
ПОЭЗИЯ
Адам менен бир төрөлүп, бир өлгөн,
Бушайманга салып, коштоп келесиң.
Чакырыкпы болгон-бүткөн жөрөлгөң,
Көзгө сүртчү, кандай сенин элесиң?
Канча пенде мен бакытка жетем деп,
Булут минип, көк асманда чалкыды.
Канча жандар жол таптады итеңдеп,
Андан арбын көбүк болуп калкыды.
Бул жашоодо сени көксөп канча жан,
Жаштыгынын жалын табын коротту.
Тирлик – деңиз, толкунунда калчаган,
Көптөр сени байкоос албай, жоготту.
Жашоодо сен айсыз түндө күндүздөй,
Жанды эч сеп алдырбастан умтултуп.
Чырагыңды коймоюң бар күйгүзбөй,
Ашкан байлык турса деле кулпунтуп.
Бир көрүүгө зар болгон көп көзүңдү,
Жанетин жеп, басып жаңы из менен.
Кээ бир жан бар – буту менен өзүңдү,
Тепсеп туруп, закым желден издеген.
Бакыт… бакыт… затың кандай дегеле,
Бул дүйнөдө бар экениң чындыкпы?
Баардык жанга көрүнбөйсүң эмнеге,
Же болбосо издеп чарчап, тындыкпы?
Таза ыймандуу, пакиза адам ак жүрө,
Жыртык калпак жашайт сага жанаша.
Чөнтөктөрдөн буластатып пул бирөө,
«Жипти» минип издеп жүрөт адаша.
Сен табылып ким бирөөгө сүйүүдөн,
Жамгыр болуп себелейсиң балкытып.
Жалгыз сен деп, коросо да күйүүдөн,
Самаганга карматпайсың жалкытып.
Бакыт… сенин кандай деги дөөлөтүң,
Бул дүйнөдө сенсиз жашоо болобу?
Түсүң, түрүң, кандай экен сөөлөтүң,
Сенден кемип, сага адамдар тоебу?
Айтсаң бакыт, кандай кезде келесиң,
Куттай уюп, түндүктөрдөн төгүлүп?
Качан… качан… мага колуң бересиң,
Күндөй жанып, көзүмө бир көрүнүп.
А мен сага жаркын таңдан жолугам,
Шоолаланып саамайыман сылайсың.
Тирүүлүктүн ташы тилген жолунан,
Мончок болуп көөдөнүмө кулайсың.
Мейли бакыт, айда, жылда көрүнбө,
Антсең деле сезип келем жанымдан.
Мен кемисем – сен кемибе, төгүлбө,
Көрүп турам жүрүп аткан канымдан.
Бир кудайдын эрки менен бакыт сен,
Кезиң болот бир тамчыдан бөлүнгөн.
Топук байлап, канаат кылам сага мен,
Балдарымдан, жубайымдан көрүнгөн.
Келбеди деп, жүрөгүмдү сыгылтпай,
Тирүү болсом дале бардыр көрөрүм.
Мен өзүңдү жанда болуп жыгылтпай,
Жөлөп жүргөн балдагыман көрөмүн.
Бакыт… бакыт… тутпасам да өзүңдү,
Сен дүйнөмдө ичтен сызып жүрөсүң.
Кыйын күндө кашайтпастан көзүмдү,
Канткен менен – бирге өмүр сүрөсүң.
КҮЗГҮ МААНАЙ
Жандүйнөдөн улутунуп бир куса,
Көчүп жаткан сур булутка тигилет.
Толкунданып удургуган сезимдер,
Жел күбүгөн сарбарикке тилинет.
Тебеленген жалбырактын алдында,
Учалбаган жалгыз аары ызылдайт.
Кир тамгандай булагына туптунук,
Эмнегедир жүрөк өзү… тызылдайт.
Тоо тараптан ичиркентип желаргы,
Сарбарикти шуудурата күбүйт дуу.
Кечеки жай кырды аттап билинбей,
Мезгил кушу өткөн экен учуп шуу.
Көчөт булут чарчагандай, мен дагы,
Кетким келет кай жаккадыр алардай,
Кыялдагы бир дүйнөгө кез келип —
Тээ качантан көксөткөндү табардай.
Ушу күндүн өмүрү чырт сынгандай,
Селт эттирет бетке тийген жалбырак.
Жандүйнөдө толкун шаңы бөксөрүп,
Дүйнө өзү турганга окшойт алсырап.
Күз аксакал тоо башынан калдайып,
Жакын келет чагылганы жаркылдап.
Кайткан куштун канатында баратат,
Бул өмүрдүн да бир күнү калтылдап…
ЖАКШЫ ЫРГА
О, ырлар, силер менин жылдыздарым,
Жылт эткен тагдырымдын асманында.
Бүк түшүп каларымда тып тамдыңар,
Жашоомдун таман тилген таштарында.
Түшүнбөй, бул жашоого неге келдим,
Бар-жоктун ортосунда кыйла жылдар.
Өмүрдүн таттуу даамын ачуу кылган,
Алдымдан тосуп турду бийик кырлар.
Тагдырдын киргилт аккан булагынан,
Ууртадым, бирок дагы суусун канбай.
Караңгы, мен дүйнөмдөн карайладым,
Түнүндө бүлбүлдөгөн шамым жанбай.
Жан жокто мөгдүрөдүм төгүп жашым,
Көзүнчө адамдардын чындап күлдүм.
Бала кез, жаштык кезден кыйгап өтүп,
Жашоодо жашоо эмес — жашап жүрдүм.
Билбедим тагдыр мага кастар тигип,
Жашоосун берип койду ашык жандын.
Тээ качан сөнгөн жылдыз үзүрүндөй,
Бар-жоктун ортосунда күйүп-жандым.
Мелтейип тагдыр турду айткан сымал:
«Эр болсоң туңгуюктан жылчык изде».
Жолунан туура кесип чыктың ырлар,
Колумдан өлүм келип, кармаар кезде.
Жан ырлар — силер мени тирүүлүктөн,
Түңүлтпөй, чыгып турган ак таңсыңар.
Чөлдөгү жаш чырпыктай чаңкаганда,
Мөп-мөлтүр булак болуп аккансыңар.
Жар салып, жан ырларым, келесиңер,
Күч топтоп, кош билекти түргөнүмдү.
Тирликтин тизгинине бек жармашып,
Өлүмдү шылдыңга алып жүргөнүмдү.
Оо, ырлар, мен силерге миң ыраазы,
Силерсиз өмүр-дүйнөм тозок болмок.
Жакшы ырга өмүрүмдү сайсам бүтүн,
Ошондо тагдыр кылган бөксөм толмок.
КАЛБАСА ЭКЕН
Тирлик келет көз ирмемге токтобой,
Калсаң артта кемибей да, жоктобой.
Саамайыңан сылап койбой, болбосо,
Кастык артып сага мылтык октобой.
Тирлик өзү айрылбайт да, сүзүлбөйт,
Капысынан бир чырт этип үзүлбөйт.
Пенде деген жексен болот маалында,
А тирликтин капасы жок күлүңдөйт.
Мен тирликке топчу сымал тагылып,
Келе жатам көчтөн калбай агылып.
Күн нурунан күлкү алып бир кочуш,
Кай бир кезде санааларга сабылып.
Тирлик деген кымбат көчтө агылган,
Тулпар болгун чоң марага чабылган.
Бул өмүрдө болуп өткүн бир сапар,
Түнүчүндө көз жаркыткан чагылган.
Менин бактым ошо жерде барчылап,
Ташты жарып өскөн гүлгө тамчылап.
Чаң астында калбаш үчүн жан үрөйм,
Ташыркаган тагдыр — атты камчылап.
Улуу тирлик чексиз, түпсүз дайрадай,
Өмүр менен өлүм мейман байма-бай.
Бу дүйнөдө жашадым деп айталбайм,
Мен тирликтин тизгининен кармабай.
Мөл булактын жашоосу бул — арыкта,
Чөлгө сиңбей гүлдү өстүрүп калышта.
Мен жок болуп кетсем дагы түбөлүк,
Тирлик токтоп калбаса экен жарыкта.
УШУГА ЖООП
Асман-жерди бириктирип, ороктой,
Суроо жашайт мени баскан таманга.
Сызгырылган ташы калган колоттой,
Мен камалам, түпсүз терең бир аңга.
Сөөмөй кезейт суроо менин көзүмө:
«Кимсиң өзүң, неге келдиң тирликке?
Көздү катпай, түз жооп берчи өзүмө,
Не сырың бар жүрөгүңдө, кирпикте?
Сен келбесең калат беле Күн чыкпай,
А сен келдиң… — арбыдыбы жарыгы?
Эч болбосо шоола чачып жылчыктай,
Жалган дүйнө кай жагынан марыды?
Сен келбесең кемийт беле ташы бир,
Абалтадан түк солк этпес дүйнөнүн?
Кимге керек, кимге опа, билип жүр,
Жалгыз башка миң азапты үйгөнүң?
Кимсиң деги, максатың бар не деген,
Кестигиңди кайсы үмүттө бүлөйсүң?
Кыйратчудай тынымды да билбеген,
Жанетиң жеп, жанды жанга үрөйсүң.
Келиптирсиң, мейли дейли буган да,
Сен жыргатып салдың шондо эмнени?
Кара жанды карк кылам деп кубанба,
Жарыттыңбы бирди, жарым пендени.
Кайра кетсең ким кейийт да, кубанат,
Кандай сөзүң калат жериң, калкыңда?
Селт этпестен, жашоо сенсиз уланат,
Кала турган не дөөлөт бар артыңды?»
Соолуп калган бир көлмөдө балыктай,
Бул суроонун төөбастысы… тумчугам.
Издейм, издейм ушуга жооп талыкпай,
Таба аламбы, канткенде мен унчугам…
БИР ЖОЛУ
Мен тирликтин таштагында баратып,
Көрүнбөгөн бакытымды жандаймын.
Кош таманды тилсе да таш, канатып,
Бул жашоонун кумарына канбаймын.
Бир чымчым от үзүп алып ак таңдан,
Кечээки өлгөн көп үмүттү тирилтем.
Жарга түртөм деп аңдыган аркамдан,
Кашайган карт каргашаны түңүлтөм.
Бир селкинин көз учкуну жалт этип,
Мокой түшкөн жанып өтөт жүрөктү.
Сезип кетем жылдызга да кол жетип,
Ууртагандай жарым кашык мүрөктү.
Муңдууларга күлкү болом чачылган,
Көкүрөктөн муңумду алыс ыргытып.
Баарлашка сыр сандыкмын — ачылган,
Бүт пендени бирдей көрүп, пир тутуп.
Айландырып өмүрдүн бир тамчысын,
Мөл булакка, чөлгө гүлзар өссө дейм.
Илип салбай тирүүлүктүн камчысын,
Өзүмө чаап, эртеңкинин камын жейм.
Канча өмүр бар, билесиңби, болжолу,
Колдон келсе гүл болуп чык ташка да.
Чагылгандай жангым келет бир жолу,
Калса экен деп бейитимден башка да.
* * *
Талкаланган ден соолукту көтөрүп,
Өргө жылам жанетти жеп көшөрүп.
Өмүр шамы күңүрттөнөт үлбүлдөп,
Кош таманга кээде тикен төшөлүп.
Кыйындыкты сылап коюп чекеден,
Мен жолоочу — өмүр парзын өтөгөн.
Кумга сиңген тамчы болуп калбашка,
Нар көтөргүс жүктү жонго көтөрөм.
Тагдырымдын сыныгынан күлкүнү,
Жасап алгам, табам андан мүлкүмү.
Башка жандар көрө албас көз менен,
Ак жылдызым күйүп турат күн-түнү.
Ыраазымын мен тагдырга сынаган,
Азаптардан курч болоттой чыңаган.
Жылдыздардын арасынан жарк эте,
Жеңип чыгат чымырканып чыдаган.
* * *
Буга чейин кайда жүрдүң көрүнбөй,
Жүрөккө бүт сүйүү болуп төгүлбөй.
Кантип гана жашап келдим экен аа,
Жылдыз чачкан эриндерге өбүлбөй.
Капысынан чагылгандай чагылып,
Бул дүйнөдө калдың өзүң табылып.
Дал бактыма өзүм сыйбай турамын,
Калган сымал Күндүн өзү кабылып.
Сени ойлоп кээде өзүмдөн беземин,
Санаа менен жандүйнөмдү эземин.
Өмүрүмө тийип турган Күн сымал,
Жалгыз сени периште деп сеземин.
Чыгып кетип бу дүйнөнүн тарынан,
Тартып алгын сагынуунун зарынан.
Боюңду уруп сүйүүсүнө жүрөктүн,
Колуңду сун, кечип коюп барынан.
КЕЛЕМ ДЕДИҢ
Келем — дедиң, бирок дале келбедиң,
Күн кармаган от колуңду бербедиң.
Кусалыктын зардабына зар кылган,
Бир туңгуюк сага жетпес жердемин.
Келем дедиң, канча үмүттү өлтүрүп,
Аргасыздык… жар кырына келтирип.
Жашоо мени таштап кеткен сыяктуу,
Сар дайрадай — сагынычка чөктүрүп.
Келем дедиң, Күнүм болуп түнүмдө,
Булбул сымал сайрап турар үнүмдө.
Жаштык эчак кырдан өтүп кетсе да,
Келем дедиң, келем — асты түңүлбө.
Келем дедиң, канча күтүү арыттым,
Сан үмүттүн канаттарын талыттым.
Бирок сендей асыл затка баш урган,
Бу өмүрдө мен бактылуу карыпмын.
Келем дедиң, аттиң бирок, келбедиң,
Колум жетпес бийиктикти жердедиң.
Балким, ушу өксүгү арбын дүйнөгө,
Жалгыз сени сүйүү үчүн келгемин.
Мейлиң келбе, бар экениң билемин,
Дал ошондон тирүү менин жүрөгүм.
Бир тамчысын татып алып сүйүүнүн,
Ый дүйнөдө жайнап-күлүп жүрөмүн.
АРМАНДАН
Жек көргүм келип кетет кээде сени,
Кыйноого салган үчүн мынча мени.
Саржылдыз болуп өзүң асманымда,
Жайнадың эсти алдырып, неге деги?
Ошондон өзүмдү өзүм таппай келем,
Башкача көрккө келген дүйнө деген.
Кол жетпес сени сүйүп, суктанууга,
Дагы бир өмүр бер деп самай берем.
Сен мага бул дүйнөдө арман болдуң,
Сел бузган көпүрөсүн барчу жолдун.
Жанымдын бейкуттугун бүлүндүрүп,
Жүрөккө ак жылдыздай өзүң толдуң.
Сен барда, эми билдим мен бар экем,
Сен менен гана дүйнөм — жарык экен.
Чиркин о, канча эзилсе курган жүрөк,
Жашагым келет шончо — тирүү экем…
Жек көргүм келип кетет сени чындап,
Кусадан жүрөк небак калган муздап.
Антсе да бул өмүргө кумар кылган,
Бир дүйнө обон созот ичтен сыздап.
Жек көргүм келет сени, анте албайм,
Махабат Мунарасын күндө жандайм.
Кусадан жүрөк сыздап турган чакта,
Тирүүлүк бар экенин мен эч танбайм.
Келемин күйүп бүтпөс оттой жанып,
Жанымды шорго малып, балга малып.
Эми мен жашоо гүлүн искейм кайра,
Армандан тозбос таалай жасап алып.