
ДИЛАЗЫК
Анын кимдигин эч ким билбейт. Качан, кайда жашаганын да. Тек эл өзү аркандай мүнөзгө, аркандай мезгилге моюн сунбаган адамды аңсап, ошондой кишинин образын жаратып алса керек. Бери дегенде суфийлерге адам эмес, идея керек сыяктанат. Ошондуктан алар ойдон чыгарылган өмүр таржымал тургай, тиги дүйнө жазмышын да кыялдан жасаган. Өтөле тыксансып тырышкан майда адамдарды да «майкандап» чыга келген Кожо Насирдинден окумуштуулар да озгун ойлорду таап, дүйнөнүн түркүн түрмөгүн жандырат.
Ошонун эң начары деле Насирдин бар экендиги чын болсо, оюн ойготуп, жүрөгүн дүпүлдөтмөк. Насирдин өзү башым менен басып, бутум менен дем алам дегенине таянып, окумуштуулардын бири анын «мүрзө ташында жазылган» 386 деген санды 683 деп окугула сыяктуу сунуш айтат. Башка бир профессор ал санды арабча туура жандыра келгенде 274 чыгат дейт. Ал кайсы бир дербишке кайрылса, «эсеби маселең, жөргөмүштү сыяга салып жиберип, андан чыгаргандан кийинки изин терең иликтеп, изилдөөгө болбосун» дептир. «Ал мүмкүн туура датаны даңдап же кандайдыр бир нерседен кабар берер?» буга профессор кадыресе маани берип, маңыз издейт.
Чындыгында 386 деген сан 300+80+6 дегенди билгизет. Бул санды араб арибине айландыра келсек, ШУФ тамырына туш келебиз. А ШУФ дегенибиз ШаУаФд деген сөзгө, б.а., «кандайдыр бир нерсени терең кароо, кандайдыр бир нерсени көрсөтүү» дегенге байланат. Дербиш айткандай, жөргөмүш да бир нерсени «көрсөтүшү» мүмкүн. Жок, Насирдиндин эл оозунда ылакапка айланган таржымалына так маани бере келсек, ойдон чыгарылган нерсенин бу турмушта эчбир опоосуздугуна бачым ынанабыз. Эсеби маселең: «Эпсиз бышыксынган бирөөнү көтөрүп Насирдин акең өркөчтөп аккан өзөндөн өтүп баратпайбы. Өтүп баратып, кыязы жазуу эрежесине туура келбеген бир нерсе айтып жиберсе керек.
— Ой, өмүрүңдө жазуу эрежесин үйрөнгөн жок белең? — дептир тиги.
— Жок, — дейт Насирдин.
— А, атаңдын гөрү, өмүрүңдүн теңи бошко кеткен тура, — дептир окумуштуу. Андан ары узай берип, Насирдин акең сурайт имиш:
— Өмүрүңдө сууда сүзгөндү үйрөндүң беле?
— Жок, — дейт окумуштуу.
— Анда бүт өмүрүң текке кетиптир – чөгүп баратабыз, — дептир Насирдин.
Адамдар ишенич жарыгына кантип жетүүнүн жолун билбейт. Андыктан ар нерсеге сыйынып, өздөрү анчалык аңдап билбеген теорияга табынып, акыйкаттык менен арамдыкты анчалык ажырата албайт.
Насирдин адам баласынын андай «наркын» ар түркүн ыкма менен ырастайт…
«Коңшусу бир күнү караса эле Насирдин жер сыйпалап, жок издеп атат.
— Эмне, молдоке, бирдеме жоготтуңбу? — деп сурайт ал.
— Ооба, — дейт Насирдин, — ачкычымды жоготуп издеп атам.
Аны карап турган кайрадан:
— Ачкычты кай жерге түшүрдүм деп ойлойсуң? — дейт.
— Үйдүн ичине.
— Анда эмне бул жерден издеп атасың? Үйдөн издебейсиңби?
— Үйгө караганда бул жерде жарык болуп атпайбы, — дептир Насирдин».
Көпчүлүк суфийлер Насирдиндин бул таржымалын ишеничтин экзотикалык жарыгын издегендерге жардам катары пайдаланат.
«Суфийлер» китебинен которгон Алым ТОКТОМУШЕВ