ПАЗЫЛОВ Абибилла: ВАГИФ СУЛТАНЛЫ: СОНА КЕМПИР (АЗЕРБАЙЖАН ЖАЗУУЧУСУ)

АҢГЕМЕ

Сурнайдын дабышы дапылдап да, дүпүлдөп, жака-белдеги жамагатты үйлөнүү үлпөтүнө үндөдү белемдир. Ошондон бери обону озондогон тушка агылгандардын  аягы оңой-олтоң  үзүлө койбоду.

Сона кемпир эки  билегин  бооруна кайчылаштырган калыбында чоң чатырдын бир ыптасына ыккан. Шаан-шөөкөт алигинин  ичинде. Сурнайдын кулактан куюлуп, курсакты кайнатар ыргагы эскини, тээ эбак өчкөн өтмүштү эстет, ээ!?  Эмелеки  төгүлгөн күү  керебеттеги  кеселман эмени биякка “жүрүлөп”  азгырбадыбы.  Асыресе,  музыкалык аспап  учурда  аныбыз буга дейре дегеле эшитпеген  мукам кайрыктарды  какшатты. Кексе зайыптын көкүрөк толтосунда   ары жаңы, ары бүдөмүк аваз  дарексиз  көйдөн  сызылып чыгып, сыздагандан чыркырап турду.

Демейде той-топурда тигини таназарга илген  киши  жок, келет дагы таң-тамашага  чатырдын тар бурчунан шыкаалап, артка кайтат.

Азыр абандын сыйкырына айрыкча арбалган кем ээк кемпир сурнайдын бапылдагынан  бөлөк эчтеме тыңдабай  магдырап,  маанайы жарык,  ааламы түгөл … Береги  добуштардын көрөңгөсү  кайда!?  Ой ойду кубалап, кыялы кулун  чагын көздөй чабыттады, чарасы куруп, жарасы тырмалды.

… Күнөстүү жаздын көп  күнүнүн  бир күнүндө,  дарактын агыш-пушту гүлдөрү  чайлаганда, Сона  мадырабаштардын сабында  жашынмак ойногон. Андабы, дүпүйгөн  тыт багынын  кылда учуна тырмышып, бекинген секелекти   беркилердин  эч кимиси  таба албай, таза убара чегишет. Курдаштары  такаатсыз тажап,  үйгө тароого жуп камынганда гана  ал жогортон  ылдый  айгайлап  секиргени.  Некин, куураган чыбыкка көйнөгүнүн  этеги эрмешкен  себептүү тең салмактуулукту жоготуп, төбөсү менен жер саят.

Ий-е, баягы кырсык  куп жадында.

Оорусунан айыгып, кайра оңдоп  тобуна аралашкан, тентегин  уланткан.  Арийне, жанагыда  жыгылгандан кийин  мээнет уйгактай жабышыптыр.  Жыл санап  өзгөлөрдүн бою узарат, мунуку болсо өспөйт. Далысы дүңкүйгөндөн дүңкүйүп, бара-жүрө бүкүрдүн тонун кийип, ашын ичти.

Чатырдагы шаттуу шапарга баккыча зайып өткөн өмүрүн минтип  эстебедиби. Үлбүрчөк жамынган жаш келин үстөлдүн төрүндө, курбуларынын курчоочунда кербезденет. Көздөй боор,  өтө жакындары  тегерегинде  дегендей. Сона эсе жападан жалгыз. Бир оокумда буерден безгиси  келди, көнүмүш түйшүгү  тартты. Некин, баштапкы ниетинен негедир  бат айнып, кубулжуган музыкага кош калдырканын түрө,  ченебей  балкыды го.

Аныбыз канаттуу  кайрууларга канбаптыр, кейпи. Күү  көлбүп, көлкүп  толгондо   карегинде катылган  кайгысы жөө  тумандай тарады. Ушундан уламбы, Сона кемпир алеки саатта жашаргансыйт. Бүгүнкү той Кара Шамиддин уулу жана койчу Латиф Гүлсомдун кызыныкы эмес эле, өзү менен Исми Жетимдики сыяктуу.

Бала кезинде башынан кулаган тыттын саясында  Исми жетим бирге жашоону  сунуш эткен эмеспи. Канмайданга аттанып баратып, күткүн, жаным, сөзсүз тирүү кездешебиз,  каражат топтоп, эл катары той өткөзөм деп өтүнгөн. Эми эшейип,  Исми согуштан кайтпаганын, теңин арзып,  зарыккандан  майып кежигеси   ого бетер майышканын унутту.

Сонанын тели-теңтуштары  эбак о дүйнө узаган, лекин, Исми жетимди көрмөйүнчө өлбөйм дегенчелик көшөргөн өжөрдү Жараткан Эгем  түбөлүк жайына чакыра  элек. Ырас, акыркы  алты ай аралыгында шаабайы биротоло сууган  кемпир  ажалын утурулап, төшөктө.

Карасур сурнай таңшыгандан таңшыды. Коноктор чиркелишип, бийлегенге киришти. Асыресе, Сона эч кимди байкабады, Сонаны да эч ким баамдабады. Тек музыка аң-сезимин  жылчыксыз ээлеп, тууш тулкусун туйлатты.

Ортодо  ийрелеңдеп-тайралаңдагандан талыкшыгандар отургучка алмак-салмак кыңкая кыйраганда, аянтча  сыпсыйда бошогон. Ошондобу, сурнайчы  ажайып бир абанды боздотту  дейсиң, улук-кичик бий тууралуу оюнан оолактап, ысык демин тып баскандай.

Натыйжада  сурнайчы  абыдан чарчады шекилдүү, сурнайдын доошу карыкты.

Жеке тул кемпир тымызын ойдолоду. Көөдөнүнө шыкалган  мукамдар бийлөөгө түрттү, муун-жүүнү калчылдады, жүрөгү опкоолжуду. Кантсин,  чатырдын чок борборуна обдулбаганга эрк-кайраты бош. Дүлөй жымжырттыкта купуя дирилдеген  музыканын шарына ээрип, ойда шылкылдады. Аң-таң сурнайчы  не кыларын түшүнбөй  дендароо: күлсөбү, ыйласабы, же болбосо, аспабын үйлөсөбү.

Албетте, дароо эсин жыйып, коштомокко сурнайын кыңгыратты эле, таштынбы,  кемпирдин ыңгайына ыңгайлашууга жарабады. Ал уккан күү каймана, жан адамга белгисиз, демек, кантип чертмек элең?!

Сонабыз колуктунун бетмаңдайына үйрүлүп, селкини   аземден алакчылоочуудай түрдө  кыйлага кыйшалактады. Ордуна көчүк баскысы барбы, ким билсин?!  Айтор, чабылып, чамынды, чычылып, сөгүлдү-ов!

Эрге тийип аткан койчунун эрмеги  шолоктоп, көз жашын үлбүрчөгүнө жанды бейм.  Ал эми эпсиз ээленген карыпты эч ким кой-ай дешке, желкесинен тартып, жетелөөгө даабады. Ооздору аңырайып, каран калгыр жоруктун  марасын күсөп кабатыр.

Бирок кемпирдин токтомогу  тозок болду, анүстүнө  ырсалактап каткырганы өзүнчө. Аста-аста ага четтегилер  да кошулду. Чатыр чаң-тополоң, табалагандай жымыйып, талпынган Сонанын көңүлү чак, чечекейи чеч. Сурнайчы  кемпирдин өнөрүнөн акылы  адашып, кандайдыр бир  арабөк, беймаза  күүнү күңгүрөтөт. Сона чымын-куюн  бийлей, чатырдын босогосун аттап, дарбазага жууктады. Кадамдап  жылып,  кыштакты тең жара бөлгөн Ак жол көчөсүнө жетти.

Койчо чубаган меймандар анын соңунда. Көлөчү менен кара жоолугун жоготкон Сонанын уйпаланган чачы былкылдаган сайын  желпилдеп бириндейт,  асыресе, көпчүлүктү кайсы көйгө ээрчитип жөнөгөнү табышмак.

Гара сурнайчы  Сонанын кыймыл-аракетине  төп обон  издегенден талбады. Аламан  бейбакты сооротуну  ойлоп, таң, эмнегедир антпеди окшойт. Элирген бечара  текирең-таскактаган тейден жүрүшүн узартпадыбы.

Ара-тородо  боюн өйдө созгондо төө өркөчтөй бүкүрү кадимкидей түзөлдү, тооба?! Бүжүрөйө бүктөлгөн картаң маңгел капыс келишимдүү аялга кубулду.

Сонанын өзгөргөнүнө күбө  сурнайчы зылдай катып, мыңкылдак кайрыктар манжа  басымында чакаган.  Тескерисинче, карынын көмөкөйүндө көбүрүп-жабырган  музыка дапдаана жаңырды. Кайбарыңыз ошол музыкага жуурулушуп, теребелге  төнүүгө чукул, карекке илешип-илешпеген карабашыл сындуу чимириле,  ойкуп-кайкыды.

* * *

Эртең бейкүнөө түндүн таңы атат. Акшамда дыбыраган күзгү нөшөр апта бою аз-маз  аялдабай, короо-тамды, бак-шакты аласалдыра агызды, жолду жууду.

Сона кемпир андан кабарсыз.

Эртең Исми Жетим өзүн тыттын далдоосуна имерип, боройлогон жаан астында кучагына  бек кысат, алтүндө божурап, жалынып-жалбарат.

Сона кемпир мындан дагы кабарсыз.

Эртең күзгү жамгырдан үшүгөн тааныш дарактын бариктери күбүлөт, анан бу каражолтой кайра эч качан жашыл түстүү жалбырак байлабайт.

Айтса, Сона кемпир муну өлүмжан көрбөйт, туйбайт деле, туугандар.

Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ
2017-ж.