
Лао Ма – азыркы Кытайдын көрүнүктүү жазуучуларынын бири. Анын каармандары арабызда эле жашаган, бирок көпчүлүк эл аларды түшүнүүсү кыйын болгон бала кыял, апенди чалыш адамдар. Биздин “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынан мына ушул жазуучунун “Апенди чалыштар” деген кызыктуу китеби жарык көрүү алдында турат. Бул аңгеме ошол китептен алынды.
Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА
АҢГЕМЕ
Пекинге иш сапар менен барып калдым. Ал жакта жүрүп кечке жуук жумуштарымдын баарын бүтүргөндөн кийин университетте чогуу окуган эски таанышым Датоуга («Көнөкбаш») жолугууну чечтим.
«Датоу» — бул курсташымдын лакап аты. Анын башынын түзүлүшү чындыгында эле башка группалаштардан айырмаланып турчу.
Студенттик жылдарында Датоу чечендиги менен даңкы чыккан. Ал үч-төрт саат бою тынымсыз сүйлөй алчу. Андыктан, жогоруда айтылган лакап атынан башка дагы бир «Алтын ооз» деген ысымы боло турган.
Университетти аяктагандан кийин ал жерде калып, университеттин өнүгүшүнө өз салымын кошмой болгон. Жылдар өткөн соң мен анын көздөгөн максатына жеткенин укканмын. Университетте Датоу мыкты профессорлордун бири катары таанылыптыр. Ооба, бүтүрүүчүлөрдүн кечесинде көптөрү Датоунун мугалимдик кесип үчүн туулганын айтышкан эле.
Датоунун жубайы биз менен бир группада окуган. Алар Датоу экөө издешпей бири-бирин табышкандай эле. Группалаштары кээде аны өз ара Сяотоу («Кичинекей көнөкбаш») деп аташа турган.
Датоу экөөбүз жыйырма жылдан ашуун жолуккан эмеспиз. Мен оозу тынбай сүйлөгөн эски жолдошумду чын дилимден көргүм келди. Анан калса, ал дагы ушундай эле маанайда мага өзүнүн кымбат убактысын бөлүп, жетишкендиктери тууралуу айтып берет деп үмүттөндүм.
Датоунун үйүнүн эшигин ачып, бир кездери сеңселген чачтары бар азыркы таз досумду көрдүм. Ал мени кубанычтуу тосуп алып, төркү үйгө кирүүмдү өтүндү.
— А келинчегиң кайда? — деп сурадым.
— Ал үйдө эмес, — досум кыска жооп кайтарды.
— Өзүң кандайсың? Акыркы жылдары жашооң жакшы болсо керек? — мен тамашага салып сүйлөдүм.
— Алынча, — ал көңүлсүрөбөй жооп берди.
— Университетте сабак берериңди уктум, белгилүү профессор болупсуң, — дедим.
— Эмне деп атасың, кайдан, — Датоу токтоо жылмайды.
— Сен сыяктуу профессорлордун маянасы да жакшы болсо керек. Сен азыр, атүгүл көп акча тапкан ырчылар менен теңтайлаша аласың, — качандыр бир оозу тынбай сүйлөгөн таанышымды сүйлөтүш үчүн тамашалаганга аракет кылдым.
— Мунун баары уламыш, — Датоу бул үч сөздү акырын айтты.
— Сага студенттер бат-бат келип турушса керек? — сөздү башкага бурдум.
— Аз, — деп ал араң унчукту.
Мен суудан азыраак жутуп, конок бөлмөнү айланта тиктедим. Назарым бир буюмдан экинчи буюмга түшө берди. Арадан кыйла убакыт өттү. Капысынан Датоу менден сурап калды: «Өзүң кандай жашап атасың?».
Мен берилүү менен университетти бүткөндөн кийинки жашоом тууралуу айта баштадым. Ал унчукпай олтуруп башын ийкегиледи. Менин аңгемем супсак болуп жаткандай сезилди.
Буга карабастан Датоуну сүйлөтүүгө аракет кылып, саясый темадан сөз козгодум. Андан соң экономика, маданият, аскердик иштер, дипломатиялык жаңылыктар тууралуу сүйлөдүм. Студенттик жылдарда булар биздин кызуу талаш-тартыштарыбыздын бутасы болгон. Бирок бардык аракетим текке кетти. Мен сүйлөгөн убакта ал бир да сөз кошкон жок. Атүгүл башын да ийкебеди. Мен ага кайгыруу менен карап, мындай деп сурадым:
— Датоу, сага эмне болду? Эмне үчүн сүйлөбөйсүң? Мен абройлуу профессордун оюн уккум келип жатат!
— Тамагым ооруп калыптыр, — деген ал тамагын көрсөттү.
— Ошондойбу? А сен дарыгерге көрүнгөнү бардыңбы? — мен курдашыма боор ооруй карадым.
— Коркунучтуу деле эмес, — Датоу жай жооп берди.
Мен ага тамакты дарылоонун ар кандай жолдору тууралуу айтып бердим, бир нече жакшы дарыларды сунуштадым. Бирок ал менин кеңештериме эч бир көңүл бурбады.
Бир аз унчукпай туруп, кетүүнү чечтим.
Үйгө кайтып келген соң болуп өткөн окуяны талдай баштадым. Ал мага олуттуу ооруп калгандай көрүндү. Биз университетте окуп жүргөнүбүздө ал бир жолу да ден соолугу боюнча арызданган эмес.
Мейманканада бул ойлор мага тынчтык бербеди. Досумдун тынчсыздандырган абалын ойлоо менен түн да өттү. Эртеси күнү аялына коңгуроо кылып, досумдун оорусу жөнүндө сурадым.
Аялы каткырып күлүп, Датоунун эң чоң көйгөйү акча болуп калганын айтты. Башкача айтканда, ал акчанын кулуна айланыптыр. Датоу окуган дарстарынан жакшы байлык топтоптур. Ошентип улам барган сайын өзүнүн ар бир сөзү кымбатка турарын түшүнө баштаптыр. Мен ага жакшы акча төлөгөн күндө да ал мени менен сүйлөшпөйт имиш. Себеби, ал мен эмес эң жакын адамы болгон аялы менен да такыр сүйлөшпөй калыптыр.
Унчукпас Датоунун бечара аялы алардын жашоосунан бир нече мисал келтирди. Бир жолу ал аялы менен кыйынчылык менен сүйлөшө баштап, аялы экенин унутуп, студенти катары кабыл алып, аз жерден уруп жибере жаздаптыр. Бирок аялы андан озунуп согуп калыптыр. Ал эми өткөн кышта алардын ашканасында өрт чыккан убакта, Датоу бир да сөз айтпастан, көчөгө чуркап чыгат. Эгерде алардын кошунасы «Өрт!» деп өз убагында кыйкырбаганда, үйдөгү аялы тирүүлөй күйүп кетмек экен.
«Датоу акылдан адашты, биз азыр чогуу жашабайбыз!» — деп жинденип сүйлөгөн досумдун аялы андан алысыраак болууга кеңеш берди.
Эрксизден башымды чайкап, эмне айтарымды да билбей, анын бардык сөздөрүнө макул экенимди билдирдим.