
Жайкы кечте фортепьянону дыңгыратып отургам, тосмолуу аянтчадан кыздын кадамдарын угуп, клавишаларды катуу койгулап өзүмдү жоготуп ырдап кирдим:
Көз артпайм кудайларга,
Көз артпайм хандарыңа,
Көргөндө кара көздү,
Шыңга бой, чачтарыңды!
Көк көйнөк кийип, айдалысына узун эки өрүм кара чачы төгүлөт, маржан шуру тагынып, күнгө күйгөн жүзүндөгү көгүлтүр көздөрү күлүңдөйт:
— Мунун баары мен жөнүндөбү? Өзүң чыгарган ырбы?
— Ооба! Мен кайрадан клавишаны тарс эткирип, кыйкырып кирдим:
Көз артпайм кудайларга…
— Үнүңүз кантет!
— Бирок мен атактуу сүрөтчүмүн. Ошондой эле Леонид Андреев сыяктуу сымбаттуумун. Сизге кырсык болуп келип калдык!
— Толстой сиздин Андреевиңиз тууралуу ал канчалык коркутса да мен коркпоймун деген.
— Көрөбүз, көрөбүз!
— А чоң атанын балдактарычы?
— Чоң ата Севастополь баатыры болсо да сыртынан гана катаал сезилет. Качып кетип, нике кыйдырабыз, андан соң чоң атанын бутуна жыгылабыз, ал ыйлайт да бизди кечирет…
Алар күүгүмдө, кечки тамактын алдында, ашканада пияз кошулган эт котлетин куурушуп, шүүдүрүмдүү бакта салкын түшкөн маалда аллеянын түпкүрүндөгү селкинчекте бет маңдай туруп алышып, кыздын этегин түргөн шамалда селкинчек ойноп жатышты. Ал арканды катуу тартып, селкинчекти улам катуу күүлөнтүп, көздөрүн коркунучтуу аңтарылтат, кыз жүзү албырып, ойсуз жана кубанычтуу жүз багат.
— Ау! Мынакей, жылдыз көрүндү! Асманда ай тууптур, көлдүн асманы жашыл-жапжашыл, карачы, кандай ичке орок! Ай, ай, алтын мүйүздөр…
— Ой, биз учуп кетебиз!
Бийиктен жерге катуу тийишип, толкунданган демин карманып, бири-бирине тигиле тактайга кайра отуруп калышты.
— Мен айткамын!
— Эмнени айткансың?
— Сиз мага ашык болуп калгансыз.
— Балким… Токтой туруңуз, кечки тамакка чакырып жатышат… Ооба, баратабыз!
— Мүнөткө токтой турсаңыз. Биринчи жылдыз, наристе ай, жашыл асман, шүүдүрүм менен ашканадан чыккан жыт, туптуура, каймак майдагы менин сүйүктүү котлеттерим! – жана көгүлтүр көздөр менен супсулуу бактылуу жүз…
— Ооба, жашоомдо бул кечтен бактылуураак кеч болбой тургандай сезилет… Данте Беатриче тууралуу мындай деген: “Анын көздөрүндө сүйүүнүн башталышы, ал эми анын акыры – эриндеринде”.
— Ошентип? – деген ал кызды колдорунан кармады. Кыз башын жерге сала ага кыналып көздөрүн жумду. Жигит кыздын жумшак чачтары төгүлгөн ийиндеринен кучактап, жүзүн өйдө кылды: — Акыры эриндериндеби?
— Ооба…
Аллея бойлоп келатышканда жигит бут астын карады:
— Эми эмне кылабыз? Чоң атага барып тизелеп жыгылып, бата беришин сурансакпы? Бирок менден кандай күйөө?
— Жок, жок, кереги жок.
— Анан кантели?
— Билбейм. Эмне бар болсо, ошол боло берсин… Мындан артык болбойт дагы…
10-апрель, 1945