
Кун-фу-цзы (Конфуций) – байыркы кытай даанышманы (б.з.ч. 551-479), конфуцийчиликтин негиздөөчүсү, “Кытай улутунун символу”, “Устаттардын устаты” деп коюшат. Жакырланган ак сөөк үй-бүлөдөн. Өмүрүнүн көбү Лу дөөлөтүнө өтөгөн. Кытайда биринчи жолу өзүнчө мектеп ачкан. Анда аңгемелери, санаттары окутулган. Анын саясый-этикалык окуусундагы башкы жобо – жэнь (гумандуулук). Алар негизинен “Лунь юй” (Аңгемелер жана ой-жүгүртүүлөр) китебине топтолгон. Ошол китептен айрым котормолор жарыяланды.
Устат айтты:
— Жакшы кызматка жетпедим деп кам санаба, ошол кызматка ылайыктуумунбу деп кам сана. Эл мени тааныбай атат деп кыжаалат болбо, өзүңдү элге таанытканга тырыш.
Устат айтты:
— Эл мени билбейт деп кейибе, элди билбегениңе кейи.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Акылдуу шек санабайт, адамды сүйгөн кайгырбайт, баатыр коркпойт.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Мен он бешке чыкканда окууга баш байладым. Отуз жашымда ирдендим. Кыркка чыкканда шек санагандан арылдым. Элүүмдө Көкө Теңирден эркин сездим. Алтымыш жашка чыкканда ак-караны айырдым. Жетимишке чыкканда жүрөгүмдүн жетегине көндүм жана чектен чыккан жокмун.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Өткөндү кайталап, жаңыны жарата билген жол нускайт.
♦ ♦ ♦
Устат Янь Юанюга минтип айтты:
— Кызматка чакырса – кызмат өтөйбүз, кызматтан кодуласа – кете беребиз. Бул экөөбүздүн гана колдон келет.
Цзы Лу минтип сурады:
— Эгер сизди бүтүндөй армияны башкар десе, жаныңызга кимдерди алаар элеңиз?
Устат минтип жооп берди:
— Эч куралы жок туруп жолборско кол салганды же агыны катуу суудан аркы өйүзгө сүзүп өтөм деп бейажал тапкандарды алмак эмесмин. Жаныма жардамчы алсам, жети өлчөп, бир кескендерди, ийгиликке итенип эле тим болбой, ийгилик жарата билгендерди алмакмын.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Оор тамак жеп, суу ичип, төрт бүктөлүп уктоонун да өзүнчө ыракаты бар. Ал эми арам жол менен жыйналган байлык, табылган атак – мен үчүн жел айдаган булут.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Маселен мен дөбө жасап жатам дейли. Дөбө бүтөөрүнө бир күрөк топурак калганда токтотуп койдум. Ушунун өзү токтоону бидирет. Же жайдак жерге дөбө орнотом деп, бир күрөк топурак ыргыттым, демек, ишти илгерилеттим. Ушунун өзү илгерилөө деген кеп.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Тилекке каршы, теңсалмак адамдарды айланамдан көралбадым. Же ашкан тентек, же жеткен жөнтөктөргө туш болом. Тентектер көрүнгөн ишти качырат, жөнтөктөр өз көлөкөсүнөн өзү коркот.
♦ ♦ ♦
Устат Гуншу Вэньцзы тууралуу Гунмин Цзядан минтип сурады:
— Сенин устатың сүйлөбөйт дейт, күлбөйт дейт, тартуу дегенди такыр жолотпойт дейт, ушул туурабы?
Гунмин Цзя минтип жооп берди:
— Ким антип айтса да, жаңылат. Ал сүйлөөр кезде сүйлөйт, бирок кимдир бирөөнү тажатып албайын деп тарткынчыктап турат. Ал күлөөр кезде күлөт, бирок кимдир бирөөнү таарынтып албайын деп тарткынчыктап турат. Ал жөндүү тартуу болсо алат, бирок артынан жаманатты калтыргысы келбейт.
Устат айтты:
— Ошондойбу? Чын эле ошентеби?
♦ ♦ ♦
Цзы Гун адамдарга баа бергенди аябай жакшы көрчү. Устат айтты:
— Ашкан акылдуу экенсиң, Цзы! А менин антүүгө убакытым да жок.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Эгер адам: “Эмне кылуу керек? Эмне кылуу керек?” деп өзүнөн өзү сурабаса – аны эмне кылуу керектигин мен билбейм.
♦ ♦ ♦
Устат Вэй дөөлөтүн көздөй бет алды. Арабаны Жань Ю айдап бараткан.
Устат минтти:
— Бул жерде эл аябай көп экен го!
Жань Ю деп сурады:
— Мынча көп элге кандай багыт берүү керек?
Устат жооп берди:
— Баарынан мурда алардын байышына жардам берүү зарыл.
Жань Ю жана минтип сурады:
— Байыгандан кийин кандай багыт берүү керек?
Устат жана минтип жооп берди:
— Байыгандан кийин тарбиялоо зарыл.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Акылдууга жолуксаң, ага теңелүүгө аракет жаса. Акылсызга жолуксаң, өзүңдү өзүң жакшылап кара.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Көкө Теңирдин эркин билбей, эр жетпейсиң. Эреже маңызын түшүнбөй, бутка бекем туралбайсың. Сөз маанисине жетпей, адамды билбейсиң.
♦ ♦ ♦
Цзы Гун сурады:
— Өмүр бою максат тутаар жашоонун деги бир насааты барбы?
Устат жооп берди:
— Ал насаат мына:бирөөнүн көңүлүн калтырба. Өзүңө каалабаганды башкаларга да каалаба.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Күлүк ат күчү менен эмес, кыян кыялы менен даңктуу.
♦ ♦ ♦
Кимдир бирөө сурады:
— “Жамандыкка жакшылык менен жооп бер” дегенге кандай карайсыз?
Устат жооп берди:
— А жакшылыкка эмне менен жооп берүү керек? Жамандык адилет жоопко зарыл, а жакшылыкка жакшылык менен жооп берүү керек.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Сөзгө татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу – демек, адамдан ажыроо. Ал эми сөзгө арзыбаган адам менен сүйлөшүү – сөздү талаага чачуу. Акылман адамдан да, сөздөн да ажырабайт.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Оңдолбогон жаңылыштык гана чыныгы жаңылыштык.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Кимдир бирөөнү бүт баары жек көрсө, аны сөзсүз изилдеп чыгуу керек; кимдир бирөөнү бүт баары сүйсө, аны дагы сөзсүз өзүң изилдеп чыгууң зарыл.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Сөз ойду таамай жеткирсе – ушунун өзү эле жетиштүү.
♦ ♦ ♦
Конфуций айтты:
— Достун пайдалуу үч түрү, зыяндуу үч түрү бар. Пайдалуу достор – түз, туура жүргөндөр жана көп билим билгендер. Зыяндуу достор – анткор, көшөкөр жана келжиреп көп сүйлөгөндөр.
♦ ♦ ♦
Конфуций айтты:
— Кубанычтын пайдалуу үч түрү, зыяндуу үч түрү бар. Пайдалуу түрү булар: бардык эреже менен музыка аткарылганына кубануу; башкалардын артыкчылыгын айтып кубануу; акылдуу көп адамдар менен алакалаштыгыңа кубануу. Ал эми зыяндуу түрү булар: жылтыр-жултур дүйнөгө ыракаттанып кубануу; ачкыл суу суудай акканына кубануу; той-тамашага катышканына кубануу.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Адамдарды жаралган жасат жакындатат, а кийин табылган адат алыстатат.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Алакан жайбаска арга жок! Өзүнүн жаңылыштыгын билип, өзүн өзү күнөөлөгөн адамды баары бир жолуктура албадым.
♦ ♦ ♦
Цюэ кыштагынан чыккан бала тууралуу кимдир бирөө Конфуцийден сурайт:
— Бу баладан бараандуу бирдеме чыгабы?
Устат жооп берет:
— Менин байкашымча, отурганы да чоң кишидей экен, жүргөнү да чоң кишидей экен. Мындан чоң эч нерсе чыкпайт, анткени ийгиликке эң бачым жетүүнү эңсейт экен.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Керээли кечке ойду-тоонун баарын оттоп, акыйкаттын иши тууралуу оозуна сөз илинбеген кишиден бирдеме чыгаруу кыйын.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Ю, алган Билимди аныктоонун жолун айтайынбы? Эгерде бирдеме билсең, билдим деп эсепте, а билбесең, билбедим деп түшүн. Ушунун өзү эле Билим.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
Устат шар суунун жээгинде туруп минтип айтты:
— Бул дүйнөнүн келгиндеринин баары ушундай: күн-түн дебей ага берет, ага берет.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Биз илгери өзүбүздү өркүндөтүү үчүн окучу элек. Азыркылар башкаларга мактануу үчүн окучу болуптур.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Ашкан акылмандык менен жеткен көк мээлик гана эч качан өзгөрбөйт.
♦ ♦ ♦
Устат айтты:
— Чыныгы адамдын адамы гана сүйүүгө жөндөмдүү жана жек көрүүгө жөндөмдүү.
Орус тилинен оодарган Алым ТОКТОМУШЕВ