
Кээде келесоодой ойлор келет: Мидин качан Мидин атыгып, атпай кыргыз журтунун кан-жанына кантип сиңип кеткен? Айрым учурда Мидин деген ысым кыргыз кыргыз болгондон бери эле бар сыяктуу туюлат. Кудум Жээренчечен, Асанкайгы, Акылкарачач дегендей… Ойлоп көрөлү: минтип ойдогудай жазуу-сызуубуз болбосо, адаттагыдай адабиятыбыз гезит болуп тарап, китеп болуп басылып чыкпаса, же алакандын отундай жерге топтошкон үркөрдөй кыргыз калкы болбосо, Мидин качан жашап, калк оозунда качан, кантип ылакап катары калганын боолголош чындыгында эле кыйын болмок.
Тилекке жараша, «Авроранын» залпына аралаш туулган баланын» аты-жөнү адабият тарыхында бадырайып жазылып турат, айткан-дегендери эл оозуна жат болуп, жазган ырлары ашта, тойдо ырдалып, атайын китеп болуп басылып келет. Анын бирин жана эң негизгисин замандаш, каламдаш досу, атпай журттун дагы бир акылман акыны Райкан Шүкүрбеков кудум кумдан алтын чайкагансып элеп, татынакай баш сөз жазып чыгарып кетти. Анда 30-жылдарда шаарга чогуу келишип, алгачкы калем сынаганы, согуштун алдында аскерге кетип, андан кийин көбүнесе айыл жеринде жашаганы, Мидин Мидин болуп элүүнчү жылдары эл оозуна илине баштагандыгы айтылат.
Китепке кирген ырлардын ырааты да ошону жаңдап турат: үйрөнчүк экендиги, жетилип, такшалып бараткандыгы… Бирок ошол «үйрөнчүк» ырларынан эле көпчүлүк калемдештеринен айырмаланып, өз табиятын зордобогондугу, кыйнабагандыгы, тамыр алып, талпынып өсүп жаткан кыртышына бекемдиги байкалат.
Албетте, нукура кесиптик көзкараш менен азыркы деңгээлге салыштырып караганда Мидиндин алашем чыккан ырлары жок эмес, бар. Аны териштирип- тескеш адабият илиминин иши. Анан калса залкарлардын залкары деген акындарда да алашем ырлар оголе арбын учурай тургандыгын китеп окуп жүргөндөр жакшы билет. Бирок эл деген эл: көңүлүнө жагып, көкүрөгүнө конгон акындарына чаң жугузбай, жалаң жакшы жактарын айтат, жалаң жакшы ырларын айтат. Деңиздин сулуулугун айтат, улуулугун айтат, а түбүндө канча балык, канча балыр бар экендиги менен кимдин кандай иши бар?!
Анын үстүнө акын деген чачылып жатпагандыгын, акын деген ондоп эмес, бирдеп-жарымдап санала тургандыгын элдей эчким билбейт?! Бирдин атын аташ үчүн миңди багат, анын тогуз жүз токсон тогузун тоюнтуп-ичинтип, сыйын берип, зыйнатын көргөзүп, тогуз ооз сөзү бар бирөөнү алып калат. Элдин мындай кенендигин, айкөлдүгүн, акылмандыгын жеңил-желпилик, артта калгандык катары карап, тилди туура чайнаган «салмактуулар» бар. Алардын ою боюнча узун элдин учуна жеңил-желпи чыгармалар жетет имиш. Мындай «көзачыктык» менен элдин дүйнө жөнүндө, адабият жөнүндө, турмуш жөнүндө кылымдап жыйнаган тажрыйбасы жана тараза-ташы эчкачан дал келген эмес, келбейт дагы. Элге жеткен нерсе эчкачан майда болушу мүмкүн эмес, элге элдин көзү менен караган, элдин тили менен сүйлөгөн нерсе гана жетет. Элдин аң-сезимине, дүйнө жөнүндөгү түшүнүгүнө дал келбеген нерсени эл эчкачан бийик баалабайт. Болгону акындар айлап, жылдап жол жүргөн жолоочудай. Эл турмушуна бири эрте келет, бири кеч келет.
Мидин сыяктуу кудум тоо суусундай «кулак тундуруп» эл турмушу деген зор дайрага көзү тирүүсүндө эле бурулбай кошулган акындар адабият тарыхында өтө сейрек. Бул жаатынан «эл акыны» деген нарк ага жарашмак гана түгүл, бүткүл чыгармачылыгынын маани-маңызын аңтарып берер эле. Анткени акындын кудуреттүү поэзиясы, чагылгандай чартылдаган таамай сөзү көркөм өнөр фактысы эле эмес, социалдык иликтөөнүн, адеп-ахлактык изденүүнүн, эл турмушунун тазалыгы үчүн күрөшүүнүн ийкемдүү куралына айланган. Анын азыр дагы — коомдук чоң төңкөрүштүн, турмуштук туш тараптан жаңылануунун, кыскасы, кайра куруу деген кенен да, терең да түшүнүктүн кулач жайып турган мезгилинде бере турган сабактары бар. Эл турмушуна түздөн-түз колкабыш кылган мындай касиет Мидиндин бүткүл чыгармачылыгынын өзөгүн түзөт. Кыязы «эл акыны» деген түшүнүктүн түпкүрү да ушуга байланыштуу…