ТОКТОМУШЕВ Алым: АЛЫМ ТОКТОМУШЕВ: БАЙДЫЛДА

…Акындын айтымына караганда чиедей кезден жетим калып, турмуш көйгөйүн биртоп тартыптыр. Анткен менен поэзиядагы жолу шыдыр, жолдошу кыдыр дегендей эле болгон экен. Шыдыр эмей эмне, кызыл эт, темир канат чагынан Аалыке баштаган аттуу-баштуу акын-жазуучулардын назарына илинип, колдоосуна ээ болуптур; борборго келтирип, мектептен окутуп, онунчуну бүткөрүп-бүткөрбөй китебин чыгарышыптыр. Жазуучулар союзуна өткөрүшүп, түз эле Москвага — Адабият институтунан таалим-тарбия алууга жөнөтүшүптүр.

Билгенге ушунун өзү эле биртоп иш. Албетте, талант деген талант, кыязы а деле ашыктыктын бир түрү, майдалап айтканда, бирдемеге жылдызың түшүү, бирөөлөрдү өзүңө тартып алуу, бирөөлөр үчүн оттон да, жамдан да кайра тартпоо.

Менимче, кең табият мурду менен тынып, буту менен баскандардын бирин да ал желкайыптан бүткөнсүгөн шыбагадан куру койбойт. Болгону кашыктап бергендей тегиз бөлбөй, бирине кем, бирине көп кылып койсо керек да, жанагы сөз өнөрүндөгү төгүлүп турган акын менен көмөкөй келсе, тил келбейттин ажырымы дал ушул жерден башталса керек. Демек, жердигинен көрөңгөсү көбүрөк акындын ачылышына, гүлдөшүнө, байышына жогорку жагдайлар чоң себепкер болгондугу жайында сөз болушу мүмкүн эмес.

Байдылда Сарногоевди кыргыз элдин кыйыры билет, окуйт, сүйөт, урматтайт. Анын шар суунун илебиндей лепилдеген саптары карыга да, жашка да, чабанга да, инженерге да, соого да, маска да жетет. Менимче, калктын калың катмары мынчалык кадырлаган, мынчалык мейип окуп, мейип уккан акын дегеле дүйнөлүк поэзияда сейрек кездешсе керек.

Албетте, караламан калк деген калк, Пушкиндин беш ооз сөзүн билбей, акын десе Пушкинди оозангандар бар, Мидин менен Райкандан бир барак ачпай, эмне жазып, эмне койгонун беш колдой билгендер бар. Алар көпчүлүктүн тирлигине кудум отун-суудай аралашып, сиңип кеткен, алардын айрым чыгармалары эл менен «авторлош» дагы, андыктан башка эле бир ташка тамга баскандай таасын, башка чапкандай күйдүргү сөздөр Мидин дептир, Райкан дептир деп айтыла берет. Бул алардын профессионалдык беделине, чыгармачылык чеберчилигине кымындай да шек келтирмек тургай, тескерисинче, индивидуалдуу өзгөчөлүгүнүн, инсандык кудуретинин эбегейсиз күчтүүлүгүн айгинелейт жана эл арасында «адашкан» сөздөр ошон үчүн өз «авторлорун» издеп жүрөт. Демек, эл бу саам ойлогонун айталы, Мидиндин үнү менен жеткирүүнү оң көрүп жатканы…

Сөздүн баасын эл билет экен, сөзмөрдүк, чечендик, мындайча айтканда, образдуу сүйлөө, сөздү жүйөлөп, акыл менен, орду менен кыт куйгандай таамай, кулактын курчун кандыргандай куйкум айта билүүнүн өзү атамзамандан бери калк кадырына ээ болуптур, ал гана эмес белгилүү даражада сөз ээсинин социалдык-коомдук беделин аныктап келиптир. Чукугандай сөз тапкандарды кыргыздар караңгыда көз тапкандар менен салыштырган экен. Мына ошондой касиетке Мидин менен Райкан да ээ болуптур. Байдылда Сарногоев ушундай акындардын ардактуу сабында турары кимдир бирөөлөр үчүн жаңылык деле болбосо керек.

Албетте, «ырлар кайсы таштандыда өсөрүн» (А.Ахматова) эч бир гений али көзгө сайгандай көрсөтүп, жарыя айтып берелек. Мына ушунун өзү эле поэзия дегенибиз биз ойлоп, биз элестетип жүргөндөрдөн алда канча чексиз, алда канча түпсүз экендигин айтат. Анын үстүнө ал объективдүү дүйнөгө чабыттап, агы менен көгүн, күлкүсү менен күйүтүн, кыскасы, чыңырган чындыгын күүгө салайын деп келгени менен аркайсы акындын оозунан ар кандай чыгып, жан-жүрөгүнөн аркандай жаңырат. Бир кезде Лорка таамай байкагандай, Маллар — менин поэтикалык чындыгы Данте үчүн маанисиз бирдеме болуп калышы ыктымал. Океан өз алкагында канчалык чексиз болсо, алма да өз алкагында ошончолук чексиз. Андыктан бир акынды бир акынга салыштырып кароо бери калганда төөнү эмне үчүн ат эмессиң деген сыяктуу апендичилик.

Алтургай бир караганда тектеш сыяктуу туюлган (айталы, төгүлүп-чачылып турган табигыйлыгы, ченебес чынчылдыгы, түздүгү ж.б.) Мидин менен Сарногоевди да салыштырууга болбойт. Ырас, экөөнүн тең тамыры эң оболу эл турмушунун, психологиясынын, эстетика, этикасы дегендей көөнөрбөс салттарына терең байланган, элдик даанышмандыктын, элдик керемет сөздүн эбегейсиз зор касиетине каныккан, ошол эле учурда жазма адабияттын эң мыкты үлгүлөрү менен агарып-көгөргөн. Менимче, аларды аттын кашкасындай айырмалап турган өзгөчөлүктөрдүн бири — ой жүгүртүү багытынын, аны сөзгө айландыруу кумардыгынын эки башкалыгында; бири жазма адабияттын салттуу үлгүлөрүн негиз тутса, бири өзүнүн түпкү башатына, элдик стихияга жакын тургандыгында.

Мисалы, Мидиндин кайсы гана чыгармасында болбосун анын өз мөөрү, инсандык касиети эң биринчи баамга урунат, а Сарногоевде алар экинчи планда калат, ал жөнүндө элдик акылга, кенен пейил, мукам юморго тунган ырлары айтып берет; булбул сайрап жатат, өзү көрүнбөйт. Мидин окуялардын, тагдырлардын, көкүрөкчер менен күчтүү кумардын түпкү башатын, мыйзамын ачып, ага фамилия берүүгө, ат коюуга куштар, а Сарногоевде баяндап берүү, төгүп салуу куштарлыгы, ал кудум суу сыяктуу эркин ага берет, ошол эле учурда сөз касиетине болгон бийик ишенимдин илеби уруп турат.

Мидин алып барган күзгүдөй тунук көлмөдөн бүткүл керемети менен бирге акындын жүзү көрүнөт, Сарногоев алып барган ошол эле көлмөдөн бүткүл керемети менен бирге өз жүзүңдү көрөсүң. Анын ырлары бардык жаңы ачылган чындыктар сыяктуу ушунчалык жөнөкөйлүгү менен таң калтырат; көрүп, билип, атургай кармап жүргөнсүң, көмөкөйүңдө, тилиңдин учунда турган, бирок мынчалык кереметке ээ болот деп ойлогон эмессиң…

Табият өзү ошондой, билбегени бит, бирок аны адам айтып бериш керек. Мидиндин ашыктык ырларында сулуулук идеалдуулукка умтулса, Сарногоевде реалдуулукка умтулат, ал сезим тааныш, жанагы тилдин учунда турган сезим. Мидинде — сезимдин бийиктиги, акылдын тунуктугу, кумардын күчтүүлүгү. «Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай» деп Мидин гана айталат. Антип көрүнгөн эле айта бербейт, бирок айткысы келет. Сарногоевде — эл доошу менен акын доошунун мамыры-жумурлугу, башкача айтканда, көпчүлүк акындын үнү менен өзүн-өзү түшүндүрүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк алгандыгы… Бул Мидин өз алкагында канчалык чексиз болсо, Сарногоев дагы өз алкагында ошончолук чексиздигин айгинелейт.

Мүмкүн нукура технологиялык маселелер катары туюлар, арийне, кеп ыңгайы түпкү башат жөнүндө бара жаткандан кийин мына бул жагдай да көңүл бурууга арзыйт… Баарыбызга белгилүү, кыргыз тилинин, сөз маданиятынын эбегейсиз байлыгы, мукам ыргагы адам өзүн-өзү түшүндүрүүгө сандаган мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сандаган жанрларды пайда кылыптыр, ал эми айрымдары өзгөчөлөнүп, айырмаланып турууга таптакыр эле муктаж болбоптур.

Дал ушул касиет Б.Сарногоевдин чыгармачылыгында өтө даана байкалат. Айталы, Мидиндин лирикасы бул, сатирасы бул, комедия, трагедиясы бул деп бөлүп берүүгө болот, а Сарногоевдукун минтүүгө мүмкүн эмес, зарылдыгы да жок. Акындын бардык чыгармачылыгы бир бүтүн чыгарма. Анын каармандары — өзү, өзүн тегеректей, уймүйүз тартып олтурган жумурай журт. Ушунчалык токтоо, ушунчалык жөнөкөй аңгеме-дүкөн алар үчүн эмгек да, эс алуу да, бири-бири менен чын жүрөктөн баарлашуу да.

Акын берекеси төгүлгөн жерин мактайт, колунан баары келген элин даңктайт, жакшысына сүйүнөт, жаманына күйүнөт. Ойдун ыкчамдыгы, татаалдашпаган, чаташпаган айкындыгы, сезимдин сергектиги, өң карабас, бетке чабар түздүк, сөз кудуретине болгон кудум балдардай баёо, таза ишеним, ансыз поэзия болбой турган акындык дүйнөнүн нукуралыгын аныктайт.

Акындын окурмандардан каткан бир дагы купуя сыры жок, баары алаканга салгандай ачык, айды этек менен калкалай албаган сыяктуу эле анын койгон ыкыласын, ынтаасын жашырып калууга болбойт. Ал кандайдыр бир фантазия ойлоп чыгарбайт, сөздүн түпкү маңызы, руху, фантазиясы бар, ошолорго ишенет. Ошондуктан анын көпчүлүк саптары, куплеттери эл оозуна кудум афоризм, макал-ылакап сыяктуу алынып кетет. Акындын тили — тилдин мөлтүрдүгүн, ийкемдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүнүн кеңдигин айтып турат. Күнүмдүк сүйлөшө жүргөн сөздөр, ал гана эмес, гезиттик, канцелариялык, географиялык тилдер дагы акындын калеминен өз жүзүн, өзүнүн поэтикалык боёгун табат.

Акын көпчүлүк учурда кудум көзгө сайса көрүнгүс караңгыда маңдайга жарык такай койгондой «күткөн күтүлбөстүктөрдү» ачат. Адам мүнөзүн, портреттик штрихтерин бирин-экин деталь, ташка тамга баскандай сөз, салыштыруулар менен куюп койгондой берүү шыбагасы Сарногоевдин калемине мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Аны көпчүлүк чыгармалары, асыресе, кийинки жарык көргөн «Ашуудан берген отчетум» жыйнагындагы «Арноо, каалоо ырлары», «Мидинге кат» поэмасындагы бир-эки жумла ыр менен берилген конкреттүү адамдардын образы ачык-айкын көргөзөт. Акын бул жаатынан бир сызык менен шилтеп өткөн Пикассонун атактуу рисунокторун (мисалы, Элюар, Эренбургдун портретине жасаган) эске салат.

Б.Сарногоев өзү жөнүндө ар дайым кептен кеп чыккандай табигый, ак көңүлдөн, тымызын келекелөө менен айтат:

«Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны»

(«Ак калпак»)

«Жебедей учсам дечү элем,
Жел менен кошо сызыла.
Жеңил баа кылдым өзүмдү
Жеталбай максат учуна.
Желбей да калдым бир топ жыл
«Жем» түшүп кетип бутума»

(«Ашуудан берген отчетум») ж.б.

Бул албетте, көңүлү бир жай болбой турган адамдын өзүн-өзү жекирүүнүн, өзүнө-өзү түкүрүүнүн бир түрү эмес, тескерисинче, элдик психологиянын канат- бутагынын бирөө: мындай касиет көпчүлүк учурда жөнөкөйлүктүн, этикалык-нравалык бийиктиктин, рухий төптүктүн синоними, мыкты жышааны катары каралган.

Турмушта далай эле тарамыштай тырышкан «күлбөскандардын» артында куучирендик, кытмырлык, өң карабай, жер карамалык, же өз көлөкөсүнөн корккон кадимки суу жүрөктүк быгып жаткандыгына күбө болушкан. Кыскасы, Б.Сарногоевдин поэзиясындагы ирония турмушту түшүнүүнүн, аны поэтикалык нурга чаюунун эң мыкты каражаты катары кызмат этет.

Акын иронияга таптакыр эле жеңдирип жибербегендиги эл турмушун, адам мүнөзүн, өзүнүн поэзиясынын башкы багыты — чыңырган чындыкты жеткиликтүү чагылдырганынан байкалат.

Байдылда Сарногоевдин акындык салты өтө татаал, татаалдыгы дал ошол сөздүн чыныгы маанисиндеги жөнөкөйлүгүнө байланышкан. Андыктан ал жөнүндө негиздүү сөз кылуу да кыйынчылыкка турат. Биринчиден, жүрөктөн чыгып, жүрөккө жетип турган нерсени узун сабак сөз кылуунун, башкача айтканда, уюп жаткан чулу алтынды жезге майдалоонун зарылчылыгы кайсы?

Экинчиден, сенин баш катырган алгебраңдан акындын бир эле сабы, бир эле сөзү өтүп кетиши мүмкүн. Элдик кыртышка сиңип кеткен акындардын ушунусу жаман. Албетте, жеке акындын эле эмес, бүтүндөй искусствонун гүлдөп турган доорунун бөксөрүү, толуулары болгон. Эгер Сарногоевдин чыгармачылыгына «градусник» салууга туура келсе, анын «температурасынын» өйдө-ылдый болуп калышы табигый нерсе. Бул жерде М.Пришвиндин бир сөзүн кыстара кетсек, «поэзияга кайнаса каны кошулбас жүрүм-турум болот, поэзиянын дал өзүнө алпарчу жүрүм-турум болоттун» экинчиси Байдылда Сарногоевдин өмүр жолуна куп гана жарашчудай.

Акын кийинки жыйнагында «Эл сыйы жерде жатыппы» деп жазыптыр. Жатпай калсын! Ал сый көрүнгөнгө берилбейт жана аны көрүнгөндөр көтөрүп жүралбайт.

«Ала-Тоо» журналына (1982) жарыяланган