
ЖОМОК
Кышкы түндө жол бойлоп, ачка түлкү келатты; асман бетин булут каптап, кар жаап турат шыбыргактап.
“Өзөк жалгаар бирдеме табылса”,- деп түлкүнүн тилегени жем. Ошентип желип-жортуп кете берди, акыры көзүнө бирдеме илинди. Караса, бутка кийе турган чарык экен. “Бул да болсо пайда, мунун түбү кайда”. Түлкү чарыкты оозуна тиштеп алып, андан ары жүрүп, жүрүп бир айылга туш келди да, биринчи эле үйдүн терезесин такылдатып кагып кирди.
— Бул ким?- деген үн чыкты ичтен.
— Бул менмин, мээрбан адам, түлкүмүн. Үйүңөргө түнөтүп койгулачы!
— Сен түгүл өзүбүз батпай отурабыз. Абышка терезени жаап алмай болду.
— Мен кичинекей эле жерге батам,- деп жалдырады түлкү.
— Өзүм текчеге эле жатып алам, куйругумду алдыма катып алам.
Абышка түлкүгө боору ооруп, жатса жатып алсынчы деп үйгө киргизди.
— Абышка, абышка, чарыгым жоголуп кетпесин, катып койчу,- деди түлкү үйгө кирер замат. Абышка чарыкты алды да, мештин алдына ыргытып койду.
Алар кайрадан уйкуга кирди. Түлкү болсо текчеден акырын жылып түшүп, чарыкты алып мештин ары, ары жагына катып койду да, эчтеме билбегенсип, текчеге жатып, куйругун алдына катып алды.
Бир убакта таң да атты. Эл тура баштады; кемпир мешке от жагып, абышка токойдон отун алып келүүгө даярдана баштады.
Түлкү да ойгонуп, ошол замат чарыгын издемиш болуп кирди; тыякта да жок, быякта да жок. Түлкү озондоп жиберди:
— Оңбогон чал, оңбой кал, чарыгымды катып алайын, чоң олжого батып алайын депсиң. Анын ордуна тоок берсең да албайм эми!
Абышка мештин алдын караса, чарык эмес, таш балакет да жок! Эми эмне кылуучу! Өз колу менен эле койгондой болбоду беле! Арга жок, анын ордуна тоогун бериш керек. А түлкү калп эле асман айдан кетимиш болуп албайт, кайра абышка мени алдап жатат деп, бүт айылга угузуп айгай салып жүрөт.
Абышка-кемпир түлкүнүн асты-үстүнө түшүп, нан туурап сүт берип, жумуртка кууруп, аз да болсо, көптөй көр деп жалдырай баштады. А түлкүгө ошол эле керек болчу да. Текченин үстүнө шашпай жайланып, шапылдатып нанды жеп, сүттү ичип, жумуртканын жугун калтырбай жалмап, тоокту алып, куржунга салып, абышка-кемпир менен кош-мур айтышты да, жолуна түштү.
Ошентип ичинен кымылдап, сыртынан кыңылдап кетип барат:
Түлкү эжеңер түн бою
Түнөгү жок, карды ач,
Ары жүрүп, каңгырап,
Бери жүрүп каңгырап;
Таап алды бир чарык.
Аны айылга алпарып,
Ары-бери болду да,
Тоок алды ордуна.
Кайрадан көз байланып, түн кирди, кайрадан башка айылга туш болду. Тык, тык эттирип, бир үйдү какты түлкү.
— Бул ким?- деген үн чыкты ичтен.
— Мен, түлкү элемин, үйүңөргө бир түнөтүп койгулачы, байкебайлар!
— Ой, сенсиз да үйгө батпай жатабыз, барчы нары,- деп баягы киши терезени тарс жаап алды.
— Мен кичинекей эле жерге батам,- деди түлкү.- Өзүм текчеге жатып алам, куйругумду алдына катып алам,- болду!
Акыры макул болушту. Түлкү үй ээси менен учурашып, тоогумду жогото көрбөгүлө деп аманатын айтып, акырын басып, текчеге чыгып жатып, куйругун алдына катып алды.
Үй ээси тоокту алып барып өрдөктөргө кошуп койду. Түлкү шек билгизбей аңдып жатып, элдин баары кызуу уйкуга киргенден кийин текчеден жылып түшүп, өрдөкканага барып, тоогун кармап алып, жүнүн жулуп, жеп койду да, канат-куйругун, сөөк-саагын мешке жагып, кой оозунан чөп албаган немедей болуп, текченин үстүнө түйдөктөй түйүлүп уктап калды.
Кайрадан таң атты; үй ээси малга чөп салганы кетип, аялы болсо мешке от жага баштады.
Аңгыча түлкү да туруп, жол камын көрүп кирди; жылуу-жумшак баш баанек бергени үчүн үй ээлерине ыракмат айтып, эми тоогумду апкелгиле, кетейин деди.
Үй ээси тоокту алып бермей болду, караса, тоок жок, тиягы деле өрдөк, биягы деле өрдөк. Тиягын деле карайт, биягын деле карайт, тоок жок, бүт эле өрдөк!
А түлкү улуп-уңшугандай болсо, тим эле үнү сөөккө жетет:
— О, тоогум менин, зоогум менин, көк өрдөктөр сойгон го сени, көп өрдөктөр тойгон го сага! Бир өзүңдү миң-миң өрдөккө алмашпай калайын!
Түлкүнүн боздогонуна боору ооруган аялы эрине:
— Эми эмне кылабыз, курсагын жакшылап тойгузуп, өрдөктүн бирин берип жолго салалы,- деди.
Ошентип түлкүнү жедирип, ичирип, бир өрдөктү колуна карматты да, дарбазадан узатып коюшту.
Түлкү болсо жолго түштү дыңылдап, кез-кезде ырдап коет кыңылдап:
Түлкү эжеңер түн бою
Түнөгү жок, карды ач,
Ары жүрүп, каңгырап,
Бери жүрүп каңгырап;
Таап алды бир чарык.
Аны айылга алпарып,
Ары-бери болду да,
Тоок алды ордуна.
Өрдөк алды тоогуна.
Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, алыс жүрдүбү, жакын жүрдүбү, айтор кайрадан кеч кирди. Ал жолдон анча алыс эмес бир үйдү көрүп, ошол жакка бурулду. Тык, тык, тык эттирип какты эшикти.
— Бул ким?- деп сурады ичтен.
— Мен элемин, түлкүмүн, адашып калдым, жол издеп жүрүп бутум талыды, үшүгөнүмдү да айтпа! Жылынып, эс алып алайын мээрман адам, үйүңө киргизип кой?!
— Үйдү сенден кантип аяйын, бирок орун жок эле.
— Жо-ок, мен андай жер тандагандардан эмесмин; өзүм текчеге эле жатып алам, куйругумду алдына катып алам,- болду.
Абышка ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры макул тапты. Түлкү кудуңдап кубанычы койнуна батпайт. Үйдөгүлөргө ыракматын кош айтып, жалпак тумшук өрдөгүн таң атканча бир жерге жайгаштырып койгулачы деп суранды.
Алар өрдөктү алпарып каздардын арасына кошуп коюшту. Түлкү текчеге чыгып жатып, куйругун алдына катып, коңурукуту кош тартымыш болуп калды.
— Аябай чарчаса керек бечара,- деп койду абышканын кемпири жатканы баратып.
Аздан кийин үйдөгүлөрдүн баары катуу уйкуга киришти, а түлкү болсо ошону гана күтүп жаткан; акырын текчеден түшүп, шырп алдырбай каздарга барып, өзүнүн жалпак тумшук өрдөгүн жазбай кармап, башын жулуп, жүнүн тазалап, таптаза кылып мүлжүдү да, канат-куйругун, сөөк-саагын мештин алдына көөмп койду. Өзү болсо эч нерсе билбегенсип уйкуга кетти, уктаганда да таламандын так түшүнө чейин уктады. Бир убакта ойгонуп, ары чоюлуп, бери чоюлуп үйдө абышканын кемпири жалгыз калганын көрдү.
— А абышкаң кайда кеткен?- деп сурады түлкү. – Жакшы жаткырып, жай тургузганы үчүн ыракмат айтайын дедим эле.
— О-ой, кайдан,- деди кемпир.- Анын базарга кеткени качан!
— Анда жакшы калгыла,- деди түлкү беш бүктөлүп ийилип,- менин жалпак тумшук жан жолдошум да небак ойгонсо керек. Алып келе кал энекеси, биз да жолго түшөлү, күн бешим болуп калыптыр.
Кемпир өрдөктү алып бере коёюн десе эле, өрдөк жок.
Нары карайт, бери карайт, жок! Эмне кылыш керек, акыры бериш керек да! Артында болсо көзүнүн жашын көл кылып түлкү турат, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок өрдөгүнүн ордуна каз берсең да албайм деп озондойт.
Кемпир шашканынан эмне кыларын билбей, түлкүгө жалдырай баштады:
— Тандаган казымды ал түлкүжан. Майымды аябайын, чайымды аябайын, курсагыңды каалашыңча тойгуз.
Түлкү ары кетип, бери кетип, акыры макул болуп, кекиртегинен чыкканча тоюп, килейген бир семиз казды алып, куржунга салып, кемпир менен коштошуп, жолго түштү дыңылдап, ырын ырдап кыңылдап:
Түлкү эжеңер түн бою
Түнөгү жок, карды ач,
Ары жүрүп, каңгырап,
Бери жүрүп каңгырап;
Таап алды бир чарык.
Аны айылга алпарып,
Ары-бери болду да,
Тоок алды ордуна.
Өрдөк алды тоогуна.
Өрдөк жүрүп каз болду,
Эжеңдин иши маш болду.
Ошентип барган сайын алы кете баштады. Казды куржунга салып көтөрүп жүрүш өзүнчө эле бир азап экен: олтура калат, тура калат, басат, чуркайт. Түн кирген сайын жата турган жайды ойлоп, түлкүнүн санаасы санга бөлүнөт: каккан үйүнүн бирөө да киргизбейт. Кантмек эле, айылдын эң четиндеги акыркы үйгө жетип, көп батынкырабай, тук, тук, тук, тук эттирип, акырын кага баштады.
— Бул ким?- деген үн чыкты.
— Түнөк таппай жүрөм, бир түнөтүп коесуңарбы, кудай жалгагырлар.
— Орун жок, сенсиз да батпай жатабыз.
— Мен эч кимден орун талашпайм,- деп жооп кайтарды түлкү. – Өзүм текчеге эле жатып алам, куйругумду алдына катып алам,- болду!
Үй ээси түлкүнү аяп, үйүнө киргизип алды, аманат тапшырган казын күрптөрдүн арасына кошуп койду. Анткен менен түлкүнүн жоруктары буларга да угулуп калган эле.
“Элдин баары уу-дуу кылып жүргөн түлкү ушул болуп жүрбөсүн?- деп ойлоп үйдүн ээси аябай сак жатты. Түлкү деле алда немедей болуп текчеге жатып, куйругун алдына катып алганы менен эси-көөнүнүн бардыгы эл качан уктайтта. Ошентип кемпир коңурук тартып, абышка калп эле уктамыш болуп калды. Түлкү шып этип түшүп, күрптөр турган жайга барып, казын кармап, башын жулуп, жүнүн тазалап, жеп мүлжүгөнгө киришти. Улам эс алып, улам жейт; каздын эти деген каздын эти да, бир отуруш менен түгөтүш кыйын. Жеп атат, жеп атат, абышка болсо кантип жеп, сөөк-саагын, канат-куйругун мештин алдына кантип көмгөнүн, анан келип уктаганын, айтор бардыгын көрүп турду.
Түлкү мурдгыдан да алп уйкуну салып жатты эле,- үй ээси аны ойготуп жиберди:
— И, кандай түлкүм, жакшы жатып, жай уктадыңбы?
А түлкү болсо көзү-башын ушалап, керилип-чоюлуп, эстеп болбойт.
— Кел демек бар, кет демек жок дейт, күн түш болду, жолго чыгасыңбы түлкүм,- деди үй ээси эшикти кенен ачып.
— Сен айтпасаң деле кетем, эшикти жаап кой, үйгө суук кирет. Элден мурда казымды колума тапшыр,- деп жооп кайтарды түлкү.
— Кайсы казыңды?- деди үй ээси.
— Кайсы каз дегени кандай? Түндө өз колуңа тапшырбадым беле?!
— Тапшыргансың.
— Тапшырсам, ошол казды алып кел,- деп түлкү омуроолой баштады.
— Казың күрптөрдүн арасында жок, ишенбесең өзүң барып кара!
Муну уккан түлкү анын ордуна күрп берсең да албайм деп, жерди-сууну жаңыртып кокуйлай баштады.
Үй ээси түлкүнүн анткор айла-амалын билип, “эч нерсе эмес, эзели эсиңден кеткис кылайын” деп ойлоп турду.
— Айтканыңды кылбаска амал жок,- деди ал.
Ошентип каздын ордуна күрп бермей болду. Түлкүгө билгизбей анын куржунуна күрп деп ит салып койду. Түлкү аны түк билген жок, куржунду алып, ийнине салып, кош-мур айтышты да, жүрүп кетти.
Кетип барат, кетип барат дыңылдап, баягы ырын ырдагысы келет кыңылдап. Акыры бир жерге олтуруп, бир аз сеп алгысы келип, ийинден куржунду түшүрдү эле, куржундан ит атып чыгып, түлкүнү качырып сала берди. Түлкү аткан боюнча качып жөнөдү, ит артынан калбай кууп жөнөдү.
Токойго качса, токойго кирет, биякка качса, бияктан, тиякка качса, тияктан чыгат. Акыры түлкү жинигип өлмөй болгондо, бактысы бар экен, бир ийинди көрө коюп, ошого кире качты. Ит ийинге батпай, кайра чыгып калабы деген үмүт менен сыртта олтуруп калды.
Корккондон жаны көзүнө көрүнгөн түлкү бир аз эс-учун жыйгандан кийин өзү менен өзү сүйлөшүп, өзүнөн өзү сурай баштады:
— Кулагым менин, кулагым, силер эмне кылдыңар?
— Угуп турдук бүт баарын, жарбасын деп ит сени!
— Көздөрүм менин, көздөрүм, силер эмне кылдыңар?
— Көрүп турдук бүт барын, жебесин деп ит сени!
— Буттарым менин, буттарым, силер эмне кылдыңар?
— Чуркадык биз, чуркадык, жетпесин деп ит сага!
— Куйругум, сен не кылдың?
— Жолтоо болуп мен сага, бутактарга оролдум, буттарыңды тородум.
— Аа, ошондойбу? Мына, сага, жолтоо болуп жат,- деп түлкү куйругун сыртка чыгарып, итке: — ме, жегиң келсе, мобуну же,- деп кыйкырды.
Ит куйруктан тиштеп, түлкүнү сыртка сүйрөп чыкты