ТОКТОМУШЕВ Алым: ЭКИНЧИ КҮН: ДЕМОКРАТИЯБЫ, ЭТНОКРАТИЯБЫ?

— Салижан Жигитович, сиз өткөн маекте: Кыргызстан өзүнчө мамлекет болом дегенге Россия сүйүнүп кетип, уруштурбай, талаштырбай эле бөлүп койде дегендей ой айттыңыз. Ага биздин айрым патриоттор, асыресе, айрым радикал-патриоттор чычалай түшкөнбү, айтор, редакцияга телефон чалып, көчөдөн жолугакалып айтып жатышат: жо-ок, республиканын суверендүүлүккө жетип, эркиндикке ээ болушу – биздин, демократиялык кыймылдын жеңиши болчу деп. Ушуга байланыштуу, өткөндө сурагандай, дегеле республикадагы демократиянын абалына байланыштуу эмне айтар элеңиз?

— Эми мындай. Кыргызда илгери, Совет бийлигинин тушунда эч кандай демократиялык кыймыл деген болгон эмес. Демократиялык кыймыл Советтер Союзунда диссидентчиликтен башталганын жакшы билесиң. Ошол диссидентчилик башталгандан бүткөнгө чейин кыргыздан бир дагы диссидент чыккан жок. Атүгүл диссидент болгонго шансы шайма-шай Чыңгыз Айтматов эч убакта диссиденттик ой-пикир айткан жок, ошол совет өкмөтү менен эле ымалалашып, ошол совет бийлигинин улуксаты менен баатырдык кылып келди а киши. Диссиденттикти жөн эле коёлу, мына, Турдакун Усубалиев, — мен албетте, а кишиге жаман айткым жок, бийликтен түшкөн кишиге таш ыргытуу табиятыма жат, — Америкада алты жолу бийлик алмашканча Турдакун Усубалиевич кыргыз элин жалгыз башкарып, бир топ адилетсиз иштер жасап, калкты нааразы кылып жатканда деле кыргыз интеллигенциясынын арасынан ачык оппозиция чыккан жок, атүгүл бирин-экин апендиден башкалары Москвага кат жазып, арызданганга жараган жок. Анан бу киши түшүп калгандан кийин баары баатыр болуп чыга келди, тиешеси бары деле, жогу деле «төө бастыга» алып жатып калбадыбы.

Мына ушунун өзү кыргыз интеллигенциясынын ички маданияты кандайын айтып турбайбы; кишиге асылсаң, ал киши атчан турганда асыл, ал эми аттан кулап чөгөлөп олтуруп калганда үстүнө жыгылып калыш интеллигент кишинин белгиси эмес. Түшүп калган кишиге таш ыргытыш кыргыз элинин салтында жок. «Качкан жоону катын саят». «Жоону» ошентип сайгандар «жо-ок демократ элек» деп жатып алса, эмне кылабыз, айла жок…
«Демократия» деген сөз биздин республикада кайра куруу заманында чыга баштады, ага чейин дүйнөдөгү эң өрнөктүү демократия — социалисттик демократия деп түшүнчүбүз, эң өрнөктүү киши ушу деп бир кишини бир добуштан шайлап отура берчүбүз. Артта калган элдер үчүн, балким, социалисттик демократия деле жаман эместир, канткен менен соцдемократияда кандайдыр бир селекция бар болчу, кадрлар жакшы ылганчу.
Анан бул демократиялык кыймыл дегенибиз качан, каяктан башталды? «Бийлик бар жерде оппозиция бар,» — деп айтышат Батышта. Усубалиев убагында демократтар жок болчу деп айтпадыкпы, демократтар Масалиев келгенден кийин чыкты. Себеби ал учурда демократиянын айкындуулук, ачык айтып, ак сүйлөө, көзгө, бийликке карабай бетке айтуу өңдүү белгилери келип калган. Ошондо пайда болду да Масалиевге оппозиция…

— Кечиресиз, Масалиевгеби же бийликке, системагабы?

— Масалиевге дээр элем. Анын жөнү мындай. Ал киши бийликке келгени менен «мен чоңоём, мени көрөбү, байкайбы» дегендерди чоңойтпой эле өзү менен бир кезде чогуу иштегендерди чоңойто берди. Мисалы, М.Шеримкулов менен Т.Ишемкулов кокус аны менен чогуу иштебеген болсо, кайра көтөрүлбөй калмак. Билген, тааныган кишилерин гана көтөрүү совет бийликчилеринин бир кемчилиги эмес беле. Масалиев аны кыйшаюусуз аткарды, анысы бир топторду нааразы кылды. Нааразы болгондор демократ болуп чыга келди. Мисалы, Казат Акматов мурда партиялык чоң кызматтарда иштеп жүрүп, анан кандайдыр бир себептер менен жолдош Усубалиевге жакпай калып, кызматтан куулуп, ошонун күйүтүнөн Усубалиев түшкөндөн кийин Усубалиевге, анын «кол баласы» Аскаровго каршы кампания уюштуруп жиберди да, туурабы? Бирок ал эмгегин Масалиев баалабай койду. Ошондой эле ал кездеги Топчубек Тургуналиев, азыркы Тургуналытегин БКда иштеп, өкмөттүн ишенимдүү адамы болуп жүрүп, борбордун 1-Май райкомунун биринчи секретарлыгын талашып, анан ошол шайлоодо анча-мынча добуш жетпей калып, анын себебин көмөк көрсөтпөйт деп Масалиевден көрүп, андан кийин гана демократ болуп жатпайбы. Угушума караганда, Ж.Жекшеевдин деле ушул сыяктуу себептери бар экен. Айтор, чоңойсок, антсек-минтсек, Усубалиев түштү, биздин заман келди, бизди көрөр, угар, буга чейин бааланбай келдик эле, эми Масалиев баалар деген кишилерди баалабай койгон учурда жанагыдай кыймыл пайда болду.

— Сиз өгүнү демократия менен этнократияны ирониялуу каршы коюп айткандай болдуңуз. Арийне, экөөнүн тең эле түпкү теги бир — «демос» деле «этнос» деле «эл» дегенди билдирет эмеспи. Анан кайсы элдик бийликке каршы коюп айтканыңызды кийин ойлонуп түшүнө албадым.

— «Этностун» дагы бир мааниси: уруу, улут. Жазылып турбайбы, «Энциклопедияда»: этностун пайда болушуна аймактык жана тилдик жалпылык шарт түзөт дегендей. Ага кеңири токтолом, өзүм деле ошого келаткам.
…Ошентип, бизде демократиялык кыймыл пайда болду. Кыймылдын көпчүлүгүн көлдүктөр түздү. Желмогуз балдар эсептеп жүрүшчү эле, оппозициянын 90 проценти көлдүктөр деп. Демек, бул, буруп айтканда, көлдүктөрдүн Масалиевге каршы партиясы болучу. Ал кеңейип кетти, түндүктүктөр түштүккө каршы чыгып жатыптыр деген сөз чыкты.

— Эмне үчүн? Мен билгени ал кыймылдын ичинде Түштүктөн деле бар болчу. Мисалы, КДКнын ал кездеги өтө автивдүү жетекчилеринин бири — Топчубек Тургуналиев түштүктөн го…

— Аны атайын кошуп алышкан. «Мына, Түштүктөн деле демократ чыгат, мына, Масалиевди биз эле эмес, өзүнүн жердештери да сындап жатат» деш үчүн киши издеп жүрүп, анан 1-Май райкомунун биринчи секретарлыгына өтпөй калган, Масалиевге каршы көксөөсү бар Т.Тургуналиевди таап, алдыга салып коё беришти. Ошону менен аны митингдерде сүйлөгөнгө, ачкачылык жарыялаганга, Масалиевге каршы таш ыргытканга коюп коюшту. Мисалы, К.Акматов менен Ж.Жекшеев бир да жолу ачкачылык жарыялаган жок, бечара Тургуналиев сегиз күнү кезерип ачка отурганда алар тамакка кенен тоюп, мүмкүн, коньяктан шыңгытып коюп, жүрүштү окшобойбу.

Албетте, кеп анда эмес, кеп, демократиялык кыймылдын, жалпак тил менен айтканда, ушул сыяктуу жагдайда башталганында. Бизде өздөрүн «демократ» деп жарыялагандарды башка республикалардагы демкыймылдар, айталы, москвалыктар байкады, колдоду, кантип митинг уюштуруп, кантип ачкачылык жарыялоо жагын үйрөтүп турушту. Алар ойлоду да: «Кыргызстанда чын эле демократтар бар экен». А иш жүзүндө демократтарыбыз чын эле ички ишениминен, чын эле демократтык даражага көтөрүлгөнүнөн, демократия идеялары канында ойноп турганынан демократ болгон жок. Белимчилеп, башкаларды туурап, шартка жараша өзгөрүлүп, үлгү алып туруу кыргыз баласына мүнөздүү эмеспи. Мунун таң кала турган деле эчтемеси жок, кыргыз коммунизм идеялары менен, марксизм-ленинизм окуусу менен аябай тааныш болуп кеткенинен эмес, башкалар коммунист болуп атканын туурап коммунист болгон.

Ар кандай кыймыл ушинтип башталат, мен буга терс маани бергим келбейт. «Демократтарга» ыракмат деш керек, кандай мүдөө менен болсо да бир кыймыл баштап, элди ойготуп, андан кийин Масалиевди алып түштү. Бирок алар айтып жатпайбы: «Масалиевди жалаң эле биз алып түштүк». А иш жүзүңдө ошол эле партократтар, ошол эле депутаттар арасында Масалиевге нааразылык күч болчу, аны түшүрүүдө ошолор аябагандай чоң роль ойноду, демкыймыл ошол партократтарга, ошол депутаттарга дем-күч, таяныч гана болуп берди. Мурда-кийин деле, азыр деле айтылып жүрөт ко, Масалиев пара жебеген ниети таза киши делип. Чындыгында ал киши ийкеми жок, өжөр, кежир да киши экен. Позициясынан тайбай, «жок!» деп эле кожоюп отура берет экен. Андай сапаттарды, албетте, сыйласа да болот. Бирок ийкемдүү болуш керек эле. Заман-заң өзгөрүп, кулк-мүнөз өзгөрүп жатканы менен да эсептешиш керек эле. Экинчиден, Масалиев түштүктүк болуп жатпайбы.
Бизде түштүктөн «алтын баштуу» чыкса деле жеримей адат бар эмеспи. Мына бүгүн кожодой сыйынып жаткан Раззаковду деле Ахунбаев, Казакбаев баш болуп арыз жазып, кызматтан түшүрүп, өлгөндө быякка алып келбей, атүгүл гезитке эки ооз сөз жазып некролог бербей, анан азыр минтип башка заманга келгенде баары эле Раззаковдун досу болуп, кой десең да болбой, Раззаковду кыргыз үчүн күйгөн, акылдуу, билимдүү, кыраакы жетекчи кылып чыгарып атпайбы. Раззаковдун тушунда ушундай демократтар болсо митинг уюштуруп, ачка жатып алып, аны деле түшүрүп коймок. Жогоруда айтпадымбы, жеңилип калганына Масалиев өзү айыптуу. Шартка ылайыкташа албады, окуяларга алдын ала озунуп, сергектик кылбады ж.б.

— Масалиев сыяктуу эле партократ Назарбаев, Каримов, Кравчук ж.б. азыр деле өз элинин өкүмдары, чабыт баштоочусу, акыл ээси болуп жүрөт ко.

— Ооба, алар жаңы заманга дароо ыңгайлашып, сиңип кетти. Мисалы, партиясынын атын өзгөртүп дегендей… А бу киши коммунистмин деп эле коржоюп туруп албадыбы, демократ боло калса эле иш бүтмөк. Айтайын дегеним, түндүк, түштүк болуп бөлүнө түшүү да анда чоң роль ойноду. Түндүктүн балдары мына, өздөрү жаман көрүп, өздөрү сөгүп аткан орустун таасири менен бир топ нерселерди билип алган экен, өсүп алыптыр, сүйлөгөндү, митинг жасаганды үйрөнүп алыптыр. А түштүк депутаттары болсо жер топураткандан башкага жарабай, бир да бирөө Масалиевди сүйөп сүйлөп чыкпады го. Атүгүл Масалиевдин жакшылыгын көргөн Оштун чоң патриоттору Т.Касымбеков менен К.Бобулов бир ооз сөз кайрыганга жараган жок. Мына ушундай кырдаалда, мен байкап калдым, түштүктүктөр катуу ызаланып кетти. Туураны туура деп айтышыбыз керек. Масалиевге да таң беришибиз керек, мына ошондо ошо киши баягы абышкаларды чакыргандай «түштүктүктөр, кайдасыңар» деп чакырса, самолет да арзан а кезде, келишсе, анан кайсы бир аянтты ээлеп, ачка жатып алышса, Тажикстандай болуп чатак чыгып кетпейт беле. Анткен жок, бийлигине кайыл болуп, кетип калганы кыргыз элинин бир бактысы десе болот. Ошондой эле Осмонов Бекмаматты айтсак болор эле, баарыбыз угуп-көрүп турдук, эл айыл, уруу болуп бөлүнүп кетти. Осмонов да бийликтен түшпөйм деп көшөрүп туруп алса, эмне болот эле? Демек, аларды бийликтен түшүрүүгө катышкан демократтарды да азамат десек болот, ошол демократтарга, демократтардын артында турган кишилерге теңелбегени, чатакка барбаганы үчүн Масалиевге да ыракмат десек болот. «Демократ эместерге» деле адилеттик керек ко.

— Масалиевдин түшүшүнө чоң кызмат бербей койгон демкыймылдын демилгечилери да себепкер деп жатасыз. Биздин билишибизче, алар Акаевдин тушунда деле чоң болуп кеткен жери жок…

— Ооба, алар азыр айтып жатпайбы, Масалиевди биз түшүрдүк, Акаевди биз алып келдик деп. Аскар Акаевич да алар менен ымала түздү, аларга таянып иш алпарайын деген кыйла аракеттерди жасап келатат. Бирок, менин байкаганым, же түшүнбөй атамбы, Акаевдин тушунда деле алардын бири көтөрүлгөн жок. Же сунуш кылса, кабыл албай коюштубу, же башка бир стратегиялык, тактикалык ой-мүдөөлөрү барбы, айтор, бири да чоң кызматка илинбеди. Президент: ооба, силер алып келдиңер мени, ыракмат деп баарына тең эле чоң-чоң кызмат берип, чоң-чоң бапке карматып койсо болмок. Алар деле мынабу түшүп жаткан министрлер менен кошо түшмөк, ошондо билинмек кимдин ким экендиги…

Ал — ал… Андан бери демкыймыл кыйла өзгөрдү. «Айыл ити ала, бөрү көрсө биригет» дегендей, мурда Масалиевге каршы биригип, күрөш жүргүзсө, эми Түндүк, Түштүк болуп бөлүнүп кетти го. Масалиевдин маселеси бүттү, эми Тургуналиевдин кереги жок дегенчелик кылышты эле, а дагы эр экен, бакылдап сүйлөп, тиги-бу кылып атып, дембийликтен кетпей койбодубу. Түшүрө албай жаман кыйналышты да демократтар. Ошон үчүн бири биринин жоорун чукуп гезиттерге жазып киришпедиби. Бизде демкыймылды объективдүү иликтеген, изилдеген киши жок: философтор эмне кылып жүрөт, социологдор эмне кылып жатат? Ушулардын бардыгын изилдеп, өз убагында айтып койсо болмок.

Ошентип бөлүндү дедик. Мисал үчүн «ЭрК» («Эркин Кыргызстан») дегенибиз менен, ачык айтканда, Түштүктүн партиясы. Позициясы Жалал-Абад жакта күчтүү, КДК бийлик талашып, өз ара чатакташып жатып, эмне болгону белгисиз. Андан кийин «Асаба» партиясы чыкты.

Бул эми орустар «Память» деп жатпайбы, ошонун тибиндеги партия. Көп жагынан өксүгөн шаардык кыргыз жаштарынын көйгөйүн, оргуган ой-тилегин чагылдырган партия болуп жатат, бу дагы турмушта бар, мунун чыгышы да закон ченемдүү. Мен кээ бир «ызакор» орус жолдошторго айтып жүрөм: Россияда «Память» болуп жатпайбы, а эмне үчүн Кыргызстанда «Асаба» болбош керек? Ошол «Памяттын» ичинде деле чаласабат, орус үчүн күйүмүш эткен кишилер чыгып алып, жер орустуку, кен орустуку, еврейлер кеткиле деп кыйкырып жатат. Биздин «Асаба» деле кыргыз мүдөөсүн башка улуттун кишилери түшүнбөйт деп оруска каршы болуп атат. Айырмасы жок, болгону «Памяттын» душманы — еврей, «Асабаныкы» — орус.

Биздеги демократиялык кыймыл демократиялык мазмунда эмес, этнократиялык мазмунда дегеним ошондон. Кыргызда «өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло» деген кеп бар. Гегель маданияттуу деп өзүн башка бирөөнүн ордуна коё билген кишини айтабыз деген. Башканын деле меникиндей мүдөөсү бар, бирөө деле мендей киши деп, ошолор менен эсептешкен, өзүмчүлүктөн өйдө турган киши демократ боло алат. Жашоого күн алдында баардык адамдын акысы бирдей. Мүмкүнчүлүгү эмес, акысы бирдей, укугу бирдей, азыркы тил менен айтканда.

Андан кийин азчылыктын укугун, адам укугун сыйлоо деген болот. «Демократия» дегенибиз түпкүлүгүндө европалык түшүнүк. Европа көп кылым бою кыйналып, чайналып, тер ичинде, кан ичинде азап ичинде жүрүп, мына ушул демократияга келген. Черчиллдин айтканы бар: «Демократия дегениң деле жакшы нерсе эмес, бирок андан ашкан эч нерсе жок болуп жатпайбы». Демократиянын шарапаты ушу да: ар ким өз оюн ачык айталат, бийликтин деспотчулугуна жол берилбейт, эркин шайланат, шайлайт ж.б. Кыскасы, адам мүмкүнчүлүгүнө жол ачылат. Ал эми биздин демократтар кыргыз элинин, кыргыз тилинин гана үстөмдүгүн жүргүзөбүз деп жатат. Орустар шаарларыбызда, анан Чүй өрөөнүндө көп эмеспи, ата-бабаларыбыз шаар курган эмес экен, көчүп эле жүрүп алышыптыр, бүгүнкү демократтар кандай абалда каларын ойлобоптур. Ошон үчүн орустар көчүп келиптир, шаар куруптур, кыштак салыптыр, Чүйдүн мыкты жерлерине орношуп алыптыр. Ошон үчүн Чүйдө, Бишкекте кыргыз жалпы калктын 26 процентинин тегерегин түзүп калган экен, орус, дагы башка элдер көбөйүп кеткен экен. Проблеманын баары ушунда туруп атат да, туурабы?

Биз тоодон-таштан түшүп келип, алар түз жерге куруп койгон шаарды карасак эле… орус көп! Анан, эмне үчүн орус көп… эмне үчүн орус тили өкүм сүрүп кеткен деп, орус салган тамга кирип, алар курган университеттен окуп, анын тилин үйрөнүп алып, чатак салып жатпайбызбы. Ошон үчүн биздин демократия Советтер Союзуна же башка бир коомдук түзүлүшкө каршы эмес, оруска, абстракттуу жана конкреттүү оруска каршы болуп жатпайбы. Анан кантип этнократиялык эмес, демократиялык багыттагы кыймыл дейбиз? Россия бизди Югославиядай кылбай бөлүп койгону чоң жолдо келатканда көчкү түшкөндөй эле иш болду да. Маселе чечилди. Кармаша турган эч нерсе калбай калды. Анан жанагинтип Түндүк, Түштүк, балан, түкүн болуп бөлүнүп атпайбы.

— Ушунча кыймылдын ичинде кантип эле бир позитивдүү көрүнүш, жылыш болбосун?

— Жок, мен антип так кесе айталбайм. Кыймылда бир топ жылыш болду, эволюция жүрдү. Турмуш, заман агымы алардын позициясын, кээ бир көзкараштарын өзгөртүүгө аргасыз кылды. Мисал үчүн ошол эле «ЭрК» партиясынан Кыргызстандын азыркы саясый шартын эсепке алган «Ата Мекен» деген, орусча айтканда, умеренный, кыргызча айтканда, сабырлуу партия бөлүнүп чыкты. Анан мынабу «Республиканын элдик партиясы» деген пайда болду. Коммунисттик партия башынан кайра жаралды. Ушул сыяктуу кыймылдар алдында жанагы этнократиялык партиялар быякта калды дагы, биздин республикада жалаң эле кыргыз эмес, башка улуттар да жашары эске алына баштады. Ушуга келгенде, партиялардын, кандай партия болсо да, бардык партиялардын чыгышын оң факт катары карашыбыз керек. Эмне үчүн дегенде, алар ар кандай социалдык катмардын ой-тилегин, максат-мүдөөсүн, атургай нааразылыктарын чагылдырып, легалдуу айтып турган партиялар болуп атпайбы. Ошону менен элдин пикири, кайнаган буусу дал ушул партиялар аркылуу чыгып, коомдо стабилдүүлүктүн сакталышына аздыр-көптүр салым кошуп жатат.

— Өткөн жылы телевизордон көргөздү го, белгилүү режиссер Ст.Говорухин Америкада болуп, А.Солженицын жөнүндө фильм тартып келиптир. Ошондо Солженицын Россиядагы демократияга байланыштуу мындай байкоо айтты: демократия деген пирамидадай болуш керек, түбүнөн, демек, карапайым калк катмарынан башталып, алардын ой-пикири пирамиданын чокусун, демек, бийлик башын солкулдатып туруш керек. А Россияда, тескерисинче, пирамида башындагы бийликке аралашып алган бир ууч топ демократия демиш болуп, бири-бири менен үн алышып жатат деп. Бизде деле ушул, бийликтин тегерегиндеги бир ууч топ эле кыйкырып жатат демократия деп, карапайым калктын иши да, чолоосу да жок.

— Демократия негизинен партиялардын деми менен жашап жатат дебедикпи. Бирок ошол партиялардын бир кемчилиги — тамыры жок болуп жатпайбы, лотос деген гүл болот ко, тамыр-самырсыз эле суунун үстүндө өсө берген, ошол лотостордой борбордун өзүндөгү саясый турмуштун, көлдүн үстүндө сүзүп жүрүшөт да. Алар чыныгы турмуштун өзүндө (айыл-апада) тамырлап кетсе, жакшы болот эле, бирок тамырлашы кыйын болуп жатат. Анткени айыл-апанын бул партияларга анча кушу жок, анын үстүнө партия дегенге таптакыр ишенбей калган. Мисалы, демкыймылдарга мынабу шаарда Бишкекте анча-мынча акыл-эстүү, билимдүү кишилер кирди, ал эми айыл жеринде ага жалаң кудайдан жөө качкандар, эски арызчылар, аракечтердин баары кирип алып, кадырын кетирип койду, менин байкашымча. Бул жагдай да демократиянын айыл жерине тамырлашына, жайылышына тоскоол болууда.

Солженицындын күйгөнүнчө бар: Россияда деле, бизде деле иш бийлиги эмес, сөз бийлиги үстөмдүк кылып атпайбы. Өзгөчө басма сөздө оюна келип, колуна урунгандын баарын жазып жатат. Президентти го эки күндүн биринде баса калып сындаганга көнүштү, а киши да бышыкулак болуп бүттү, эми баштагыдай таасир деле бербей калды көрүнөт. Бу жагынан жетишкендигибиз бар. Бирөөнү сындаганы, бийликке шек келтиргени үчүн кысмакка алынгандар, ыдык жеп, куугунтукталгандар дээрлик жок. Тескерисинче, ушул ыңгайдагы демократтар бизде, Кыргызстанда, кандайдыр бир сыйургалга (льгота) ээ болуп, өзгөчө айырмалуулук абалга жетишкендей. Президент алар менен байма-бай сүйлөшүп, кеңешип турат. Президенттен чыга калып эле андай акыл айттым, мындай акыл айтгым деп гезитке кыйкырып жазып жатпайбы кээ бирөөлөр.

— Демек, ачык-айкындуулук турмушубуздун бардык тармагына кирген экен да?

— Менимче, бир топ тармактарга кирди, бир гана статистикада ачык-айкындуулук болбой жатат. Мисалы, биз канча өндүрөбүз, канча чыгымдайбыз? Же Жогорку Совет бюджеттен канча алып жатат жана ал каякка жумшалууда? Же болбосо, Президенттик аппарат, же тышкы иштер министрлиги канча алып, каякка жумшап жатат? Же илимди, маданиятты өнүктүрүүгө канча каражат жумшалууда? Ушул сыяктуу көптөгөн маселелер ачык айтылып, жазылып турса, биз чындык менен элди тарбиялаган болор элек. Буларды билбейт да элдин баары. Албетте, мен экономист эмесмин, бирок бир жагынан ойлоп кетем, ушу экономика жаатынан демократия болбой жатабы деп. Мисалы, бирдеме ачам, бирдеме товар өндүрөм десе, айылдагыларга мүмкүнчүлүк берилбей жатабы, ошон үчүн приватташтырууга каршы туруудабы деген өңдүү ойлор келет.
Ал эми жанагы айыл демократия менен иши жок, тунжурап турууда деген оюңа кошула албайм. Мисалы, шайлоолорду кара. Отбайчот-байлардан баштап, депутаттарга чейинки шайлоо чаң ызгып өтүп атат ко. Албетте, демократия жападан жалгыз жол, биз буга үйрөнүшүбүз керек, өзгөчө шайлоо жолуна, демократиялык шайлоо жолуна көнүшүбүз керек. Эл коркуп атпайбы, айыл-апада уруучулук күчөп кетет, анан баланча, түкүнчө деп. Мейли.

Мына азыр деле ар бир облус, район, ар бир айыл «ургаачы болсо да, өзүбүздөн кочкор салабыз» деп, чоңдорду бүт өз кишилеринен коюп албадыбы. Анан көрүштү: башка жерден келип пара жеген менен өз кишилеринин пара жегенинин айырмасы жок экендигин. Тескерисинче, өзүнөн чыккандар мени эмне кылып алат эле деп коркпой-үркпөй көбүрөк жээрин. Көзү көрүп ишенгенден кийин өздөрү айтып жатат ко, башка жерден келип иштегендер дурусурак экен деп. Мисалы, Тоң районунда мурда жетекчи башка жерден болгон учурда сен, мен деген жок экен. Угушуга караганда азыр кыдык, саяк болуп ыркырашып атыптыр. Мындай мисалдар көп. Демек, эл өзү башынан кечирип, ачуу тажрыйбасынан сынап ишениши керек экен. Мейли, өз уруу, өз жеринен да шайлап көрүшсүн. Азыр көгөрүп шайлабай коюп, он жылдан кийин демократиялык шайлоо өткөрсөң деле ошолор кайталанат да. Ал эми шайлап отурсаң, он жылга чейин элде тажрыйба топтолуп калат, а-а, бул биздин мүдөөбүздү жактайт турбайбы, биздин оюбузду жогор жакка билгизет турбайбы деп, иштей турган кишини шайлап алышат.

Ушул эле ойду шаардык интеллигенцияга карата да айтсак болот. Кыргыздын кийинки балдары, өзгөчө базар көргөн балдары өтүгүн майрык басып алса деле орустан көрүп келбедиби. Мына эми орустар кетип атат, жүз орустун беши кетпей калса эле кыйкырып жатышпайбы: эмне үчүн кетпейт деп. Кетип атат, алдуу-күчтүүлөрүнүн акыры ашып кетсе отуз жылда кетип тынат.

Мына эми республикага миңге жакын кытай келип калыптыр. Интеллигенция эми «кытайлап» чуу чыгарьш жатат: «кытар жаман, кытай коркунучтуу» деп. Коркунучтуу болсо эмне кылабыз: коңшу экенбиз, аралаш жашабаска арга жок экен. Ал эл менен да эсептешиш керек да. Мен эми олуядай эле айтайын, бизде орустар калбай калганда, же өтө эле аз калганда, Россия Кыргызстанга кызыкпай калат, көңүл бурбай калат. Себеби биз Россиядан алыс турабыз. Мисалы, Казакстанга караганда. Демек, оруска каршы маанай үчүн орустан корко турган бизде эч кандай негиз жок. Назарбаев айтпадыбы, кичинекей мамлекеттер кайсы бир чоң мамлекет менен ымала түзүп, этегин кармабаска аргасыз деп. Биз да ошондой чоң мамлекеттер менен курчалып турабыз да. Быяктан Казакстан, тыяктан Өзбекстан дегендей. Бирок баарынан чоңу, баарынан зору — Кытай. Түркия да алыс. Тең-теңи менен деп, Израиль менен, же ошол эле Бурунди менен соода-сатык жасап, мамиле кылып турсак жакшы болмок. Бирок алар алыс, Америка да, Россия да алыс.

Буга чейинки Россиянын саясаты бар эле: согуш убагында өнөр жайды стабилдүү кармаш үчүн чачыратып ийиш керек деген. Ошол бизге да чачыратам деп, куруп бербедиби. Эми курулушун жумушчулары менен кошо алып кетти. Америка бизге куруп берсе жакшы эле болмок, канткен менен алар жергиликтүү калктын күчүнө таянмак да. Бирок алар бизге келип береби? Келсе, демократиялык сагызгандан сактыгыбыздан качырып жибербейбизби? Даярдыгыбыз жок, бизде бюрократия күчтүү, анан алдап кетеби деп коркобуз, сактанабыз ж.б. Мисалы, СИАБЕКОдон кийин эч нерсеге кол коюлбай калбадыбы. «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» болуп атпайбы. Биз коркпошубуз керек, алдаса алдасын, бизди ким алдабай жүрдү эле, бизге тажрыйба, ачуу да болсо, тажрыйба керек. Мүмкүн, бир отуз жылдан кийин орусту эстербиз, салыштырып көрөрбүз. Мына, социализм кулаганда баары эле сүйүнгөнсүп жаткан, азыр социализм эле жакшы экен деп жатышпайбы. Айыл-апага бара калсам, «социализмди эмне кулаттыңар!» деп желкелеген эле киши, кудум мен кулатып салгансып. Башка түшкөндө, тажрыйба топтогондо таразалап жатышат да…
Отуз жылдан кийин же англис, же кытай, же түрк тилин билбей, орус тилинен да айрылып, жалаң кыргыз тили менен калып, окуган гезитибиз «Кыргыз Туусу» менен «Кыргыз маданияты» болуп, кыргыз жазуучуларынан башка дүйнөдө китеп чыгарган киши бар экенин билбей, шорубуз катабы? Кеп ошондо. Ошон үчүн дүйнөгө ачык болушубуз керек.

— Демек, коркунуч сырттан келбейт экен, өзүбүздүн ичибизде экен да.

— Албетте. Ыраматылык совет өкмөтү элибиздин үчтөн бирин интеллигент кылып салды: бирок билимди чала берди, өз алдынча чачыратып ойлонгонго көңдүргөн жок. Ошон үчүн биздин интеллигенция айылдык аң-сезимдин рамкасынан чыгалбай жатат. Оруска каршы ой айткандан, орус тилин сөккөндөн башка эчтемеси жоктор көп. Дүйнөнүн бардыгынан коркконго, сак болгонго ошолор үндөп жатат. КСЕНОФОБИЯ деп коёт. Бүт эле баарынан корко берет: орус болсо орустан, кытай болсо кытайдан… Тескерисинче, биз еврейлерге окшоп эч нерседен коркпой, аракет кылып, арак ичкенди таштап, окуп, аз эл экенибизди эске тутуп, бизге арак ичкенди, ашыкча ойноп-күлгөндү, үстөккө-босток той өткөргөндү ким койду деп иштесек, көп тил үйрөнсөк, аздыр-көптүр оңолобуз. Болбосо бир орус тилин чала билгенибиз көп көрүнүп жатпайбы.

Тил билбегени жагынан биздин интеллигенция дүйнөдө биринчи орунда болуш керек. Түркиянын окумуштууларына жолуксам, үч-төрт тил билбегени жок экен. Ошону да аз деп, орусча үйрөнүп жатышат. Азыр ар бир гезит эле улуттук стратегия, улуттук идея, баланча-түкүнчө деп удургууда. Улуттук стратегия деген ушу: Орто Азиянын еврейи болушубуз керек, тың болушубуз керек, мисалы, ар бирибиз беш өзбек, төрт казактын ордуна иштешибиз керек. «Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет» дегендей биз аларга теңелсек, кызылдай мээнетибиз менен теңелебиз. Биздин элдин ыкыбалы, ооматы бир топ эле, ошол мээнетке келгенде аксай түшүп атпайбызбы.

Америкадан жана Жапониядан үйрөнүп эмне кылабыз, биз арабызда турган дуңгандан эле үйрөнүшүбүз керек. Мына, дунгандардан Акаевди сөккөн, же совет өкмөтүн сөккөн, же турмушуна нааразы болгон, же өкмөттөн жалдырап тыйын сураган бирөөнү көрдүңөрбү?! Аларга социализм да баары бир, капитализм да баары бир, иштеп атат, орусуңду да, кыргызыңды да, кытайыңды да сөкпөй эле жанын багып атат. Килейген 2,5 миллион кыргыз: «тилибиз өчүп калды, маданиятыбыз өспөй калды» деп ыйлайт, ал эми 30 миң дунган кыргыз менен орустун ортосунда жүз жылдан бери туруп, тилин да, дилин да жоготпой, салтын да жоготпой, анан эң негизгиси, ыйлабай атпайбы. А биз болсо, Президентти сөгөбүз ушуга апкелди деп, өкмөткө өлүмтүк артабыз, «акча бер эле акча бер» деп. Анан ыйлайбыз: турмуш жаман деп. Дунган ыйлабайт. Мээнеткечтикти ушу дунгандан үйрөнүп, акыл-эстүүлүктү, куулукту еврейлерден үйрөнсөк, өркөнүбүз жакшы эле өсмөк…
Анан ийкемдүү болушубуз керек, башка улуттарды, өзгөчө аз сандагы улуттарды сыйлоо, алардын укугун урматтоо диндин деле, социализм менен капитализмдин деле, демократиянын деле негизги принциби да. А биз өзүбүзчө эле коржоюп, аралаш жашаган башка улуттарды бөлүп, өзүбүз да бөлүнүп атпайбызбы. Мына, Түкөмдүн, Түгөлбай Сыдыкбековдун 80 жылдыгы өттү, жазуучуну түрккө таандык эле, түрккө таандык деп, Казакстандан, Өзбекстандан койбой чакырдык, а арабызда чогуу жашап, ачуу-таттууну бирге таткан улуттарды унутуп койдук. Айрым уйгур, месхет-түрк, дуңган жолдоштор, мисалы, мага таарыныч айтышты: «капырай, ушу бизге деле айтып койбойсуңарбы!» Славян, уйгур, дуңган ж.б. маданий борборлору бар эмеспи. Орусту го орус дейли, ушу Түкөм орус тилинин убайын көргөн жок деп коёлу. Берки өзүбүздүн диндеш, дилдеш уйгур, өзбек, дуңганчы?..

Ушул сыяктуу мисал чачтан көп. Ошон үчүн республикада улут аралык тирешүү чыкканына «жаңы» демократтар, анан депутаттар чоң үлүш кошту деп айтар элем. ЭТНОКРАТИЯ деп какшап атканым ошондон.

Ушуну менен экинчи маек бүттү. Түн кирип калыптыр. Үйгө келдим. Диктофонду уктум. Орус элинин чоң патриотторунун бири — улуу философ Николай Бердяевди барактадым. А киши жазып жатат: «ИСТИНА НЕ МОЖЕТ БЫТЬ НАЦИОНАЛЬНОЙ, ИСТИНА ВСЕГДА УНИВЕРСАЛЬНА…»
Алым ТОКТОМУШЕВ
«Кыргыз маданияты» 8-апрель, 1993-ж.