
Маркум устатыбыздын колжазмалар архивин аңтарып отуруп, ушул макаласын таап алдым. Машинкага басылган. Эсибизде, айтылуу «Кыргызстан маданияты» гезити каржы жогунан жабылып калып, Алыкебиз бош жүрүп калган учуру болгон. Күндө бир маал китепканадан кезигишер элек. Бирок негедир Алыкебиз кайсы бир мөөнөткө жок болуп кетти. Китепканадан көрүнбөй калды. Анан эле бир күнү «Нуска» деген аталыштагы гезит жарык көрүп калбаспы. Биринчи номуру колго тийгенден тартып эле көңүл чериңди жаза турган материалдар жарыяланыптыр. Китепканага каттабай калган Алыкебиз «Нуска» гезитинин редколлегия мүчөлөрүнүн арасында жүрөт…
Мазмуну жактан эл сүймөнчүгү болуп келген «Кыргызстан маданияты» менен «Ала-Тоо» журналынан калышпай турган жаңы гезиттин көз жарганына кубанганым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошол күндөн тартып жума сайын «Нуска» гезитин көңүлүмө чок салган кызды күткөндөй, арзуу кумары менен күтүп окуй турган болуп калгамын. Тилекке каршы, бул гезиттин өмүрү өтө кыска экен, «Нуска» гезитинин редакциялык мүчөсүндөгүлөрдүн арасында чарбачыл эч ким жок үчүн – гезит чыгарууга акча табалышпай отуруп калышты. Акыры гезит жабылды. Ал эми береги макала акын агабыз Карбалас Бакировдун чыгармачылыгы туурасында Алым Токтомушев эң алгачкылардан болуп баш сөз жазып, жылуу пикир айткан эле. Аталышы – «Каратма сөз» деп жарыяланган. Асыресе, азыр да карап, окуп коёр таасын баа… Таш тамга жазуудай… Кайран маркум, кайран устат…
Олжобай ШАКИР
Куштардын алгыры болот: кымындай кызыл көрсө кылт эттирбей илип, жырткычтык ырыскынын ыракатын көрөт. Жөнеле сайраш үчүн жаралган куштар бар: чабыттап олжо кууп кеталбаса да, таңды-кеч таңшып алганына курсант. Алгыр кушка караганда алар коргоосуз, коргонсуз келет.
Акындар деле ошол: бирөөлөрү күн-түн дебей күжүлдөп ыр уйкаштырат, анын эртеси китеп кылып чыгарып, күрөп-күрөп акча жыйнайт, тамыр-тааныш күтөт, катын-балдарын кор кылбай багып, кай заман, кай идеологиянын болбосун ырын ырдап, чоорун чордойт, жылуу орун-креслосуна ээ болуп, наам сурап, сыйлык алып, сыйургалын (привилегиясын) көрөт. Бирөөлөрү максаты менен маңызын ырга арнап, аны өз кунар-наркын көрсөтүүнүн куралы катары тутунганы менен турмушу оңолбойт: жаңылык издеп жаңылып, көктүк менен, безерлик менен сөз багат, сап багат; бир гана катын-баласын жөндөп бага албайт. Анткени китеби чыкпайт, сыйлык, наам, узун тизмеге илинбейт, андай “чени” жокторду кыргыз баласы, өзгөчө өкмөт киши санабайт эмеспи. Кыскасы, менин бир тааныш акынымдын кызы тажаганынан айткандай, андайлар “айранга жетпеген акындар”. Ошон үчүн сайроого жаралган куштардай коргоосуз, коргонсуз.
Карбалас Бакировдун чыгармачылыгы мага акындардын ошол экинчи сабындагылардай элес калтырат. Жаңылсам, мен жаңылармын, анын кыргыз поэзиясында аты аталып, куту сүйүнгөнүнө эсеби маселең, 15 жылдан ашты. Андан бери чоочугансып альманахтарга чыга калчу, күнүмдүк гезит-журналдардан көрүнө калчу. Сөздүн толук маанисиндеги жаңы, жакшы ырлары менен. А бирок бир дагы китеби чыкпады. Китеп чыгарыш үчүн мурдагы заманда (о, мурдагы заман!) идеологияң түз болуп, кожодой колдогон жакының, таанышың чоң кызматтын башын мыкчып турууга тийиш эле. Бара бербей, пара бергениң итенген ишти ылдамдатчу. Кашайганда, Карбалас андай касиеттен куружалак чыкты. Азыркы алгыр заман (о алгыр заман!) капчыгыңдын канчалык кат-кат экенине ачык карап калды. (Карбалас экөөбүзгө капчыкты байлап коюппу! Байласа да түшүп калат). Баягы альманах, гезит-журналдын бири жок. Анын үстүнө “ырыңдын кимге кереги бар” деген Смердяковдор көбөйдү. Бирок наам, сыйлык, сыйургалдын өчүрөтү азаялек. Жумгактап айтканда, Карбаластын ыр жыйнагы дагы далай жыл өз короосунда кармалат шекилдүү.
Кечээ жакында, “ырыңдын кимге кереги бардын” ургаалдуу учурунда Карбалас редакцияга ырларын “каптап” көтөрүп келиптир. Чоочуп кеттим. Чочубаганда кантесиң: гезит салмагы ырга эмес, чырга, ушак-айыңга, чоңдорго канчалык чокчоңдогонуна байланыштуу бааланып калды. Ичимен “кан өтсө” да, сыртыман кадыр үчүн окуп көрөйүн дедим. Окуп алып, аягына чыкканча шаштым. Баардыгын сунуш кылууга гезит шаасы жетпегенине кейидим. Ошондо окурмандар ак-көгүн айрып алмак. Эгерде Смердяковдор айткандай, окурман жок эмес, бар болсо. Алардын ичинен менин ажытымды ачкан 6-7 ырды тандап алып, каратма сөз жолдоп отурам. Эмне үчүн?
Менин баамымда, кийинки жылдары кыргыз поэзиясы, өзгөчө жаштар поэзиясы сөздүн оң маанисинде өтөле “катын баакы” болуп кетти. Бир кездеги Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Омор Султановго мүнөздүү бас, баритондор азайгандан азайып барат. Муну да түшүнсө болот: С. Акматбекова баш болгон кыздар поэзиясынын таасири, туурамчылык күч. Бирок таасирдин да таасири бар: сезимталдык менен терезе кармап телмирип отура берүү да жадатат, баланын оозуна жалаң эле торт кармай берсең, бир күнү көңүлү калат. Бир күнү Маяковскийче: “Хлебище дайте есть ржаной, дайте жить с живой женой” деп чыгары бышык.
Мына ушундай шартта К.Бакировдун ырлары мага форточканы ачып, бөлмөнү желдеткендей кеп болду. Мен албетте, бардыгынын төгөрөгү төп дебейм, анын үстүнө “табитти талашпайт” деп коюшат. Мага бул ырлардан орус кышынын жыты урду, кышка-желеге батпай туйлап турган кыргыз кулунунун элеси келди. Акын аңдагыдан огобетер төшөлүп, чайналып-чарпылбай, арышын кенен таштап, жоргосун эркин салып баратканын байкадым. Болгондо да, ушул заманда. Жүрөктөр бир кесим этке айланып, Смердяковдор үстөмдүк кылып турган учурда.
Менин тилегим-ошол таасирди тең бөлүшсөк деген тилек.