, түк билбейсиң. Тунгуюк бир дүйнө. Жарга такаласың. Бүгүн ошол жабыр- муңдан атайылап сыртка качып чыккандайбыз.
Агымга аралашып, агым менен агым болуп кете бересиң.
Эл деген эл… Эл ичинде азабың да асыл, муңуң да жарык сезилет. Элден айланса болот. Шүгүрчүлүк, эл ичинде баратабыз. Шуулдаган дарактарды аралап. Шаңкайган көк асманга тигилип. Асмандаган куштардын көзүнө жердегилер кумурскадай эле көрүнсөк керек.
Биз да кумурскадай болуп кыбырап, көптүн арасында келатырбыз.
Бактан бакка, аллеядан аллеяга, жолдон жолго өтөбүз.
Эки жолдун чок ортосунда шуулдаган мажүрүмдөргө жолуктук бир убакта.
Жалдырап карап калдык. Карабай койгонго мүмкүн эмес эле.
Көйкөлгөн көркү көз арбайт…Чуудаланып кеткен шактары бир керемет.
— Кызматтан үйгө ушул жолдо мажүрүмдөрдү аралап өтчүмүн. Анда жаш элем. Мажүрүм да, жаш көчөттөр эле жаңы гана тигилген. Азыр болсо мына: шагы жайылып төгүлүп турат…
— Мен да ушул жолдон университеттен агамдын үйүнө чейин жөө барчумун. Аралыгы бир топ эле. Жол карата жомоктогу бекзаданы жолуктурчудай жүрөгүм элеп- желеп болуп, кыялданып келе берчүмүн, — дейм.
— Издегениң жакын эле жерде жүрүптүрбү анан? — дейт.
— Ооба, жанымда эле жүрүптүр. А укмуштуу бекзада жомокто эле калды.
— Учуп- күйүп кыял менен жашаган укмуш кездер өттү түш сымак.
— Азыр деле жашсың, — дейт көңүлүмдү улап.
“Ай жарык”деген ырындагы саптарын эстеп… «О кайдагыны айтасыз, кайдагыны”, — дейм.
“Кайың талдай көк элек, деп арбалып,
О кайдагыны айтасың, кайдагыны!”
Бири- бирибизди карап алып жылмайдык. Өткөн чактын агымына түшүп алып… Шарактаган кездер өткөн экен. Кечээ менен Бүгүндү, Өткөн менен Учурду жүктөп алып заман зуулдайт. Мажүрүм талдын жанындагы отургучтарда 16- 17 жаш чамасындагы кыз- уландар күн чубактап отурушат. Алардын көзүнө капыстан чыга калган байыркы бир аялдай көрүнсөк керек.
Кайрадан унчугушпай калдык. Кайрадан жол. Кайнаган жол. Уйгу- туйгу машинелер. Туура жолдон өттүк. ЦУМдун тушунан өтөлүк десек жол жабык. Буйдала түштүк.
— Ушул жерде жол бар эле. Дайыма өтчүмүн. Үй салып ийишкен турбайбы. Жердин баарын сатып алып эле үй куруп атышат. Тойушпай койду го…
Акын жолдун жоголгонуна кейиди. Айланып өттүк. Кайрадан жол. Кайнаган жол. Агылган эл. Агылган машине. Кишиден машине көп. Көптүгүнөн жүрөк акылдайт.
— Ой токтойлу. Өлүп калабыз машиненин алдында.
Токтодук. Өттүк жолду кесип. Шашылган эл.
— Агылган эл. Агып кайда баратышат, шашып кайда баратышат? — дейм.
— Өздөрү да билбейт, кайда баратканын, — дейт.
— Таптакыр эле өлбөчүдөй жүрөбүз ээ… — дейм.
— Басып баратып эле тыркыйып өлүп каларыбызды билбейбиз.
— Түбөлүк жашоочудай болуп. Билсек башкача болот беле?…
Унчугушпай калдык кайра. Арким өзүнө кирип алып. Күз гана адатынча шуулдап, күнгүрөнүп өз арбайын өзү согуп жаныбыздан чыкпай келатат. Ой. Сагыныч. Санаа. Сапырылган дүйнө. Күздүн ыры деле биздин жандүйнөбүздүн ыры сыяктуу.
— Ыр жазып атасыңбы? — Капыстан берилген суроо жымжырттыкты жарып өттү.
— Жазылып атат кээде. Ара-чолодо кармалганын кармап, кармалбаганын туңгуюкка учуруп ийип телмирип отуруп калганым канча…
Агылып ак булуттай… Ак канатчан
Калкылдап келесиңер кай тараптан.
Канчасын учурдум кармайалбай
Калагын чексиздиктин айдай албай. — деген саптар жазылган эле.
— Андай учуруп ийген кездер менде да көп болгон. Дал ошол учуп кеткендер аялуу. Ойуңан да түк кетпейт. Менин бир жазганым бар:
…Ырлар ошол… отко, сууга бир түшүп,
Оттой, суудай жаның менен жашасын.
Касиети кайталангыс бир учур.
Касиетин кармай алсаң — жазасың.
— Сен да учурунда жазып кал…Баягыдай учуп-күйгөн ырларды жазбай, эми салмак менен караган мезгил да келет экен.
Көөдөнүң толуп турса, ырдын да келээр сааты болот.
Үлгүрүп жазып калсак гана болгону…
Ушу тапта көңүлдүн толкунун удургутуп, жарыктык Күз сары бариктерин учурду.
Көңүлдүн күүсү менен күздүн күүсү үн алышып бир толкунда. Бир толкунга түшүп алып биз дагы баратабыз. Алдыга жүткүнүп. Жетээр жер түгөнмөйүнчө кете бермей.
Алдыда жол. Узак жол. Түгөнбөгөн жол. Түтөгөн жол. Белгисиз жол. Бел ашкан жол.
Келатабыз. Байыркы эки аял. Ысык-суугу кайнаган, аңтарылган-теңтерилген жашоонун Айлампасына түшүп алып, көрбай-жербай тирлиги менен агымында агып-агып баратабыз. Ийинде жүк. Зылдай жүк. Кылымдык жүк. Бир башка жетээрлик да ашарлык. Билгендер билет. Билбегенге тыйынча да кереги жок Ушундай болгон, ушундай болуп кете берет. Бул байыркы чындык.
Дүйнө агууда. Машине андан бетер. Агылган жолдо, агылган элдин арасында күнүмдүк тирлик менен учкан Убакыттан, Өмүр менен Өткөндөн, Ыр менен Сырдан анда-санда кеп кылып сүйлөшкөндөн унчукпаганыбыз, телмирип басканыбыз көп болуп, Күз ортодо шуулдаганы болбосо… ойлуу, үнсүз келаттык ичтен кайрып…
Кан жолго келгенде бөлүндүк. Ал өзүнчө, мен өзүмчө жолго түштүк. Кылчайып бир карады. Кылчайып мен карадым. Кайыр, дештик. Көрүшкөнчө. Кайрадан “өз-өз бөлмөбүзгө” култ этип кирип кетип, алып учкан сырт дүйнөдө каалгып кетип баратабыз. Аалам кыйырынан караганда, күңгүр-шаңгыр дүйнөнүн бир кыпынындай болуп калкып баратабыз…Калк арасында… кайнаган турмушта. Шарактап кайнап. Айтор келатабыз.
Байыркы эки аял. Байыркы бир байыркы дүйнөдө. Аман бол тирүүлүк! Аман бол.