
Касен Батийге кынала олтурду да:
— Батиш,— деди кыздын жоодураган акылдуу көзүнө кадала,— алдыңа койгон сунушумду кабыл ал?
Дарак жалбырактарын аралап күлүң-күлүң серпилген ай нуру кыздын бетине түшүп турду. Кыз ойлуу, үнсүз олтуруп тынымча убакытты өткөрдү. Жүрөгү дикилдей түштү. Назик мүчөлөрүн майда калтырак аралады.
— Кабыл алышка тийишсиң, Батиш-жан? — деди Касен.
Батий ооз ачып унчукса эле, өз үнү өзүнө каргылданып, мукактанып жат чыкчудай, башкага угулбачудай сезилди. Анан акырын:
— Сиз да…— деди кыз. Бирок анын үнү өзү болжогондой өзгөрүлбөдү, кадимкисиндей сүйкүмдүү чыкты. Батий чыйрала туштү да Касенге муну айтты:
— Бышыктап ойлонолучу? Келечек турмушубуздун эң жооптуу түйүнүн чечерде…
Кыздын эстүү сүйлөгөнүнө Касен ичинен раазы болду. Ага огобетер сүйкүмү түштү. Арзуусу артты:
— Мен ойлонуп бүттүм, Батиш-жан?
— А мага дагы бир аз убакыт бериңиз, секет…
Батийдин «секет…» деши Касендин сезимин чымыратты. Ал, асмандан койнуна кут жаагандай жыргап, калтырап, тердеп кетти:
— Макул, ойлонуп ал дагы. Ашыктырбайын.— Батийдин жоодураган көздөрүнө күлүмсүрөй карады.— Биз кырк шылдык өмүрдүн кызыкчылыгы үчүн төлгө тартышып жатабыз го. Шаштырбайын. Ойлон, ойлон… аябай көзүң жетсин… «Садагам» деп айта жаздап, ал атайы айтпай токтолду.
Касендин сабырдуулугу Батийге катуу таасир этти.— «Эмине, менден үмүтү үзүлө баштадыбы?» деп да ойлонду кыз. Бул тек арам желдей леп эткен шеги бат тарады. Касен «садагаң» десе, Батийде бул шек болмок эмес. Муну Касен өзү да биле туруп Батийге жылмаюда.— «Ойлон, жакшылап сыныңдан өткөзүп ал, садагам» деген караш.
Батий өз акылында, Касендин бул адамгерчилик мамиледе карашына баа берди. Буга чыдамсызданып азыр эле айткан өз пикирин эсинен чыгарыи — «Жок! Мен эч жаңылбадым, жаным. Кечиктирбейли, тоюбуз өтсүн» деп айтып жиберишке даяр болду. Ошентсе да антип айтышка ички намысы эрк бербеди. Кыз азыркы таалайына эң раазы. Кубанычына маңдайы жарылып, келечек таалайына чоң ишеничте болду. Кандайдыр бир себеп таап, Касенге таарынчын сездиришке канчалык аракеттенсе да анын жарык маңдайы муңайбай койду. Сүйкүмдүү кебетеси эч өзгөрбөдү. Ал үнүн ачуу чыгарайын деди эле. Жок, үнү жумшак, сүйкүмдүү угулду:
— Сиз да ойлонуңуз…— Үнү эң жумшак угулганына уялдыбы? Батий балача мулуң этип күлүп койду.— Турмуш — өр талашкан чыйыр жолдой чытырман дешет ко?..
— Ананчы,— деди Касен башын оң ийнине кыйшайта, эркелей.— Турмуштун чытырманы чытырман. Бирок адам ошол чытырмандан жол табат.
— Ал үчүн эр-жүрөктүүлүк керек дешет ко?
— Адам өзүн өзү акыл токтотуп жакшы алып жүрсө эр-жүрөк болуп кетет, садага…
Асыл заттай баятан ичинде сактаган «садагасын» айтып алганына Касен оңтойсуздук сезди белем? Купшуңдап эзилип Батийди бооруна кысты.
Батий тымпыйып аста айтты:
— Адам аласы ичинде… Чалпоо мүнөз ар кимде…
Батийдин ушул сөзү Касенди огобетер оңтойсуздандырды.— «Ушундай оңбогурсуң… Сенин ушул мүнөзүң мага жагат» деди өз ичинен. Анан кыздан угуза сурады:
— Эмине чалпоолук мендеби, сендеби?
— Азырынча сенден…
— Көптөн таанышпыз го?
— Эмине, адам таанышкан сайын — бир-бирин жакшы билишип, жылдар өткөн сайын чалпоо тартышабы?
Касен кеп айталбай каткыра күлдү:
— Сөзүм чоркок чыгып калыптыр, Батиш-жап. Кечирим сураймын.
Батий ойсок этип бурула карады:
— Мен сизди анча биле элекминда…
— Кой, болду эми, Батиш-жан? Мени уялта бербегин? Мен бул маселеге жеңил карап… күнүмдүк жыргалымды ойлоп жаткан жерим жок. Ал менин жаңылыштыгым болор эле. Үйлөнүү, турмушка чыгуу адам өмүрүнүн эң жоопту учуру. Бул маселеге жеңил караган адам турмушту да арзан деп түшүнөт… Жок, мен антип жатпаймын. Сени сонунсуң деп мактап… сени азгырып да жатпаймын. Кадырың жан болсун? Мен сонунмун деп өзүмдү да мактабаймын. Чалпоолук да, чалалык да аркимде бар. Мендеги, сендеги бардык жакшылык а, карама-каршы бардык жамандык… кой, жамандык дебейин — кем-кетигибизди мен өз акылымда таразалап болдум. Эми сенин алдыңа — сага үйлөнөмүн деген талапты коюшка өзүмдү толук акылуумун деп табамын!
Батий бул жолу жооп айталбады. Тек муңайым ойлуу жер тиктеди.
Касен бир тынымча жооп күттү да анан аста айтты:
— Жарайт, Батиш-жан? Ойлонгун? Бирок узарып кетпесин. Эртеңки жолугушубуз бүгүнкүдөн да ынак болсун…
* * *
Касен кызды узатып келди. Колун кыса кармап коштошту да, Батий короого кирип кеткенче козголбой күтө туруп, кайра өз жолуна түштү.
Кыз шыдыр басып үйгө киреринде артына бир кылчайып тигиге карады. Бирок Касен кыздын анысын билген жок. Тек Батийди көз алдында элестете эртеңки жолугушту ойлоп келе жатты.
«Өндүрүш жылы аяктап калды, — деди ал өз ичинен кудуңдап,— быйыл колхоз кирешеге бай. Абам менен энемдин табылгалары өзүнчө. Жеке өз эмгек күнүм төрт жүз жыгырма беш. Береке. Жылдан жылга кең-кесири тартып, кол узарууда… Тилегимди ата, энеме айтып, алардын алдыларынан өтүнүшүм калды. Алар түк да каршы болушпайт, кайра кубанышат, Ага-ини, жолдош-жоролор келишет. Той өткөрөмүн».
Ушул кубанычы менен ал үйгө кандай жеткенин байкабай калды. Бул кезде аны үйдө жолдоштору күтүп олтурушкан. Ал үйгө киргенде эле, жолдошторунун бири кубанып айтты:
— Мына Касен да келди. Сени күтө чарчадык…
— Жакшы эле жүрдүң,— деди экинчиси шеги бар кишиче кымыңдап.
— Ананчы…— деди Касен жылмая.— Иш болду. Жүрдүк…
— Билебиз курбум, сенин сырың бизге дайын…
— Дайын болсо ошондой…
— Аныңа тилектешпиз! Бирок…
Касен алда немени күткөндөй жолдошторуна карады.
Уулун теңтуштары эмине жөнүндө тамашалашканын Касендин энеси табышмактап билип олтурду.— «Ак тилегиңе жет садагаң… Тиги аскерге кетип калсаң, күтсө болду го, кызың».
Кыбындак жолдошу Касенге бир барча кагаз сунду:
— Мына, чакырык!
Касен кагазга көз жүгүрттү.
— Эртең сагат сегизде районго жөнөйбүз!
Баятан уландардын аңгемелерине катышпай өзүнчө олтурган Касендин атасы:
— Баргыла, айланайындар! — деп кебин макалдатып бакылдап сүйлөдү — Атаң барда эл тааны да, атың барда жер тааны деген. Жер көрүп, эл тааныр баралыңар ушул. Аскер иши — ардак! Силерди анда өкмөт тарбиялайт. Биз мында кем болбойбуз. Колхоз жылдан жылга байып келатат.
Чакырык кагазды окуп турганында Касендин көз алдынан Батийдин элеси кетпей… жүрөгү сыздады. «Эки жыл… дагы эки жыл. Көп эмес, Батишим күтөт. Бирок анын өз эркине койбой ата, энеси бирөөгө узатып жиберсе кантемин?»
Ушуну ойлоп өкүнүп турган Касенди атасынын тигил кеби кайраттантып жиберди. Ал жолдошторуна карады:
— Аскердик милдетти аткаруу бизге парыз. Барабыз!
Экинчи күнү жашиктүү арабага чөп салып жумшактап, эки ат чегишип таң эртеңдеп жолго чыгышкан Касендер саат сегизде районго жете келишти. Алар эрте келишкендиктен комиссиядан ир алды өтүштү. Үчөө бирдей жарактуу табылды. Эми аскерге жөнөтүлгөнгө чейин камынуу керек. Көп буйдалбай Касендер кайра үйгө жөнөштү.
Жол даңгыл, аттар тың, бир калыпта бөкөн желиш менен жолду арбытууда. Курдаштар жол бою эчен тамаша сөздөрдүн учугун чубашты. Бири ырдады, экинчиси аны сүрөдү. Курбулардын ичинде үнсүз басмырт келаткан жалгыз Касен. Ал кымбат нерсесин жоготуп жүрөгү ачышкан адамдай муңайым эле.
Жолдоштору аны сөзгө алышты:
— Арманың күч, Касен. Биз аны билебиз…
— Кой, эми анчалык жашык болчу эмес, курбум.
— Кыраан ашыгып учса, ал жаза серпет. Эң жакшы болду. Сени чын сүйгөн кыз болсо, мына эми эки жыл күтсүн!
— Зарыкса ырдасын, сагынса кат жазсын. Антпесе арзуунун кызыкчылыгы курусун…
— Эгерде сендей азаматка күтпөймүн десе, анда ал кызыңдын жалган арзыганы. Деги убадаңар бекиди беле?
Касен бирде күлгөн болуп, бирде сөзгө карай жооп кайырды. Деген менен сөзгө сараң. Ичи ачышып, көңүлү ачылбай келе берди….
Дөңгөлөктөр калдырттап булардын арабасы кыштакты аралады. Ыр да, сөз да токтолду. Көчөдөн жолуккан ага-туугандар аттуусу атчан, жөөсү жөө дагдаңдашып арабаны ээрчий келатышат.
— Деги эмне болду? Комиссиядан өттүңөрбү?
Тигилер көтөрүңку дабыш менен:
— Алындык! Чукул күндөрдө бизди узатасыздар!
— 0, аксакал! Биздин эмгек күндөрүбүздү тактатыңыз!
Кара айгырды демиктирген локуйган төрага бакылдап койду:
— Ал жагынан кам жебегиле, толук эсеп аласыңар.
— Ошондой болсун, аксакал. Алыш-бериш, карыз-курусубузду кутулуп коёлу…
— Ооба, жан бар жерде каза бар. Бирөөнүн акысын карыз кылып кетпейли…
— Жакшы тилек менен жөнөгүлө, кагылайындар. Кош, жакшы болот. Аласаңарды колхоздон аласыңар. Бересеңер болсо, аны өзүңөр тактагыла.
Араба чоң короого токтоду. Арабадан түшкөндөн кийин да бир жактан жаңы келген кишилерден бетер, буларга туш-туштан келген колхозчулар Касендерден кеп-сөз сурашууда…
…Ал күнү кечинде Касен Батийге жолукту. Ал абдан эле токтоо болууга тырышты. Ойго жеңдирди. Ички сырын чечилип ачык айталбай сөзгө мокоду. Кечээки «шашмалыгын» эстеп азыр өзүн кылмыштуу сезди. Бирок талабынан жанбады. Эмки чечимди жеке Батийдин эркине койду да улутунгансып аста айтты:
— …Жөнөп жатам, Батиш-жан. Кечээ сени шаштырган элем… Мен бул жагын ойлогон эмес экемин. Эми эки жыл толук сенин эркиңде болсун. Иш мындай болгону үчүн… мага жүйө койбо? Бул убакытты алыс санасаң, ачыгын айт? Ал үчүн мен сага жүйө койбоймун. Ак ниетимде айткан пикирим. Буга, ишен, садага?
Жанатан муңайым турган көз жайдарыланып Касенге эркелей карады. Андан көп улуу, көп эстүү адам сыяктанып, акыл айткысы келип, аны эркелетип:
— Кызыл армия катарына чакырылыш сиздей уланга сыймык! Курбуларыңыз каймана күлбөсүн. Кайраттуу болуңуз. Мен көтөрүлүп калайын. Эмне? Өлбөгөн жанга эки жыл — эки күндөй болуп өтүп кетет. Чоң кырсыктан сактасын, де секетим…
Батий өтө сылыктык менен Касенге токтоо карады. Анын жоодураган муңсуз көзүнөн адам айталгыс көлөкөдөй өкүнүч байкалды. Кыз жигитке өтө эле жоодурай карады:
— Ушул коштошуу эсиңизден чыгып кетпесин, жаным?
Касен балким кызарып кетти бейм? Көзүнө жаш кылгыра түштү да кызды бооруна тартты:
— Андай дебе, садагаң? Бул коштошууну унутсам, тилегиме жетпейин!
— Карганбаңыз? Ак жолго баратасыз. Ишенемин!
Алар бирин бири ысык сүйүштү.
1939.