
Мастер-классик
…Дал ушинтип айткым келет. Эгер лирик ушул чакырыгын чанса же башка бирдемеге алмаштырып алса-лирик басуудан калганы ошо. Бул чакырык-анын каргышы таза, тунук, жаркын каргышы. Баардык эркиндик, бүт кулчулук ушул ураандын уңгусуна байланган: анын капталына канат бүтүргөн эмин-эркиндиги да ушунда, дүйнө дубалдарына — “көгүлтүр түрмөгө” камаган эрксиздиги да ушунда. Лирика — “мен”, “менин ай-ааламым” дегендик, дүйнө, лирикалык акын кандай кабыл алганына жараша болот. Бул — арганын түгөнүшү, аруу аян. Лирик — бул дүр-дүйнөлүү көрүстөнгө тирүүлөй көмүлгөн өлүк, анда баары даяр: жегенге тамак, ичкенге суу, карууга жарак. Ал өзүнүн табият-ташына жат кубулуш катары ошол көрүстөндүн дубалдарын, жапжашыл жер, көпкөк асманды каккылайт. Ай аалам анүчүн жат. Арийне, анын элесинде ай аалам аябагандай бай, салтанат-шаңга толтура. Жаттыгында — кулчулук. Салтанат-шаңында – эркиндик.
Сөз уңгусу лириканын ордун аныктап, лирикалык акындын даргөйүн дааналоо иретинде уланып атыр. Ал жетим, дүйнө ага өгөй баладай карайт. Арийне, ал алеки заматта көөдөнүн от каптаган кашкага, жана да кактабай кан соргон митеге айланышы ыктымал. Анын жетимсиреген жалгыздыгын жер жүзүндө башты бийик көтөрүп, шаңдуу жер кезген жүрүшү менен гана салыштырууга болот.
Айтылгандардан эки ашмалтай чындыкты айрып кароо зарыл, анткени алар айрым сынчылардын мээсин таза эле айлампаш кылып алды. Биринчи ашмалтай чындык: лирика деген лирика жана акын деген акын. Алардын лирикадагы өз алдынчалыгы акыркы мезгилде кайрадан жеңишке жетти. Ал акынды жеңди. Ага “Мир искусства” журналы жакындан жардам берди. Анын Д.В.Философов, Андрей Белый өңдүү белдүү кызматкерлери эми лириканы буржуазия мияттары, кудайдан жөө качкандык, зөөкүрчүлүк ж.б. менен айыптай баштады. Мен келтирген ашмалтай, жалпыга жадыбалдай жат. Чындыктан эң жөнөкөй жыйынтыкка келсе болот: акын аябагандай зөөкүр же кынтыксыз тарбияланган жигит болушу ыктымал. Агер ал чыныгы акын болсо, тигиниси да, мунусу да, анын поэзиясына көлөкө түшүрбөйт.
Акын ак ниет же кара ниет, абийирдүү же бузуку, ашынган атеист же жеткен динчил болушу мүмкүн. Ал боорукер же ташбоор, коркок же кайрымдуу адам болушу ыктымал. Фет акылдуу адам жана жакшы философ болгон, а Полонскийдин акылы анча байкала берчү эмес, философ болбогон. Акын Валерий Брюсоф сыяктуу жакшы сынчы болушу ыктымал. Акын Сергей Соловьевди асмандата мактап, Сергей Городецкийди тебелеген Андрей Белый сыяктуу начар сынчы болушу ыктымал. Акын чыгармачылыгында чексиз эркин, аны жалапкана эмес, жайкалган көкшиберди жактыр деп жакалоого эч кимдин укугу жок.
Жалпыга жадыбалдай жат чындыктын экинчиси бул: акындар бири-бирине кантип окшоп тургандыгы үчүн эмес, бири-биринен кантип аттын кашкасындай айырмаланганы менен кызык. Кайсы акындын болбосун баш белгиси — анын чыгармачылык өзгөчөлүгү, демек туурамчылык дараметине багынкы. Андыктан поэзиядагы мектеп тууралуу маселе — негизги маселе эмес. Кужулдаган куштар сыяктуу эле башкалардын үнүн кайталоо кайсы лирикке болбосун мүнөздүү. Арийне, анын да чеги бар, ал чектен ашкан акын аргасыз туурамчыл кулга айланат. Андай учурда ал топураган акындардын арасынан “лирикалык бирдик” катары көрүнбөйт, эч бир мектепке да кошулалбайт. Ошентип ошол доордун поэтикалык плеядасын түзгөн чыныгы акындарда тууроо, таасирленүү ар дайым өзүнүн чыгармачылык толгоосу менен эриш-аркак жүрөт жана ал эң биринчи мааниге ээ.
Мына ушулардан улам акындардын “дүйнөтүшүнүү”, “кабыл алуу жөндөмү” деп топ-топко, мектеп-мектепке бөлүнүү куру убара, куру шаан-шөкөт. Акын дүйнөгө ар дайым башкача мамиле жасагысы келет, башкача кабылдайт жана ага кулак төшөп, ар түркүн обонго салат. Андыктан лириканын үстүнө капкак жаап, барактарын графаларга бөлүп, лириктердин атын тигил же бул графага жайгаштыруу мүмкүн эмес. Лирик толгон токой графалардан аттап өтүп, сынчылар көздүн карегиндей сактаган орунду оңой эле ээлеп алат. Акынды бир тараптуулук азгыра, жазгыра албайт. Акын “эстетика индивидуалисти” да, “нукура символист” да, “мистика реалисти” да “мистика анархисти” да (акыркы эки категория турмуштун же искусствонун реалдуу көрүнүшүнө айланган күндө да ) болушу мүмкүн эмес.
«Жаңы Ала-Тоо» №5 (2014)
Макаланын экинчи бөлүгүн которгон Алым ТОКТОМУШЕВ