ТОКТОМУШЕВ Алым: АЛЫМ ТОКТОМУШЕВ: АР ДАЙЫМ КОНФЛИКТТЕ ЖАШАЙМ

— Алым ага, Американы жайына коё туруп, өзүңүз тууралуу сүйлөшпөйлүбү?

— Өзү жөнүндө сүйлөшкөндөн ким качсын. Айрыкча кыргыз баласы өзү тууралуу сүйлөп же сүйлөтүп кырданганды жакшы көрөт. Улуу устат Салижан Жигитов айтчу эле, биздин түштүктө айрым кишилер мончо буусуна кактанып, жонун жүгөрүнүн мардеги менен сүрдүрмөйүнчө моокуму канбайт. Анын сыңары, Айтматов баштаган кыргыз жазуучулары мактоо менен жонун кан чыкканча жышдырмайын ыраазы болбойт деп. Сен тууралуу башкалар сүйлөсө бир жөн, бирок өзүң жөнүндө өзүң кеп кылганың бир чети ыңгайсыз, экинчиден өмүр баяныңдын кимге кандай кызыкчылыгы бар? Же бир тарыхый адам болбосоң…

— Эмне үчүн, тарых деле сизге окшогондор менен бизге окшогондордун таржымалынан куралат да?..

— Жаш кезде мен да ушинтип ойлочумун. А бирок жыл өткөн сайын түшүнөт экенсиң, тарых жалаң согуштардан, мамлекеттер менен элдердин жеңишинен, жеңилишинен куралат. А тарыхый адам дегенибиз, аларга түз же кыйыр таасир тийгизген жолбашчылар, колбашчылар, баатырлар, атүгүл коркоктор менен чыккынчылар…

— А акылмандарчы ? Жазуучу, тарыхчы, илимпоздорчу?

— Алар ошондой окуяларга ой жүгүртүп, адамзатка акыл, тажрыйба, илим топтогондор…

— Сиз деле биздин демократиялык мезгилдин оош-кыйышын ойлонуп, ысык-суугун жазышып жатасыз дегендей…

— Биздин мезгилди «улуу» деп аташка сөз барбайт. Шекспирдин кайсы бир трагедиясында болжол менен мындай саптар бар: ыплас, пас мезгил көп эле болгон, бирок мындан пас, мындан ыпылас мезгил болгон эмес. Анын сыңарындай, биз ошондой мезгилде жашап атабыз. Аны жеңүүгө, андан арылууга, мүмкүн, күчүбүз жетпес, бирок ага ачык кашкайтарууга, каршылык көрсөтүүгө аракет жасаган адамдар көп. Ошолор жашоого каниет кылдырат. Мен өзүмдү ошондой адамдардын бир буроосу катары сезем.

Буроо демекчи. Баягы жылдары, Сталинди ким көрүнгөндөр бутун аарчыбай тебелеп аткан мезгилде өлгөн арстанга айбат көрсөткөн айрым «диссиденттер» «Сталин советтик адамдарды шурупка (буроого) теңеп шылдыңдаган, теңсинбеген» маанисинде айып тагышты. Чындыгында бул салыштыруунун маңызы байыгыс, мааниси түгөнгүс. Башкасын билбейм, мен үчүн. Ушунчалык кең, зор дүйнөгө шуруп болуу көрүнгөндүн эле бактысына туш келбейт. Толук эсимде жок, жаш кезимдеги бир ырымда мындай саптар бар эле:

Канчалар келип жатат, узап жатат,
айрылат, кайрылышат, кучакташат.
А дүйнө асман менен, жамгыр менен,
жер менен бир керемет китеп жазат.

Биз анын бир жөнөкөй арибибиз.

Ушул принциптемин.

— Сизди «сталинчи» десек болобу?

— Баса, менин үч чоң атам — Токтомуш, Осмон, Бегалы «троцкичи» деп атылып кеткен 1937-жылдагы репрессияда. Үчөөнөн бирден бала калган. Жок, Осмондон экөө экен. Ошолордон бизбиз. Ортончусу Осмон Фрунзе шаар аткаруу комитетинин бир жооптуу кызматында иштесе керек. Кичүүсү Бегалы бозо уулап эле көчөдө жүрчү дешет. Менин атам Токтомуш Нарын облус аймагын агезде Кочкор-Нарын кантону деп койчу экен. Ошонун төрага орунбасары болуптур. Ал тууралуу тарых илиминин доктору Бирлик Солтонбековдун документалдуу эмгектери бар, анын атасы төрага болуп жүрүп репрессияга учураптыр. Токтомуш кийин Жумгалга Совет бийлигин орнотушуп, биздин айылды даңдаган имиш. Кыскасы, үчөө тең атылып кетти. Кийин, 1957-жылы албетте, акталды. Атургай жергиликтүү бийлик кадимкидей аш өткөрүп, эл өкүрүп түшүп, мен колума таяк кармап, бозүй түбүндө өмүрү көрбөгөн Токтомушту жоктоп ыйлап турганым эсимде. Акташты. Колхозго атын берели дешти эле, колхоздун аты Ленин экен, көчөнү Токтомуш аташты, апама республика маанисинде пенсия чектеди дегендей.

Репрессияга учурагандардын укум-тукуму сыяктанып мен, мен эле эмес, «контурдун катыны» деп көрбөгөн кордукту көрүп, тартпаган азапты тартып, атамды, мени тарбиялап өстүргөн апам Батыш, «контурдун уулу» делинип, далай кызмат, даражадан өксүгөн атам Илич бизди тукумкурут кыла жаздаганы үчүн тигил же бул конкреттүү адамды күнөөлөгөн, конкреттүү адамга кек сактаган жокпуз. Анын ичинен Сталинге да. Бул эми азыркы тил менен айтканда, тарых жүрүшү, тарыхый процесс, бери дегенде, революция процесси болчу. Эл тагдырынын жалпы трагедиясынан менин ата-тегимдикин ажыратып, өзгөчө карагым келбейт.

Азыркы орус ойчулдарынын олуттуусу жана жашы Дмитрий Галковский «Түпсүз туңгуюк» аттуу көлөмдүү, курч публицистикалык чыгармасында болжол менен мындай ой айтты: «Арбактар алдында кечирим сурайм, бирок 1937-жылы «кызыл жиндер» бирин-бири кырып, бири-биринен тазаланды».

Ачуу да болсо акыйкат үлүшү арбын. Жөнөкөй мисал. Касым Тыныстановдун көзүн Аалы Токомбаев тазалады дейбиз. Документтер менен дыкат тааныша келген адам анын көзүн Аалыке тазалабаса (эгер чын болсо), Аалыкенин көзүн Тыныстанов тазалап салышы, же тазалоого аракет жасашы мүмкүн экендигине ынанат. Мезгил ошондой болчу.

Тарых алдында Сталиндин күнөөсү албетте, ат көтөргүс, ошол эле учурда ташкындап аккан дайраны,- бул жерде тарыхты,- бир киши буралбайт. Сталиндин саясатын дүйнөнүн жарымы, анын ичинен европалык эң атактуу жазуучулар, окумуштуулар колдоп чыкканы эле эмнени айтат? Совет эли бүт дүркүрөп колдоп турду, кечээки Акаевдин, бүгүнкү Бакиевдин «референдумдарын» колдогондой эле. Ооба, Сталиндин күнөөсү тоодой, бирок эмгеги да ошончо зор. Түшүнүгүм ушундай. А мени «сталинчиби», «троцкистпи» жана башка деп божомол-дөдөмөл кылуу башкалардын иши.

— Жогоруда «жаш кезде жазган ырым» деп кеттиңиз. Сиз өзүңүздү акынмын деп эсептейсизби же журналистпи?

— Эми акындык деген кесип эмес да. Илгери жандүйнөнүн өзгөчө абалы деп коюшчу эмес беле. Толкуп-ташып турган. Бөксөрүп-толуп турган. Бала кезден акын болсом деп тилечүмүн. Жаш кезде ырлар түшүмө да кирчү. Уйкаштыктары менен. Үнүм начар. Бирок түшүмдө ырларымды шаңкылдатып ырдап да жиберчүмүн. Бирок кийин жаш өткөн сайын ошондой абалдан ажырап калгансыдым. Анын себебин да көп ойлондум. Мүмкүн силерге жасалмадай туюлар, бирок мен ушундай адам экем: жүрөгүм менен, милдет-парзым менен, ишеним- таянычым менен ар дайым конфликтте жашайм. Бүгүн жандилим менен жакшы көрүп жазган ырым эртең жакпайт. Ушундай карама-каршылыктар көп болду. Анын үстүнө дүйнөлүк классикадан окуп-чокуй берип, өзүмө планканы да өтө жогору коюп алдым сыяктанат. Болбосо ырларды аябай көп жаздым. Жаш кезимен ырларым абройлуу гезит-журналдарга көп жарыяланып, оозго, тизмеге илиндим. Жаштар поэзиясынын бүт союздук фестивалдарына катыштым. Ырларым башка тилдерге которулду. Бардык агымдарды туурап, улуу акындарга таасирленип көрдүм. Дүйнө поэзиясынан да бир далай чыгармаларды котордум. Академия «Дүйнөлүк поэзиянын антологиясын» чыгарды го, ошолорго кирген котормолорум мисалы, азыр да мага аябай жагат. Жаш кезимде которсом да. Деги менин байкашымча, поэзия 17-35 жаштын ортосундагылардын иши экен.

— Карыганча ыр жазгандар, болгондо да классикалык ырларды жараткандар деле көп го?

— Көп эмес, сейрек. Шекспир, Гете. Андайлар өтө сейрек кездешет. Элдин баары эле гений эмес да.

— «Жолдогулар» деген жупкадай ыр китеп чыгардыңыз эле. Андан кийин ыр жыйнак чыгардыңызбы?

— Жок. Ошол эле Салижан Жигитов айтчу, кыргыз китеп чыгарсам эле тарыхта калам деп ойлойт деп. Кудайга шүгүр, мен андай оорудан алысмын. Саман-топон китеп менен эчким калбайт тарыхта. Салижан Жигитович бир ирет кыргыз жазма поэзиясынын бүрлөрүн тандап түркчө чыгарайын дедим эле, тандашып берчи деп калды. Түбөлүк окулат деген деңгээлге сала келгенде андай ырлар кыргыз поэзиясында өтө аз экен. Саналуу экен. Салижан агай экөөбүз аябай таңкалганбыз. Эсеби маселен, Алыкулда бар экен 10-15 ыр. Сарногоевде, Эралиевде, Турар Кожомбердиевде, Султановдо деле ошончо экен. Көрдүңбү, беш манжаң толук жумулбайт. Анан ошол саман-топондорду мен да көбөйтүшкөндө эмне опаа? Ошентсе да бир китеп чыгарып койсомбу деп жүрөм. Бала-бакыра, ага-туугандарга. Балким менин эксперименттеримдин кайсыдыр бир мезгилде, кандайдыр бир жаш акынга жардамы тиер.

— Журналистикага кандайча келип калдыңыз?

— Мен өмүр бою эле гезитте иштедим. Бир-эки жыл театрда иштегеним болбосо. Эми анда мен сөздүн кеңири маанисинде адабиятчы катары чыгайын дегем. Саясат-паясатың менен ишим жок эле. Анан заман аңтар-теңтер болуп кетти. Ишсиз, каражатсыз калдык. Ошондой кыйын-кысым күндөрдүн биринде мени Мелис Эшимканов «Асабага» чакырды. Мейли, маданий темалардан жазып катышайын, башкасы колумдан келбейт дедим. Жок, сиз саясатты жазасыз, экономиканы жазасыз, сиздин колуңуздан келет деп эле кежейип туруп албадыбы, Мелис. Арга жок, окудум, даярдандым, жаздым. Ошон үчүн эл чогулган жерде, жыйындарда: «Жөнеле жүрөт элем, мени Эшимканов эле журналист кылып жиберди» деп калам.

— Ырга караганда макалаларды жеңил жазасыз го?

— Чындап, ак эмгектен жаралган иштердин бири да жеңил болбойт. Мен макала түгүл информацияны да кан менен тердин ортосунда жазам.

— Сизди өтөле чынчыл журналист дешет. Калп айткан күндөрүңүз болдубу?

— Калпты көп эле айтсам керек. Бирок кандай урунттуу калп айтканым эсимде жок. Калп кандай учурда айтылат? Бирөө калп айтууга мажбурласа, аргасыз кылса. Менин турмуш жолумда андай кишилер кезиккен жок десем болот. Мен чоң апам Батыштын колунда өстүм. Ал киши чарба активи болуп жүрүп, аттан карыганда, жылкы ферма болуп жүрүп түштү. Район, колхоз жетекчилери, эл аябай кадырлай туткан, түз, бетке чаба айтканы үчүн. Кийин пенсияда жүргөндө деле жыйындардын президиумунда отурчу. Айыл активдеринин айрымдары жыйын алдында атайын келип «мени айта көрбө» деп суранып кетишчү. Апам жок, ал кишилердин айрымдарынын көзү тирүү, мени калп айттырбас.

Кийин редакторлордон Сагын Наматбаев, Жалил Сыдыков, Ашым Жакыпбеков, Абдыганы Эркебаев, Мелис Эшимканов менен иштештим. Чынчылдыкты чырактай туткан кишилер экен. Өзгөчө маркум Ашым Жакыпбеков эсимден чыкпайт. Чындыкты туу тутуп жашаган андай кишилер жок, болсо да сейрек.

— «Асаба», «Агымда» көп жыл иштеп, анан «Алас» гезитине которулдуңуз. Депутат Болот Шерниязов үй бериптир, «Агымдан» ошон үчүн кетиптир деп уктук эле.

— Ооба, ошентип жазып да жиберишти. Чындыгында Болот Шерниязовдун «Аласка» тиешесиз аз болчу. Ал болгону финансылык жактан демөөрчүлүк кылган. Уюштуруучулар башка элек да: Дооронбек Садырбаев, Салижан Жигитов, Түгөлбай Казаков, Шайлообек Дүйшеев, мен дегендей. Ошо Түгөлбай менен Шайлообек: «Алыке, «Агым» небак бутуна турган, эми «Аласты» тургузалы, жардам бер» деп көндүрүп келген. «Алас» эл турмушуна жакшы эле аралашып баратты эле, финансы жагын жайгаралбай койдук. Анан «Агымга» келдим. Антпесем ачкадан өлбөйбүзбү, үйдөн жалгыз эле мен иштейм.

Өзүң билесиң, Болот Шерниязов сөздүн түптүз маанисинде шер дегендей жигит. Кимдерге гана жардам бербеген. Анын ичинен мага да көп жардам берди. Жылуу саламдан башка катышыбыз жок болсо дагы. Ал эми үйдү Мелис Эшимканов алып берди. Көп жылдан бери убадасы бар эле, «жаштар өздөрү үйлүү болор, жашыңыз келип калды.

«Агымдын» атынан сизге үй алып берем» деген. Айтканын аткарды. Бир четинен алкыштан башка айтарың жок, экинчи четинен ашкан байлыгы жок кишиге «Ашка жүк — башка жүк» болгонуна уялат да экенсиң. Бирок, айла канча?

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, «Апта» гезити, 18-октябрь, 2007-ж.