
“Таланты жок акын болот, тагдыры жок акын болбойт” демекчи, табигат аянбай кудурет-шыгын берип, бирок ошого жараша кыска өмүр тартуулаган аздек акын Азада Бегимкулованын оттой ысык ырларын кимдер укпаган? Жакында акындын сиңдиси Сабира Бегимкуловадан эжесинин эч жерге жарыялана элек жаңы ыры табылганын угуп, бир чети ал ырды окурманга тартуулаш үчүн, экинчиден Азада Бегимкулова туурасында баарлашуу үчүн борбордун Ак-Өргөө конушуна жол алдым.
— Биз сегиз биртууган болуп, сегизибиз бир ата, үч аялданбыз. Эжем туулган жылдары атам облфиндин, облвоенкоматтын башчысы сыяктуу чоң кызматтарда иштеп жүргөн кези экен. Азада эжем төрөлгөндөн кийин Өзбекстанга которулуп кетет. Эжем табигатынан башкача жаралган жан эле. Мектепте окуп жүргөндө эле шайыр, шаңдуу мүнөзгө ээ эжем, дос-курбулары менен шаракташып көңүлдүү жүрүшчү. Мен эжемдин артынан калбай ээрчип алаар элем. Биздин атабыз гезитти көп окуган, абдан билимдүү киши болгон. Биздин үйгө кеминде 17-18 түрлүү аталыштагы гезиттер келүүчү. Бир күнү ошол биздин үйгө келген гезиттердин ичинен кокусунан эле эжемдин ырын окуп калдым. Кубанганымды айтпа! Чымын-куюн болуп эле гезитти көтөрүп, эжемди издеп жөнөдүм. Айылдын борборундагы бир дүкөнгө кирип, эжеме арнап, ошол кездеги эң баалуу атыр болгон “Красная Москва” атырынан бирди сатып алып, эжемди курбулары менен турган жеринен таап, гезит менен атырымды сундум. Эжемдин жанындагы курбулары аябай таң калышып, “ай-ий, ушул кичинекей сиңдиң сага белек алып келдиби?” деп гезиттен да менин алып барган атырыма таң калышканы эсимде.
Ошондо мен 4-класста окуган секелек кыз элем. Азада эжем 8-классты аяктаган соң, атамдын каалоосу менен район борборундагы дүкөндө иштеп калды. Ал дүкөн биз үчүн өзүнчө эле бир чоң аалам болуп, ал жерге кимдер гана келчү эмес. Дүкөнгө келгендер, эжеме келген жигиттер… айтор мен үчүн эжем иштеген дүкөн башкача бир кызыктуу аалам болуп, күн сайын сабактан чыккандан кийин тызылдап эжемдин жанына чуркап жөнөчүмүн. Ошол дүкөндө иштеп жүргөн жылдары эжемдин турмушунда он алтыдан он жетиге караган курагы экен азыр ойлосом. Бир окуя болуп, ал окуя эжемдин тагдырын түп-тамырынан өзгөртүп жибергенин кийин гана жалгыз мага ачылып айтып отурбайбы. Бирок аны ийне-жибине чейин айтуунун азыр сааты келе элек, анын баарын айтып отурсам, туугандарыбыздын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып кетиши да ыктымал. Эжемдин бул сырын учуру келгенде айтармын деп жүрөм. Болгону, эжемдин турмушунда сезимге алдырган, жөн гана убактылуу жактырып калууну чыныгы махабат деп ойлогон жаңылыштык болгон экен. Гезиттерде эжемдин жашоосунун ушул мезгилин такыр башкача кылып айтышып, өгөй апасынын айынан атасы кызын сабачу экен, ошондуктан Азада төрөбөс болуп калыптыр деген калптарды окуганда кан басымым көтөрүлөт. Эжеме менден жакын эч ким болгон эмес, бардык сырын чечилип мага айтуучу. Азада беш жашка чыкканда апасы каза болуп, андан кийин атам Өзбекстандын Касан-Сай деген жеринде менин апама баш кошот. Жаштык-мастык болгон чыгар, ошентип, эжем он жети жаш курагында Ошко кетип калып, эки жылга чейин дайынын билбей жүрдүк. Бул үчүн атам менен апама сөз тийип, мурунку аялынан туулган кызын батырбай коюшту, кууп жиберишти деген кептер да болду. Эми “эл оозунда элек жок” деген кеп бар го, бири билип айтат, бири билбей айтат дегендей…
Ошол жылдары менин апам туурасында туура эмес маалыматтар кеткен, анан дал ошол апам мени Азада эжеме Фрунзеге жиберген. Анан Оштон ооруп калып, Жалал-Абадга барган эжем Москвада окуган Эркин акеме телеграмма жиберип, агам аны Москвага алып барып дарылайт. Көрсө, эжем киста болуп, аны алдырууга туура келет. Кийин төрөбөй калганынын себеби да ушул болгон го деп ойлойм… Азада эжем айыккан соң мага Москвадан кат жаза баштады. Экөөбүз айрыкча жаныбыз бирге, сыр жашырбаган ынак курбулардай элек. Москвадан келип, Фрунзедеги кооперативдик техникумду бүтүрдү. Ал жерде эң мыкты деген бааларга окуп, комсомол комитетин башкарып турган. Фрунзеге келгенден кийин мени чакыра баштады. Ошол жылдары ИИМде пресс-катчы болуп иштеген Советбек Абышкаев деген жездебизге турмушка чыкты. 8-классты аяктап, мен да Фрунзеге келдим. Эжемдер тилекке каршы, балалуу боло алышпады. Андан кийин сузактык Надыр деген кишиге турмушка чыгып, аны менен да жашоолору ойдогудай болгон жок. Ошентип, эжемдин биринчи китеби жарыкка чыкты. Алгачкы жыйнагы болгон “Алаканда аткан таң” деген ыр жыйнагынын атын Эркин Борбиев койгон. Бул китеп жарык көргөн жылдары эжем кооперативдик техникумдун комсомол комитетинде иштечү. Кийин биринин артынан бири “Мээримим адамдарга”, “Мүдөө”, Каяша”, “Сен окубаган кат” деген китептери чыгып, аты дүң болду.
Мүнөзү өжөр, уюштургуч, кайраттуу жан болуп, башкарма, акимдер жасар иштерин кагазга түшүргүчө эжем эл аралап жүрүп эле далай иштерди бүтүрүп салчу. Эл арасындагы кадыр-баркынын жогорулугу ушунчалык, Азада келиптир дегенди уккан эл өзү эле бир заматтын ортосунда жыйналып калышчу. 1990-жылкы өзбек-кыргыз согушунда биртоп адамдар менен баратып, өзбектердин колуна түшүп калышат. Жанындагылар эси чыгып, эми ажалыбыз жетти го деп турушканда Азада эжем тартынбай машинеден түшүп, тигилердин жанына барат. Азада эжемди көргөн өзбектер колун боорлоруна ала куушурушуп эле бөйпөңдөп чуркап: “Эжеге тийбегиле, бул өзүбүздүн эжебиз тура” деп аларды коопсуз жолго салып коюшканын айтып берген. Бул да болсо анын эл арасындагы абройунан кабар берип турат. Кыйналган адамдарга аянбай көп жардамын берчү. Шар мүнөзүнө, элде жок адамгерчилигине жараша, ар дайым акчалуу бапырап жүрчү. Үйүнө барсам, муздаткычы тамак-ашка толо, балконунан бери алма, жаңгакка толо болуп, береке-кут эле. Кийимдин да эң сапаттуусун кийинип, татынакай болуп жүрчү.
— Аялдык бактысы кандай болду?
— Аялдык бактысы чыгармачылыктагы жолундай эмес, татаал болду. Эжем сүйүүгө да ырга берилгендей берилип, бир сүйсө алды-артын карап талдап олтурбай чындап сүйчү да. Сен сураган «Ш… га» деген ырынын каарманы ошол кездери маданият министри болуп иштеген Шеримбек Шаршеевге арналган. Ортолорунда аруу махабат болгону чындык.
— Акындын акыркы күндөрү эсиңиздеби?
— Эжем кырк алты жашында инфаркттан каза болду. Анын өлүмүнүн артында да биртоп сырдуу окуялар турат, алар мага айдан ачык болсо да, аларды айтуунун убакыт-сааты келе элек. Жалгыз өкүнгөнүм, ал өмүрүнүн акыркы күндөрүндө өзүнө болгон кээ бир адамдардын куугунтуктары жөнүндө ачык жазган күндөлүгүнүн жоголуп кеткени болду. Ошол күндөлүк табылса, акынды айланчыктап, көралбастыктын уусун чачып, бейажал өлүмгө чейин жеткирген адамдардын жүзү ачылмак, эл алдында, абийирлери астында жооп беришмек, жазасын тартышмак. Эжемдин өлгөнүн төрт күндөн кийин укканым өзүнчө сериал. Андан кийин он жыл бою өзүмө келалбай, эмне кылып, эмне коюп жүргөнүмдү билбей калган күндөрүм көп болду. Анын ырларын гезиттен окуп, радиодон угуп калсам, көзүмдөн жаш буурчактап, аягына чейин угалбай туруп кетчүмүн. Азыр да Жалал-Абадка барсаң «Азаданы өлтүрүп коюшкан» деген күбүр-шыбыр сөздөрдү угууга болот.
Гүлсара МОМУНОВА, акын: Аялдык тагдырынан бакыт таба албады
– Жаркын талант, ак дил адам Азада Бегимкулова менен анан өмүрүнүн акыркы жылдарында, башкача айтканда, анын акындык да, адамдык да баралына келип толуп-болуп турган убагында жакшы тааныш болуп, жакын карым-катышта болуп жүрдүм. Негедир мени Ош тарапка көп чакырчу. Акындын ата-энесинин үйүнө да баргамын. Алар карапайым, өтө ыймандуу, жайыл дасторкон адамдар экен. Анда Азада Оштогу «Китеп сүйүүчүлөр коомун» башкарчу. Борбордон барган акын-жазуучулардын дээрлик баарысын өзү тосуп алып, берекеси төгүлгөн Ош жергесинин Сузак, Кара-Суу, Өзгөн сыяктуу жерлерин кыдыртчу. Анын эл арасындагы сый-урматынын жогорулугун ушундан бил, биз барган жерге заматта караламан калың калк чогулуп калыша турган. Азада барган жерин шаңга бөлөп, элди ырга, бийге, күүгө карк кылчу. Мүнөзү курч, кандан-бектен тартынбаган, калп айткан, эки сүйлөгөндөр менен такыр келише албаган көктүгү бар эле. Аттиң, акындык тагдыры акжолтой болгону менен аялдык тагдырынан бакыт таба албады, согончогу канап, ак бешикке бала бөлөп, алдей ырын ырдай албады… Кыялында өзү күткөн мырзасы менен да бирге боло албады окшойт…
* * *
(Азада эженин эч жерге жарыяланбаган ыры)
Боз костюм шым кийгениң,
Боорума тартып сүйлөдүм.
Борборго алыс сен кетип,
Боздоторуң билбедим.
Ак көйнөк экен кийгениң,
Аке деп сени сүйлөдүм.
Арманга салып сен кетип,
Ашыктыгым билбедиң.
Карадан экен кемселиң,
Какшыктап айтты дебегин.
Канча ай күтсөм кабар жок,
Какшаганым билбедиң.
Көк түстүү экен байпагың,
Көк түстүүсүн байкадым.
Калган сөздүн аягын
Караңгы түндө айтамын…
Бир ырдын изи менен
Сөзү: Азада Бегимкулованыкы
Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку
«Ш… га»
Аялыңмын никем кыйбаган,
Азабымсың жаным кыйнаган.
Сараңдыгын көрчү жашоонун,
Сага мени жолдош кылбаган.
Аялыңмын тоюм болбогон,
Азабымсың жүрөк толгогон.
Бир кемдигин көрчү дүйнөнүн
Бир өзүңө буйруп койбогон.
Аялыңмын жаныңда болбос,
Өксүүмсүң өмүрүм толбос.
Күн кечтесе жолуң караймын,
Үмүтүмсүң жарыгы соолбос.
Обону Рыспай менен Асанкалый сыяктуу алп обончулардын көчүн татыктуу улантып келаткан Хабибилла Азиреткуловго таандык бул ырды угуп эле жүрөбүз. Ушул ырдын сөздөрү Азада Бегимкуловага таандык. Бул ыр Шеримбек Шаршеевге арналганын акындын өз оозунан укканын Сейит Жээнбаев гезитке жазып чыкты. Сейиттин айтуусунча: Азада Бегимкулова менен коноктон олтурушканда акын: «Шеке, бул ыр сага арналган» деп Шеримбектин ийнине башын жөлөйт. Анда ал киши оор үшкүрүнүп, бир саамга ойго бата калып, «Азадочка, бул ыр – мага берилген белектердин эң баалуусу. Эстеп жүргөнүңө рахмат», — деп колундагы алтын саатын чечип, акынга сунат.