ОСМОНОВА Назгүл: ЛАО МА: КЫЯЛДЫН АТКАРЫЛЫШЫН КАЙГЫ МЕНЕН ТОСУП АЛУУ

Кытай адабиятынан

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

АҢГЕМЕ

Талаанын баарын рапс гүлдөрү алтын түскө боёгон сымал. Күн жадырап тийген сонун күндөрдүн биринде Ло Тяньхун ата-энесине деңиз жээгиндеги жаңы үйгө көчүүгө жардам берип жүрдү.

Жыйырма жыл мурда, Ло Тяньхун ата-энесине терезеси деңиз менен тоолорго карай ачылган кооз үй сатып берүүнү убада кылган. Ал чын дилинен алардын бактылуу карылыгын камсыз кылгысы келген.

Кыялында көп жолу ата-энесинин көзү кубанычтан жашылданып, экөөсүнүн жээктеги жаңы үйүнө кандайча басып баратышканын элестеткен. Ал эмдигиче атасынын сөзүн эстеп жүрөт: “Сен шашпагын, эгерде үй сатып алуу үчүн эки жылдык маянаң жетпесе, биз үч, төрт, беш жыл күтө алабыз”. Атасынын артынан эле апасы да кайталаган: “Алты жылбы, жети жылбы, биз күткөнгө даярбыз. Сен болгону тамак-ашың менен кийимиңден үнөмдөбө. Биз айылдагы чоң үйүбүздү сатпадыкпы. Бизге эми кичинекей батир деле боло берет. Адам жашы өткөн сайын чоң аянтка муктаж болбой калат. Атаң экөөбүзгө чоң батирди жыйноо да оор болот”.

Кетээр алдында өзү да ата-энесине эчтеке сатып албоону буйруду. Жаңы үйгө көчөрдө эмерек жана башка буюмдар ашыкча жүк эмеспи. Анын үстүнө анын жаңы үйүндө ал каалаган нерселердин баары болот. Ата-энеси кайрадан баштарын ийкешип, уулуна эч кандай эмерек сатып албоого убада беришти. Буга кошумчалашып, алар дагы кичинекей жөлөк пулдарынан жаңы үй үчүн үнөмдөшөрүн айтышты. Акырында ата-энесине кол булгап, узак жолго чыкты, ал жолдун акыркы максаты – деңиз жээгиндеги укмуштуу кооз үй эле.

Ло Тяньхун электроника буюмдарын сатуу менен алектенген чакан компаниянын кызматкери. Негизги маянасынан сырткары, компания аларга сатылган товардын пайызынан берип шыктандырчу. Ал тынымсыз иштечү жана батирге көп чыгым болуп отурбаш үчүн бир кичинекей бөлмөдө өзү сыяктуу жети жаш жигит менен тыгылышып жашар эле. Ысык күндөрдө бөлмөгө кир байпактар менен тердин жагымсыз жыты толуп турат, бирок деңиз жээгиндеги сонун үй тууралуу кыял Ло Тяньхунга дем берет. Ал тургай, жүзүн назик сылаган деңиз шамалынын илебин туяр эле.

Дем алыш күндөрү Ло Тяньхун жээк боюна сейилге чыга турган, ал жактарда улам барган сайын жаңы жана жакшынакай үйлөр көбөйүп баратышат. Кооз үйлөрдүн жанынан өтүп баратып, ал үйлөрдө өзүнө окшобогон адамдар жашарын эң сонун билет. Жаш жигит бул үйлөрдүн баасы тууралуу ар бир жаңылыкты толкундануу менен тыңшайт. Деңиз бойлорундагы үйлөрдү карап, кыялындагы үйдү тандай турган, андагы ар бир нерсе майда-чүйдөсүнө чейин эске алынган. Эгерде ошол убактагы чен-өлчөм менен караганда, ал чакан үй деле сатып ала алмак. Албетте, ал үй деңиз жээгинен бир аз алысыраак жайгашмак, бирок жок дегенде көптөн күткөн үстүндө үйү болмок. Бирок Ло Тяньхун мындан жакшыраак үй алууну каалады, ошентип ал дагы бир жыл күтүүнү чечти.

Ата-энеси чарчабай жакшы жаңылыкты күтүштү, ал жаңылык алардын үй-бүлөсүнө кайрадан бир үстөлдө отуруп, жашоо ырахатын сүрүүгө мүмкүндүк бермек. Жаш чактарында, эски советтик “Айылдык мугалим” тасмасын көрүшкөндөн кийин алар бүткүл жашоосун кыштактардагы балдарга билим берүүгө арноону чечишкен. Мына, отуз жылдан бери карыган, бирок дили үмүткө толгон ата-энеси кандай кыйынчылык болсо да чыдап, алыскы жерлердеги балдарга сабак берип келишет. Алардын карапайым бир гана кыялы бар — калган өмүрлөрүн уулу менен деңиз жээгиндеги чакан үйдө өткөрүү. Карыялардын жарыбаган пенсиясы бар, бирок алар уулуна жардам бергилери келишти, андыктан арзыбаган акчасынан көп күттүргөн кыялы үчүн да үнөмдөп жүрүштү.

Бир жыл өттү. Маңдай тер менен табылган Ло Тянхундун акчасы атүгүл деңизден алыс турган үйгө да жеткен жок. Үйлөрдүн баасы асманга чыкты. Бирок жаш жигит буга муңайган жок. Бир аз кайгырып жүрүп, кайрадан каражат табуунун жаңы жолдорун издей баштады.

Андан кийинки жылдары Ло Тяньхун акча топтоосун улантты. Ушул убакыт ичинде бир нече компанияны алмаштырып, адистигин бир канча жолу өзгөрттү. Тынымсыз эмгектин башкы максаты дагы деле илгерки кыялы болду.

Тагдыр кудум аны туура жолго салып, атүгүл, жардам берген сыяктуу, бирок ошол эле убакта токтоого жана ошол кыялына жетүүгө кол сунбады. Баш-оту менен иштеген жигит керектүү каражатты топтой албады. Жыл өткөн сайын үйлөрдүн баасы өсө берди. А карыялар сонун жана жаркыраган күндөрдүн биринде өзүлөрү акыры бүтүндөй жаштыгын өткөрүшкөн туулган жерине кайрылып барабыз деген кыял менен жашаганын улантышты. Бул убакта карыялар жашаган эски үй такыр эле чалдыбары чыкты. Бирок келечекке деген үмүт жана ишеним аларга канат байлады. Карыялар бул үйдө кыштын катаал, суук күндөрүн, жаздын жамгырлуу кечтерин өткөрүштү. Бирок үмүт менен ишенимдин күчүнө карабастан, карыган атасы жашоонун катаал шарттарына чыдай албады. Ооруп жатканына карабастан, ооруканага баруудан, дары-дармек сатып алуудан так кесе баш тартты. “Бай же кембагал болосуңбу, бүгүн же кийинчерээк өлөсүңбү, мунун баарын асман алдын ала айтып койгон. Кичинекей ооруну дарылап кереги жок, а чоң ооруну дарылай албайсың”, — деген абышка узак жашаган жок. Уулу ата-энесине жаңы үйдүн планын жибергенде, атасы бул жарыкты түбөлүккө таштады. Арадан бир нече жыл өтпөй, апасы да жан шеригинин артынан кете берди. Уулу апасынын эч кандай оорусу жок, ал дагы жок дегенде он эки жыл жашайт деп айтчу. Бирок Асмандын ою башка эле: жамгырлуу түндөрдүн биринде, бечара аялды эски дубал басып калып каза тапты.

Ло Тяньхун ата-энесинин өлүмүнөн кийин дагы үч жыл иштеп, акыры деңиз жээгинен жер тилигин сатып алды. Ал жерге ата-энесин көмдү. Кооз деңиз көрүнүшү, сыймыктуу аскаларга урунган толкундар ата-энесинин жаңы турагына айланды. Ло Тяньхун мындан жыйырма жыл мурун, ал топтогон акчанын жарымына деңиз жээгинен чакан үй сатып алса боло турганын эң сонун билчү. Бирок эми таптакыр кеч болуп калды. Өмүр бою иштеп тапкан акчасына ата-энеси түбөлүк уктай турган чоң жер тилигин сатып алды. Орду толбос жоготууга карабастан, ал кандайдыр бир өлчөмдө ата-энесинин кыялы ишке ашты деп эсептеди. Анын үстүнө бул жерде башка олуттуу инсандардын, бай жана таасирлүү адамдардын мүрзөлөрү турбайбы.