
Маркум устат Салижан Жигитовдун чыгармачылыгына пикир айткандар ага сөзсүз бир илдет илээр эле. Достору да, кастары да. Көзү тирүүсүндө да, көзү өткөндөн кийин да. Ал болжол менен мындай: С.Жигитов адабияттын ар кандай жанрына чарпыла берип, чачылып, чабылып кетти. Бирөөнү кармаса катырмак. Ошентип кастарынын айтымында, «ара жолдо калды». Досторунун айтымында, «мындан да мыкты чыгармаларды жаратмак». Анда акыйкат үлүшү канча экендигин билбейм, билгеним бир жанрга жанын бергендер деле кыргыз адабиятын жарытып ийген жок, ал жаатынан»тийип—качкан» Жигитовдун деңгээлине жетмек түгүл, жакындагандар сейрек.
Пушкин бир учкай байкоо жазып кетиптир. «Таланттын бир түрдүүлүгү, канчалык терең десек дагы, акылдын бир жактуулугун далилдейт» – дейт ал. Анын өрнөгүн өзү көрсөттү. Турмуш сыяктуу тынымсыз кыймылдагы, албан түс аракеттеги ар түркүн, ар жактуу, ар жанрлуу чыгармалары менен. Чыңгыз Айтматов деле ошондой: прозасы жеткен чокуну эле тиктеп отурган жок. Не деген публицистикаларды – коомдун, адабияттын, тарыхтын маселелерин жазды, кыргыз киносу менен театр драматургиясынын деңгээлин көтөрүүгө көмөктөштү. Кийин билинди, ыр жазыптыр, атүгүл музыка дүйнөсүнө «кол салып» ийиптир…
Аткан таң менен баткан күнгө кайдыгер карабаган художниктер ошентет. «Ичтеги желин» кандай жол менен болсо дагы чыгарат. Айтмакчы, ал «жел» айлана-чөйрөнү ойготот, дүйнөнү өзгөртөт. «Дүйнө бизди өзгөртөт, биз дүйнөнү өзгөртөбүз» деп Айтматов кооз сөз үчүн айтпаса керек.
Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» деген прозалык чыгармасын окуп атып ошону ойлодум. Түгөлбай да ошондой художниктердин уркуна кирерин эстедим. Япон жазуучусу Я.Кавабатанын атактуу «Миң канаттуу турна» романынын атын бура тартып, бу кичинекей киришмемди «Миң канаттуу талант» атаганым да ошондон. Бир канаттуу талант болбойт. Мен Түгөлбайдын өзүн да, чыгармачылыгын да жакшы эле билем го деп ойлойм. Жеке мамилеге келсек, шүгүрчүлүк, ал жаатынан «стажыбыз» жетиштүү. Мен аны мектепти бүтүп, политехника институтуна киргенден баштап билем десем болот. Эртелеп акырет кеткен көйкашка агасы – Аман Токтогулов экөөбүз жакшы жолдош элек. Арабыз бир-эки жаш эле айырма болгону менен анын кыйла жардамы тийип, жакшылыгы жуккан. Чыгармачылык жактан да, турмуш жаатынан да. Түгөлбай экөөбүз башкалардан озунуп таанышып, ага-инидей мамиле түздүргөн да Амандын аркасы.
Азыр ойлосом, Аман экөөбүздү табыштырган поэзияга болгон кумардык сыяктанат. Түгөлбай экөөбүздү да боор тарттырган ошол, анан… эстегенде жандүйнөнү «дүр-р» эттирип жандырып жиберген Амандын элесиби дейм.
«Эсимде» тууралуу эки ооз сөз айтам деп, сентименталдуулукка алдырып баратат өңдөнөм. Балким чыгармага катышкан адамдардан, асыресе Түгөлбайдын апасы, Эсен байке, дегеле Токтогуловдордун (Казак чоң атасы) таржымал-таалиминен аздыр көптүр кабарым бардыгы үчүндүр? Балким жандүйнөдөн ушунчалык табигый, жөнөкөй, акырын агып чыккан, кудум аябай бышкан кезде «топ» этип үзүлүп түшкөн алма сыягындагы бул аңгеме менин аң-сезимимди ошентип ойготконунан уламдыр? Айтору бу да Түгөлбай Казаковдун талантынын бир «канаты», универсалдуулугунун бир белгиси деп ойлойм. Түкөң кайсыл ишти болбосун катыра аткарарын аны менен чогуу иштеген кишилер билет. 15 жылга чукул аны менен бирге «Асаба», «Агым», «Алас» гезитинин суугуна тоңуп, ысыгына тоңгон биз жакшы билебиз. Сүйлөсө тилинен мөөрү көрүнгөн, жазса калеминен көөрү төгүлгөн, ырдаса жүрөгүнөн кызыл жалын күү аккан Түкөң чыгармачылыкта: музыкада, поэзияда, журналистикада да ушундай, кайталангыс оригиналдуу, интеллекти бийик. Мына, прозадан да ошондой көрүндү. Ал чыгарган обондор, мисалы мага, бүтүндөй бир поэма, бир трагедиялуу мистерия, каарманы өзү сыяктуу сезилет. «Эсимдеде» болсо турмуштун тең салмагы орногондой,бейпилдик түшкөндөй, ойкуштаган окуя, оорулуу фантазия, жалган пафосу жок, жай, салмактуу айтылган аңгеме-маек, каарманы өзү сыяктуу таасир калтырат.
Оригиналдуулук жөнүндө бир-эки сөз. Биздин акын-жазуучуларда да, музыкант-обончуларда өз парадоксу, өз ой жүгүртүү системасы менен өзгөлөрдөн кантип айрымаланабыз б.а., оригиналдуулукка кантип жетебиз деген аракет жок. Канткен менен адам өзүнүн башкаларга окшобогон жүзү, үнү менен айбандардан айырмаланат. Биздин таланттардын көбүндө «ички сабаттуулук» – интеллект жетишпейт. Ошон үчүн «совхоздун ак койлорундай окшош» проза, поэзия, музыка чыгармалары жайнап кетти. Т.Казаковдун кайсы чыгармасы болбосун, эмне үчүн кыргыз көркөм өнөрүнүн фонунда аттын кашкасындай көрүнүп, бөлүнүп турат? Кийинки мезгилде обон чыгарып, музыка жазбай калганын бир себеби, аны «совхоздун ак койлоруна» кошкусу келбегениен уламдыр? Ошон үчүн көөдөнгө батпаган ой-сезимдерин чыгаруу жолун поэзиядан, прозадан издеп аткандыр?
Айтору Түкө тууралуу айта турган сөз түгөнбөйт. Бизден кийин да түгөнбөйт. Жердештеринен укканым бар: апасы акылман, аябагандай чечен киши эле дешет. Балдарынын атын да ырымдап, Эсен, Аман, Түгөл, анан бай болсун деп, койгон имиш. Материалдык жагын билбейм, балдары рухий жактан түгөл, түмөн, бай чыкты дээр элем. Анын бири – Түгөлбай Казаков быйыл пайгамбар жашына келиптир. Анын жана жаңы керемет прозасы – «Эсимденин» этегин кармап, көңүлдө жүргөн ойлорумду ортого салдым. Ошого каниет.
«Жаңы Ала-Тоо» журналы, №10, 2011
ЭСИМДЕ
Мындай бир аңгеме бар: кемпир-чалдын баласы онду бүтүп, же иштебей, же окубай, андан да кордугу – үйлөн десе болбой колоктоп эле басып калбайбы. Чалдын айласы кетип кайнисине барат. Ал военкоматтын чоңу экен. «Балага бирдеме дечи, үйлөнсүн» – дейт. Анысы «айт-дуа!» болуп турган кези экен, баланы алдырат да, чорт-морт сүйлөп кайра кууп жиберет. Бала шелпейип үйгө келет. Чал балкасын тыкылдатып иш кылып отурган экен.
– Бардыңбы, эмне деди?
– Бардым. Же аскерге барасың, же катын аласың деди го…
Чал саал ойлонуп туруп айтат:
– Ал энди, балам, алдыңда эки жол туру. Же катын аласың, же аскерге барасың. Катын алсаң – курудуң, сен ушу аскерге барат окшойсуң. Ал энди аскерге барсаң да алдыңда эки жол туру – же Чеченстанга түшөсүң, же Ооганстанга барасың. Чечендерге барсаң курудуң. Сен Ооганстанга барат чыгарсың. Ооганстанга түшкөндө да алдыңда эки жол жаткан болор. Же барар менен битсакалдардын колуна түшөсүң, же биздин аскерлер менен согушка киресиң. Колго түшсөң курудуң – өлүгүң көмүлбөй сайда калып, ит-кушка жем болосуң. Ушу сен согушка кирет окшойсуң.
Балка тыкылдап жатат, баладан өң кеткен. Чал кебин улап жатат:
– Ал энди согушка киргенде да алдыңда эки жол туру – же дайынсыз кетесиң, же сөөгүңдү чиңк жашик менен жөнөтөт. Дайынсыз кетсең курудуң. Бизди да курутасың. Андыктан чиңк жашик менен келерсиң. Анда да алдыңда эки жол турат. Же табытка салып, жаназаңды окуп жерлейбиз. Же чиңк-миңкиң менен көмдүрүшөт. Антсе курудуң. О дүйнө албай, ит кылат.
Баланын эки көзү алайып, жаш айланып, таптакыр эле өңү өчүп калат. Чал кебелбей балкасын тыкылдатып, баланын үрөйүн үркүткөн бойдон кепти аяктап баратат:
– Өшөнтүп сени мусулманча көмөбүз. Көмүлгөндөн кийин да алдыңда эки жол бар, балам. Сен жер бетине же бака жалбырак болуп чыгасың, же карагай болуп кайтасың. Бака жалбырак болсоң курудуң. Сени баары тебелейт. Үстүңө сийбеген жан калбайт. Ушу сен карагай болуп чыгарсың. Анда да алдыңда эки жол бар. Сенден же мектептин туалетин тургузат, же даарат кагаз чыгарышат. Туалет болсоң курудуң, балам. Даарат кагаз болорсуң. Мында да алдыңда эки жол бар. Же мужской туалетке түшөсүң, же женский туалетке барасың. Мужскоюна барсаң курудуң. Сен женскийге барат чыгарсың . Ал энди женскийге барганың – катын алганың, балам!
* * *
Менин да алдымда эки жол турду. Же көргөн-билгендеримди эч кимге айтпай ала кетем, же кагазга түшүрөм. Ичиме кетсе курудум. Кагазга түшүрөт окшойм. Ал энди кагазга түшүрсөм – калтырарым ошол! – дедим да жазуучулардын «Арашан» чыгармачыл үйүнө келип түштүм. «Прописка» болдум. Ал күн өлдү. Эртеси жазуучуларды туурап суу жээгинде нары-бери бастым. Эчтеме чыгар эмес. Баш жазыш керек дешти. Жаздык. Ал күн да өлдү.
Башкалар бөлмөлөрүнө кирип кетип эле роман-поэмаларды шуулдата жазып жаткансыйт. Мен эле эмнеден баштарымды билбейм. Дайранын шоокумун тыңшап, жээкте дардайып жатып уктап да калыпмын.Турсам дайыма салмактанып турчу башым жеңилдей түшүптүр (турмуш башка чапкандар дайранын жээгинде укташ керек экен).
Карасам алдымда эки жол турат: же жазам, же кетем. Кетсем – тилегим куруду, жазат окшойм деп калдым. Оюм бир жерге токтобой койду. Бир туруп ыр жазам, бир туруп макала жазам, бирок жазайын деп келген эскерүүмдү баштай албай, жети күндөн кийин өзүмө «ашка жүк» деген ат койдум да шаарга кайттым. Эскерүү жазыш колдон келбес иш экен деп, аны ойлогондон да тартынып калгам. Унутулуп да бараткан. Мүмкүн жазылбай деле калмак.
Мелис Эшимкановдун жазбагандын жанын сууруган бир керемет гезити бар эле «Асаба» деген. Ал – акындан экономист, сүрөтчүдөн куудул, обончудан саясатчы чыгарган өзүнчө эле бир фабрика болду. Ошонун планына балалыгымдан бир эскерүү кирип кетип, айла жок жазып баштаган жайым бар. Аны да жөн бербей «Алтын балалык» китебинен үзүндү деп чыгарып ийип (өпкөсү жок кишиге айла жок да), ал ортодо «Китебиңди мен чыгарам, башкаларга кайрылба» деген демөөрчү пайда болуп (күтпөгөн жерден МАИдей чыга калып, кайра кабарсыз кеткендер да болот экен), «Арашанга» сыздым.
«Арашан» касиеттүү жер дешти. Мында не деген залкарлар нечен керемет чыгармаларды жаратып кетишкен экен. Алардын аурасы ар бөлмөдө уюп турарын, жазам дегенге жардам берерин айтышты. Ошол эле учурда Омоке, Омоке дегенибиз Омор Султанов айткандай, бир шариги жылып кетип, кайра ордуна кайтпай калгандар да келип жүргөнүн, алардын да аурасы ар кайсы бөлмөдө акшыңдап турарын айтып үрөйдү учурушту. Кандайына туш болгонумду билбейм, бирок аябай чайналдым. Баарынан да ичимдеги редактор менен сынчыныкы өттү! Улам бир жолду тандасам эле жаратпай салышат. Улам бир ойду көтөрөм, турган жеринен жыга чабышат.Стиль, жанр, оң-терс каарман, образ-мобраз дей беришип, жөн койсом, соцреализмден лекция окуганы турушат. Аларды уксам дегеле эч нерсе жазар эмесмин. Акырында тойдум силерге дедим да, көңүлүмө кандай туура келсе, ошондой жазып кирдим.
… Бала кезимде кийим-кечесин тонотуп, турсичен калган кишини көргөм. Ал биздикине келип, Эсен байкеме: «Эсеш, шым десем катуу тиер, шымыраак бирдемең барбы?» деген эле. Анын сыңарындай, китеп десем катуу тийбесин, китебирээк бирдеме болду.
Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» китебинин 1-бөлүгүнөн